Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 5-июлу № 360
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 785, 2016-жылдын 5-октябрындагы № 529 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун, мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин кызматтык маянасы 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун тейлөө менен иштеген техникалык, кенже персоналдардын кызматтык маянасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Маяналарга төмөнкүдөй үстөк өлчөмү белгиленсин:
- 50 пайызга чейин, эмгектин жыйынтыгын жана жумуштун сапатын, кесипкөйлүгүн, өзгөчө маанилүү жана жооптуу жумуштарды аткаргандыгын эске алып;
- 25 пайызга чейин, жумуштун нормаланбаган режими үчүн;
- иштеген жылдары үчүн 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлери эмгек өргүүсүнө чыкканда эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөнсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кызматкерлерине календардык жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 792 "Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Он үчүнчү эмгек акыны эсептөө тартибине ылайык эсептелүүчү он үчүнчү эмгек акы төлөө белгиленсин.
5. Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, чыгымдарды конпенсациялоо жана материалдык жардам боюнча төлөөлөр профсоюз менен макулдашуу боюнча түзүлгөн жамааттык келишимдин негизинде бекитилген чыгымдар сметасынын чегинде ишке ашырылаары белгилесин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 12-июлундагы № 56 жарыяланды
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринин КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-октябрындагы № 529 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬─────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│ №│ Кызматтын аталышы │Кызматтык маяна │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│ │ 1. Борбордук аппарат │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│1 │Директор │ 16000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│2 │Директордун орун басары │ 13600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│3 │Башкармалыктын начальниги │ 12800 │
│ ├─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│4 │Кеңешчи │ 12000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│5 │Ички аудит боюнча эксперт │ 12000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│6 │Бөлүм начальниги │ 12000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│7 │Бөлүм начальнигинин орун басары │ 11200 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│8 │Сектор башчысы │ 10400 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│9 │Башкы адис, системалык администратор │ 9600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│10│Жетектөөчү адис │ 8800 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│11│Адис │ 8000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┴────────────────┤
│ │ 2.Ведомстволук түзүмдүк бөлүмчөлөрү │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┬────────────────┤
│12│Башкармалык начальниги, базанын │ 12000 │
│ │начальниги │ │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│13│Башкармалык начальнигинин орун басары │ 11200 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│14│Элеватордун башчысы │ 10400 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│15│Пансионаттын директору (3ай/9ай) │ 9600/4800 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│16│Экономист │ 9600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│17│Бухгалтер-кассир │ 8800 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│18│Башкы адис │ 8800 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│19│Жетектөөчү адис │ 8000 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│20│Адис │ 7200 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун тейлөө менен иштеген техникалык, кенже персоналдардын КЫЗМАТТЫК МАЯНАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 785 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬─────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│ №│Кызматтын аталышы │Кызматтык маяна │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│1 │Чарба башчысы, лабораториянын башчысы, устат │ 7200 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│2 │Катчы-референт, лаборант │ 5760 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│3 │Кампа башчысы │ 5400 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│4 │Автомобилдин айдоочусу │ 5040 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│5 │Кладовщик │ 4680 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│6 │Архивариус │ 4680 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│7 │Экспедитор │ 4680 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│8 │Администратор │ 4680 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│9 │Автомобилди оңдоочу слесарь, слесарь, ширетүүчү │ 4320 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│10│Сантехник │ 3960 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│11│Электрик │ 3960 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│12│Багбан │ 3600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│13│Короо шыпыруучу │ 3600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│14│Ашпоз │ 3600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│15│Кароолчу │ 3600 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│16│Кызматтык жайларды жыйноочу │ 3240 │
├──┼─────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│17│Жумушчу, аспираторчу │ 2880 │
└──┴─────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘
| 3-тиркеме |
Иштеген жылдары үчүн үстөк акылардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
┌────────────────────────────────────────────────────┬────────────────┐
│ Жалпы иш стажы │ Пайыздар │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Бир жылдан үч жылга чейин │ 5 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Үч жылдан беш жылга чейин │ 10 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Беш жылдан он жылга чейин │ 15 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Он жылдан он беш жылга чейин │ 20 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Он беш жылдан жыйырма жылга чейин │ 25 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Жыйырма жылдан жыйырма беш жылга чейин │ 30 │
├────────────────────────────────────────────────────┼────────────────┤
│Жыйырма беш жылдан ашык │ 40 │
└────────────────────────────────────────────────────┴────────────────┘