Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 789 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-апрели № 239
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74 жана 88-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 540 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтомуна ылайык жиберилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-сентябрындагы № 540 "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын (мындан ары - Орто мөөнөттүү программа) долбоору ушул токтомдун тиркемесине ылайык жактырылсын.
4. Аталган Орто мөөнөттүү программанын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүүгө киргизилсин.
5. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Орто мөөнөттүү программанын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Тиркеме |
Долбоор
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн ОРТО МӨӨНӨТТҮҮ ПРОГРАММАСЫ
I. Киришүү
1. Бул документ 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн келечегин жана орто мөөнөттүк артыкчылыктарын чагылдырган.
2. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүндө түп-тамырынан берки өзгөрүүлөр болуп өттү. Башкаруунун парламенттик түрү киргизилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин күн тартибиндеги негизги тема коомдун коопсуздугун камсыз кылуу болуп калды. Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) кризистик көрүнүштөрдү токтотуп жана өлкөнүн жашоосун стабилдүү жана конструктивдүү нукка багыттай алышты.
3. Мурдагы жылдары бийлик менен криминалдын биригип кетиши болуп жатты. Революциядан кийинки мезгил криминалдык элементтердин активдешүүсү менен коштолду. Андыктан жаңы Өкмөт коомду жана экономиканы криминалдан арылтуу боюнча чечкиндүү чараларды көрдү. Бүгүн кылмыш дүйнөсүнүн айрыкча таасирдүү мүчөлөрү камакта же өлкөнүн чегинен тышкары жашынып жүрүшүүдө.
4. 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин бааларды белгилебестен аукциондорду жана сынактарды өткөрүү боюнча тажрыйба жок кылынды, бул инсайдерлик бүтүмдөрдү жүргүзүүгө жана объекттерди төмөндөтүлгөн баалар боюнча сатууга мүмкүндүк берди. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн маселелери боюнча Өкмөттүн иш-аракеттери ачык-айкындуулук жана процесстин Парламент менен жарандык коомдун контролдугу алдында болуу принциптери менен түзүлдү. Менчиктештирүү боюнча комиссиянын түзүмдүк курамы кайра каралды, ага депутаттар, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү киришти. Республиканын мүлктүк кызыкчылыгын калыбына келтирүү максатында мурунку режимде жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 47 объект мамлекеттештирилди.
5. Өкмөт өлкөнүн экономикасын терең тартыштыктан кармап калды. Жакырчылыктын деңгээли өскөндүктөн социалдык саясат калктын өтө зарыл көйгөйлөрүн чечүүгө багытталды. Мугалимдердин жана врачтардын эмгек акылары эки эсе жана андан ашык жогорулады. Пенсия 30%ке көбөйдү.
6. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы (мындан ары - Программа) өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүгүү багытына алып чыгууга жана өлкөдөгү социалдык натыйжаларды жоюу, жашоо-турмуштун деңгээлин жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу үчүн бюджеттин абалын жакшыртууга багытталган. Бул документте төмөнкү багыттарга басым жасалган: (i) мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана коррупцияга каршы күрөшүү; (ii) ири улуттук долбоорлорду ишке ашыруу жана ишке киргизүү аркылуу экономикалык артыкчылыктарды тездик менен жылдыруу; (iii) мамлекеттик активдерди башкаруунун жаңы саясаты; (iv) социалдык өнүктүрүү жана жакырчылыкты кыскартуу саясатынын натыйжалуулугун жогорулатуу.
7. Программада каралган реформаларды аткаруу мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга, коррупцияга каршы күрөшүүнү күчөтүүгө, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана коомдогу социалдык чыңалууну басаңдатууга мүмкүндүк берет. Бизнес-чөйрө өлкөдө адилет инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө жана чыңдоого, мамлекеттик жөнгө салууну бюрократиядан ажыратууга жана чарбакер субъекттерге экономикалык эркиндик берүүгө багытталат.
II. Чечилбеген көйгөйлөр
8. Өкмөттө өлкөнүн мурунку жетекчилери тарабынан мураска калган бардык көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк болгон жок. Жыйырма жыл ичинде чечилбеген көйгөйлөр эң эле көп санда топтолгон. Экономиканын структурасы эскирген жана тышкы товар өндүрүүчүлөргө карата көпчүлүк позиция боюнча атаандаштыкка жөндөмсүз болуп калды. Эмгек өндүрүмдүүлүгү төмөн бойдон калууда, өзгөчө квалификациялуу кадрлар республиканы таштап кетип жатышат, эмгек ресурстарынын сапаты начарлоодо. Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат талкаланган, капиталдын ташылып чыгып кетиши жүрүп жатат. Эскилиги жеткен негизги фонддор эле эмес социалдык жана турак жай инфраструктуралары начарлоодо.
9. Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болгон өлкөлөр келечекте алардын өнүгүүсүн камсыз кылуучу экономиканын жаңы технологиялык ыңгайына өтүшүүдө. Азыркы тенденцияны сактап калуу артта калууга жана биздин өлкөнү глобалдуу экономиканын гана эмес региондук экономиканын перифериясына айлантууга алып келет. Андыктан өлкө экономиканы түп-тамырынан бери реформалоо аркылуу өлкөнү келечектеги өзгөрүүлөргө даярдоо милдети турат.
10. Реформаны социалдык чөйрөдө дагы жүргүзүү талап кылынууда. 2009-жылдагы дүйнөлүк экономикалык тартыштыктар жана 2010-жылдагы окуялардын кесепети калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келди, ал эми жакырчылык 31,7%тен 33,7%ке жогорулаган. Бүгүнкү күндө мамлекет бюджеттин чектелген ресурстарын натыйжасыз бөлүштүрүүдө, социалдык жардамдын даректүүлүгү камсыз кылынган эмес. Натыйжада мамлекеттик колдоого муктаж болгон адамдардын категорияларына көрсөтүлө турган жардам өтө эле аз бойдон калууда. Мамлекет кимди конкреттүү түрдө коргошу керектиги жана кимге, декларативдик эмес анык социалдык жардамды көрсөтүшү керектигин так аныктоосу зарыл.
11. Өлкөнү алдыга жылдырууга жана белгиленген реформаларды натыйжалуу ишке ашырууга сот системасындагы реформанын кечеңдегени тоскоол болууда.
12. Мамлекеттик башкаруунун азыркы структурасы өлкөнүн алдында турган милдеттерге шайкеш келбейт жана өнүгүүнү кармап турууда. Мамлекеттик органдар өздөрүнө артыкча иш-милдеттерди алышып өтө эле эпсиз жана олдоксон. Мамлекеттик башкаруунун түзүлгөн системасы экономиканын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтпөйт, рыноктук принциптерди жайылтууга тоскоол болот.
13. Ошондуктан, эски мамлекеттик башкаруу принциптеринин негизинде Кыргызстандын өнүгүүсүн камсыз кылуу мүмкүн болбой калды.
III. Чыр-чатактан кийинки жөнгө салуу
14. Өкмөттүн аймагында өзүнүн тарыхына, тилине жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон жүздөн ашык этнос жашайт. Соңку жылдары этностор аралык, уруулар аралык, регионалдык мамилелер маселелери саясатташууда жана атайын бир максаттарга жетүү үчүн мамлекеттик бийликке кысым көрсөтүүнүн элементи катары өзүнчө саясатта пайдаланылууда. Бул фактор социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн көбөйүшүнөн улам күч алууда. Тилекке каршы, 2010-жылы курч саясий күрөшүүнүн шартында бардык бул жагдайлар өлкөнүн түштүгүндөгү кайгылуу окуяга алып келди.
15. Өкмөттүн чыр-чатактардан кийин жөнгө салуудагы алгачкы кадамдарынын бири Өлкөнүн түштүгүндөгү зыянды баалоо боюнча комиссия түзүү болду. Бузулган турак-жайларды, инфраструктураларды жана социалдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча практикалык иштерди атайын түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекция аткара баштады.
16. Өлкөдөгү элдин биримдигин сактоо жана өлкөнүн түштүгүн ынтымакка чакыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2015-жылга чейин Этностук саясат жана коомду баш коштуруу концепциясы бекитилген, анда коомду баш коштурууга жана этностор аралык мамилелер жагында тең салмактуу саясатты жүргүзүүгө багытталган стратегиялык мамилелер аныкталат.
17. Өлкөнү стабилдүү өнүктүрүү жана гүлдөп өсүшү, жарандар үчүн татыктуу шарттарды түзүү жана калк арасында тынчтыкты жана ынтымакты камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2012-жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана өз ара кечиримдүүлүк жылы деп белгиленди.
18. 2014-жылга чейин өлкөнүн түштүгүн чыр-чатактан кийин калыбына келтирүүнү камсыздоо жана ынтымакка чакыруу боюнча Өкмөттүн негизги саясаты төмөнкүлөргө багытталат: (i) мамлекетти башкарууда жарандык коомчулуктун катышуу формасын кеңейтүү; (ii) саясий, экономикалык жана коомдук жашоого этностук топтордун өкүлчүлүктөрү үчүн бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо.
19. Өкмөт кадрларды даярдоо жана кайра окутуу боюнча чараларды көрүү аркылуу ишке орноштуруу жана бизнес чөйрөсүндө басмырлабаган мамиле кылуу менен экономикалык жана социалдык жашоого бардык этностук топтордун реалдуу катышуусун камсыз кылат.
20. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ачык-айкындуулук жана контролдоо жол-жоболору аркылуу бардык жарандар үчүн жаратылыш, финансылык, маалыматтык жана башка ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
IV. Өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттары жана милдеттери
21. Ушул документте Өкмөт билдирген реформанын башкы максаты болуп калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана экономиканы өстүрүүнүн негизинде жакырчылыкты кыскартуу, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын куруу саналат.
22. Бул максаттарга жетишүү төмөнкү милдеттерди чечүү жолу менен камсыздалат: (i) мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана чакан Өкмөт түзүү; (ii) мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу жана кирешелерди көбөйтүү; (iii) жаңы улуттук долбоорлорду ишке киргизүү аркылуу экономиканы өнүктүрүү; (iv) мамлекеттик активдерди натыйжалуу башкаруу; (v) лицензия-уруксат берүү жана контролдоо-көзөмөлдөө системасын реформалоо; (vi) социалдык чөйрөнү реформалоо; (vii) коопсуздук чөйрөсүн реформалоо; (viii) сот системасын реформалоо.
V. Экономиканы өнүктүрүү
5.1. Макроэкономикалык саясат
23. Өкмөттүн баалоосу боюнча, 2011-жылы түзүлгөн жана тышкы факторлордун өзгөрүлбөгөн тенденциясын сактап калууда өлкөнү инерциялык өнүктүрүү бюджеттин тартыштык көйгөйлөрүнүн тереңдешине алып келет (1-таблица). Ошондуктан Өкмөт экономиканы өнүктүрүүнүн жана иштиктүү чөйрөнү жакшыртуунун жаңы багытын демилге кылууда.
1-таблица. Инерциялык өнүгүүнүн негизги макроэкономикалык
көрсөткүчтөрү
млрд. сом
┌─────────────────────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────┐
│ │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ 2013-ж. │ 2014-ж. │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДП │ 273,1 │ 313,7 │ 363,2 │ 416,4 │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДПнын өсүшү │ 5,7% │ 6,6% │ 5,8% │ 6,0% │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 77,3 │ 82,6 │ 84,0 │ 85,2 │
│кирешеси │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 90,9 │ 100,6 │ 107,6 │ 110,9 │
│чыгашасы │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ -13,5 │ -18,0 │ -23,6 │ -25,7 │
│тартыштыгы │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДПга карата мамлекеттик │ -5,0% │ -5,7% │ -6,5% │ -6,2% │
│бюджеттин тартыштыгы % │ │ │ │ │
└─────────────────────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────┘
24. Бул Программанын алкагында белгиленген реформа ИДПнын реалдуу өсүшү боюнча амбициялык максаттарга жетүүгө (жылына орточо 7,5%), кирешелерин көбөйтүүгө (2011-жылга салыштырганда 2014-жылы 28 млрд. сомдон көп) жана бюджеттин тартыштыгын олуттуу азайтууга (2014-жылы ИДПга карата 2,6%ке чейин) мүмкүндүк берет. Программада каралган чаралар ишке ашырылса жана ийгиликтүү реформа болсо, өлкөнүн экономикасы төмөнкү макроэкономикалык параметрлер менен мүнөздөлөт:
2-таблица. Программаны ишке ашырууну эске алуу менен негизги
макроэкономикалык көрсөткүчтөр
млрд. сом
┌─────────────────────────┬──────────┬──────────┬──────────┬──────────┐
│ │ 2011-ж. │ 2012-ж. │ 2013-ж. │ 2014-ж. │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДП │ 273,1 │ 319,2 │ 365,4 │ 425 │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДПнын өсүшү │ 5,7% │ 7,5% │ 7,6% │ 7,4% │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 77,3 │ 90,3 │ 96,7 │ 109,6 │
│кирешеси │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ 90,9 │ 106,7 │ 109,8 │ 120,6 │
│чыгашасы │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│Мамлекеттик бюджеттин │ -13,5 │ -16,4 │ -13,1 │ -11,0 │
│тартыштыгы │ │ │ │ │
├─────────────────────────┼──────────┼──────────┼──────────┼──────────┤
│ИДПга карата мамлекеттик │ -5,0% │ -5,1% │ -3,6% │ -2,6% │
│бюджеттин тартыштыгы % │ │ │ │ │
└─────────────────────────┴──────────┴──────────┴──────────┴──────────┘
25. Макроэкономикалык саясат макроэкономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жана камсыздоого багытталган. 2012-2014-жылдарда 10%тен ашпаган инфляциянын деңгээлин кармап турууга багытталган макулдашылган акча-кредиттик жана бюджеттик-салыктык саясатты жүргүзүшөт. Экономиканын керектөөлөрүнүн өтүмдүүлүгү менен инфляцияны кармап туруунун зарылдыгынын ортосундагы тең салмактуулукка жетишүү акча-кредиттик саясаттын эң маанилүү багыттарынын бири болуп калат.
26. Инфляциянын темпин контролдогу деңгээлде кармап туруу үчүн: (i) ашыкча акча массасын стерилизациялоо боюнча жаңы монетардык шаймандар иштелип чыгат; (ii) баанын өсүшүн кармап туруу үчүн мамлекеттик жөнгө салуу/интервенция аркылуу дан жана нан азыктары рыногуна монетардык эмес таасир этүү механизми иштелип чагат; (iii) инфляциялык көрүнүштөр болгон мезгилде бааларды чектөөнүн мамлекеттик куралдары иштелип чыгат жана ишке киргизилет (3 айдан көп эмес); (iv) алардын кескин өсүп кетишине жол бербөө үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик тарифтик саясаттын реформалары киргизилет.
(1) 2013-2014-жылдарга бюджеттин болжолун түзүүдө экономиканы өнүктүрүүгө киргизилген долбоорлорду аткарууда оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен абдан ийкемдүү варианты берилген
27. Өзгөрүлмө алмаштыруу курсундагы саясат улантылат. Алмаштыруу курсундагы кескин өзгөрүү, банктар аралык валюта рыногундагы интервенцияны кошо алганда, акча-кредиттик саясаттын шаймандары менен жеңилдетилет.
28. Жагымдуу инвестициялык климатты калыбына келтирүү жана сактоо, ишкердик чөйрөсүндөгү ийкемдүү жөнгө салуучу саясат, мыйзамдардын белгилүүлүгү жана туруктуулугу жылына орточо 7,5% деңгээлинде болжолдонгон экономикалык өсүшкө өбөлгө болот.
29. Өлкөнүн экономикасы үчүн макроэкономикалык шарттарды жана өнүгүүнүн өбөлгөлөрүн жагымдуу жана жагымсыз деп бөлүүгө болот:
Тышкы жагымдуу өбөлгөлөр жана шарттар: (i) 2,5%ке дүйнөлүк экономиканын өсүшү, ал эми өлкөнүн негизги соода өнөктөш өлкөлөрүндө (Россия, Казакстан) - 4%-7% деңгээлинде; (ii) алтынга болгон баанын болжолдонгон өсүшү 1 унция үчүн 1700-2000 доллар деңгээлинде; (iii) Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүндө (Россия, Казакстан) инфляциянын деңгээлинин кармалып турган көрсөткүчү (5%-8%).
Тышкы жагымсыз факторлор/тобокелдиктер: (i) азык-түлүк товарларына дүйнөлүк баанын өсүшү; (ii) Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү чыңалган саясий жагдайлардын фонунда чийки нефтиге (баррель үчүн 100 АКШ долларынан жогору) болгон жогорку дүйнөлүк баа; (iii) Бажы союзунун шарттарынын ишке кириши менен Кыргызстандын товарларынын реэкспортун кыскартуу жана товарларды экспорттоого чек коюу.
30. Өлкөнүн экономикасы тышкы шарттардан жана өбөлгөлөрдөн башка ички факторлордон да көз каранды:
ички жагымдуу шарттар жана өбөлгөлөр: (i) мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу; (ii) түштүк региондо жабыркаган соода инфраструктураларын калыбына келтирүү; (iii) жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү; (iv) улуттук ири долбоорлорго чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу;
ички жагымсыз факторлор/тобокелдиктер: (i) өлкөдөн капиталдардын жана эмгек ресурстарынын чыгып кетүү тобокелдиги; (ii) көмүскө экономиканын өсүш тобокелдиги; (iii) азык-түлүктөргө дүйнөлүк баанын өсүшүнөн улам азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан тобокелдиктер, эгер ички социалдык-саясий чыңалуулар болсо, абдан күчөп кетиши мүмкүн; (iv) айыл-чарбасынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген табигый-климаттык факторлор.
31. Бул шарттарды жана өбөлгөлөрдү эске алуу менен Өкмөт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан өнүгүүнүн дүйнөлүк тенденциясынын начарлашына байланышкан экономикага терс процесстеринен мүмкүн болуучу катуу соккуларынын таасирин жеңилдетүүгө багытталган Кризиске каршы программа иштелип чыгат.
32. Өндүрүш жагынан алганда экономикалык өсүш өлкөнүн ИДПсын түзүүчү реалдуу экономиканын бардык секторлору тарабынан колдоого алынат. Максималдуу салым кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн (3,4 проценттик пунктта) объекттеринин жана ишканаларынын иштөөсүнөн болот деп болжолдонууда. Өнөр жай өндүрүшүнүн жана айыл чарбасынын реалдуу салымы орточо тиешелүү түрдө 1,1 жана 0,7 проценттик пунктта болот. Курулуш секторунун салымы ИДПнын структурасындагы анча чоң эмес салыштырма салмагына карабастан пландаштырылган жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүүнүн эсебинен көбөйөт (1,4 проценттик пунктта).
33. Туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо жеке инвестициялардын маанилүү көлөмүн талап кылат, акыркы учурларда алардын агымы абдан кыскарды (2009-2010-жылдары жеке инвестициялардын келген темпи начар болду - орточо [-8%]). Буларды эске алуу менен Өкмөт өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун калыбына келтирүү боюнча күч жумшоого ниеттенүүдө, атап айтканда: (i) экономиканы мындан ары дерегуляциялоо (ii) ишкердиктин субъекттеринин иш аракеттерине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүлөрүн четтетүү; (iii) бизнес жүргүзүү үчүн административдик тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жок кылуу; (iv) мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуу куралдарын ишке киргизүү; (v) мыйзамдардын белгилүүлүгүн камсыздоо.
34. Бул милдеттерди толук көлөмдө чечүү дүң инвестициянын жылдык орточо өсүшүнүн жылына орточо 12,5%ке жетүүсүнө мүмкүндүк берет, алардын салыштырма салмагы 2014-жылы ИДПга карата 33,2%ке чейин өсөт. Ошону менен, бул өсүш негизинен жеке инвестициянын эсебинен камсыздалат деп болжолдонууда, алардын үлүшү ИДПга карата 2011-жылы 21,9%тен 2014-жылы 28,8%ке чейин жогорулайт. Жеке инвестициялардын алдыга озгон өсүшү ири орто мөөнөттүк инвестициялардын жана узак мөөнөттүү улуттук долбоорлордун агымы менен шартталат.
35. 2012-2014-жылдары жеке керектөөнүн үлүшү ИДПга карата 2011-жылы 83,5%тен 2014-жылы 82,4%ке чейин төмөндөйт, анткени, инвестициялык чыгымдар экономикалык өсүштү колдоо үчүн керектөөчү чыгымдардан басымдуулук кылат. Бирок, жеке керектөөнүн реалдуу өсүш темпи жылына орточо 5,6% деңгээлинде туруктуу кармалып турат. Жеке керектөөнүн чыгымдары жаңы жумуш орундарын түзүү жана орточо эмгек акыны көбөйтүүнүн эсебинен калктын болжолдонгон акчалай кирешесинин өсүшү менен бекемделет.
36. Мамлекеттик керектөөнүн болжолдонгон азайышы (ИДПга карата 2011-жылы 17,8%тен 2014-жылы 16,4%ке чейин) мамлекеттик башкаруу институттарын кармоого кеткен чыгымдардын кыскартылган натыйжасы болот.
37. Жеке керектөөнүн өсүшү экспортко (жылына орточо 3,7%) салыштырганда импорттун (жылына орточо 4,7%) алдыга озгон өсүшү таза экспорттук көрсөткүчтөрдүн (2011-жылы ИДПга карата [-29%тен] 2014-жылы ИДПга карата [-32%ке] чейин) начарлашынын бир себеби болот. Ошону менен, импорттун өсүшү керектөөчү товарларды алып келүү гана эмес, инвестициялык товарлардын (жыл сайын орточо 11,3%) импортун өстүрүү менен да шартталат.
38. Экспорттун кармалып турган өсүш темпи ири улуттук долбоорлорду ишке киргизүүнүн эсебинен өлкөнүн экономикасына инвестициялардын агымынан дем берүүчү натыйжа жана экспорттук артыкчылыктардын өсүшү негизинен болжолдонгон мезгилден тышкары күтүлүүдө.
5.2. Фискалдык саясат
5.2.1. Салыктык саясат
39. 2009-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясы колдонулууда (мындан ары - Салык кодекси) салыктын жана салыктык иш-аракеттердин бардык түрүн камтыган бирдиктүү код берилген документ. Салык кодексинин жаңы редакциясынын жетишкендиктери болуп негизги салыктардын ставкасын азайтуу, салыктардын жана жыйымдардын жалпы санын 16дан 8ге чейин кыскартуу, каскаддык рыноктук эмес салыктарды жоюу, ыктыярдуу салык төлөөчүлөргө карата салыктык башкарууну либералдаштыруу, өнөктөштүк механизмин киргизүү саналды.
40. Ишкерлер жана инвесторлор үчүн Салык кодексинин жаны редакциясында белгиленген либералдык салык режими аларды мыйзамдуу иш-аракеттерге тартуу, өндүрүштүн көлөмүн жогорулатуу, ошондой эле өлкөнүн бюджетине салыктык келип түшүүлөрдүн өсүшүнө дем берүү үчүн чоң мааниге ээ, 2009-жылы мындай көрүнүштөр байкалган.
41. 2010-жылы саясий жагдайларга жана экономиканын төмөндөшүнө карабастан салыктык келип түшүүлөр 9,1%ке жогорулаган (3,3 млрд. сом), ал эми 2011-жылы салыктан түшкөн бюджеттин кирешеси 34,7%ке өскөн (13,6 млрд. сом).
42. Жетишилген натыйжалар ИДПга карата салыктык келип түшүүлөрдүн үлүштүк көрсөткүчүнүн 19,4%ке чейин жогорулашына мүмкүндүк берген, бирок бул көрсөткүч дагы да болсо төмөн болуп калууда. Салыктык кирешенин өсүшүнө салыктык системадагы төмөнкү көйгөйлөр тоскоол болууда: (i) бирдей эмес салыктык жүктөр; (ii) жеңилдиктердин жана салык төлөөдөн бошотулгандардын көптүгү; (iii) салыктык жана бажылык башкарууну ишке ашырууда заманбап технологиялардын жетишээрлик пайдаланылбагандыгы; (iv) коррупция.
