Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 22-ноябры № 789
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому менен жактырылган 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 239 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|