43. Жакынкы жылдары мамлекеттин салыктык саясаты мурункудай эле бюджеттин тартыштыгы шартында жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу Өкмөттүн маанилүү милдеттери болуп орто мөөнөттүк жана узак мөөнөттүк келечекте бюджеттик туруктуулукту камсыздаган натыйжалуу жана стабилдүү салыктык системаны түзүү саналат.
44. Салыктык жүктү теңдөө жана салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыздоо үчүн төмөнкү чаралар ишке ашырылат: (i) салыктык жана бажылык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыгат; (ii) патенттин наркын акырындык менен жогорулатуу, ошондой эле патенттин түрлөрүн кыскартуу жолу менен ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген иш-аракеттердин тизмеси кыскартылат; (iii) сатуудан салыктын ставкасын акырындык менен азайтып, 2013-2016-жылдардын аралыгында КНС алынуучу берүүлөр үчүн бул салыкты толугу менен жок кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилет. Бюджеттик жоготуулардын ордун толтуруу максатында экономиканын жогорку пайда алуучу тармактарынын бири катары байланыш сектору үчүн сатуудан салыктын ставкасы жогорулатылат, ошондой эле алтын казуучу ишканалардын ашыкча пайдасына салык киргизилет.
45. Салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу тармагында саясаттын өзүнчө багыттары болуп салыктык өзгөчө жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, натыйжасыз жана негизсиз жаңы жеңилдиктерди жана бошотууларды сунуш кылбоо, ошондой эле салык салуудан четтөө үчүн бар болгон мүмкүнчүлүктөрдү жоюу саналат.
46. Салык жана бажы кызматтарын модернизациялоо үчүн төмөнкүлөр каралууда: (i) бажылык декларацияларды берүү жана тышкы экономикалык иш-аракеттердин (ТЭИ) катышуучулары менен бажы органдарынын ортосундагы маалымат алмашууну жеңилдеткен электрондук системасын кошкондо, бажы кызматынын автоматташтырылган маалымат системасын жайылтуу; (ii) салыктык отчетторду электрондук түрдө берүү үчүн салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасын жайылтуу жана салык төлөөчү салыктык милдеттерин аткаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү үчүн салыктык башкаруудагы заманбап технологияларды пайдалануу.
47. Коомчулуктун салык жана бажы кызматтарына ишенимин жогорулатуу жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн төмөнкүлөр пландалууда: (i) салыктык декларацияларды иштеп чыгуучу борборлорду түзүү; (ii) бажы өткөрүү пункттарын видеобайкоо системасы менен жабдуу; (ii) кызмат өтөөдө коррупциялык жагдайларды алдын алуу боюнча салык жана бажы кызмат органдарында программаларды ишке киргизүү; (iv) салык жана бажы органдарындагы коррупциянын деңгээли жөнүндө салык төлөөчүлөрдү жана ТЭИ субъекттерин системалык анкеталоону жайылтуу.
48. Салыктык саясат тармагынын келечекте салыктык жүктү жогорулатпастан акырындык менен азайтуу бөлүгүндө мурун кабыл алынган чечимдердин стабилдүүлүгү жана ырааттуулугу экономикалык активдештирүүгө дем-күч болушу керек.
49. Салыктык башкаруу мындан ары өркүндөтүүгө муктаж, башкарууну жакшыртуу боюнча программа салык органдары менен ишкердиктин субъекттеринин ортосундагы өз ара аракеттешүүлөрдү оптималдаштырууга багытталат. Отчеттордун санын кыскартуу жана аларды берүүнүн мезгилдүүлүгүн тартипке келтирүү, ошондой эле тобокелдик критерийлердин негизинде салыктык текшерүүнүн автоматташтырылган системасын ишке киргизүү максатында салыктык отчеттуулуктун системасын өркүндөтүү салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат жана салыктык жол-жоболорго короткон бизнестин убакытын жана ресурстарын абдан кыскартат.
5.2.2. Мамлекеттик финансыны жана бюджеттик саясатты башкаруу
50. Өлкөдө болуп өткөн коомдук-саясий жагдайлар 2010-жылдын бюджетине таасирин тийгизди, бул негизинен өлкөнүн түштүгүндөгү апрель жана июнь окуяларынан кийин калыбына келтирүү иш-чараларына жана жабыркагандарга социалдык төлөмдөрдү берүүгө бюджеттен кошумча чыгашалардын көп болгондугу менен шартталды. Ошондой болсо да, бюджетти колдоо маселеси боюнча Өкмөттүн донордук коомдоштуктар менен болгон конструктивдүү кызматташуусунун натыйжасында 2010-жылы мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 4,9% өлчөмүндө түзүлдү, бул күтүлүүдөгү деңгээлден 0,7%ке төмөн болду.
51. Социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин жана укук коргоо органдарынын эмгек акысынын жогорулашына, өлкөнүн түштүк региондорун калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүү долбоорлорун каржылоонун көбөйүшүнө байланыштуу 2011-жылы бюджеттин чыгашалары олуттуу көбөйдү. Бюджеттин тартыштыгын азайтуу үчүн Өкмөт бюджетке кирешенин кошумча булактарын тартуу үчүн бир катар чараларды иштеп чыкты, бул салыктык кирешелердин өсүшү менен катар бюджеттик тартыштыктын өсүшүн кармап туруу боюнча жакшы натыйжаларды берди. 2011-жылы тартыштыктын алгачкы көрсөткүчү ИДПга карата 7,5% деңгээлинде пландалган, иш жүзүндө бул көрсөткүч 5% деңгээлинде түзүлдү.
52. Бюджеттин олуттуу тартыштыгы салт болуп калган механизмдерди жакшыртуу менен кандай болсо, дал ошондой эле кирешенин альтернативдик булактарын издөө жолу менен аны оптималдаштыруунун зарылдыгын таңуулоодо.
53. Жалпысынан, өлкөнүн бюджети социалдык багытта улантылууда. 2010-жылы калктын социалдык аялуу тобунун өсүшү жана жакырчылыктын көбөйүшү бюджеттин социалдык чыгашаларынын көбөйүшүнө таасирин тийгизди, ал 2011-жылы республикалык бюджеттин жалпы чыгашаларынын 43%тен 45%ке чейинкисин түздү.
54. Жакынкы үч жылда мамлекеттик чыгашалар саясатынын башкы максаты болуп мамлекеттин бардык социалдык кепилдиктерин толугу менен жана өз учурунда каржылоо жана калктын жакыр катмарынын кызыкчылыгында экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат.
55. Өкмөт бюджеттик консолидациянын башталышын маанилүү деп эсептейт. Консолидация стратегиясы кирешени көбөйтүү жана чыгашанын өсүшүн кармап туруу боюнча чараларды ичине камтыйт.
56. Орто мөөнөттүк келечекте бюджеттин кирешелерин көбөйтүү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалат: (i) салмактын негизинде бажылык тариздөө системасынан көпчүлүк импорттолуучу товарларды баанын негизинде которуу аркылуу бажылык башкарууну жакшыртуу; (ii) КНС боюнча өзүнчө жеңилдиктерди жок кылуу; (iii) акциздик саясатты кайрадан карап чыгуу; (iv) акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштырууга жана мамлекеттик жеке менчиктерди жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкарууга багытталган салыктык эмес төлөмдөр реформасынын эсебинен.
57. Бюджеттин тартыштыгын кыскартуу жана чыгашаларды оптималдаштыруу максатында Өкмөттүн алдында төмөнкү милдеттер турат: (i) бюджетти пландоону өркүндөтүү; (ii) мамлекеттик чыгымдардын натыйжалуулугун контролдоону күчөтүү; (iii) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү.
58. Мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо, бюджеттик тартипти жогорулатуу жана бюджеттик ресурстарды пайдаланууда ачык-айкындуулук артыкчылыктын негизи болот.
59. Мамлекеттик финансыны башкарууну реформалоо чаралары төмөнкүлөрдү ичине камтыйт: (i) бюджеттик ресурстарды пайдаланууда экономикалык натыйжалуулукту баалоо системасын иштеп чыгуу; (ii) акырындык менен программалык бюджеттөөгө өтүү; (iii) программалык бюджетти иштеп чыгуу жана сектордук талдоо жүргүзүү боюнча сынамык министрликтердин кызматкерлерин комплекстик окутуу; (iv) Казначылыкты пакеттик клиринг системасына кошуу жана Бирдиктүү казначылык эсепке өтүү аркылуу мамлекеттик финансыны башкарууну борбордоштурууну кошо алган Казначылыкты модернизациялоо; (v) мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү үчүн электрондук сооданы ишке киргизүү; (vi) капиталдык курулуш (ККБ) максатында финансылык ресурстарды башкаруунун бирдиктүү борбордоштурулган системасын түзүү.
60. Жетишилген натыйжалардын, реформаларды ишке ашырууну баалоо жана мониторинг жүргүзүүнүн ишеничтүү системасын ишке киргизүү менен мындан аркы келечекти баалоонун негизинде "2009-2013-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансысын башкаруу системасын реформалоо боюнча иш аракеттердин орто мөөнөттүк планын" кайрадан карап чыгуу жана жаңылоо пландалууда.
61. Реформалоо процесси үч кеңири жыйынтыкка жетишүүгө багытталган: (i) белгилүү ресурстарды сунуш кылуучу такталган бюджет; (ii) башкаруу звеносунун отчеттуулук системасын түзүү үчүн контролду жакшыртуу; (iii) саясат менен жылдык, жана ошондой эле орто мөөнөттүү пландаштыруунун артыкчылыктарынын ортосундагы байланышты жакшыртуу.
62. Акыркы кайта өзгөртүүлөрдүн мамлекеттик финансыларды башкаруунун негиздерин жөнгө салуучу бирдиктүү концептуалдуу документти иштеп чыгуунун зарылчылыгы пайда болду. Ушуга байланыштуу, мамлекеттик финансыларды башкаруунун натыйжалуу жана ачык-айкын системасын уюштурууну, улуттук кызыкчылыктарга жооп берүүчү бюджетти түзүү үчүн тиешелүү укук ченемдерин түзүүнү камсыз кылууга жана бюджеттик системанын дүйнөлүк алдыңкы ченемдерин жайылтууга багытталган Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексин иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлөт.
63. Бюджеттер аралык мамилелерди өркүндөтүү максатында эки деңгээлдүү бюджетке өтүү ишке ашырылат, анда бюджеттер аралык мамилелер системасында "жергиликтүү бюджет" түшүнүгү айылдын, поселканын, шаардын жергиликтүү коомчулугунун бюджетин камтыйт, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары ишке ашырышат. Жалпы мамлекеттик салыктардан (жеке киреше салыгы, патенттин негизиндеги салыктар) чегерүүлөрдүн ченемдери кайрадан каралып чыгат, алардын келип түшүүсүнүн өсүшүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаңы жумуш орундарын түзүү жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү аркылуу таасир тийгизе алышат. Бул жергиликтүү бюджетти жеке каражаттардын эсебинен жогорулатууга, киреше потенциалын жогорулатууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын арттырууга жана чыгымдардын натыйжалуулугун жакшыртууга мүмкүндүк түзөт. Финансылык борбордон ажыратуу реформасын ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттердин түздөн-түз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүшүн жана аткарылышын болжолдойт.
64. Жергиликтүү коомчулуктун экономикалык потенциалынын жогорулашына дем берүү, бюджеттер аралык мамилелер жаатында жергиликтүү бюджеттерди башкаруунун натыйжалуулугу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн төмөнкү багыттар боюнча иштер улантылат: (i) бюджеттер аралык мамилелер системасын жөнгө салуучу укуктук актыларды өркүндөтүү, (ii) жергиликтүү бюджеттерди орто мөөнөттү пландаштыруусун эсепке алуу менен бюджеттер аралык трансферлердин системасын өркүндөтүү.
65. Мамлекеттик финансылардын ачык-айкындыгын камсыз кылуу, бюджеттин ачык-айкындыгы жана жарандардын бюджеттик маалыматка жетиштүүлүгү маселелери боюнча кызматташуу чөйрөсүндө бир катар өкмөттүк эмес уюмдар менен иш туруктуу негизде улантылат. Бул багытта жылдык Жарандык бюджетти даярдоого өзгөчө көңүл бурулат.
66. Кирешелерди жогорулатуу жана орто мөөнөттүү келечекте чыгымдардын өсүшүн токтотуу боюнча чараларды камтыган мамлекеттик финансыларды башкаруу жана бюджеттик консолидациялоо чөйрөсүндө пландаштырылган реформаларды жүргүзүү бюджеттин тартыштыгын 2014-жылы ИДПга карата 2,6%ке чейин жеткирүүгө багытталат. Мындан тышкары, орто мөөнөттүү келечекте күндөлүк чыгымдар күндөлүк кирешелердин гана эсебинен жабылаары күтүлүүдө.
5.3. Тышкы карыздарды башкаруу стратегиясы
67. Кыргыз Республикасы дагы эле мамлекеттик зайымдардан көз каранды жана мамлекеттик карыз менен байланыштуу коркунучтарга сезгич бойдон калууда. Мамлекеттик карыздарды башкаруу жаатында 2002-2006-жылдары жетишилген жетишкендиктер менен бирге, 2008-2009-жылдары болгон дүйнөлүк экономикадагы кризис, жана ошондой эле 2010-жылдагы өлкө ичиндеги окуялар мамлекеттик карыздарды активдүү аккумуляциялоого алып келди. Мамлекеттик карыздардын көлөмүнүн жогорулашы Россия Федерациясы менен Кытайдан энергетика секторун жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө алынган ири зайымдарды тартылышы жана кыргыз сомунун расмий курсунун сезилерлик төмөндөшү менен шартталган. 2011-жылы мамлекеттик тышкы карыз 0,7 млрд. АКШ долларына өстү жана 2008-жылга салыштырмалуу ИДПга карата 47,7% (2,8 млрд. АКШ доллары) түздү.
68. Мамлекеттик карыздардын туруктуулугун камсыз кылуу жана аны натыйжалуу башкарууга жетишүү максатында орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик карыздардын оптималдуу структурасын түзүүгө багытталган 2012-2014-жылдарга мамлекеттик карыздарды башкаруунун орто мөөнөттүү стратегиясы кабыл алынган. Стратегия Өкмөттүн муктаждыктарын каржылоонун кошумча булагы катары мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатында мамлекеттик зайымдардын ички компонентин (бир убакытта) көбөйтүүдө тышкы карыздар жаатында орто мөөнөттүү келечекте жеңилдетилген каржылоого багыт берүүнү болжолдойт.
69. Мамлекеттик карыздарды башкаруу системасын мындан ары өркүндөтүү, мамлекеттик карыздардын оптималдуу структурасын түзүү жана карыздардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн саясаты төмөнкүлөргө багытталат: (i) мамлекеттик карыздарды өз убагында тейлөө; (ii) мамлекеттик артыкчылыктарга ылайык тышкы кредиттерди жана гранттарды тартуу; (iii) 35% деңгээлиндеги бардык жаңы тышкы зайымдар үчүн минималдуу жеңилдиктин (грант-элемент) даражасын сактоону камсыз кылуу; (iv) кредитор өлкөлөр менен эки тараптуу форматта карыздардын түзүмүн өзгөртүүнү сунуштоо, своп-операцияларды жүргүзүү (карыздарды активдерге алмаштыруу, өнүктүрүү ж.б.у.с.), жана аны эсептен чыгаруу же грант кылып кайра түзүү жөнүндө маселени кароо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен тышкы карыздын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү; (v) мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү аркылуу мамлекеттик зайымдардын ички компонентинин үлүшүн көбөйтүү.
5.4. Өлкөнүн активдерин башкаруу
70. 2010-жылга чейин акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруунун пассивдүү саясаты ишке ашырылган. Компаниялардын финансы-чарбалык иш-аракетине контролду күчөтүү 2011-жылы акциялардын мамлекеттик үлүшүнө дивиденддер боюнча кирешенин келип түшүүсүн 2,9 млрд. сомго (республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин 4%тен көп) чейин жогорулатууга мүмкүндүк берди. 2011-жылдан тартып мамлекеттик ишканалар тарабынан бир жылда көргөн накта кирешесинин жарымынан аз эмесин республикалык бюджетке чегерүү тажрыйбасы киргизилүүдө. 2010-2011-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча Өкмөттүн аракеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жарандык коомчулуктун алдында бардык процесстердин ачык-айкындуулугун жана контролдуулугун жогорулатууга багытталган. 2010-жылдын апрель айындагы окуялардан кийин бааны белгилебестен аукциондорду жана конкурстарды өткөрүүнүн далилденбеген тажрыйбасы жокко чыгарылган, бул инсайдердик бүтүмдөрдү өткөрүүгө жана объекттерди төмөндөтүлгөн баалар боюнча сатууга мүмкүндүк түздү. Менчиктештирүү боюнча комиссиянын түзүмдүк курамы кайрадан каралып чыкты, ага депутаттар, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын, өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кире башташты. Республиканын мүлктүк кызыкчылыктарын калыбына келтирүү максатында мурдагы режимдин учурунда жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 47 объект мамлекеттештирилди. Азыркы учурда, мамлекеттик объекттердин 90 процентинен көбү жеке менчикке кайра өзгөртүлгөн.
71. Мамлекеттин кол алдында стратегиялык ишканалар калууда, аларды менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген концепцияларга жана программаларга ылайык ишке ашырылат. Бүгүнкү күндө, мамлекеттик менчикти башкаруунун көйгөйлөрү: (i) мамлекет тарабынан акционердин укугун ишке ашыруунун төмөнкү натыйжалуулугунда; (ii) мамлекеттик ишканаларды натыйжалуу эмес башкаруусунда, бул мамлекеттин катышуусу менен ишканалардын көбүнүн финансылык абалынын начарлашынын себептеринин бири болуп калды; (iii) мамлекеттик менчиктин балансташпаган структурасында камтылат.
72. Мамлекеттик мүлктүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк түзө турган мамлекеттик менчикти башкаруунун сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн активдерин башкаруунун жаңы принциптерин жайылтууга багытталган бир катар чаралар ишке ашырылат. Мыйзамдык негизде: (i) ишенимдүү башкаруу үчүн компанияларды; (ii) топ-менеджерлерди, консалтинг, аудитор компанияларын; (iii) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматчыларын тандоо үчүн критерийлер жана талаптар аныкталат.
73. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, колдонуу жана башкаруу маселелери боюнча практиканы жана эл аралык тажрыйбаны эсепке алуу менен мыйзам базасы өркүндөтүлөт, ошондой эле мамлекеттик мүлктү башкаруунун системасын өнүктүрүү үчүн каржылоо булактары мыйзам түрүндө аныкталат. Мамлекеттик активдерди башкаруу саясаты жаатында аныкталган артыкчылыктар кайрадан каралып чыгат. Мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принциби өнүктүрүлөт.
74. Мамлекеттик менчиктин реестрин иштеп чыгуу жана жүргүзүү үчүн бардык мамлекеттик активдерге толук масштабдуу мүлк каттоону жүргүзүү пландаштырылууда. Ошондой эле мамлекеттик активдерди жиктөө иштеп чыгарылат. Мамлекеттик активдерди, ушул түрдү колдонуунун максатына байланыштуу менчиктин ар бир түрү үчүн башкаруу инструментинин системасы иштеп чыгарылат. Мамлекеттик менчикти колдонуунун максаттары боюнча үч топ бөлүнүп чыгарылат: (i) мамлекет тарабынан түздөн түз колдонулган активдер (администрациялык имараттар, инфраструктура курулмалары ж.б.) - аларды колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана чыгымдарды кыскартуу максаты менен; (ii) социалдык багыттагы активдер (турак жай фонду, муниципалдык активдер) - субсидияларды кыскартуу максаты менен; (iii) пайда алуу үчүн колдонуучу калдык активдери (ар түрдүү инвестициялык менчик) - кирешени жогорулатуу максаты менен.
75. Өкмөт тарабынан активдерди башкаруу жана дивиденддерди бөлүштүрүү функцияларын борбордоштуруунун негизинде мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуу стратегиясын жайылтуу ишке ашырылат.
76. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасы экономикалык өнүгүүнүн жаңы стимулдарына өзгөчө муктаж болууда, ал эми колдонуудагы активдер бул милдетти чечүүгө мобилизацияланган эмес. Бул көйгөйдү чечүүнүн бирден бир оптималдуу варианттарынын бири болуп "Центерра Голд Инк" алтын казуучу компаниясынын акцияларынын пакетинин мамлекеттик бөлүгүн тартуу болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын 33%ине ээлик кылат, алардын күндөлүк базар баасы 1,6 млрд. АКШ долларына жакын. Бул активдерди максималдуу пайда алуу үчүн колдонуу керек. Бул үчүн Өкмөт акциялардын бөлүгүн каражат алуу үчүн сатууну жана аларды Өнүгүүнүн мамлекеттик банкын түзүү жолу менен улуттук маанидеги артыкчылыктарга инвестициялоону пландаштырууда.
5.5. Финансы сектору
5.5.1. Банктык жана банктык эмес сектор
77. 2008-жылдан 2010-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын банктык системасынын өнүгүшү ички жана тышкы факторлордун таасири менен коштолду. Алсак, 2010-жылы финансылык ортомчулуктун көрсөткүчүнүн төмөндөшү байкалды. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча финансылык ортомчулуктун көрсөткүчү 24,4%ти түздү.
78. Коммерциялык банктардын депозиттик базасынын 2010-жылы төмөндөгөн көлөмү 2011-жылы өсө баштаган жана 12,9%ке жогорулаган.
79. Кредиттик ресурстардын наркы мурдагыдай эле бир топ жогору бойдон калууда, проценттик үстөктөрдү төмөндөтүү бир аз болууда.
80. Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелердин сектору үчүн кредиттердин жогорку наркы жана карыз алуунун өзгөчө кыска мөөнөтү мүнөздүү.
81. Коммерциялык банктардын кредиттик портфелинин 2010-жылга салыштырмалуу 2011-жылдагы өсүшүнө (18,3%ке) карабастан, банктык сектордун өнүгүшүнүн көйгөйлөрү проблемалуу банктарда сот процесстеринин уланышына, ошондой эле банктык кредиттер боюнча күрөө болуп эсептелген мамлекеттештирилбеген объекттер боюнча маселелердин чечилбегендигине байланыштуу. Кредиттик союздардын жана микрофинансы уюмдарынын системасында жүгүртмө каражаттардын көлөмүн кеңейтүү үчүн финансылык ресурстар жетишсиз. Банктык эмес финансылык-кредиттик мекемелерде башкаруунун жана иш аракетти уюштуруунун төмөнкү сапаты жана кредиттер боюнча жогорку проценттик өлчөмдүн сакталуу көйгөйү жетиштүү түрдө чечилбестен калууда.
82. Көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн саясат ушул сектордо төмөнкү багыттарга топтолгон: (i) финансы кызматтарынын жетиштүүлүгүн жогорулатуу үчүн банктык жана банктык эмес системанын туруктуулугун чыңдоо; (ii) банктарды башкаруу жана жөнгө салуу системасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу; (iii) ири чет өлкөлүк банктарды ишке тартуу; (iv) кардардын талаптарын канааттандыруучу жаңы ар түрдүү финансылык инструменттерди жайылтуу аркылуу финансылык кызматтардын жетиштүүлүгүн жогорулатуу; (v) "Залкар Банк" ачык акционердик коому жана Кыргыз Республикасынын Банк кодексин иштеп чыгуу маселелери боюнча 2012-2014-жылдарга Экономикалык финансылык саясат тууралуу меморандумдун чегинде милдеттерди аткаруу; (vi) "РСК Банк" ачык акционердик коомун сатуу стратегиясын иштеп чыгуу.
83. Финансылык системанын туруктуулугун чыңдоо саясатын иштеп чыгуу боюнча чаралар атаандаштыктын жаңы укуктук механизмдерин иштеп чыгуу жана бекитүү жана банктык чөйрөдө коммерциялык иш аракеттин эркиндигин чектөө боюнча иш аракеттерди алдын алуу, тобокелдиктерди баалоонун жаңы системасын жайылтуу жаатында кабыл алынат.
84. Банктык эмес сектордо Кыргыз Республикасынын "Микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамына микрофинансы уюмдарынын операцияларынын жана кызматтарынын тизмесин кеңейтүүгө багытталган өзгөртүүлөр киргизилет.
85. Банктарды башкаруу жана жөнгө салуу системасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу үчүн: (i) акционерлердин жана банкты башкаруу органдарынын коммерциялык банктын иш-аракети, анын финансылык абалы, менчик ээлери жана башкаруу структурасы маселелери боюнча маалыматты эл алдында ачышы үчүн мыйзам тарабынан каралган жоопкерчилигин жогорулатуу; (ii) Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык түзүмүн өзгөртүү жолу менен түзүлгөн банктардын депозиттерди коргоо системасына катышуу механизмин жайылтуу боюнча чаралар кабыл алынат.
86. Финансылык кызматтардын жетиштүүлүгүн жогорулатуу: (i) банк ишинин ислам принциптеринде ишке ашыруу жана исламдык каржылоо инструменттерин жайылтуу; (ii) жаңы банк продукттарын жайылтууда, анын ичинде инновациялык технологияларга негизделген тобокелдиктерди баалоо системасын кабыл алуу; (iii) финансы рынокторунда соода системалары менен банктар аралык эсептешүү системасын интеграциялоо механизмин иштеп чыгуу; (iv) калктан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча инфраструктураны жайылтуу аркылуу ишке ашырылат.
87. Мындан тышкары, кредиттик союздарга "Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финанcы компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коомун өткөрүп берүү (сатуу) боюнча иш-чаралардын планы ишке ашырылат.
5.5.2. Фондулук жана камсыздандыруу рыногу
88. Камсыздандыруу уюмдарынын жеке капиталы 3 жылда 18,7%ке жогорулады, камсыздандыруу уюмдарынын жыйынды активдери 21,9%ке жогорулады, милдеттери (камсыздандыруу резервдерин кошо) 2,2%ке жогорулады, камсыздандыруу сыйакысынын көлөмү 48,3%ке, ал эми камсыздандыруу төлөмдөрү 14,5%ке жогорулады.
89. Фондулук рынок үчүн 2009-жылы Кыргыз Республикасынын "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" жаңы Мыйзамынын кабыл алынышы олуттуу окуя болду. Фондулук рыноктун инструменттеринин санын көбөйтүү үчүн каржылоонун ислам принциптери боюнча баалуу кагаздарды чыгарууну жөнгө салуучу документтер кабыл алынган.
90. Корпорациялык облигациялар жана мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун мүмкүнчүлүктөрү толук эмес колдонууда, акционердик компанияларда корпорациялык башкаруунун деңгээли өнүкпөстөн калууда. Камсыздандыруу резервдерин узак мөөнөттү жайгаштыруунун ишенимдүү куралдары жок.
91. Болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүдөгү артыкчылык фондулук, камсыздандыруучу рынокторду жана мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду кеңейтүүнүн мүмкүндүгү болот. Бул үчүн төмөнкүлөр пландаштырылууда: (i) корпоративдик баалуу кагаздар рыногунда жаңы финансылык куралдарын киргизүү жана камсыздандыруунун (транспортту, турак үйлөрдү, нотариустарды, аудиторлорду камсыздандыруу) жаңы милдеттүү түрлөрүн киргизүү; (ii) милдеттүү топтолуучу пенсиялык камсыздандыруу боюнча катышуучу катары мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун иш-аракеттерин караган "Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
92. Рыноктун инфраструктурасын кеңейтүү жана маалыматтык камсыздалышын жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт: (i) бюджеттин тартыштыгын, улуттук жана локалдык инвестициялык долбоорлорду каржылоо боюнча маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар чыгарылат жана фондулук биржалар аркылуу жайгаштырылат; (ii) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуу баалуу кагаздарды сатуунун лицензияланган уюштуруучуларынын соода аянттарына которулат; (iii) кепилдик фонддорун жана актуарий институттарын түзүүгө деп берүүчү ченемдик актылар кабыл алынат; (iv) ири тобокелдиктерди жаба ала турган мамлекеттик кайрадан камсыздоочу компанияларды түзүү боюнча ченемдик актылар иштелип чыгат; (v) камсыздандыруучу компаниялардын уставдык капиталдарынын минималдык өлчөмүн көбөйтүү боюнча ченемдик актылар кабыл алынат; (vi) баалуу кагаздар рыногу боюнча ЕврАзЭСке жана КМШга мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын бир түргө келтирүү үчүн өлкөлөрдүн ченемдик актыларына өзгөртүүлөр киргизилет.
5.6. Экономикалык артыкчылыктар
5.6.1. Энергетика
93. Кыргыз Республикасынын энергетикасы бир катар жылдар бою көп сандаган көйгөйлөргө дуушар болууда. Коммерциялык жана техникалык жоготуулардын деңгээли айрыкча жогору болуп саналат. Өкмөт акыркы жылдары бир катар натыйжалуу чараларды көрдү, бул жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берди, бирок оң өзгөрүүлөр абдан жай өтүүдө. Көйгөйлүү жери: электр энергиясын өндүрүүнү жана бөлүштүрүүнү, жоготууларды, тарифтерди, керектөөнүн структурасын, ири керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоону ж.б. сапаттуу, көз карандысыз талдоо жүргүзүүнүн жетишсиздиги болуп калууда. Ошондой эле корпоративдик башкарууга көз карандысыз талдоо жүргүзүү зарыл.
94. Электр ишканаларынын финансылык абалы - жайсыз. Негизги себеби ишканалардын жогору жана ар дайым эле эмес негизсиз чыгымдары болуп саналат. Кирешелердин экономикалык керектүү деңгээлин төмөндөтүүчү белгиленген социалдык жактан багытталган тарифтер анча чоң эмес мааниге ээ.
95. Электр жана жылуулук энергиясын өндүрүү баалары рынок тарабынан түзүлө турган импорттолуучу көмүр суу тектеринин наркына жараша болот. Электр жана жылуулук энергиясына ички белгиленген баалар үзгүлтүксүз бюджеттик дотацияны талап кылуучу финансылык ажырымдарды түзөт. Алгачкы отун-энергетикалык ресурстарга баалардын белгиленген структурасы колдо болгондордун (көмүр, газ) барынан эң арзан катары жылытуу үчүн электр энергиясын колдонууга калкка мүмкүнчүлүк берет.
96. Табигый жана моралдык эскирүү ушунчалык деңгээлге жеткен, мында тармактын туруктуу иштөөсү үчүн жогорку тобокелдиктер түзүлүүдө. Энергетикалык жабдуулардын өзгөчө мезгилдеги эң жогорку жүктөлгөн убактагы кыйрашынын жана иштебей калышынын саны нормадан жогору болуп саналат.
97. Энергетикалык ишканаларда корпоративдик башкаруунун сапаты төмөн бойдон калууда. Компаниялар тарабынан жогорку кесипкөй жана жоопкерчиликтүү менеджерлерди жетекчиликке алып келүүчү тандап алуу жана жүйөлүү себептердин системасы азырынча түзүлө элек.
98. Мезгилдүү оордук келтирүүнүн жогорку чеги болгон кезде түндүк облустарда кышкы мезгилде туруктуу электр менен камсыздоонун көйгөйлөрү дагы эле чечилбеген бойдон калууда. Акыркы учурларда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Бириккен энергия системасынан (БА БЭС) айрым өлкөлөрдүн чыгууга ниеттениши менен байланыштуу бул көйгөй курчуду. Түндүк менен Түштүктү туташтырган электр берүүнүн жогорку вольттуу ички линиясынын жоктугу көйгөйдү өтө курчутууда.
99. Электр энергиясын өндүрүү жетиштүү бириктирилген эмес. Ал жогорку деңгээлде гидро энергетикага көз каранды, өздүк отун-энергетикалык ресурстар жана энергиянын адаттан тышкары болгон жаңылануучу булактары начар колдонулат.
100. Кыргызстан, пайда алуунун булагы боло ала турган өлкөнүн эбегейсиз экспорттук гидро энергетикалык кубаттуулугуна ээ. Жакынкы убакта экспорт саатына 3 млрд. кВтга чейин жеткирилиши мүмкүн, бирок бул мүмкүнчүлүк кайсы бир деңгээлде ишке ашырылбай калууда.
101. Электр энергетикасынын ишканаларын мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча 2010-жылдан кийин көрүлгөн чаралар кайсы бир деңгээлде компаниялардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана алардын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугуна мүмкүндүк берди. Бирок коррупциягендик факторлор дагы деле калууда, электр энергиясынын агымын эсепке алуунун керектүү деңгээлине жана тийиштүү төлөмдөргө азырынча жетишиле элек. Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча департаменттин (Жөнгө салгыч) иш-аракеттери экономикалык эмес факторлорго жогорку көз карандылыкта.
102. Өкмөттүн саясаты негизги үч багытка топтолот: (i) энергетикалык секторду мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү; (ii) энергетикалык ишканаларда менеджментти жакшыртуу, алардын иш-аракеттеринин ачыктыгын жогорулатуу; (iii) электр энергиясын өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмүнүн өсүшү, электр менен камсыздоонун туруктуулугун арттыруу, учурдагы долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу аткаруу.
103. Энергетикалык секторду мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү үчүн бир катар чаралар көрүлөт, аларды ишке ашыруу үчүн тийиштүү укуктук негиздерди жана жол-жоболорду иштеп чыгуу жана бекитүү белгиленген.
104. Энергетика тармагынын субъекттеринин ортосундагы саясатты иштеп чыгуу, жөнгө салуу, отчеттуулук, тариф түзүү иш-милдеттерин жана өз ара мамилелерди так чектөө Жөнгө салгычтын ведомстволук кызыкчылыкка болгон көз карандылыгын азайтууга көмөк көрсөтөт. Жөнгө салгычтын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу энергия секторундагы өздүк наркты жана тарифтерди эсептөөнүн жаңыланган методологиясына таянат.
105. Электр энергиясынын ишканалары үчүн 2012-2013-жылдарда электр энергиясынын жана төлөмдөрдүн өз ара агымын эсепке алууну ишке ашыруучу көз карандысыз эсептешүү борбору түзүлөт. Бул дүң операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатат жана эсептешүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылат.
106. Энергия компанияларды башкарууну жакшыртуунун чараларынын бири болуп адистешкен башкаруучу компанияларды башкарууда акциялардын мамлекеттик пакеттерин берүүнүн мүмкүндүгү болуп калат. Ошондой эле "Кыргыз турак жай коммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын ведомстволук ишканаларын жана филиалдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүүнү жөнгө салуучу укуктук негиздер жана жол-жоболор иштелип чыгат.
107. Энергетикалык иш-аракеттердин коопсуздугун камсыз кылуу милдеттүү лицензияланышын, энергетикалык иш-аракеттердин субъекттеринин лицензияга чейинки жана лицензиядан кийинки милдеттеринин болушун жана алардын аткарылышын талап кылат.
108. Финансылык тартипти өркүндөтүү, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карыздарын кыскартуу үчүн төлөбөгөндөргө айрыкча катуу, өчүрүп салууга чейинки чараларды колдонууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам ченемдери кабыл алынат. Алдын ала төлөө эсептегичтери кеңири колдонулат.
109. Энергия секторунун ишканаларынын туруктуу иштөөсүн жогорулатуучу маанилүү компонент электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүк тарифтик саясатты түзүү болуп калат. Келечекте социалдык өнүгүүнүн бардык аспектилерин, жакыр калктын бул кызмат көрсөтүүлөргө жетишүүсүн, энергия секторунун ишканаларынын туруктуу финансылык камсыз кылуунун максаттарын, экономика реалдуу секторунун өсүшүнө дем берүү максаттарын жана энергияны үнөмдөө саясатынын максаттарын эске алуу менен тарифтер теңештирилет. Отун-энергетикалык ресурстарга (электр энергиясы, газ, көмүр) тарифтер керектөөнүн структурасын оптималдаштырууга көбүрөөк багытталат.
110. Тарифтик саясаттагы реформа ички керектөөчүлөр үчүн социалдык коргоонун схемасы тартипке келтирилгенден кийин гана мүмкүн болот. Бул үчүн энергия менен камсыз кылуу боюнча жеңилдиктерди монеталаштыруу жагында колдонуудагы мыйзамдардын талаптарына таяна турган социалдык коргоонун даректүү программасы иштелип чыгат. Ошол эле учурда республикалык бюджетте толук көлөмдө электр менен камсыз кылуу боюнча социалдык колдоого чыгымдарды каржылоо каралат.
111. Энергияны үнөмдөөнүн саясатын өнүктүрүү артыкчылыктуу бойдон калат. Чаралар экономиканын ар түрдүү секторлору өндүрүштүк эмес чөйрө үчүн энергияны үнөмдөө боюнча ченемдерди жана милдеттүү талаптарды түзүүгө жана өркүндөтүүгө багытталат. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөөгө материалдык дем берүүнүн программасы өнүктүрүлөт. Энергияны үнөмдөө саясаты жөнүндө калк арасында жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк маани берилет.
112. Борбордук Азия регионунда суу чарба, отун жана энергетикалык секторлордо кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштер улантылат. Бул үчүн Борбордук Азиянын Бириккен энергия системасынын (мындан ары - БА БЭС) ишинин туруктуулугун сактап калуу жана камсыз кылуу боюнча күч-аракеттер улантылат. Токтогул суу сактагычындагы суунун корунун кубаттуулугун жөнгө салуу жана натыйжалуу башкаруу боюнча БА БЭС үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин пакети иштелип чыкты. Кыргыз Республикасы "САSА-1000" долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу аркылуу электр энергиянын Борбордук - түштүк-азия региондук рынокту (САSАRЕМ) түзүүдө активдүү роль ойноону улантат.
113. Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү чакан гидро энергетиканы өнүктүрүүнүн экономикалык жагымдуулугун көбөйтүүгө, энергиянын адаттан тышкары болгон жандандыруучу булактарын пайдаланууга багытталган мыйзамдык чараларды көрүү жолу менен колдоого алынат. Энергиянын жаңылануучу булактарын колдонуу менен (мындан ары - ЭЖБ) чакан-ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүүдө тарифтерди компенсациялоо механизми маанилүү куралдардын бири болуп калат. ЭЖБны пайдалануунун программасы иштелип чыгат, альтернативдүү булактардан атап айтканда, отун этанолун, биогазды өндүрүп энергия алуу боюнча сынамык долбоорлор ишке ашырылат. Электр энергиясын өндүрүүнү диверсификациялоону жана Кыргызстандын түндүгүн электр менен камсыз кылуунун туруктуулугун жогорулатууну Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу камсыз кылат.
114. Энергетикалык ишканаларда менеджментти жакшыртуу, алардын иш-аракеттеринин ачыктыгын жогорулатуу үчүн ченемдик укуктук жана жол-жоболук бекемдөө ала турган чаралар көрүлөт.
115. Компаниялар тарабынан жогорку кесипкөй жана жоопкерчиликтүү менеджерлерди жетекчиликке тартуу үчүн тандап алуунун жана жүйөлүү себептердин комплексин түзүүнүн системасы өркүндөтүлөт. Энергия компанияларында жогорку кызматтык орундарга (директорлор кеңешиндеги орундар жана Аткаруучу директордун орду) дайындоо ачык конкурстук тандап алуунун жол-жоболорун максималдуу ачык жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Энергетикалык ишканалардын персоналдарынын сапатын жакшыртуу боюнча талаптар иш-аракеттер жөнүндө макулдашууларга киргизилет.
116. Бир тараптан директорлор кеңеши менен Аткаруучу директордун, экинчи тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда иштин натыйжасына жараша сый акы берүү мүмкүндүгүн караштыруучу башкаруучулук контракттарды түзүү тажрыйбаланат.
117. Энергия компанияларынын ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатуунун милдети эл аралык стандарт боюнча көз карандысыз аудиторлор тарабынан энергетикалык компаниялардын иш-аракеттерине жыл сайын текшерүү жүргүзүү, аудитордук отчетторду жана рекомендацияларды жарыялоо, үзгүлтүксүз маалымдоо жолу менен чечилет.
118. Ачык-айкындуулуктун олуттуу фактору отун-энергетикалык комплекс боюнча жана энергетикалык ишканалардын чарбачылык жана башкаруучулук иш-аракеттеринин (өнүктүрүү стратегиясы, бухгалтердик баланстар, сатып алуу пландары, тендер жана алардын жыйынтыктары, башкаруу органдарынын маанилүү чечимдери, кадрлар боюнча маанилүү чечимдер ж.б.) негизги жыйынтыктары боюнча мамлекеттик органдардын негизги чечимдери тууралуу маалыматтарды киргизүү менен мамлекеттин, жөнгө салгычтын жана компаниялардын интерактивдүү интернет-баракчасын түзүү болуп калат.
119. Мындан тышкары, энергетикалык компаниялар тарабынан өндүрүлүүчү электр энергиясын эсепке алуу, заттык жана финансылык бөлүштүрүүнү кошкондо, энергетикалык тармактын ички рынокко жана экспортко иштөөсүнүн максималдуу ачык-айкындыгы камсыздалат. Кыргыз Республикасынын Отун-энергетикалык комплексинин ачык-айкындуулук демилгесинин (ОЭКАД) Коомдук байкоочу кеңешинин иш-аракеттеринин алкагында энергетикалык ишканалардын жарандык коом, керектөөчүлөр менен өз ара аракеттеринин жол-жоболору жакшыртылат.
120. Өндүрүлгөн жана бөлүштүрүлгөн энергиянын көлөмүн эсептөөнүн тактыгын жогорулатууга биринчи кезекте электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташкан маалыматтык-ченөөчү системасын (ЭКЭАМЧС) иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө техникалык колдоо көрсөтүү көмөк берет.
121. Электр энергиясын өндүрүүнүн жана экспорттоонун көлөмүнүн өсүшү, электр менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу, учурдагы долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу аткаруу орто жана узак мөөнөттүү келечекке пландаштырылган ири улуттук долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жетишилет: (i) Камбар-Ата 2 ГЭСинин экинчи ишке киргизүүчү комплексин пайдаланууга киргизүү; (ii) Камбар-Ата 1 ГЭСин куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну бүткөрүү; (iii) Жогорку-Нарын каскадында ГЭС куруу (4 ГЭС); (iv) 500 киловольттук "Датка" көмөкчү чордонун жана түштүктө 220 жана 110 киловольттук электр берүү линияларын куруунун долбоорун ишке ашыруу; (v) 500 киловольттук "Датка-Кемин" электр берүү линияларын жана 500 кВ көмөкчү чордонун курууну баштоо; (vi) 500 кВ Жогорку вольттуу "Кемин-Алматы" электр берүү линияларын куруу; (vii) 500 кВ Жогорку вольттуу "Датка-Худжент" (САSА-1000 долбоору) боюнча иштерди улантуу; (viii) Кара-Кече көмүр кенинде кубаттуулугу 600 (1200) МВТ болгон жылуулук электр станциясын куруу үчүн инвестицияларды издөө; (iх) кубаттуулугун 400 МВтга чейин көбөйтүү менен Бишкек ЖЭБ-1ди реконструкциялоо; (х) Бишкек жана Ош шаарларында магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо.
5.6.2. Кен казуу
122. Акыркы жылдары кен казуу чөйрөсүндө жагдайды жакшыртуу үчүн белгилүү бир чаралар көрүлдү. Кыргызстан кен казуу тармактарындагы ачык-айкындуулук демилгесине (КТАД) кошулду. Жергиликтүү калкты жана башкаруунун жергиликтүү органдарынын кендерди иштетүүгө кызыктыруу үчүн пайдалуу кендерди сатуудан алынуучу кыйыр салыктарды эсепке албаганда түшкөн акчанын 2% өлчөмүндө жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүү жана кармап туруу үчүн жергиликтүү бюджетке которууну караган мыйзам долбоору иштелип чыкты.
123. Аны менен бирге эле, мыйзамдардын өркүндөтүлбөгөндүгү, мүлккө болгон жеке менчик менен жерди пайдалануунун мамилелеринин жөнгө салынбагандыгы, тендер өткөрүүнүн жол-жоболорунун татаалдыгы жана ачык-айкын эместиги, КТАДды жайылтуунун активдүүлүгүнүн жетишсиздиги менен байланышкан көйгөйлөр чечилбеген бойдон калууда.
124. Бул чечимдерди кабыл алуунун ар түрдүү коррупциялык схемасын ишке ашырууга шарттарды түзөт, бул андан ары узакка созулуп кеткен соттук териштирүүгө, жергиликтүү калктын нааразычылыгына алып келет. Болуп жаткан көйгөйлөр, чалгындан өткөн кендерди өнөр жайлык пайдаланууга берүүдө, ошондой эле жаңыларын өздөштүрүүдө инвестициялардын келишине бөгөт болууда.
125. Өкмөт жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун системасын түп-тамырынан реформалоону жүргүзүүнүн зарылдыгын түшүнөт.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн, алар тарабынан жөнгө салуунун экономикалык ыкмаларына, бизнес жүргүзүү жана тендер жүргүзүүнүн жол-жоболорунун жана чечимдерди кабыл алуунун ачыктыгын камсыздоо үчүн жагымдуу атмосфераны түзүүгө өтүүнү караган мыйзам долбоорлору иштелип чыккан. Бул мыйзам долбоорлор коомдук угууга чыгарылат. Биринчи этапта төмөнкү мыйзам долбоорлору каралат: (i) "Жер казынасы жөнүндө"; (ii) "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"; (iii) "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"; (iv) "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу".
Экинчи этапта төмөнкү мыйзам долбоорлору каралат: (i) "Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө"; (ii) "Кен концессиясы жөнүндө"; (iii) "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу".
126. Бул мыйзам долбоорлорун кабыл алуу бизнес жүргүзүүнүн стабилдүү жана ачык-айкын шарттарын түзүүгө, лицензия берүүнүн конкурстук-аукциондук ыкмасын жайылтууга, "бирдиктүү терезе" принциптерине өтүүгө мүмкүндүк берет.
127. Инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жумуш орундарын түзүүнүн, жаштарды үйрөтүүнүн жана социалдык демилгелерди колдоонун эсебинен кен чыккан жерлерди өздөштүрүүгө жергиликтүү калкты кызыктыруу үчүн стимулдарды түзүү болжолдонот.
128. Жергиликтүү калк менен мамилелерди жөнгө салуу, кызыкдар бардык тараптардын кызыкчылыгын эсепке алуу жана компромисске жетишүүнүн механизмдерин киргизүү үчүн кенди пайдалануучу жана жергиликтүү коомчулук менен мамлекеттин өз ара үч тараптуу аракеттенүү программасы иштелип чыгат.
129. Кен казуу тармактарында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу боюнча демилгелерди (КТАКД) андан ары өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча иштер улантылат. Ири кен казуучу компаниялар өздөрүнүн финансылык отчетторун КТАКДнын талаптарына ылайык келтиришет.
130. Келерки үч жылда 5 миллиард сомго жакын салыктык түшүүлөрдү, 3100 жумуш орунун түзө турган Иштамберды, Бозымчак, Жер-Үй, Талды-Булак Сол Жээк алтын казып алуучу кендерин эксплуатациялоого киргизүү боюнча 4 улуттук долбоорду ишке киргизүү үчүн жеке инвестицияларды тартуу пландаштырылууда.
131. Жаңы газ жана нефть кендерин чалгындоо жана өздөштүрүү үчүн потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр улантылат.
132. Сан ариптешкен архивдик маалыматтардын негизинде маалыматтар базасын түзүү геологиялык маалыматка кеңири жетишүүгө көмөк көрсөтөт.
5.6.3. Агрардык сектор жана айыл чарба продукцияларын кайра
иштетүү
133. Айыл жерлеринде жакырчылыктын деңгээли өзгөчө жогору жана Өкмөт айыл чарба секторунда өндүрүштү тез өстүрүү үчүн шарттарды түзүү жумуштуулук жана айыл жерлеринде жакырчылыкты кыскартууну өстүрүү көз карашынан алганда жакшы натыйжаларды бериши мүмкүн деп болжолдойт.
134. Бирок, айыл чарбасында азыркы учурга карата өнүгүүгө тоскоолдук келтирген көйгөйлөр топтолду. Кыргызстан азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен өзүн камсыз кылуунун жетиштүү деңгээлине ээ эмес. Кунары кеткен айыл чарба жерлеринин, анын ичинде айдоолордун жана жайлоолордун аянттары өсүүдө. Суу ресурстары натыйжасыз колдонулат, сууну жоготуу чексиз болуп калууда.
135. Мамлекет тарабынан үрөнчүлүк жана асыл тукумдуулук жумуштарын колдоо, фитосанитария жана ветеринария, мелиорация, айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон башка кызмат көрсөтүүлөр чектелген мүнөздө. Которуштуруп айдоо жана өсүмдүктөрдү которуштуруу бузулууда, айдоолордун структурасы, агро өсүмдүктөрдүн деңгээли жакшыртууга муктаж. Мунун бардыгы есүмдүк өстүрүүчүлүктүн жана мал чарбачылыктын өнүмдүүлүгүнүн өсүшүнө тоскоол болууда.
136. Мамлекет тарабынан колдоого карабастан, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгү кыйла көйгөй бойдон калууда. Алынган кредиттерди күрөө менен камсыз кылуу көйгөйү банктык кредит берүүгө жеткиликтүүлүктү чектөөдө. Жер үлүштөрү азырынча күрөө боло албай жатат, анткени Кыргызстанда жер рыногу али калыптана элек.
137. Айыл чарбасында майда товардык өндүрүштүн үлүшү зор. Фермерлердин жер үлүшүнүн чакан өлчөмү айыл чарба техникасын кеңири колдонууга олуттуу чектөө болуп саналат.
138. Фермерлер продукцияны сатууда зор көйгөйлөрдү башынан өткөрөт. Мунун себептеринин бири болуп себүүнүн структурасын аныктоо үчүн айыл чарба продукциясынын рыногу жөнүндө болжолдоо маалыматтарынын жетишсиздиги саналат.
139. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмү өтө жайбаракат өсүүдө. Ата мекендик айыл чарба продукциясын сертификациялоо жана кайра иштетүү деңгээлинин тармактын муктаждыктарына ылайык келбегендиги азык-түлүктөрдү экспорттоого терс таасир этүүдө.
140. Фермерлер арасындагы кооперация, агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү, айыл чарбасынын кайра иштетүүчү өнөр жай менен өз ара аракеттенүүсү колдоого муктаж. Кооперативдик мамилелердин потенциалдуу катышуучулары кооперациянын укуктук жана экономикалык шарттарына канааттанбайт.
141. Айыл чарбасын өнүктүрүү саясаты төмөнкүдөй негизги милдеттерди чечүүгө багытталат: (i) айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн жана сапатын арттыруу; (ii) өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн жана мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн көбөйтүү; (iii) ирригациялык системаларды кеңейтүү, суу пайдаланууну оптималдаштыруу; (iv) жер рыногун түзүү жана өнүктүрүү; (v) кооперативдерди өнүктүрүү; (vi) айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кредит берүүнү жана лизингди өнүктүрүү.
142. Өндүрүштүн көлөмү өсүшү үчүн Өкмөт финансылык, материалдык-техникалык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга, продукцияны сатуу рынокторун кеңейтүүгө көмөктөшөт. Бул үчүн финансылык ресурстарга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга жеткиликтүүлүк учурунда мамлекет тарабынан жеңилдиктерди берүү улантылат. Өкмөт кайра иштетилген продукцияга мамлекеттик заказды пайдалануу механизмин түзөт жана кийин мамлекеттин үлүшүн жеке секторго өткөрүп берүү менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциптерде кайра иштетүүчү ишканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Өкмөт айыл чарбасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын тышкы рыноктордо алга илгерилетүүдө маркетингдик жардам көрсөтөт. Продукцияны сертификациялоонун заманбап системасы өнүктүрүлөт. Экспорт үчүн органикалык айыл чарба технологияларын пайдалануу менен экологиялык жактан таза өсүмдүк продукциясын өндүрүүнүн өсүшүнө көмөктөшүү маанилүү багыт болуп калат. Кыргызстан "жашыл экономика" принцибинде түзүлгөн айыл чарба өндүрүшүн уюштурууга кошулат.
143. Айыл чарба продуктуларын алып-сатуу тобокелдиктерин азайтуу үчүн айыл чарба продукциясынын дүң жана чекене рынокторуна мониторинг механизми жана мамлекеттик сатып алуулардын, товардык интервенциялардын жардамы менен бааларды турукташтыруу механизми түзүлөт. Өкмөт айыл чарба продукциясына суроо-талаптын жана сунуштун ар жылдагы болжолун даярдайт, агроөнөр жай комплекси үчүн маалыматтык ресурстун иштешине колдоо көрсөтөт.
144. Үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өндүрүштүк потенциалын чыңдоо боюнча чаралар, асыл тукум малды эсепке алууну жакшыртуу, агротехнологияларды өнүктүрүүнү колдоо өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн жана мал чарбачылыгынын азыктуулугун арттырууга көмөктөшөт. Бул үчүн Селекциялык-асыл тукум ишин жана айыл чарба малын жасалма уруктандырууну уюштуруу жана координациялоо боюнча борбор түзүлөт. Үрөндүн жана асыл тукум жаныбарлардын жана материалдардын туруктуу иштеген рыногун түзүүгө көмөк көрсөтүлөт. Ошондой эле адистешкен чарбалардын үрөн жана асыл тукум фондун жаңылоону колдоо фонду жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн жогорку продуктивдүү себүү жана асыл тукум материалын сатып алууда чыгым жагынан аларга компенсация механизми түзүлөт.
145. Ирригациялык системаларды өнүктүрүү, суу пайдаланууну оптималдаштыруу төмөнкүдөй эки багытта жүргүзүлөт: (i) суу ресурстарын башкаруунун ар кандай деңгээлдеринин ортосунда жана суу пайдалануучулардын ортосунда суу бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу; (ii) ирригациялык системанын агызып өткөрүү кудуретин арттыруу, суунун жоготууларын төмөндөтүү, суу чарба ишканаларынын жана суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын потенциалын жогорулатуу. Ошондой эле кыртыштын күрдүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөт жана жерлердин кунары кетүүсүн төмөндөтүү, алардын күрдүүлүгүн сактоо боюнча талаптар иштелип чыгат. Суу жана жер ресурстарын сарамжал пайдалануу боюнча стимулдар иштелип чыгат.
146. Жер рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жер рыногу иштеши үчүн укуктук негиздерди өркүндөтүүгө жана рыноктун зарыл инфраструктурасын түзүүгө багытталат. Жер жагынан бүтүмдөрдү мамлекеттик жана коомдук контролдук астында атаандаштык соодалар аркылуу гана жүргүзүүгө болот.
147. Кооперативдерди өнүктүрүү менчикти жана кооперативдик мамилелердин потенциалдуу катышуучуларын коргоо жагынан мыйзамдарды жакшыртуу менен колдоого алынат. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшүн камсыз кылган жана жаңы жумуш орундарын түзгөн айылдык кооперативдерди, экспортко багыт алган кластерлерди биринчи кезекте мамлекеттик колдоо жол-жоболору иштелип чыгат. Мамлекеттик заказ өбөлгөлөрдүн бири болуп калат.
148. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кредит берүүнү жана лизингди өнүктүрүү үчүн Өкмөт айыл чарбасын финансылаган кредиттик-финансылык мекемелерди кеңейтүү саясатын улантат. Кредиттик каражаттарга жеткиликтүүлүк мамлекеттин тикелей финансылык колдоосу менен, ошондой эле кредиттик мекемелердин пайыздык ставкаларын төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү менен камсыз кылынат. Айыл чарба техникасы боюнча лизингдик компаниялар түзүлөт. Өкмөт кайра иштетүүчү ишканалар үчүн кредит берүүнү жана лизингди колдоо фондун түзөт.
149. Өкмөт Дүйнөлүк банк (ДБ), Азия өнүктүрүү банкы (АБР), Ислам өнүктүрүү банкы (ИБР), Эл аралык финансылык корпорация (МФК), Европа Реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР), Европалык Союздун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, Швейцариялык кызматташтык боюнча бюро (SЕСО), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID), ООНдун өнүктүрүү программасы (ПРООН) жана башкалар менен кызматташтыкты улантат. КМШ, ЕврАзЭС, ШКУнун алкагында айыл чарбасынын чарбакер субъекттеринин ортосунда интеграциялоо жана тикелей карым-катышты түзүү процессин стимулдаштыруу ченемдик укуктук актыларды жана ушул жамааттардын алкагында кол коюлуучу макулдашууларды шайкеш келтирүү аркылуу жүргүзүлөт.
150. Орточо мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү инвестициялык курам төмөнкүлөрдү камтыйт: (i) апыл чарба кооперативдерин түзуү; (ii) жети-тогуз үрөнчүлүк чарбаны түзүү; (iii) жети - тогуз асыл тукум чарбасын түзүү; (iv) АПК тармагында кредит берүү системасын өнүктүрүү; (v) жеткиликтүү айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу (айыл чарба техникасы боюнча лизингдик компанияны түзүү); (vi) Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Ош облусунун Өзгөн районунда Яссы дарыясынын системасынан жаны сугат жерлерин өздөштүрүү; (vii) Ош облусунун Кара-Суу районунда Куршаб дарыясынын системасынан жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү; (viii) Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат поселкасында дюкерди куруу, сууну Арка массивине берүү; (ix) Баткен облусунун Кадамжай районунун Бүргөндү массивинде жерлерди өздөштүрүү; (х) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Ак-Терек каналын куруу; (хi) Ош облусунун Ноокат районундагы "Ынтымак" айыл өкмөтүндө Каримберди каналын куруу.
5.6.4. Иштеп чыгаруучу өнөр жай
151. Иштеп чыгаруучу өнөр жайды өнүктүрүүгө бизнес жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик жөнгө салуу чаралары олуттуу таасир этет. Мындай чараларга, атап айтканда, автомобиль жолдорун пайдаланууга салыкты жана өзгөчө кырдаалдар фондуна чегерүүлөрдү алып салуу, КНСти 20% пайыздан 12% пайызга чейин төмөндөтүү кирет. Негизги фонддорду жаңылоону стимулдаштыруу үчүн ишканалар импорттолуучу технологиялык жабдууга анын уставдык капиталына киргизилүүчү КНСти төлөөдөн бошотулган. Тездетилген амортизация механизмдери киргизилген. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр 3 жылдык мөөнөткө КНСти жана пайдага салыкты төлөөдөн бошотулган.
152. Бирок өнөр жай ишканалары үчүн сатуудан 2,5% өлчөмүндө, анын ичинде экспорттолуучу продукцияга салыкты киргизүү терс таасир этти.
153. Ошону менен бирге, иштеп чыгаруучу өнөр жайда көйгөйлөр сакталып калууда, аларды чечүү атайын чараларды көрүүнү талап кылат. Чийки жана материалдык ресурстардын импортуна катуу көзкарандылык бар. Квалификациялуу адистердин тартыштыгы байкалат. Өздүк жүгүртүү каражаттарынын жетишсиздиги, жогорку пайыздык ставкалардын айынан коммерциялык кредиттерге жеткиликтүүлүктүн чектелүүлүгү негизги фонддорду жаңылоого, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө тоскоолдук кылууда. Бул баасы жана сапаты боюнча көптөгөн ата-мекендик товарлардын атаандаштыкка кудуретсиздигине алып келүүдө.
154. Учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө комплекстүү мамилени калыптандыруу үчүн 2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү концепциясынын долбоору иштелип чыккан, анда бүтүндөй алганда өнөр жайдын өнүгүшүнүн жалпы өңүттөрү жана негизги багыттары баяндалган, өнөр жай секторлорунун көпчүлүгүнө мүнөздүү болгон көйгөйлөр, ошондой эле аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору берилген. Бул документтин негизинде өнөр жайдын айрым тармактарынын стратегиялары иштелип чыккан.
155. 2012-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү концепциясында өнөр жай саясатынын төмөнкүдөй негизги стратегиялык багыттары аныкталган: (i) экспортко багыт алуу; (ii) импортту алмаштыруу/жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо; (iii) продукциянын атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу; (iv) жогорку кошумчаланган наркты түзүү үчүн чийки ресурстарды тереңдетип кайра иштетүүнү стимулдаштыруу; (v) инвестициялык жагдайды жакшыртуу жана өнөр жайдын иштетүүчү секторуна инвестицияларды тартуу; (vi) инновациялык технологияларды жана илимий иштеп чыгууларды өнүктүрүү; (vii) өнөр жай үчүн бардык деңгээлдердеги кадрларды даярдоо.
156. Өкмөт ошондой эле 2011-2013-жылдары текстиль жана тигүү өнөр жайын өнүктүрүү стратегиясын, анын ичинде иштеп жаткан тигүү өндүрүштөрүн кеңейтүү жана жаңыларын ишке киргизүү чараларын турмушка ашырууну, тигүү продукциясын эл аралык рынокторго чыгарууну, экспортту көбөйтүү боюнча ыңгайлуу шарттарды түзүүнү, текстиль тармагында вертикалдык-интеграцияланган удаалаштыкты түзүүнү улантууга ниеттенүүдө.
157. Лизингдик операциялар боюнча берүүлөрдү кошумча нарк салыгынан жана сатууга салыктан бошотуу негизги фонддорду жаңылоо процессин стимулдаштыруга көмөктөшөт.
158. Продукциянын заманбап түрлөрүн өндүрүү үчүн инвесторлорду, жаңы технологияларды тартуу үчүн экспорттук-өнөр жай зоналарын түзүү пландалууда.
159. Бажы союзунун ченемдерин жана талаптарын киргизүү менен байланышкан соода шарттарынын өзгөрүшү Бажы союзунун өлкөлөрүнүн техникалык регламенттерин Кыргызстандын аймагында колдонуу максатында стандартташтыруу боюнча эл аралык келишимдерди түзүүдө эске алынат. Сыноо лабораторияларын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүлөт.
5.6.5. Курулуш
160. Курулуш тармагын өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн уруксат берүү жол-жоболору кыйла жөнөкөйлөтүлдү, талап кылынган документтердин мөөнөттөрү жана саны кыскартылды. Ошону менен бирге, курулуш тармагынын азыркы абалы өлкөнүн калкын керектүү көлөмдөгү турак-жай менен камсыз кылууга мүмкүндүк бербейт.
161. Тармактын көйгөйлөрү ошондой эле калктуу конуштар үчүн шаар куруу документациясы (башкы пландар, кең-кесири пландоонун долбоорлору ж.б.) менен жетишсиз камсыз кылынышы, жаңы курулушка жер участкаларын берүү боюнча так жол-жоболордун жоктугу жана имараттар менен курулмаларды курууга зилзала коопсуздугу боюнча заманбап талаптардын жоктугу менен байланышкан.
162. Өкмөт бюджеттик кызматкерлер үчүн жеткиликтүү турак-жайды курууну өзүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин бири деп эсептейт. "Жеткиликтүү турак-жай" программасы кабыл алынат, анда төмөнкүлөр каралган: (i) 10-20 жылда тындыруу мөөнөтү менен калк үчүн ипотекалык кредит берүү механизмин ишке киргизүү; (ii) турак-жай сатып алууга калк үчүн жеңилдетилген кредит берүү; (iii) курулуучу райондорду зилзала жактан бекемдиги жана коммуникациялар жана инженердик тармактар менен камсыз кылынуусу боюнча аныктоо; (iv) бюджеттик кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу.
163. Шаар куруу документациясы менен камсыз кылуу жана сейсмикалык коопсуздуктун талаптарын аткаруу үчүн 2012-2014-жылдарга башкы пландарды иштеп чыгууда Калктуу конуштарды толук камтуу боюнча иш-аракеттер планы иштелип чыгат.
164. Куруу үчүн жер участкаларын бөлүүдө чечимдерди кабыл алуу системасын өркүндөтүү үчүн: (i) жер участкаларын бөлүү, сейсмикалык коопсуздуктун талаптарын (Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, "Кыргыз Республикасындагы шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана башка ченемдик документтер) милдеттүү түрдө аткаруу боюнча ченемдик-мыйзамдык документтерге түзөтүүлөр киргизилет; (ii) Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында курулушка жер участкаларынын маалымат банкы иштелип чыгат; (iii) калктуу конуштардын инженердик инфраструктурасын түгөлдөө жана этап-этабы менен реконструкциялоо боюнча иш-чаралар планы кабыл алынат.
5.6.6. Туризм
165. Туризм өлкөнүн башкы экономикалык артыкчылыктарынын бири катары каралат. Бирок ИДПда туризмдин үлүшү азырынча төмөн бойдон калууда. Туризмди өнүктүрүү кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү, инфраструктуранын өнүкпөгөндүгү, виза алуу жол-жоболорунун татаалдыгы, чет өлкөлүк инвесторлор жана туристтер жетиштүү маалымдар болбогондугу менен создугуп жатат. Чет өлкөлүк туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу көйгөйү актуалдуу.
166. Ысык-Көл облусунда жеңилдетилген салык салуусу бар атайын экстерриториялык зонаны түзүү туристтерди тартууга көмөктөшөт. Бул зонанын аймагында курорттук-оюн зоок мекемелери, рекреациялык-калыбына келтирүү комплекстери, мейманкана жана ресторан бизнеси жайгаштырылат. Мындай зона жашоо деңгээли орто жана жогору болгон чет өлкөлүк жарандар келиши үчүн белгилүү жер болуп калат деп күтүлүүдө. Зарыл ченемдик документтер иштелип чыгат жана бекитилет, курулуш үчүн инвесторлорду тартуу боюнча иш башталат.
167. "Бишкек-Торугарт" автомобиль жолун реконструкциялоону улантуу Ысык-Көлгө келүүнүн эл аралык стандарттарга жакын шарттарын түзүүгө мүмкүндүк берет.
168. Өкмөт Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн чет өлкөлөрдө жигердүү жана туруктуу реклама кылууну улантат. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү ишке тартылат, "Кыргызстан туризм өлкөсү" деген сайт иштелип чыгат жана ишке киргизилет, чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары колдонулат.
169. Калкынын киши башына кирешесинин деңгээли 7000 АКШ долларынан кем болбогон өлкөлөрдөн келүүчү туристтер үчүн визаны алып салуу пландалууда.
170. Туризмди өнүктүрүү үчүн бардык региондордо туристтик кластерлердин базасында "эркин туристтик зоналар" институтун түзүү болжолдонууда. "Туризм жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгат.
171. Улуу Жибек жолунда маданий-тарыхый объекттерди сактоо дагы туристтер үчүн Кыргызстандын региондорунун жагымдуу болушун арттырууга көмөктөшөт.
172. Зарыл инфраструктураны түзүү "Каракол шаарын ичүүчү суу менен жабдуу системасын реабилитациялоо" (Швейцария Өкмөтүнүн гранты), "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү" (АБРдин кредиттери жана гранттары), "Бишкек шаарын суу менен жабдууну жакшыртуу", "Ош жана Жалал-Абад шаарларын суу менен жабдууну жакшыртуу" (Швейцария Өкмөтүнүн гранттары, ЕБРРдин кредиттери) сыяктуу долбоорлорду жана башкаларды турмушка ашыруу менен байланышкан.
173. Туристтик чөйрөнүн жагымдуулугун арттыруу үчүн "Кыргызстан асман тиреген тоолордун өлкөсү" бренди жигердүү колдонулат. Туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү тартылат.
5.6.7. Тышкы жана ички сооданы өнүктүрүү
174. Кыргызстандын Бажы союзуна (БС) кошулушу орточо мөөнөттүү келечекте тышкы сооданын өнүгүшүнө кыйла таасир этет. Бул Бажы союзунун өлкөлөрү менен соода мамилелерин жакшыртат деп күтүлүүдө, бирок ошол эле учурда Бажы союзуна кирбеген өлкөлөр менен соодада көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.
175. Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдөн нефти продуктуларды, металлды, жыгач материалдарды берүүнүн деңгээлин жана импорттун баасын сактоо, Бажы союзунун өлкөлөрүнүн рынокторуна жеткиликтүүлүк, мигранттар үчүн ишке орношуу шарттарынын жакшырышы кыргыз экономикасы үчүн кыйла айдан-ачык артыкчылык болот. Кыргызстанда жумушчу күчүнүн алда канча төмөн наркынан улам тикелей чет өлкөлүк инвестициялардын келиши көбөйөт деп күтүүгө болот.
176. Эгерде Кыргызстан Бажы союзунун ченемдерине ылайык тышкы тарифти жогорулатса, анда бул реэкспорттун (негизинен кытай товарларынын) азайышына алып келет, ошондой эле кызыкчылыктары кысымга алына турган ДСУга мүчө өлкөлөр тарабынан дооматтарга негиз берет.
177. Бажы союзундагы техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чаралар боюнча кабыл алынган макулдашуулар жана талаптар Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Бажы союзуна мүчө өлкөлөрдүн рынокторуна жеткиликтүүлүк шарттарын татаалдантты.
178. Азыркы учурда Кыргызстанда дүйнөлүк стандарттарга же Бажы союзунун талаптарына жооп берген ылайык келүү баасын алуу үчүн зарыл лабораториялык база жок.
179. Экспорттук-импорттук документтерди тариздөө боюнча жол-жоболор али татаал жана ачык эмес бойдон калууда.
180. Бажы союзуна Кыргызстан кошулушунун өткөөл мезгилинин учурунда жакшы шарттарды түзүү үчүн Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин макулдашууларына катышуу боюнча сүйлөшүү өңүттөрү иштелип чыгат жана макулдашылат, Европалык директиваларды жана Бажы союзунун өлкөлөрүнүн жана башка өнөктөрдүн регламенттерин Кыргызстанда колдонуу үчүн техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу боюнча эл аралык келишимдерге кол коюлат. Ошондой эле ДСУга мүчө өлкөлөргө компенсацияларды берүү шарттары талкууланат, алар үчүн статус-квого караганда, соода режиминин жагымдуулугу азыраак болуп калат. Кыргызстандын улуттук жана түпкү эталондорунун ылайык келишин баалоонун натыйжаларын таануу жөнүндө негизги соода-экономикалык өнөктөр менен келишимдер түзүлөт, ошондой эле улуттук мыйзамдар Бажы союзунун макулдашууларына ылайык келтирилет. Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушунун натыйжаларын изилдөө боюнча иш улантылат, анткени Кыргызстандын экономикасына Бажы союзунун таасири кыска мөөнөттүү жана орточо мөөнөттүү келечекте бир түрдүү эмес деп күтүлүүдө.
181. Өлкөнүн транзиттик потенциалын жана логисттик борборлор катары "Дордой" жана "Кара-Суу" сыяктуу объекттерди сактоо үчүн реэкспорт, тиешелүү инфраструктураны түзүү жагынан иш жүргүзгөн ишканаларды экспорттук өндүрүшкө кайра багыттоо жүзөгө ашырылат.
182. Экспортко жана импортко уруксат этүү документтерин берүүдө "бирдиктүү терезе" системасын ишке киргизүү боюнча иш улантылат.
183. Ички сооданы өнүктүрүү. 2010-жылдагы 4,9%га кыскаруунун ордуна 2011-жылы ички сооданын жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү 6,7%га өстү. Сооданын көбөйүшү эл аралык финансылык каатчылыктын жана 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепеттеринен кийин сатып алуу суроо-талабы калыбына келгенин көрсөтүп турат.
Сооданын ири тармактык ишканалары көбөйүшүнүн соңку жылдары түзүлгөн тенденциясы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына оң таасир этүүдө, бирок ошол эле учурда чекене сооданы монополиялаштырууга, жабдуучу-берүүчүлөрдүн таламдары кысымга алынышына жана өндүрүштүн өнүгүшүнүн создугушуна, чакан бизнести чекене соода чөйрөсүнөн сүрүп чыгарууга алып келүүдө. Бул чакан бизнести колдоо жана өнүктүрүү саясатына карама-каршы келет, сооданын ар кандай формаларынын балансына жетишүү максатында мамлекеттин жигердүү кийлигишүүсүн талап кылат. Ошону менен бирге ички соода чөйрөсүндө байкалбаган экономиканын жогорку деңгээли (60%дан ашык) азырынча сакталып калууда. Соода субъекттеринин жана жабдуучу-берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салууга багытталган ойлонулган мамлекеттик саясатты калыптандыруу максатында "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы Соода эрежелеринин колдонуудагы жыйындысына өзгөртүүлөр киргизилет. Товардын жүгүртүлүшүн эсепке алуунун жаңы усулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү пландалууда, бул ички соодада байкалбаган экономиканын көлөмүн кыскартуу боюнча чараларды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
5.6.8. Жол-транспорт комплекси
184. Жол тармагы бардык ички жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобилдик ташуулардын 95%ын камсыз кылат. Эл аралык транспорт коридорлорун түзүү жол тармагын өнүктүрүүдө негизги артыкчылык болуп саналат. Транзиттик потенциалды өнүктүрүү үчүн республиканын: Ош-Сарыташ-Эркечтам, Сарыташ-Карамык, Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Нарын-Торугарт, Тараз-Талас-Суусамыр автожолдорун реабилитациялоо жүзөгө ашырылып жатат. Коңшу мамлекеттердин аймактарын айланып өтүүчү жолдорду куруунун эсебинен өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулууда.
185. Бүгүнкү күндө ички жол тармагынын эскириши экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу бөгөт болуп жатат. Жолдордун начар абалынан улам айыл тургундары үчүн сооданын ички ири рынокторуна жетүү татаалданган. Дүйнөлүк рынокторго транспорттук кыска жолдордун жоктугу тышкы экономикалык байланыштардын өнүгүшүн татаалдантат, экспортточулардын транспорттук чыгымдарын көбөйтөт. Кыргыз темир жолу ички региондук байланыштардын муктаждыктарын камсыз кылбайт. Аэронавигациялык жабдуунун иштешинин мөөнөтү аяктагандыгынан жана азыркы техникалык талаптарга жооп бербегендигинен улам аларды шашылыш түрдө алмаштыруу талап кылынат.
186. Жол-транспорт комплексин өнүктүрүү төмөнкүдөй стратегиялык багыттар боюнча жүзөгө ашырылат: 1) товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн региондук рынокторго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана транзиттик потенциалды өнүктүрүү; 2) товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү рынокторуна чыгууну камсыз кылуу.
187. Товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн региондук рынокторго жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, транзиттик потенциалды жана транспорттук көз карандысыздыкты өнүктүрүү үчүн төмөнкүдөй долбоорлорду турмушка ашыруу каралган:
(i) Түштүк багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо Ош-Сарыташ-Эркечтам автожолун курууну улантууну болжолдойт. Бул жол Бишкек-Ош автожолунун уландысы болуп саналат жана түштүктөн Кытайдын чек арасына жана андан ары Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө жол ачат. Бул долбоор АБР, ИБР, Кытайдын колдоосу менен турмушка ашырылууда.
(ii) Чыгыш багыттагы (Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу) эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо түндүктөн КЭРдин чек арасына жол ачат. Мындан тышкары, жол Бишкек-Ысык-Көл автожолунун участкасын камтыйт, ал туризмди өнүктүрүү үчүн зор роль ойнойт. Бул долбоор КЭР, АБР, Араб координациялык тобунун колдоосу менен турмушка ашырылууда.
(iii) Батыш багыттагы эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо, бул өлкөнүн түштүгүндө транспорттук көз карандысыздыкты камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Ош-Баткен-Исфана автожолу Баткен облусун башка облустар жана Кыргыз Республикасынын борбору менен байланыштырган бирден бир жана негизги транспорт артериясы болуп саналат. Бул долбоор ЕСтин, Дүйнөлүк банктын, ЕБРРдин колдоосу менен турмушка ашырылууда.
(iv) Түндүк багыттагы (Тараз-Талас-Суусамыр автожолу) эл аралык транспорттук коридорлорду реабилитациялоо Талас облусу үчүн республикабыздын башка региондору менен Кыргызстандын аймагы боюнча гана өтүүчү автожол аркылуу транспорттук каттоону берет. Бул долбоор ИБРдин колдоосу менен турмушка ашырылууда.
(v) "Ысык-Көлдү айланма автожолду реабилитациялоо" долбоорун турмушка ашыруу Ысык-Көл облусунун бүткүл инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, башка региондордун калкынын Ысык-Көлдө эс алууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртат, чет өлкөлүк туристтерди тартуу үчүн шарттарды түзөт.
188. Товарлардын, жумуштардын жергиликтүү рынокторуна чыгууну камсыз кылуу үчүн "Ар бир калктуу конушка - маршруттук каттоо" программасы андан ары турмушка ашырылат, ал айыл жериндеги калктуу конуштарды автобус каттамы менен камтуу, ички жолдордун абалын минималдуу иш стандарттарына ылайык келтирүү жагынан аларды оңдоо, Мамлекеттик транспорттук инспекциянын ишин күчөтүү боюнча чаралардын комплексин белгилейт.
189. 2012-жылдын 22-февралында кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ушул механизмди инфраструктуралык долбоорлор чөйрөсүнө кеңири киргизүү каралган. Ошондуктан Өкмөт мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде автомагистралдарды куруу боюнча төмөнкүдөй эки долбоорду ишке киргизүүнү кароого ниеттенип жатат: (i) Кара-Балта - Кемин жана (ii) Алма-Ата - Кемин - Чолпон-Ата.
190. АКШнын Өкмөтү аэронавигациялык жабдууну өркүндөтүү үчүн Кыргыз Республикасына 30,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү грант берүүгө даярдыгы жөнүндө билдирди. "Ош" жана "Ысык-Көл" аэропортторун өркүндөтүү үчүн инвестициялар тартылат.
191. "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" жана "Балыкчы -Кочкор - Кара-Кече - Арпа" темир жолдорун куруунун техникалык-экономикалык негиздемелерин иштеп чыгуу үчүн инвесторлорду тартуу пландалууда.
5.6.9. Байланыш жана маалыматташтыруу
192. "Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн МКТ" улуттук стратегиясынын негизги багыттарынын бири болуп маалымат берүүнүн заманбап тармагын куруунун эсебинен жалпы дүйнөлүк маалымат тармагына интеграциялоо саналат, ал Кыргыз Республикасынын транзиттик потенциалын жогорулатуу үчүн негиз болуп калат. Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай багыттары боюнча Кыргыз Республикасында була-оптикалык байланыш линияларын (БОБЛ) куруу долбоорлорун турмушка ашыруу боюнча жигердүү иш жүрүп жатат. БОБЛду куруу, атап айтканда, Балыкчы-Каракол, Ош-Эркечтам жана Ош - Өзгөн Жалал-Абад - Таш-Көмүр багыттары боюнча улантылат.
193. Эл аралык рыноктордо талап кылынган программалык продуктуларды иштеп чыгууга инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартуу үчүн "Кыргыз Республикасындагы жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды.
194. Ошону менен бирге тармакта көптөгөн, атап айтканда, төмөнкүдөй көйгөйлөр бар: (i) республиканын региондорунун жана ири шаарларынын телекоммуникациялык инфраструктуралары бирдей эмес өнүккөнү; (ii) айылдык райондордо телефон байланышынын деңгээлинин төмөндүгү (142 калктуу конушта телекөрсөтүү жана радиоуктуруу, 126сында - телефон байланышы жок); (iii) айылдык жана жетүүгө кыйын болгон райондордо байланыштын иштеп жаткан тармагынын өздүк наркы жогору жана рентабелсиз, ал кирешелерди кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен дотацияланат; (iv) айыл жеринде телекөрсөтүүнүн жана радиоуктуруунун абалы бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт; (v) радиорелелик станциялардын жабдуулары физикалык жана моралдык жактан эскирген, берүүлөрдүн сапаты канаатанарлык эмес; (vi) почталык байланыш кызматын автоматташтыруунун деңгээли төмөн жана МКТ менен начар жабдылган.
195. Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санарип телекөрсөтүү киргизилүүдө. 2014-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын калкынын 90%ын санарип берүүлөр менен камтуу пландалууда. Эскирген жабдууларды алмаштыруу жана жаңы антенна-мачталык курулмаларды, санарип автоматтык телекөрсөтүү ретрансляторлорун куруу боюнча иш жүргүзүлүп жатат.
196. Кыргыз Республикасында "Электрондук Өкмөт" системасын киргизүү пландалууда: (i) мамлекеттик органдарда мультисервистик маалыматтык-коммуникациялык системаларды жана документтерди электрондук жүгүртүү системасын киргизүү; (ii) "Ар бир айыл өкмөтүндө интернет" программасын турмушка ашыруу; (iii) "Кыргыз почтасы" МИнин базасында МКТга Коомдук жеткиликтүүлүк борборун (КЖБ) түзүү.
197. "Кыргыз почтасы" МИнин байланыш бөлүмдөрүнүн тармагын өркүндөтүү жана өнүктүрүү үчүн почталык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү, "Кыргыз почтасы" МИнин байланыш бөлүмдөрүндө заманбап технологияларды орнотуу пландалууда.
5.6.10. Тышкы экономикалык саясат
198. Улуттук таламдарды коргоо, коңшу өлкөлөр, алдыңкы дүйнөлүк державалар менен достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүү жана интеграциялык бирикмелерге жигердүү катышуу Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктары болуп саналат. Интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын кызматташтыгын кеңейтүү жана таламдарын жигердүү илгерилетүү максаттарына жетишүү үчүн бул Программа төмөнкүлөрдү карайт:
(i) Региондук бирикмелердин алкагында кызматташуу. Көп тараптуу уюмдардын жана бирикмелердин (КМШнын, ЕврАзЭСтин, Бажы союзунун, ШОСтун, ОДКБнын жана башкалардын) алкагында кызматташтык улантылат. Бул уюмдарга катышуу Кыргызстанга транспорттук, энергетикалык, банктык жана башка тармактарда көптөгөн өтө маанилүү региондук долбоорлордон үзүр алууга мүмкүндүк берет. Турмушка ашырылып жана пландалып жаткан ири региондук экономикалык долбоорлор Кыргызстан үчүн ички саясий стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча шарттарды жана экономикалык өсүш үчүн келечектерди түзөт.
(ii) Донор өлкөлөр жана эл аралык финансылык институттар менен кызматташтык Кыргыз Республикасында инфраструктуралык долбоорлорду финансылык колдоо жана структуралык реформаларды турмушка ашыруу үчүн негиз болот. Тышкы финансылык жардамды жетишсиз координациялоонун учурдагы көйгөйлөрү тышкы жардамды башкаруу боюнча бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү талап кылат. Ошондуктан Өкмөт тышкы жардамды координациялоо системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө ниеттенип жатат. Өкмөт тышкы жардамдын долбоорлору боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзөт жана аларды натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылат.
(iii) Өкмөттөр аралык соода-экономикалык комиссиялардын ролу жогорулайт. Өкмөттөр аралык комиссиялардын секретариаттынын потенциалын чыңдоо боюнча сунуштар даярдалат жана алардын ишинин натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо боюнча механизмдер иштелип чыгат.
VI. Мамлекеттик башкаруу
6.1. Мамлекеттик кызматты реформалоо
199. Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалары жөнүндө коомдун начар маалымдар болушу, бизнес-чөйрөгө мамлекеттик органдардын ашкере таасири жана кийлигишүүсү, ченемдик укуктук базада карама-каршылыктардын болушу, мамлекеттик активдерди башкаруунун ачык жана таасирдүү механизмдеринин жоктугу мамлекеттин өнүгүшүндө олуттуу тоскоолдук болууда.
200. Аткаруу бийлигинин түзүмүн реформалоо бюджеттик катуу чектөөлөрдүн шартында мамлекеттик башкаруу системасынын сарамжалдуу моделин түзүүгө багытталган жана мамлекеттик кызматчылардын штаттык санынын кыскарышы, ошондой эле ашыкча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, бийлик функцияларын жана ыйгарым укуктарын жокко чыгаруу менен коштолот.
201. Натыйжага багытталган, мамлекеттин активдерин натыйжалуу башкарууну камсыз кылган жана ачыктык жана коом менен иштиктүү диалог принциптерине негизделген аткаруу бийлигинин чакан, мобилдүү системасын куруу милдети алдыда турат. Бул максатта Өкмөт төмөнкүлөргө ниеттенет: (i) бири-бирин кайталоону жана параллелизмди алып салуу менен мамлекеттик органдардын функцияларын так аныктоого жана оптималдаштырууга; (ii) мамлекеттик органдардын штаттык санын кыскартууга; (iii) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн оптималдаштырууга жана ал кызматтарды көрсөтүүнүн электрондук форматына өтүүгө ("Электрондук өкмөт"); (iv) мамлекеттик органдардын кызматтык автотранспортун иретке келтирүүгө жана кыскартууга; (v) мамлекеттик кызматчылардын штаттык санын этап-этабы менен кыскартуу аркылуу айрым жумуш орундарын жаңы технологияларга алмаштыруу (процесстерди автоматташтыруу) мүмкүнчүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө; (vi) мамлекеттик башкаруу системасында натыйжалуулукту жана иш билгиликти арттыруу максатында ресурстук макулдашууларды киргизүүгө.
202. Мамлекеттик органдардын ишинин регламенттерине стратегиялык документтерди жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга, мамлекеттик чечимдерди экспертизалоого, ошондой эле алардын мониторингине жана баа берүүгө жарандык коомдун жана коомдук байкоочу кеңештердин (КБК) өкүлдөрүн милдеттүү тартуу механизмдери киргизилет. Бул Өкмөт кабыл алган чечимдердин ачыктыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
203. Жарандарды жана коомду кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча өз учурундагы, зарыл жана ишенимдүү маалымат менен камсыз кылуу боюнча иш туруктуу негизде жүргүзүлөт.
204. Иштеп жаткан ведомстволук сайттардын абалына жана сапатына, калк жана коомчулук менен аркы-терки байланыш режимдерин киргизүүгө, көйгөйлүү маселелер боюнча талкууларды жүргүзүүгө, ошондой эле жаңылыктарды дайыма жаңылап турууга өзгөчө көңүл бурулат.
205. Чиновниктин бизнеске таасирин азайтуу, анын ичинде анын ишине катуу контролдук кылуу аркылуу азайтуу механизмдери иштелип чыгат жана киргизилет.
206. Тигил же бул уруксат үчүн жарандардын чиновникке кайрылуу зарылчылыгы максимум азайтылат. Бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, функциялар жана мекемелер жоюлат.
207. Бул чаралардын натыйжасында коррупция кескин азаят, ишкерликти өнүктүрүү стимулдаштырылат, бюджетке жүк азаят, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу жогорулайт.
6.1.1. Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа
берүү
208. Өкмөт мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугуна баа берүүнүн көрсөткүчтөрүнүн жана критерийлеринин балансташкан системасын иштеп чыгат жана колдонот. Ар бир мамлекеттик органдын жана анын персоналынын ишинин түпкү натыйжасын баалоого мүмкүндүк берүүчү индикаторлордун системасы иштелип чыгат, ал төмөнкүлөргө багытталган: (i) баа беруүлөрдү салыштыруу жана баалардын салыштырылышы үчүн шарттарды түзүүгө; (ii) процесске эмес, натыйжаларга баа берүүгө; (iii) аткаруу бийлик органдарынын аракеттерин оңдоо үчүн негиз катары баа берүүнүн натыйжаларын пайдаланууга; (iv) баа берүүгө жарандык коомду тартууга; (v) көз карандысыз эл аралык рейтингдик изилдөөлөрдү пайдаланууга жана башкаларга.
6.1.2. Мамлекеттик кызматчылардын иштөө шарттарын реформалоо
209. Мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлеринин компетенттүүлүгү, иш билгилиги, чыгармачыл потенциалы жүргүзүлүп жаткан реформаларга баа берүүнүн негизги критерийлери болот. Бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан конкурстук система мамлекеттик башкаруучулардын потенциалын жогорулатууга мүмкүндүк бербейт жана мансаптык өсүүгө мамлекеттик кызматчылардын мотивациясын төмөндөтөт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык мамлекеттик администрациялык кызмат орундарына жапырт конкурстук тандоо моделинен мансаптык системага өтүүнү жүзөгө ашыруу болжолдонууда. Конкурстар жаш адистердин системага киришинин учурунда гана милдеттүү болуп калат. Кызматтык тепкич боюнча андан ары көтөрүлүү адистин жеке сиңирген эмгегинин негизинде, анын ишинин сапатын эске алуу менен жүргүзүлөт.
210. Мамлекеттик кызматчыларды максаттуу жана бирдей даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун жоктугу алардын компетенттүүлүк деңгээлинин төмөндүгүн шарттайт.
211. Белгиленген реформалардын алкагында Өкмөт төмөнкүлөргө ниеттенет:
(i) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгууга; (ii) бардык мамлекеттик администрациялык кызмат орундарга жалпы конкурстук тандоо моделинен мансаптык системага өтүүнү ишке ашырууга; (iii) кыргыз, орус жана англис тилдерин (сүйлөшүү деңгээлинде) билген адамдар үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматка артыкчылыктуу түрдө кабыл алууну, өстүрүүнү жана кызматка көтөрүүнү караган жоболорду жана ченемдерди кабыл алууга; (iv) мамлекеттик кызматчылардын ишине баа берүүнүн натыйжалары боюнча эмгекке акы төлөө системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө; (v) мамлекеттик кызматчылардын кесиптик жана жеке сапаттарын иликтөөнүн, анын ичинде психометрикалык тестирлөөнүн жана полиграфта текшерүүнүн кошумча ыкмаларын колдонуу боюнча мыйзамдык ченемдерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө; (vi) мыйзамдуулукту жана кызматтык жүрүш-туруш этикасын бузгандыгы үчүн мамлекеттик кызматчылардын жоопкерчилигин күчөтүүнү караган ченемдерди киргизүүгө; (vii) мамлекеттик органдар үчүн максаттуу даярдоого, кайра даярдоого жана квалификацияны жогорулатууга мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы аркылуу түзүүнүн бирдиктүү системасына өтүүнү ишке ашырууга; (viii) мамлекеттик администрациялык кызмат орундарга кеңешчилерди жана жардамчыларды конкурстук тандоодон өтпөстөн дайындоону чектөө жагынан "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
6.2. Администрациялык-аймактык реформа
Аймактардын дараметин күчөтүүгө жана өлкө калкынын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга багытталган мамлекеттик жана муниципалдык натыйжалуу башкаруу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн теңдештирилген системасын куруу жаатында иштер жүргүзүлдү.
Адегенде, өкмөттүк чечим боюнча Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы бекитилди.
Бул Концепциянын негизинде администрациялык-аймактык реформа төмөндөгүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат: (i) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу түзүмүндө кайталоолорду жоюу, алардын натыйжалуулугун жогорулатуу, бюджеттик чыгымдарды азайтуу; (ii) муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны шайкеш келтирүү; (iii) аймактардын дараметин алардын финансылык өз алдынчалыгын бекемдөө аркылуу чыңдоо; (iv) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү; (v) элдик курултайлардын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү.
6.3. Коррупцияга каршы күрөш
212. Кыргыз Республикасында коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирген көрүнүшкө айланды. Эл аралык баа берүүлөр боюнча, Трансперенси Интернэшнл уюмунун коррупцияны кабылдоо индексине ылайык 2010-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөдө 178 өлкөнүн ичинен 164-орунда ал эми 2011-жылы - 180 мамлекеттин ичинен 166-орунда болгон, башкача айтканда коррупциянын деңгээли жогору болгон өлкөлөрдүн тобуна кирген.
213. Ошондуктан Өкмөт мамлекеттик башкаруу түзүмүн реформалоо ишинин алкагында каршы күрөшүү багытын карманууда. Бул үчүн кызмат адамдарынын бизнеске таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн азайтуунун, анын ичинде алардын иш-аракетине бекем көзөмөл жүргүзүүнүн механизмдери иштелип чыгат. Жарандардын тигил же бул уруксатты алуу үчүн кызмат адамдарына кайрылуусунун зарылдыгы болушунча азайтылат, бир катар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, функциялар жана мекемелер жоюлат.
214. Бул маселелерди чечүү үчүн Президент тарабынан өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин карамагында Коррупцияга каршы кызмат түзүлдү. Анын милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат: тийиштүү маалыматтык-аналитикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коррупциялык схемаларды айкындоо жана аларга бөгөт коюу, соттор, прокурордук, милициялык жана аскердик кызмат адамдары, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматчылар тарабынан пара алуунун жана аны талап кылуунун фактыларына жол бербөө.
215. Коомдук колдоо көрсөтүү коррупцияга каршы күрөштүн чечүүчү жагдайларынын бири болуп калат. Ошондуктан жарандык коомду буга тартуу боюнча иш-чаралар орчундуу кеңейтилет. Өкмөт жарандык контролдоо системасын түзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтөт.
216. Өкмөт коррупцияга аралашкандык жана кызматтык абалдан кыянат пайдалангандык үчүн катаал мыйзамдарды жана катуу жаза чараларын демилгелейт, ошондой эле кылмыш жасагандык үчүн жазанын болбой койбостугун кепилдөөчү иштиктүү механизмдерди сунуш кылат.
217. Кирешелерди декларациялоо өнөктүгү ушул кезге чейин мамлекеттик кызматчылардын маалыматтарын чогултуу менен гана чектелип келүүдө. Өкмөт мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын текшерүүнүн жана териштирүүнүн механизмдерин демилгелөөгө жана туура эмес маалымат бергендик үчүн жоопкерчилик чараларын нормативдик бекитүүгө ниеттенүүдө.
218. Өкмөттүн коррупцияга каршы Интернет-сайты жаңыланып турат, ал эми берилген арыз-билдирүүлөрдү электрондук эсепке алуу жана бул арыз-билдирүүлөрдү кароонун жүрүшү жөнүндө маалымат берүү системасы өркүндөтүлөт.
219. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруучу бирдиктүү мамлекеттик орган аныкталат, мында сатып алуунун шарттары жана кабыл алынган чечимдер жалпыга жарыяланып турат. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү боюнча бирдиктүү электрондук системага өтүүгө байланыштуу тигил же бул мамлекеттик органдагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүктөр жоюлат, алардын милдеттери бир гана кызматкерге (сатып алуулар боюнча сертификат берилген адиске) жүктөлөт.
Коррупцияга каршы чара көрүү боюнча саясаттын дүйнөлүк практикада колдонулуп келе жаткан жана өз ара тыгыз байланышкан чаралары төмөндөгүдөй багыттар боюнча ишке ашырылат: (i) жарандык контролдоо комитеттерин түзүү аркылуу жарандык сектордун институттарын коррупцияга каршы чара көрүү жагындагы ишке тартуу; (ii) калктын мыйзамдык сабатын ачуу жана коомчулукка тигил же бул чөйрөдөгү коррупциялык тобокелчиликтер тууралуу маалымат берип туруу; (iii) коррупцияга каршы чара көрүү үчүн укуктук негиздерди өркүндөтүү жана өнүктүрүү; (iv) инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кедерги болуп жаткан коррупциялык факторлорду жоюу; (v) мамлекеттик мүлктү эсепке алуу системасын жана аны пайдалануунун натыйжалуулугуна баа берүү системасын жакшыртуу; (vi) мамлекеттик бийлик органдарынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш жүргүзүүсүндө коррупцияга каршы чара көрүүнүн натыйжалуулугун камсыз кылуучу формаларды жана ыкмаларды киргизүү; (vii) коррупциянын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында белгиленген чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана милдеттерди мамлекеттик кызмат орундарды ээлөөчү адамдарга карата колдонуу; (viii) коррупциянын жагдайларын изилдөө, анын алдын алуу, айкындоо, ага бөгөт коюу, коррупцияны жаратуучу жана ага түрткү берүүчү шарттарды жана себептерди жоюу; (iх) укук сактоо органдарынын жана соттордун коррупциялык мүнөздөгү иштер жагындагы мыйзам колдонуу практикасын өркүндөтүү; (х) коррупциялык кылмыштарды тергөөнүн ыкмаларын жакшыртуу жана аларды мыйзамды сактоо иш-аракетине туруктуу колдонууга киргизүү; (хi) укуктук актыларды жана алардын долбоорлорун коррупцияга каршы экспертизадан өткөрүүнүн формаларын өркүндөтүү; (хii) бардык мамлекеттик мекемелерде акча жыйноону так тартипке салууну камсыз кылуу; (хiii) коррупцияга каршы эл аралык жана региондук программаларга Кыргыз Республикасынын катышуусун кеңейтүү, анын ичинде Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) тармагы боюнча коррупцияга каршы күрөш жагында кызматташууну кеңейтүү; (хiv) коррупцияга каршы чет өлкөлүк түзүмдөр менен ар дайым тажрыйба алмашып турууну камсыз кылуу.
6.4. Мыйзамдарды реформалоо
220. Норма чыгаруу ишин оптималдаштыруу жана колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясында камтылган негизги идеяларга жана принциптерге ылайык келтирүү максатында Өкмөт төмөндөгүлөрдү белгиледи: (i) мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жана өксүктөрдү жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу; (ii) норма чыгарууга тиешеси бар мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин мыйзамдарды өнүктүрүүнү пландаштыруу жана болжолдоо маселелери боюнча координациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу; (iii) жүзөгө ашырылуусу тийиштүү финансылык ресурстар менен камсыздалбаган ченемдик укуктук актыларды кабыл алууну токтотууну мыйзам жүзүндө бекемдөө; (iv) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүүнүн адистешкен түрлөрүн жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактардын иш-аракеттерин тартипке салууга багытталган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу.
221. Адам укуктарын коргоо жагындагы эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун сапатын жогорулатуу үчүн төмөндөгүлөр пландаштырылууда: (i) адам укуктарын камсыз кылуу иши компетенциясына киргизилген аткаруу бийлик органдарынын иш-аракеттерине функциялык талдоо жүргүзүү; (ii) адам укуктары жагында координациялоону жүзөгө ашыруучу бирдиктүү мамлекеттик органды белгилөө жана адам укуктары боюнча улуттук баяндаманы даярдоодо бирдиктүү саясатты аныктоо.
VII. Өнүгүү чөйрөсүн жакшыртуу
7.1. Мамлекеттик жөндөө саясаты
222. Азыркы учурда жекече сектор, чакан жана орто бизнести кошуп алганда, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошуп жатат. Бизнести натыйжалуу өнүктүрүүнүн пайдубалы болуп ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү жагында мамлекет жүргүзүп жаткан саясат кызмат кылат, бул саясат өз алдынча өнүгүүгө жарамдуу жана натыйжалуу иштей алуучу экономикалык системаны түзүүгө багытталган.
223. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкердик жумуштуулуктун эң башкы булагы болуп саналат, ишкердикти тездетип өнүктүрүүнү салыштырмалуу аз сандагы инвестиция менен эле жүзөгө ашырууга мүмкүн, ошол эле учурда өлкөдө жакырлыкты азайтуу маселесин чечүү жагында олуттуу жакшы жылыштарга жетишүүгө болот.
224. Өкмөттүн жана бизнес-жамааттын күч-аракеттери менен өлкөдө ишкердик чөйрөсүндө кардиналдуу реформа ырааттуу жүргүзүлө баштады. Орчундуу укуктук база түзүлдү, анда мамлекеттин жана бизнестин өлкөнүн жарандарынын алдындагы укуктары жана милдеттери мыйзам жүзүндө бекемделди. Мамлекеттин жана бизнестин диалогун жүргүзүү үчүн, ишкердикти өнүктүрүү жана колдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн бизнес-мейкиндиктер жаралды. Учурда бир кыйла сандагы ар кыл бизнес-ассоциациялар жана жамааттар иш жүргүзүп жатат. Кардиналдуу реформалар 2011-жылдын аягында жүрдү, мамлекеттик башкаруу системасы олуттуу өзгөртүлдү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү айрым ведомстволордун, мекемелердин иш милдеттерин зарылдыгына жараша кайра карап чыгууга, мамлекеттик органдардын ортосундагы бири-бирин кайталаган иш милдеттерин жоюуга, мамлекеттик аппаратты орчундуу кыскартууга, башка бир катар өзгөртүүлөргө жетише алды. Инспекциялоочу эки органды түзүү ишкердик субъекттерин текшерүү чөйрөсүндөгү маанилүү кадам болуп калды: (i) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Азык-түлүктүк, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана (ii) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция.
225. Колдонуудагы мыйзамдардын системасын өркүндөтүү маселеси да турат. Администрациялык чөйрөдө мыйзамдарды аткарууда бир кыйла мүчүлүштүктөр бар, аларга бири бирин кайталаган, бири бирине карама каршы келген бир кыйла сандагы ченемдик актылардын болушун, юридикалык бир катар коллизиялардын бар экендигин, ишкердик чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдарга мыйзамдан келип чыгуу актылардын карама-каршы келип калып жаткандыгын, же болбосо бул мыйзамдардын нормаларынын аларда бурмаланып калгандыгын кошууга болот.
226. Бизнестин ишин жөнгө салуучу кабыл алынган мыйзамдардын жөндөө таасири талдоого алына элек. Бизнести эске албастан, аны айланып өтүп, коомдук угууларды өткөрбөстөн, жөндөө таасирин талдоого албастан, мыйзам талап кылган башка экспертизадан өткөрбөстөн эле мыйзам долбоорлорун кабыл алган учурлар аз эмес.
227. Ушул кезге чейин ишкердик субъекттеринин ички жана тышкы рынокторго кирүүсүнө чек койгон, ошондой эле бизнес жүргүзүүсүндө кыйынчылыктарды жараткан (маселен лицензиялоо жол-жоболорунун чаржайыттыгы жана так эместиги) тоскоолдуктардын саны кыйла эле көп. Мамлекет тарабынан бизнеске карата коюлуучу, жарандардын өмүрүнүн жана саламаттыгынын, айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыз кылуучу так нормативдик талаптар (лицензия алганга чейинки жана лицензия алгандан кийинки талаптар, техникалык регламенттер) азыркыга чейин жок. Учурда 500дөн ашуун лицензиялык-уруксаттык документтер бар, бизнес-жамааттын пикиринде аларды орчундуу азайтуу зарыл.
228. Контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөсүндө учурда иштеп жаткан мамлекеттик жөнгө салуу системасы натыйжалуу эмес, чыгашалуу жана бири бирин кайталама, ал көбүнчө формалдуу мүнөздө жана орчундуу коррупциялык тобокелчиликтерди жаратат. Жүргүзүлгөн текшерүүлөр керектөөчүлөрдү, ишкердик субъекттеринин ишинин натыйжасын пайдалануучуларды коргоонун жана алардын коопсуздугунун зарыл деңгээлин камсыздабайт. Текшерүүлөр чөйрөсүндө жүргүзүлгөн мониторинг көрсөткөндөй, контролдоочу органдар учурда ишкердиктин бардык субъекттерин текшерет, бул болсо өз кезегинде мындай тоталдык-жапырт текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн орчундуу адамдык жана финансылык ресурстарды талап кылат. 2012-жылдын февралында азыр иштеп жаткан текшерүүлөр системасын оптималдаштыруу максатында ишкердик субъекттерин алардын ишкердик жүргүзүүдөгү тобокелчилигинин даражасына жараша бөлүштүрүүнүн критерийлерин бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтому кабыл алынган. Бул критерийлер ишкердик субъекттерин тобокелчиликтин үч категориясы: жогорку, орто жана төмөнкү категориялары боюнча бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Тобокелчиликтин киргизилген критерийлери контролдоочу мамлекеттик органдарга колдогу финансылык жана эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн санын орчундуу азайтууга мүмкүндүк берет.
229. Жогоруда аталган маселелерди чечүү багытындагы Өкмөттүн саясаты негизинен эки өңүттө жүргүзүлөт: (i) экономиканын талаптарына жооп берген жана бизнес-жамааттын таламдарын эске алган туруктуу мыйзамдарды түзүү; (ii) мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыктарынын балансын бузуучу таризде мамлекеттин ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салуудагы кийлигишүүсүн азайтуу.
230. Экономиканын талаптарына жооп берген жана бизнес-жамааттын таламдарын эске алган туруктуу мыйзамдарды түзүү үчүн ишкердик чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын бузуучу ченемдик актыларды жокко чыгаруу жана алардын кабыл алынышына жол бербөө багытында шарттар түзүлөт, алар төмөндөгүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: (i) башкаруу чечимдеринин жөндөө таасирине баа берүү системасын реформалоо; (ii) негизделбеген жана рынок экономикасына багытталбаган ченемдик укуктук актыларды жокко чыгаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, бул максатта бизнес-жамааттар, коомдук байкоочу кеңештер жана башка коомдук уюмдар менен жолугушууларды ар дайым өткөрүп туруу.
231. Ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу үчүн чаралар көрүлүп, алар ченемдик-укуктук жана жол-жоболук жактан тастыкталат. Лицензиялык-уруксаттык жана контролдоо-көзөмөлдөө чөйрөлөрүндө мамлекеттик жөнгө салууну реформалоо улантылат, бул төмөндөгүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: (i) колдонуудагы лицензиялардын жана уруксаттардын санын азайтуу; (ii) "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксаттык система жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын экономиканы жөнгө салуудан четтөө концепциясына ылайыктап даярдоо жана кабыл алуу; (iii) ашыкча контролдоочу-көзөмөлдөөчү функцияларды кыскартуу; (iv) контролдоочу органдар тарабынан тобокелчиликтин критерийлерине баа берүүнүн жаңы системасын киргизүү; (v) ар бир мамлекеттик контролдоочу орган үчүн атайын (адистештирилген) текшерүү баракчаларын киргизүү; (vi) текшерүүлөрдүн механизмин тобокелчилик критерийлеринин системасына негизденүү менен жаңылап түзүп чыгуу.
VIII. Социалдык өнүгүү жана жакырчылыкты азайтуу саясаты
8.1. Жакырчылыктын масштабы
232. Өкмөттүн негизги максаттарынын бири болуп өлкөдө жакырчылыкты азайтуу эсептелет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн калкынын 33,7%ы жакырчылыкта жашайт, б.а. жакырлыктын чегинен ылдый турат. Мындан тышкары, жакырлыктын оорчулугунун көрсөткүчү 2009-жылдагы 5,1%дан 2010-жылы 7,5%га дейре жогорулаган.
233. Буга кошумча, шаарлардагы жакырлыктын деңгээли (23,6%) менен айыл-кыштактардагы жакырлык деңгээлинин (39,5%) ортосунда чоң айырмачылык бар. Айыл жериндеги жакырлыктын деңгээли шаар жерлериндеги жакырлыкка караганда бир кыйла жогору. 2010-жылы 1 млн. 846,2 миң адам жакырлыктын чегинен ылдый жашаган, алардын 74,4%ы айыл жеринин тургундары болушкан.
234. Шаарлардагы жакырлыктын деңгээли 1,7%га өссө, айыл жеринде 2,4 пайызга жогорулаган.
1-таблица. Шаардык жана айылдык калктын жакырлык деңгээли, % менен
┌────────┬───────────────────┬────────────────────┬───────────────────┐
│ Жылдар │ Бардыгы │ Шаар жери │ Айыл жери │
│ ├─────────┬─────────┼──────────┬─────────┼─────────┬─────────┤
│ │ жарды │өтө жарды│ жарды │өтө жарды│ жарды │өтө жарды│
├────────┼─────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2006 │ 39,9 │ 9,1 │ 26,7 │ 5,5 │ 47,7 │ 11,3 │
├────────┼─────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2007 │ 35,0 │ 6,6 │ 23,2 │ 3,2 │ 41,7 │ 8,5 │
├────────┼─────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2008 │ 31,7 │ 6,1 │ 22,6 │ 3,2 │ 36,8 │ 7,7 │
├────────┼─────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2009 │ 31,7 │ 3,1 │ 21,9 │ 2,7 │ 37,1 │ 3,3 │
├────────┼─────────┼─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2010 │ 33,7 │ 5,3 │ 23,6 │ 4,2 │ 39,5 │ 6,0 │
└────────┴─────────┴─────────┴──────────┴─────────┴─────────┴─────────┘
235. Таблицадан көрүнүп тургандай, жакырлыктын жалпы деңгээли 2006-жылдагы 39,9%дан 2008-жылы 31,7%га чейин төмөндөгөн, бирок 2010-жылы бул көрсөткүч 33,7%га өскөн. Өзгөчө айыл жеринде кескин өсүп, дээрлик 40%га чейин жеткен, ал эми өтө жакырлык эки эсеге жогорулап, 6,6%ды түзгөн.
236. Кирешелердин бирдей эмес бөлүштүрүлүшү Жини коэффициенти аркылуу да ырасталат.
2-таблица. Жини коэффициенти (киреше боюнча)
┌─────────────────┬────────────┬────────────┬────────────┬────────────┐
│ Жылдар │ 2006 │ 2007 │ 2008 │ 2009 │
├─────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼────────────┤
│Жини коэффициенти│ 0,446 │ 0,422 │ 0,363 │ 0,371 │
│(киреше боюнча) │ │ │ │ │
└─────────────────┴────────────┴────────────┴────────────┴────────────┘
237. Кирешелердин бирдей эмес бөлүштүрүлүшү азайганы менен (2006-жылдагы 0,446дан 2008-жылдагы 0,363га чейин), бирок, кийин бул коэффициент 2010-жылы 0,371ге өскөн.
238. Балдардын жакырлыгы көптүгү өтө кооптонууну туудурат. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (УСК) маалыматтары боюнча, 17 жашка чейинки балдардын жалпы санынын ичинен 40,9%ы жакыр шартта жашаган, алардын ичинен 6,5%ы өтө жакырлардын категориясында калган. Айыл жериндеги балдардын жакырлык деңгээли 46,3%ды түзгөн, бул болсо шаар жериникине караганда 16,3%га көптүк кылат.
239. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жетиштүүлүктүн деңгээли шаар менен айылдын ортосунда орчундуу айырмаланат. Жарды үй чарбалардын, ошондой эле айыл жеринде жашаган үй чарбалардын үй шарты анча эмес, анткени айыл жерлеринде инфраструктура начар өнүккөн. Ал жерлерде электр энергиясы ыңгайлуулуктун өлкөнүн бардык аймагын камтыган бирден бир түрү болуп саналат. Борбордоштурулган жылытуу системасы менен шаардагы үй чарбалардын 33,5%ы, ал эми айылдардагы үйлөрдүн 1,3%ы гана камсыздалган, бул болсо борбордоштурулган жылытуу системасын куруу шаарларга гана мүнөздүү экенинен кабар берет. Табигый газ түтүктөрүнө кошулууга үй чарбаларын 20,9%ы жетишкен. Газ түтүктөрүнүн өлкө аймагы боюнча тартылышынын жетишсиздиги өлкөнүн айыл калкынын борбордоштурулган газ түтүктөрдөн пайдаланууга жетиштүүлүгүн иш жүзүндө чектеген.
3-таблица. Жакыр абалда жашаган балдардын үлүшү, 2010-жыл, % менен
┌──────────────────────┬──────────────┬────────────────┬──────────────┐
│ │ Бардыгы │ Шаар │ Айыл │
├──────────────────────┼──────────────┼────────────────┼──────────────┤
│Жакыр эместер │ 59,1 │ 70 │ 53,7 │
├──────────────────────┼──────────────┼────────────────┼──────────────┤
│Жакырлар │ 40,9 │ 30 │ 46,3 │
├──────────────────────┼──────────────┼────────────────┼──────────────┤
│алардын ичинен өтө │ 6,5 │ 6,3 │ 6,6 │
│жакырлар │ │ │ │
└──────────────────────┴──────────────┴────────────────┴──────────────┘
240. Ар бир үчүнчү турак жай телефон байланышына туташтырылган. Калкты шаар жеринде телефон байланышы менен камсыз кылуунун деңгээли айыл жерине караганда дээрлик 3 эсеге жогору. Ал эми уюлдук байланыш менен камсыз кылуунун деңгээли бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын аймагынын 90%ынан ашкан.
4-таблица. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жетиштүүлүгү
2010-жылдагы жакырлык деңгээли боюнча, % менен
┌───────────────────┬────────────┬────────────┬────────────┬──────────┐
│ │Суу түтүктөр│ Тармактык │ Борбордук │ Телефон │
│ │ │ газ │ жылытуу │ │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│Бардыгы │ 25,7 │ 20,9 │ 13,0 │ 33,1 │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│Жакыр эместер │ 34,5 │ 24,9 │ 17,6 │ 39,2 │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│Жакырлар │ 8,8 │ 13,0 │ 3,9 │ 21,0 │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│алардын ичинен: өтө│ 8,0 │ 9,6 │ 2,8 │ 23,5 │
│жакырлар │ │ │ │ │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│Шаардык конуш │ 52,4 │ 46,0 │ 33,5 │ 58,0 │
├───────────────────┼────────────┼────────────┼────────────┼──────────┤
│Айыл жери │ 9,9 │ 6,7 │ 1,3 │ 19,0 │
└───────────────────┴────────────┴────────────┴────────────┴──────────┘
241. 2010-жылдын маалыматтары тастыктагандай, айыл жериндеги жашоо-турмуш таза сууну пайдалануу көрсөткүчтөрү боюнча да бир кыйла артта калууда жана жакырлыктын деңгээли ичүүчү таза суунун жетиштүүлүгүнө да жараша болуп жатат.
5-таблица. Жашаган жерине жана жакырлык деңгээлине жараша суу
менен жабдуу булактары, % менен
┌──────────────────┬────────────┬───────────┬───────────┬─────────────┐
│ │Борбордошкон│Суу чыгуучу│ Кудук │Булак, дарыя,│
│ │ суу түтүгү │ колонка │ │арык, көлмө, │
│ │ │ │ │суу сактагыч │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│Бардыгы │ 25,7 │ 59,2 │ 6,6 │ 8,5 │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│анын ичинде: │ │ │ │ │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│Жакыр эместер │ 34,5 │ 51,1 │ 7,4 │ 7,0 │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│Жакырлар │ 8,8 │ 74,8 │ 5,0 │ 11,5 │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│алардын ичинен: │ 8,0 │ 77,2 │ 3,5 │ 11,3 │
│өтө жакырлар │ │ │ │ │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│Шаардык конуштар │ 52,4 │ 44,0 │ 3,0 │ 0,6 │
├──────────────────┼────────────┼───────────┼───────────┼─────────────┤
│Айыл жерлери │ 9,9 │ 68,2 │ 8,7 │ 13,2 │
└──────────────────┴────────────┴───────────┴───────────┴─────────────┘
242. Аялдар өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушунда жигердүү ролду ойноп жатышат, алар иштеп жаткан калктын 41,3%ын түзөт. Кызмат көрсөтүү секторунда, анын ичинде саламаттык сактоо жана социалдык кызматтарды көрсөтүү (80,3%), билим берүү (76,6%), мейманкана жана ресторан (71,0%), коммуналдык, социалдык жана жекече кызматтарды көрсөтүү (56,6%) сыяктуу иштерде иштеген калктын ичинде аялдардын үлүшү бир кыйла жогору. Кайра иштетүү өнөр жайында иштеген аялдардын үлүшү да бир топ (46,4%), ал эми текстиль жана тигүү өндүрүшү сыяктуу тармактарда аялдардын үлүшү 87,4%га чейин жетти. Ошентсе да аялдар эркектерге салыштырганда эмгек акы бир кыйла аз төлөнүүчү жумуштарда иштейт, алардын эмгек акысы эркектердин эмгек акысынын 63,9%ын түзөт. Ушул жагдайды жана аялдар үй чарбасында көбүрөөк алек болгонун эске алганда, жакырлыкка тушугуу опурталы эркектерге караганда аялдарда жогору экендигин белгилөө керек.
243. Улуттук статистика комитетинин 2010-жылга карата эсептик маалыматтары боюнча алганда Кыргыз Республикасында адам өмүрүнүн орточо узактыгы 69 жаш болгон, ал эми төрөлүү жана өлүмгө учуроо деңгээли да бир миң кишиге карата алганда 6,6 кишиге азайган. 2010-жылы калктын өсүшү 1,1%ды түздү.
244. Жакырлык маселеси өзүнө комплекстүү мамиле жасоону талап кылаарын эске алуу менен Өкмөт калктын экономикалык өсүштүн булактарына карата адилеттүү түрдөгү жетиштүүлүгүн камсыздоого ниеттенет жана экономикалык өсүштү жардылардын мүдөөлөрүнө карата багыттоону көздөйт. Мамлекеттик башкарууда жасала баштаган реформалар, анын ичинде коррупцияга каршы күрөш боюнча иштер, экономикалык иш-аракеттен киреше алуу процессин ачык-айкын башкарууга жана бул кирешелерди жарды калктын кызыкчылыгына пайдаланууга көмөк бермекчи.
245. Ошондуктан бул Программа жекече сектор өз алдынча өсүп-өнүгө ала тургандай, кирешелерин арттырууга жана жакырлыкты азайтууга багытталган жумуштуулукту камсыз кыла ала тургандай шарттарды түзүүгө байланышкан маселелерди чечүүнү көздөйт. Ошону менен бирге, мамлекет социалдык өнүктүрүү жагындагы өз ишин социалдык коргоо, эң негизги ыңгай-шарттарга муктаж адамдарды коомдо камкордукка калуу саясатында бир кыйла жемиштүү жана натыйжалуу ыкмаларды колдонуу менен ишке ашырууга топтоштурат.
8.2 Социалдык коргоо
247. Өкмөт 2009 жана 2010-жылдардагы экономикалык жана саясий толкундоолорго карабастан социалдык коргоо боюнча калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө чоң көңүл бурууда, Өкмөт социалдык кепилдиктер боюнча бардык милдеттерди толук көлөмдө аткарууга жетишти.
248. Калкты социалдык коргоо жана жакырчылыкка каршы күрөшүүдөгү натыйжалуу мамлекеттик саясатты алдыга жылдырууга тоскоол болгон негизги көйгөйлөр төмөнкүлөр: (i) татаал турмуштук жагдайда жашаган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттык системасынын жоктугу; (ii) социалдык коргоонун даректүү системасын жогорулатууда реалдуу куралдардын жоктугу; (iii) интернаттык мекемелерде жашаган балдарга кызмат көрсөтүү үчүн каражаттарды натыйжасыз бөлүштүрүү; (iv) мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо чараларынын төмөнкү деңгээли, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомго аралашуусунун өнүккөн системасынын жоктугу; (v) пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын өлчөмүнүн жашоо минимумунун деңгээлинен калып калгандыгы; (vi) үйү жоктукту профилактикалоонун жана аларды социалдык реабилитациянын деңгээли жетишсиздиги.
249. Социалдык коргоо системасынын сапатын жакшыртуу үчүн Өкмөт бир катар иштерди аткарууга, анын ичинде минимум социалдык стандарттарды жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын эсептөө усулун иштеп чыгууга ниеттенет.
250. Даректүүлүк системасын реформалоо үчүн Өкмөт жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн муктаждыктарына жараша жергиликтүү деңгээлде социалдык иштин системасын иштеп чыгууга жана киргизүүгө ниеттенет.
251. Жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган балдарды жайгаштыруунун ар кандай формаларын өнүктүрүү жана киргизүү боюнча иш улантылат (күндүз болуу борборлору, кабыл алган үй-бүлөлөр, адаптациялоо жана реабилитациялоо борборлору ж.б.). Мисалы, 2014-жылы иштеп жаткан социалдык чөйрө мекемелеринин базасында ар бир облуста кароосуз балдарды реабилитациялоонун бирден борборун (бардыгы 9) түзүү пландалууда.
252. ДМЧАлар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн Өкмөт стационардык, социалдык мекемелерде иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын, реабилитациалоонун техникалык каражаттарын жасоонун заманбап технологияларын, ошондой эле майыптыкты аныктоонун жаңы системасын киргизет, мында маалыматтык жана билим берүү программаларына жеткиликтүүлүктү жакшыртат.
253. Ошондой эле улгайган жарандардын муктаждыктарына жараша Бишкек жана Ош шаарларында улгайган жарандар үчүн күндүз болуу борборлору түзүлөт. Улгайган жарандар үчүн стационар социалдык мекемелерде иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгуу жана киргизүү пландалууда.
254. Өкмөт мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмүн этаптуу көбөйтөт жана 2014-жылга карата алардын деңгээли пенсиянын базалык бөлүгүнүн 100 процентине жетет.
255. Тобокелдик топторду социалдык коргоону камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн негизги милдети жергиликтүү деңгээлде үй-жайсыздыктын алдын алуу жана аларды социалдык реабилитациялоо боюнча жеткиликтүү социалдык инфраструктураны түзүү болот (социалдык кызматтардын тармагы жана социалдык иш институту).
8.3. Пенсиялык реформа
256. Милдеттүү пенсиялык социалдык камсыздандыруу системасы жакырчылыкты алдын алууда жана карылыктын, эмгекке жарактуулугунан же багуучусунан айрылган себептер менен кирешеси жок калган адамдардын муктаждыгын азайтууда олуттуу компоненттердин бири болууда. 2011-жылдын октябрь айындагы пенсияларды жогорулатуунун натыйжасы боюнча пенсиянын орточо өлчөмү тирлик минимумуна биринчи жолу жакындады (99%).
257. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана республикалык бюджеттен чегерүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. Пенсиялык төлөмдөрдүн өлчөмү төлөнгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмүнөн түздөн түз көз каранды. Республикалык бюджеттин каражаттарынан пенсиянын базалык бөлүгүн, ошондой эле пенсия карата кошумчаларды, аскер кызматчыларынын пенсиясын, электр энергияга компенсациялык төлөмдөрдү каржылоо этап-этап менен (2012-жылга чейин) ишке ашырылат. Акыркы тогуз жыл бою Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети профициттик болчу. 2010-жылдан тартып милдеттүү топтоо элементи киргизилген.
258. Жетишилген натыйжаларга карабастан чечилбеген бир катар көйгөйлөр бар: (i) пенсионерлердин жетимиш процент жашоо минимумунан аз пенсия алышат; (ii) колдонуудагы пенсиялык формула пенсияны чектөөнүн камсыздандыруу принцибин жогорулатуу максаты менен кайрадан карап чыгууну талап кылат; (iii) узак мөөнөттүү келечекте пенсия системасынын киреше булактарынын жана узак мөөнөттү милдеттеринин теңдөө; (iv) пенсионерлерге карата иштеп жаткан жана реалдуу төлөөчү жарандардын катыштык саны жыл сайын төмөндөөдө (1:1,4); (v) мигранттарды социалдык камсыздандыруунун толук эместик көйгөйү.
259. Бул көйгөйлөрдү эсепке алуу менен Өкмөт төмөнкү маселелерди чечүүгө өз аракетин жумшайт: (i) пенсия системасынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу; (ii) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсияны жогорулатуу; (iii) Кыргыз Республикасынын пенсия системасынын топтоо компонентин өркүндөтүү.
260. Пенсия системасынын финансылык туруктуулугун жогорулатуу үчүн багытталган саясаттын негизги чаралары болуп: (i) камсыздандыруу төлөмдөрүнүн базасын кеңейтүү (ii) активдерди башкарууну жакшыртуу; (iii) эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондун жоюу; (iv) дыйкан жана фермер чарбалары жана базарларда иштеген ишкерлер үчүн камсыздандыруу взносторун тарифинин ставкаларын кайра карап чыгуу; (v) камсыздандыруу взносторун чогултууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана базарлардын администрацияларын тартуу; (vi) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасына эмгек мигранттарын тартуу.
261. Пенсиялык системанын натыйжалуулугун сактоо үчүн төмөнкүлөр пландалып жатат: (i) пенсиялардын инфляциядан төмөн эмес деңгээлде жыл сайын жогорулатуу; (ii) майыптарга жана пенсионерлерге стажына карабастан, баккан адамынан ажырагандыгы боюнча пенсиянын базалык бөлүгүн чектөө саясатын жүргүзүү аркылуу пенсионерлердин арасында жакырлыктан арылуу үчүн пенсиялык камсыз кылуунун ченемдерин жана стандарттарын белгилөө; (iii) пенсиялык формуланы кайра карап чыгуу жана адекваттуу формула түзүү; (iv) пенсияны чектөөдө жеңилдиктерди кыскартуу; (v) жарандардын жеке эсептериндеги пенсиялык аманаттарды инфляциядан коргоо үчүн аларды индекстөө механизмин өркүндөтүү.
8.4. Билим берүү системасын өнүктүрүү
262. Акыркы жылдары билим берүү системасында анын бардык деңгээлдерине тиешелүү, ошондой эле өнүгүүнүн маанилүү аспекттерин:
каржылоо, башкаруу, чечимдерди кабыл алуу жана билим берүү мазмунун өзгөртүү үчүн зарыл мониторинг системасына комплекстүү реформалар жүргүзүлүп жатат.
263. Мектептик билим берүү деңгээлине артыкчылыктуу мамиле мамлекеттин жоопкерчилиги (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренеси), ошондой эле жакырлыктын көбөйүшүн токтотуу зарылдыгы менен шартталган, анткени сапаттуу билимге жеткиликтүүлүк эмгек рыногунда ар бир бүтүрүүчүнүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
264. Балдардын мектепке психологиялык-педагогикалык даярдыгын жогорулатууга багытталган мектепке чейинки билим берүү секторундагы реформалар жана кийинки окутуунун, ошондой эле кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги ийгиликтүүлүк билим берүүнүн натыйжага багытталган улантуучу, ийкемдүү, ачык системасынын түзүүгө алып келиши керек.
265. Билим берүү системасын реформалоонун башкы стратегиялык максаты орто мөөнөттүү келечекте натыйжага багытталган сапаттуу билим берүү үчүн базалык негизди түзүү болуп калат.
266. Бул максатка жетүү үчүн Өкмөттүн саясаты төмөнкү багыттарга топтолот: (i) билим берүү системасын башкарууну өркүндөтүү; (ii) каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу; (iii) билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү жана педагогикалык кадрларды даярдоону оптималдаштыруу.
267. Билим берүү системасын башкарууну өркүндөтүүнүн алкагында Өкмөт (i) билим берүү секторунда билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн натыйжаларга мониторинг жүргүзүү жана баа берүүнүн негизинде чечимдерди кабыл алуу жана стратегиялык пландаштыруу системасынын сапатын жогорулатууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну пландаштырат.
268. Мектепке чейинки билим берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр аткарылат: (i) "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына караштуу актылар иштелип чыккан жана балдардын социалдык компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" стандарты жеткире иштелип чыккан; (ii) мектепке чейинки жана мектептик курактагы балдарды мектепке чейинки даярдоодо жана билим берүүдө удаалаштыкка өзгөчө көңүл бурулат; (iii) мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн, анын ичинде жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн мектепке чейинки билим берүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми киргизилет жана балдардын альтернативалуу мектепке чейинки уюмдары ачылат.
269. Мектептик билим берүүнүн деңгээлинде мектептик окуу жүгү 1200 сааттан дүйнөлүк орточо алынган деңгээлге чейин этап-этабы менен кыскартылат. Ошондой эле ченемдик документтердин - жаңы типтеги стандарттардын (куррикулумдар) системасы иштелип чыгууда. 2009-жылы жалпы мектептик билим берүүнүн Алкактык улуттук стандарты (куррикулум) кабыл алынган, анын негизинде 5-9- жана 10-11-класстар үчүн сабактар боюнча куррикулумдар иштелип чыгууда, ал эми келечекте - мектептин өнүгүү артыкчылыктарын тандоодо кеңири автономияга алып келет.
270. Баштапкы кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүнүн алкагында төмөнкүлөр пландаштырылууда: (i) даярдоонун айрым багыттары боюнча (квалификациялардын системасы) квалификациялык алкактарды түзүү, бул билим алгандыгы жөнүндө документтердин Кыргызстандын иш берүүчүлөрү да, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк иш берүүчүлөр тарабынан таануусун камсыз кылат; (ii) калктын керектөөлөрүнө жана иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарына ылайык кыска мөөнөттүү курстардын кеңири спектрин өнүктүрүүнүн эсебинен окутуу мөөнөттөрүн кыскартуу. Ар түрдүү курстардын болушу жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына керектүү билимди алууга, ошондой эле иши жок чоң адамдардын квалификациясын тез арада кайра өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Орто кесиптик билим берүүдө 2010-жылы иштелип чыккан жаңы муундагы стандарттар киргизилет. Жогорку билим берүүдө билим берүүнүн эки деңгээлдүү системасына (бакалавр-магистр) өтүшүнө байланыштуу төмөнкүлөр болот: (i) сапатты контролдоонун ички жана тышкы механизмдери күчтөндүрүлөт, бул Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун дипломдору чет өлкөдө таанылышын камсыз кылат; (ii) жогорку кесиптик билим берүү кызматкерлери үчүн квалификациясын жогорулатуу системасы, анын ичинде бул процесске иш берүүчүлөрдү тартуу механизмдерин иштеп чыгууну кошо алганда өнүгөт.
271. Квалификацияны жогорулатуу системасынын натыйжалуу иши үчүн аны камсыз кылуунун ваучердик механизми киргизилет. Бул кадам квалификациясын жогорулатуу үчүн кызматтарды көрсөтүүчү провайдерлердин санынын өсүшүнө, сунуш кылынган программалардын ар түрдүүлүгүнө, натыйжада окуучуларды жана студенттерди окутуунун сапатын камсыз кылууга алып келет.
272. Каржылоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн Өкмөт 2012-2014-жылдарда төмөнкү механизмдерди ишке киргизүүгө ниеттенүүдө: (i) кеңири сектордук мамиленин негизинде билим берүү секторун каржылоо моделине өтүүгө (SWАр); (ii) мектептик билим берүүнүн деңгээлинде киши башына каржылоого өтүүгө; (iii) ЖОЖдордун бир бөлүгүнүн өзүн-өзү каржылоого өтүшүнө.
273. 2013-жылдан тартып кеңири сектордук мамилеге өтүү донордук каражаттарды консолидациялоого жана аларды бюджет аркылуу түздөн-түз билим берүү системасына багыттоого мүмкүнчүлүк берет, бул каражаттарды жумшоодо кайталоону болтурбайт жана тышкы жардамды билим берүү системасынын маанилүү проблемаларын, биринчи кезекте мектептик жана баштапкы кесиптик билим берүүнүн проблемаларын чечүү үчүн пайдаланууга мүмкүндүк берет.
274. Билим берүү кызматтарын алуучулардын алдында жоопкерчиликти күчөтүү жалпы билим берүү уюмдарын финансылык-администрациялык өз алдынчалык принцибине өтүүнү талап кылат. 2015-жылга чейин бардык жалпы билим берүү уюмдарын киши башына каржылоого өткөрүү ырааттуулукта ишке ашырылат.
275. Баштапкы кесиптик билим берүүнүн деңгээлинде окуу жайлардын саны жана эмгек рыногунда талап кылынган квалификациялуу кадрларды даярдоого бюджеттик каражаттар оптималдаштырылат. Бул процесс жарды үй-бүлөлөрдүн балдарына социалдык жардамдын даректүүлүгүн күчөтүүгө алып келет.
276. 2012-жылдан тартып жогорку окуу жайларды рейтингдөө жана аккредитациялоо системасы киргизилет. Адистештирүү жана ЖОЖдордун бир бөлүгүн өзүн-өзү каржылоо принцибине өткөрүү башталат, бул мамлекеттик заказды аткарууга даяр улуттук жогорку окуу жайларда жана ЖОЖдордо гранттык негизде студенттерди даярдоого мүмкүнчүлүк берет.
277. Билим берүүнүн жаңы мазмунун түзүү үчүн (iii) Өкмөт тарабынан мектепке чейинкиден тартып жогорку кесиптик билим берүүгө чейинки бардык деңгээлдерде стандарттар иштелип чыгат жана жаңыртылат. Жаңы муундагы стандарттар компетенттүүлүккө негизденген окутууга өтүүнү камсыз кылат, бул натыйжага багыт алган билим берүү системасын түзөт.
278. "Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу" стандартында баланын социалдык жана эмоциялык өнүгүүсүнө, баланы социалдаштырууну камсыз кылган баалуулуктар системасын түзүүгө басым жасалган.
279. Мектептик билим берүүдө жаңы типтеги стандарттарды (курриклумдарды) киргизүү окуучуларды окутууда жүйөөлөштүрүүнү күчөтүүгө жана окуу планын тең салмакташтыруунун эсебинен сапаттуу билимге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берет.
280. Окуучулардын социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу үчүн кыргыз (мамлекеттик), орус (расмий) жана англис тилдерин окутууга өзгөчө көңүл бурулат.
281. Чыр-чатактан кийинки жөнгө салуунун маанилүү элементи болуп мектептерде сабырдуулук, өз ара түшүнүү жана жарандык ынтымактын деңгээлин жогорулатууга багытталган көп тилдүү жана көп маданияттуу билим берүүнү киргизүү саналат.
282. Натыйжага багытталган билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу үчүн окуучунун, класстын жана мектептин деңгээлинде билим берүү процессинин натыйжаларын диагностикалоонун жана контролдоонун жаңы ыкмалары киргизилет.
283. Мектептерди предмет боюнча билим деңгээли жогору, окутуунун заманбап технологияларын билген жана билим берүү уюмдарында ишке жүйөөлөштүрүүнүн жогорку деңгээлине ээ педагогдор менен камсыз кылуу үчүн 2012-жылы бакалавриат деңгээлинде педагогикалык адистиктер боюнча жаңы стандарттар киргизиле баштайт; мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программалары жаңыртылат.
8.5. Саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү
284. Саламаттыкты сактоодо жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасы жана үй-бүлөлүк медицина институту киргизилген, саламаттыкты сактоо уюмдары реструктуралаштырылган, бюджетти түзүүнүн механизмдеринин жаңы принциптери киргизилген. Медициналык-санитардык жардамга жеткиликтүүлүктө жакшы натыйжалар болду.
285. 2010-жылдын апрель-июнундагы окуялар саламаттык сактоо системасы үчүн чоң сыноо болду. Кризис жабыркаган региондордо калктын ден-соолугуна орчундуу таасир көрсөткөн жок жана саламаттык сактоо уюмдары жаңжал учурунда көбөйгөн пациенттерди тейлей алышты. Бирок, жаңжал саламаттык сактоо системасынын чабалдыгын жана чектелүүлүгүн, инфраструктуранын эскиргендигин жана тийиштүү жабдуулардын жана запастардын жоктугун ачык көрсөттү.
286. Жетишкендиктер менен бирге чечилбеген бир топ көйгөйлөр бар: (i) мамлекеттик кепилдиктер программасын (МКП) жүзөгө ашырууда МКП алкагында медициналык кызмат көрсөтүүгө жеткиликтүү калктын жеңилдиктерди алган категориялары көбөйгөнүнө байланыштуу жарандарга медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча финансылык ажырым бар; (ii) калктын социалдык-аялуу категорияларынын дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүнүн төмөндөшү; (iii) ЦРТ-4, ЦРТ-5, ЦРТ-6 жетишүү боюнча прогресстин жетишсиздиги; (iv) саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык жабдылышынын жетишсиз деңгээли; санитардык автотранспорт менен керектөөнүн 60% деңгээлде камсыздалышы; (v) кадрдык потенциалдын жетишсиздиги жана текши эмес бөлүштүрүлүшү, кадрларды даярдоо сапатынын төмөндөшү; (vi) коомдук саламаттыкты сактоо кызматынын жетишсиз өнүгүшү; (vii) саламаттык сактоо жагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдерин киргизүү боюнча мыйзамдардын жетик эместиги.
287. Ушул көйгөйлөрдөн алганда саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү саясатынын негизги багыттары төмөнкүлөр: (i) калкты финансылык жактан коргоону жана жакырлыктын деңгээлин азайтууга багытталган каржылоонун туруктуу системасын өнүктүрүү; (ii) МКП жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун Кошумча программасы боюнча калктын жеңилдетилген дары-дармектерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу; амбулаториялык деңгээлде (ДП ОМС) камсыздандырылган жарандарды дары-дармек менен камсыз кылуу; (iii) саламаттык сактоону ЦРТ жетишүүгө багыт берүү менен медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу; (iv) иштеп жаткан медициналык-санитардык жардам берүү системасын сактоо жана оптималдаштыруу; (v) медициналык кадрлар менен камсыздалышын жакшыртуу жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; (vi) коомдук саламаттык сактоонун ролун күчтөндүрүү; (vii) саламаттык сактоо системасында рыноктук механизмдерди өнүктүрүү.
288. Каржылоонун туруктуу системасын өнүктүрүү боюнча саясаттын чаралары төмөнкүлөрдү камтыйт: (i) базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу системасын түзүү; (ii) атайын медициналык жардамды көрсөтүшкөн (кургак учукка каршы, психиатриялык, онкологиялык, гематологиялык) саламаттыкты сактоо уюмдарын Бирдиктүү Төлөөчү системасына этаптуу которуу; (iii) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандардын жеңилдик алган категорияларынын тизмесин кайра карап чыгуу; (iv) МКП жүзөгө ашырган саламаттык сактоо уюмдарында тең төлөө каражаттарын төлөө, эсепке алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү; (v) МКП алкагында медициналык, профилактикалык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда калктын маалымдарлыгын жогорулатуу.
289. Калктын дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздалышына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр белгиленген: (i) ДП ОМС жүзөгө ашырууга жумшалчу каржылоонун көлөмүн аныктоо үчүн ОМС каражаттарынан киши башына ченемди кайра карап чыгуу; (ii) МКП жана ДП ОМС боюнча жеңилдетилген дары-дармектик камсыздоонун ордун толтуруу үчүн базистик бааларды мезгил-мезгили менен кайра карап туруу; (iii) дары-дармектик камсыз кылуунун жеңилдик берилген программалары боюнча калктын маалымдарлыгын жогорулатуу.
290. Саламаттыкты сактоону ЦРТга жетишүүгө багыттоо менен медициналык-санитардык жардамдын сапатын жакшыртуу үчүн төмөнкү чаралар демилге кылынган: (i) далилдик медицинанын негизинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү; (ii) аялдардын жана балдардын тамактануусунун статусун жакшыртуу боюнча программаларды жүзөгө ашыруу; (iii) кургак учук менен оорулууларды, анын ичинде пенитенциардык системанын мекемелерин "ДОТС Плюс" программасы менен толук камтуу; (iv) алдын-алуучу иш-чараларды өткөрүү, медициналык кызматкерлерди окутуу, жогору тобокелдиктеги топторду экспресс-тесттер, антиретровирустук препараттар менен камсыз кылуу; (v) баңги заттарды колдонуучулардын арасында зыянды төмөндөтүү боюнча программаларды андан ары кеңейтүү.
291. Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу үчүн Энеликти жана балдарды коргоо улуттук борборунда курулуш иштери жүргүзүлөт, ошондой эле негизги имарат толук оңдолот. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында жана Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасында капиталдык оңдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары Ош шаарында ЦСМ курулат. Ошондой эле жабдуулар жана санитардык автотранспорт сатылып алынат.
292. Өкмөт кадр маселесин чечүүнү жана медициналык билим берүүнүн сапатын жогорулатууну саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири деп эсептейт. Бул үчүн бир катар чаралар пландаштырылууда: (i) "Дарылоо иши" адистиги боюнча Мамлекеттик билим берүү стандартын жана бардык медициналык билим берүү уюмдарына жалпы практика жүргүзгөн врачты (үй-бүлөлүк врач) даярдоого багытталган окуу программаларын киргизүү жана башка адистиктер боюнча ГОСТторду кайра карап чыгуу; (ii) "Врачтын депозити" Программасын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды кайра карап чыгуу; (iii) Диплом алаардын алдындагы медициналык жана фармацевттик билим берүүнү өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу; (iv) мамлекеттик бюджеттин эсебинен даярдык алышкан адистердин милдеттүү түрдө мамлекеттик бөлүштүрүү тартибин жана милдеттүү эки жылдык иштеп берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жоопкерчиликти кароо.
293. Коомдук саламаттык сактоонун ролун күчөтүү боюнча төмөнкү чаралар каралган: (i) "Ден-соолук маселелери боюнча жамааттардын күч-аракеттери" моделдин алкагында калк менен иштөөнүн жаңы мамилелерин өнүктүрүү жана ден-соолукту коргоонун жана бекемдөөнүн актуалдуу маселелери боюнча айылдык комитеттердин ишин кеңейтүү; (ii) кызматтын натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн ченемдик-укуктук базаны кайра карап чыгуу; (iii) коомдук саламаттык сактоо кызматында контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жаңыдан түзүлгөн Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүп берүү менен структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү; (iv) базалык лабораторияларды жабдуу жана аккредитациялоо.
294. Саламаттык сактоо системасында рыноктук механизмдерди өнүктүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча механизмдер иштелип чыгат жана киргизилет, ошондой эле саламаттык сактоонун кээ бир мамлекеттик уюмдарын өзүн-өзү каржылоого өткөрүү ишке ашырылат.
8.6. Эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу
295. Кыргызстандын эмгектик ресурстарынын сандык дарамети абдан жогору катары бааланат. Мурдагы жылдардын аралыгында эмгек рыногунда суроо-талаптын сунушка караганда ашыктык кылган кырдаалы байкалган, бул жумушсуздуктун ылдам өсүшүнө алып келет.
296. Акыркы жылдары жумушсуздардын саны штаттардын кыскарышы боюнча өндүрүштөн бошотулган жана коммерциялык уюмдардын жоюулушуна байланыштуу бошотулган жарандардын эсебинен гана толбостон, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик башкаруунун реформасына байланыштуу өсүүдө.
297. 2012-жылдын 1-январына карата жалпысынан өлкө боюнча жумушчу күчтөрдүн сунушу суроо-талаптан дээрлик 32 эсеге ашкан, ал эми айрым региондордо бул көрсөткүч ондогон эсе жогору. Мамлекеттик сектор жумушчу орундарды дээрлик түзбөйт, жумушчу орундарды түзүү үчүн реалдуу потенциалга жеке сектор гана ээ. ЭЭУнун методологиясы боюнча эсептелүүчү жалпы жумушсуздуктун деңгээли 2009-2011-жылдары 8,4%дан 8,6%га чейин өскөн.
298. Ишке орноштуруунун мамлекеттик кызматтарына кайрылгандардын саны 160-170 миң адам деңгээлинде өзгөрүлүп турат. 2012-жылдын башына карата республиканын шаардык, райондук ишке орноштуруу кызматтарында иш издеген 95 миңге жакын адам эсепте турган, алардын ичинен 61 миң адамдын жумушсуз деген расмий статусу бар.
299. Эмгек рыногундагы маалыматтык инфраструктуранын жетиштүү өнүкпөгөнү, кадрлардын квалификациясын жогорулатууда, даярдоодо, кайра даярдоодо мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүүлүгү эмгек рыногунда жумушчу күчүнө суроо-талап менен сунуштун ортосунда тең салмактуулукка жетишүүдө айрым бир тоскоолдуктарды жаратууда.
300. Өкмөттүн ролу жеке сектордун өндүрүмдүүлүгү өсүп жана жогорулай турган тийиштүү чөйрөнү камсыз кылууда, ошондой эле расмий катталган жумушсуз жарандарды социалдык коргоо чараларын көрүүдө турат.
301. Калкты ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү боюнча саясаттын чаралары төмөнкүлөргө багытталат: (i) эмгек рыногундагы суроо-талапты жана сунушту аныктоо (изилдөөлөрдүн негизинде); (ii) жумушсуз жарандарды кесиптик даярдоону жана кайра даярдоону өркүндөтүү; (iii) жумушсуз жарандарды микрокредиттөөнүн системасын өнүктүрүү; (iv) эмгек рыногундагы маалыматтык инфраструктураны өнүктүрүү жана иш издөөдө жумушсуз жарандарга жардам көрсөтүү; (v) убактылуу иш менен камсыз кылуу боюнча социалдык долбоорлорду кеңейтүү; (vi) жаңы жумушчу орундарды түзүү, анын ичинде айыл жеринде түзүү боюнча активдүү чараларды көрүү; (vii) жумушчу күчтөрүн курамында аялдарды ишке орноштуруу жолу менен аялдардын үлүшүн жогорулатуу; (viii) калкты иш менен камсыз кылуу маселелеринде социалдык өнөктөштүктү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаңы Эмгек кодексин иштеп чыгууну кошо алганда өнүктүрүү.
8.7. Маданият, диний аспекттер
8.7.1. Маданият
302. Өкмөт маданияттын социалдык өнүктүрүүгө кошкон салымын толук түшүнөт. 2009-жылы "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы кабыл алынган, ал эми "2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында маданиятты жана искусствону өнүктүрүү" Улуттук программанын алкагында коомдук турмуштун бул багытын өнүктүрүү боюнча бир катар демилгелер кабыл алынган.
303. Ошого карабастан материалдык жактан төмөн камсыздалуу жана ченемдик-укуктук базанын айынан бир катар чечилбеген көйгөйлөр бар.
304. Ал тургай "Тарыхый-маданий мурасты коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бузулуп, эстеликтердин сырткы келбети өзгөрүп, талаптагыдай эмес колдонуу алардын бузулушуна жана айрым эстеликтердин да, ошондой эле тарыхый чөйрөнүн баалуу сапаттары жана бүтүндүгү жоголууда. Көп учурларда бийликтин жергиликтүү аткаруу органдары коргоо зоналарында эстеликтерди курууга уруксатты алардын сакталуу маселелерин эске албастан уруксат берүүдө. Бул көйгөй айыл калкынын жакырдыгынын жогору деңгээли менен ого бетер тереңдейт, мында маданият эстеликтерин ойдогудай колдонуудан кыска мөөнөттүү пайда алууга умтулушат.
305. Кызматтарды көрсөтүүдө айыл жергеси менен шаардын ортосундагы диспропорция өзгөчө кооптонууну пайда кылат, бул кадрларды даярдоо/кайра даярдоо системасынын жоктугу менен ого бетер тереңдейт.
306. Маданий мурасты сактоонун маанилүүлүгүн аңдап-түшүнүү менен бул багыттагы биринчи кадам болуп маданий баалуулуктардын бирдиктүү электрондук улуттук базасын иштеп чыгуу жана киргизүү саналат.
307. Мындан тышкары, Өкмөт тарыхый-маданий мурасты сактоо боюнча долбоорлук методдору киргизет, бул маданият эстеликтеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле маданий мурасты популярдаштыруу үчүн жергиликтүү жана республикалык маанидеги маданий-эс алуу иш-чаралардын жыйынды Улуттук календарын, маданий-эс алуу иш-чараларга туристтерди тартуу программасы менен катар эле иштеп чыгуу болжолдонууда.
308. Айыл жергесинде маданиятты өнүктүрүү максатында региондордо гастролдорду жана театрдык-оюн зоок иш-чараларын өткөрүүгө дем берүүчү механизмдер киргизилет.
309. Өкмөт ошондой эле, кадрларды даярдоо системасын жакшыртуу боюнча, ошондой эле гранттык окутууга өлкөнүн маданият кызматкерлерине керектөөлөрүн эске алуу менен буюртманы түзүүнү кошо алганда ишти жүргүзүүнү, ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайларда адистерди максаттуу окутуу/кайра даярдоо механизмдерин түзүүнү пландаштырууда.
8.7.2. Дин
310. Кыргыз Республикасы көп конфессиялуу өлкө болуп саналат, мында калк 30тан ашык диний багыттарды жана агымдарды карманат. "Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында Өкмөт бардык конфессиялардын дин тутуу эркиндигин коргойт. Акыркы жылдары мамлекеттик органдардын, ӨЭУлардын, донордук уюмдардын катышуусунда дин чөйрөсүндө көйгөйлөрдү, талаш-тартыштарды жөнгө салууда "тегерек столдордун", семинарлардын, тренингдердин сериясынын алкагында диний аралык ынтымакты жана сабырдуулукту сактоо боюнча активдүү иш жүргүзүүдө.
311. Диний экстремизмге жана радикализмге каршы туруу боюнча ички иштер органдарынын дараметин жогорулатуу үчүн 2011-жылы өлкөнүн бардык региондорунда милициянын участкалык инспекторлору үчүн окутуучу тренингдер өткөрүлгөн.
312. Бирок, Өкмөттүн күч-аракетине карабастан бүгүнкү күндө өлкө ичинде да, региондо да диний экстремизмдин жана терроризмдин коркунучу актуалдуу. Айыл жериндеги жаштар арасында жакырдык жана жумушсуздук экстремизмдин жана терроризмдин тарапкерлеринин өсүшүнө алып келүүдө. Бүгүнкү күндө секталардын жана диний агымдардын так санын алардын жашыруун иштөөсүнө байланыштуу аныктоо абдан кыйын.
313. Диний билим алган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө, бирок алардын саны жана билиминин сапаты жөнүндө мамлекеттин маалыматы жок.
314. Ар тараптуулук жана ар кандай конфессиялардын жана жамааттардын ортосунда диалогдун жоктугу диний агымдардын радикалдашуусунун коркунучун түзөт. 2010-жылдагы июнь окуялары көп көйгөйлөрдү, анын ичинде бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен чечүү зарыл болгон диний мүнөздөгү көйгөйлөрдү аныктады.
315. Мындан тышкары, айрым диний уюмдардын ишинин саясатташуусунун жигердүү процесси тынчсызданууну пайда кылууда, бул коомдогу чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.
316. Диний экстремизмдин коркунучун алдын-алуу үчүн Өкмөт ички иштер органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен, ошондой эле диний уюмдар менен чогуу иштөөнү улантат. Ошондой эле чет өлкөдө жана өлкөдө диний билим алган жарандарды эсепке алуу үчүн механизм иштелип чыгат.
317. Бирдиктүү аянтчаны түзүү максатында дин маселелери боюнча кеңешүүчү орган - Диндер аралык кеңеш түзүлөт. Бул кеңеш диний уюмдардын радикалдашуусунун жана саясатташуусунун төмөндөшүнө өбөлгө болот.
8.8. Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү
318. Акыркы жылдары дене тарбия жана спорт өлкөдө жигердүү өнүгүүдө. Кыргызстандын спортсмендеринин дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликтүү чыгуулары бул чөйрөнүн өнүгүп жаткандыгынын талашсыз далили болуп саналат, дүйнөлүк чемпионаттарды, эл аралык турнирлерде медалдарды жеңип алууда. Кыргызстандын спортсмендеринин эл аралык спорттук аренада ийгиликтүү чыгуусу жаштарды дене тарбия жана спорт менен алектенүүсүнө тартууда. Өкмөт тарабынан жыл сайын айыл жаштарынын арасында республикалык мелдештер, мектеп окуучуларынын спартакиадалары, универсиадалар, чемпионаттар жана биринчиликтер өткөрүлүүдө.
319. Ошону менен бирге бул чөйрөдө инфраструктуранын жана спорттук шаймандардын бар болуу деңгээлинин абдан төмөндүгү байкалууда. 1992-жылдан тартып мамлекеттик бюджеттин эсебинен бир да спорттук объект курулган эмес. Жалпы билим берүү мектептеринин жарымынан азы спорт залдары менен камсыздалган жана шаймандар 15-20 жыл бою жаңыртылган эмес: калктын спорттук курулмалар менен камсыздалышы 16%дан 1%га чейинкини түзөт.
320. Калктын ар кандай топторунун, анын ичинде балдар менен өспүрүмдөрдүн ден-соолугунун абалынын начарлашы байкалууда: 20% мектепке чейинки балдар жана 80% мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн ден-соолугунун абалында четтөөлөр бар. Дене тарбия жана спорттун жалпыга жайылтылышы болгону 6-7%ды түзөт, бул генофонддун коопсуздугунун босоголук деңгээлинен (15%) төмөн. Мында айыл жериндеги кедейликтин жогору деңгээли региондордо спортту жайылтуу үчүн чоң бөгөт болууда.
321. Орто мөөнөттүү келечекте Өкмөттүн иши (i) спорттун инфраструктурасын өнүктүрүүгө; (ii) машыктыруучу-окутуучу курамдын санынын өсүшүнө багытталат.
322. Инфраструктуранын материалдык камсыздалышын оптималдаштыруу үчүн балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектептеринин тармактарынын спорттук базаларын түгөлдөө жүргүзүлөт жана "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилет.
323. Дене тарбия жана спорт жагында кадрлардын сапатын жана санын жогорулатуу максатында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт боюнча академиясынын адистерин даярдоону Болонь системасына өткөрүү, ошондой эле "Машыктыруучулардын жогорку мектеби" кыска мөөнөттүү курстарын өткөрүү пландаштырылууда.
8.9. Гендердик теңчиликке жетишүү саясаты
324. Кыргыз Республикасы ООНдун гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган бар катар базалык документтерине кол койгон жана ратификациялаган. Эл аралык демилгелерге кошулуп, Кыргызстан өлкөдө гендердик теңчилик саясатын алга илгерилетүүгө ниеттенет.
325. Гендердик саясатты натыйжалуу алга илгерилетүү үчүн ченемдик укуктук база түзүлгөн, төмөнкүлөр кабыл алынган: (i) "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана (ii) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексине жана башка мыйзамдарына атайын чараларды киргизүү Парламентте, Өкмөттө, сот корпусунда аялдардын өкүлчүлүгүн камсыз кылды.
326. Гендердик теңчиликке жетишүү жагында Өкмөттүн ролу гендердик басмырлоону жоюуга багытталган укуктук жана институттук өзгөртүүлөрдү жүргүзүүдө турат.
327. Ошондуктан гендердик теңчиликке жетишүү саясаты гендердик саясатты институттук чыңдоо, ошондой эле гендердик теңчилик саясатын улуттук, сектордук жана региондук стратегиялык документтерге интеграциялоо чараларын финансылоо аркылуу гендердик демилгелерди алга илгерилетүүгө багытталат. Орточо мөөнөттүү келечекте гендердик саясатты алга илгерилетүү боюнча негизги демилгелер төмөнкүлөр болот: (i) гендердик саясат жагынан улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү, аны эл аралык укуктук стандарттарга ылайык келтирүү, аялдардын статусун жогорулатууга, алардын укуктары менен таламдарын коргоого, аялдар менен эркектердин ортосундагы теңчиликти кубаттоого багытталган укуктук, уюштуруу, администрациялык чараларды көрүү; (ii) гендердик саясатты турмушка ашыруу боюнча институттук механизмдерди түзүү; (iii) гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу; (vi) гендердик теңчилик маданиятын тарбиялоо жана пропагандалоо.
328. Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча саясаттын негизги чаралары төмөнкүлөр болот: (i) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; (ii) Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенцияны (СЕDАW) турмушка ашыруу жөнүндө улуттук докладды даярдоо; (iii) ченемдик укуктук актылардын жана өнүктүрүү программаларынын бардык долбоорлорун милдеттүү түрдө гендердик экспертизалоону жүргүзүүнүн алда канча өркүндөтүлгүн механизмдерин иштеп чыгуу; (iv) 2020-жылга чейин гендердик өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жана бекитүү, аны ийгиликтүү турмушка ашыруу үчүн биринчи этапта 2012-2014-жылдары гендердик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планы иштелип чыгат жана бекитилет; (v) жаңжалдарды четтетүү, жөнгө салуу жана чечүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча ООНдун Коопсуздук Кеңешинин 1325 (2000-ж.) жана 1820 (2008-ж.) резолюцияларын аткаруу боюнча Иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу жана бекитүү. Бул пландар Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн ушул планынын (2012-2014-жж.) ажыралгыс бөлүгү болуп саналат.
IX. Коопсуздук
9.1. Ички жана тышкы коопсуздук
9.1.1. Укук тартибин орнотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз
кылуу
329. 2010-жылдагы өлкөдөгү саясий окуялар ички коопсуздук чөйрөсүндө көйгөйлөр топтолгонун ачык көрсөттү. Уюштуруу-башкаруу жана өзгөчө, кадр ишинде кетирилген каталардын жана кемчиликтердин натыйжасында укук коргоо органдары начарлаган, калктын ишенимин жоготкон жана өз функцияларын толук жүзөгө ашыра алган эмес. Мында укук коргоо органдарына мүнөздүү болгон: (i) уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү; (ii) коомдук коопсуздукту камсыз кылуу; (iii) превентивдүү чаралар жана терс процесстер жана карама-каршылыктар, анын ичинде улуттар аралык жаңжалдар чөйрөсү жөнүндө өлкөнүн саясий жетекчилигине маалымдоо сыяктуу функциялар экинчи планга өткөн.
330. Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо, кылмыштуулуктун кулач жайышы жана анын бийлик түзүмдөрү менен камыр-жумур болуу фактыларынын бети ачылган. Менчикти соттун чечимдери болбостон алып коюу, менчикти рейдерлик тартып алуу көнүмүш болуп калган. Укук коргоо органдарынын адилетсиз чечимдери бизнес тарабынан ишеним деңгээлин улам көбүрөөк төмөндөткөн. 2011 - Менчик укуктарынын эл аралык индексинин рейтингине Кыргызстан кирбей калган.
331. 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын каргашалуу тажрыйбасына таянып, Кыргызстандын биримдигин сактоо, региончулдук жана улутчулдук мүнөздөгү көрүнүштөрдү четтетүү боюнча таасирдүү чараларды көрүү, наркотрафикке, уюмдашкан кылмыштуулукка жана экстремисттердин келишине каршы аракеттенүү, коопсуздук жагдайын түзүү укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда иштин максаттуу багыты болуп калат.
332. Бүткүл укук коргоо блогун анын ишин карапайым жарандардын укуктарын коргоо таламдарына баш ийдирүү максатында реформалоо, коррупцияны, криминал менен байланышты, кыйноону жана зомбулукту колдонууну, адам укуктарын бузууну жоюу укук тартибин орнотууда жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда чечүүчү кадам болуп калат. Өкмөт коомду жана экономиканы криминалдан арылтуу боюнча чараларды, анын ичинде Уюмдашкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыкты түзүү боюнча таасирдүү чараларды көрдү. Уюмдашкан кылмыштуу топтордун алда канча таасирдүү мүчөлөрү камакта олтурат же өлкөнүн чегинен тышкары жакта жашырынып жүрөт.
333. Укук коргоо органдарынын системасын реформалоону төмөнкүдөй багыттар боюнча жүргүзүү пландалууда: (i) тергөөчүлөрдүн өзгөчө статусун процесстик бекемдөө; (ii) алгачкы тергөөчүлөр институтун кайрадан калыбына келтирүү; (iii) жарандык, администрациялык жана жазык иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын статусун мыйзамдуу бекемдөө (жалпы көзөмөл функцияларын алып салуу); (iv) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыкты (МАИ) реформалоо; (v) эң жаңы технологияларды колдонуу менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин алдында атайын техникалык бөлүмдөрдү түзүү; (vi) укук тартибин жана коомдук коопсуздукту жана башкаларды камсыз кылуу чөйрөсүндө борбордук органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүү.
334. Жарандык коомдун катышуусу менен коомдук тартипти камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында төмөнкүдөй чаралар ишке ашырылат: (i) укук коргоо органдарына көмөктөшкөндүгү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрүн кубаттоо жана стимулдаштыруу механизмдерин иштеп чыгуу жана киргизүү; (ii) элдик кошунду (ДНД) кайрадан калыбына келтирүү; (iii) күбөлөрдү коргоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу жана киргизүү; (iv) региондордо Коомдук алдын алуу борборунун (КАБ) жигердүүлүгүн арттыруу; (v) калктан куралды сатып алуу жана алып коюу боюнча чараларды кеңейтүү.
335. Шаарларда жана ири калктуу конуштарда укукка жат аракеттерди жана жол-транспорттук кырсыктарды белгилөө максатында видео менен байкоо жүргүзүү системаларын орнотуу аркылуу "Коопсуз шаар" долбоору ишке ашырылат.
336. Функциялык параллелизмди кыскартуу жана бюджеттик чыгымдарды азайтуу максатында экономикалык кылмыштарды тергөө боюнча функцияларды бир органга топтоо менен экономикалык жана кызматтык кылмыштарды тергөө жагынан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосунда функцияларды оптималдаштыруу жана так чектөө жүргүзүлөт.
9.1.2. Тышкы коопсуздук
337. Кыргыз Республикасы өзүнүн Куралдуу күчтөрүн чыңдоону улантат жана улуттук кызыкчылыктарга ылайык эл аралык өнөктөштөр менен аскердик чөйрөдө кызматташат.
338. Өкмөт Кыргыз Республикасынын башкы командачысы тарабынан демилге кылынган коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана улуттук коопсуздукту чыңдоонун бирдиктүү концепциясын даярдоого активдүү катышат.
339. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин (МУКК) реформалоо укук коргоо органдарынын арасында иш милдеттерди так бөлүштүрүүнүн негизинде тездетилет. Атайын кызматтардын иши тышкы коркунучтардын алдын алууга жана четтетүүгө, терроризмге каршы күрөшүүгө толугу менен багытталат.
340. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматта структуралык кайра түзүүлөрдү жүргүзүү аркылуу "Баткен өткөөлү" күчөтүлөт.
341. Аскердик бөлүктөр жана түзүлүштөр жагындагы жүргүзүлгөн реформалар: (i) Кыргыз Республикасынын МУККнун Чек ара кызматына өз алдынча органдын статусун берет; (ii) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ичиндеги структуралык кайра түзүүлөрдүн эсебинен "Тоо аткычтар" бөлүмчөсү түзүлөт.
342. Жеке курамды даярдоонун билим берүү стандартынын сапатын жогорулатуу, техникалык жана моралдык жактан эскирген аскер техникасын жана курал-жарактарды акырындык менен алмаштыруу, ошондой эле бардык материалдык-техникалык жабдууларды жакшыртуу үчүн төмөнкүдөй чараларды көрүү болжолдонот: (i) авиация, зениттик-ракеталык, радиотехникалык түзүлүштөр, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн АЧК бөлүктөрү үчүн адистерди даярдоо; (ii) аскерлерди башкаруу органдарында санариптик автоматтык телефон станцияларын жана VP№ байланыш каналдарын орнотуу.
9.2. Сот системасын реформалоо жана менчик укуктарын кепилдикке
алуу
343. Сот системасын реформалабастан мамлекеттин жана коомдун бардык чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформалардан күтүлгөндөй толук натыйжага жетишүүгө мүмкүн эмес.
344. Сот системасын түзүүдөгү башкы проблема иштин натыйжасынын ачык-айкындыгын жана коом тарабынан контролдуктун жоктугунан болууда. Кыргыз Республикасынын сот системасы адам укуктарын жана эркиндигин коргоонун көз карандысыз институту катары коомчулуктун ишенимин жоготту.
345. Криминалитетти түп тамырынан жоюуга багытталган, Өкмөт тарабынан демилге кылынган чаралар азырынча тиешелүү натыйжаларды бербей жатат, анткени сот системасында компетентсиздик, ошондой эле сот корпусунун бир бөлүгүндө коррупциялашуу орун алган.
346. Ошондуктан сот системасын реформалоо маселеси бүгүнкү күндө актуалдуу жана кечиктирилгис болуп саналат. Сот системасын реформалоо төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө багытталат: (i) сотторду тандоо жол-жоболорунун ачык-айкындыгы жана анын критерийлерин өркүндөтүү; (ii) ведомстволук сайттарда кабыл алынган сот чечимдерин жайгаштыруу менен иштерди кароо натыйжасын жана сапатын жогорулатуу; (iii) соттун чечимдерин аткаруунун деңгээлин көтөрүү; (iv) көз карандысыз соттор кеңешин жана башка соттук өз алдынча башкаруу органдарын түзүү, Соттор съезди аркылуу соттордун өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү; (v) анча эмес укук бузуулар үчүн эркинен ажыратуу мөөнөттөрүн азайтуу.
347. Жүргүзүлүп жаткан сот системасын реформалоонун алкагында менчик укуктарын бузуулар боюнча соттук иштерди кароодо ачык-айкындуулукту камсыздоо негиз катары алынат. Өкмөт мында төмөнкүдөй конкреттүү чараларды сунуштайт: (i) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укук нормаларына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында улутташтыруу жол-жоболору кайра каралган жана аталган жол-жоболор бекемделгенге чейин улутташтыруу аркылуу жеке менчиктен өзүм билемдик менен ажыратууга мораторий киргизүү; (ii) мүлктү алып коюунун акыйкат механизмдерин жана мүлктүн рыноктук наркын толук компенсациялоону кароочу атайын мыйзамдарды кабыл алууну кошо алганда мамлекет тарабынан жеке менчикти алып коюуну жүргүзүүгө (реквизиция, коомдун кызыкчылыгында мажбурлап сатып алуу, убактылуу алып коюу ж.б.) укук берүүчү негиздердин жабык тизмесин аныктоо.
9.3. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо
348. Өлкөнүн басымдуу көпчүлүгүнө мүнөздүү бийик тоолуу аймак (96%) жаратылыш жана антропогендик таасирлерге экосистеманын өтө жакын экендигин айгинелейт. Ушуга байланыштуу социалдык-экономикалык жана институттук жагдайлар менен бирдикте экологиялык туруктуулукту камсыздоого байланыштуу миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарына (МЖӨМ) жетишүү жана өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн негиз түзөт.
349. Климаттык өзгөрүүлөргө жана жаратылыш ресурстарынын деградациялык процесстерине байланыштуу жаңы чакырыктар өз убагында чара көрүүнү талап кылуу менен жарандардын жашоо сапатына терс таасир тийгизет. МЖӨМ боюнча Кыргыз Республикасынын экинчи отчету климаттын өзгөрүшү экстремалдык аба-ырайынын начарлашынын көбөйүшүнө, экосистеманын бузулушуна, адамдардын ден-соолугуна коркунуч келтирүүгө, биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушуна, жер ресурстарынын деградациясына алып келе тургандыгын белгилейт. Айрыкча азык-түлүктүк жана энергетикалык коопсуздук маселелери актуалдуу, анткени алар өлкөдөгү жакырчылык деңгээлине түздөн-түз таасир этет.
350. Кыргызстандын жаратылышты коргоо сектору өлкөнүн кыска жана узак мөөнөттүү экономикалык кыйынчылыктарынын таасиринде туруп, ал финансылык ресурстарды чектейт. Каржылоонун жетишсиздиги мамлекеттик бюджеттин жетишсиздигинен гана эмес, ошондой эле экономикалык өнүктүрүүнү жана айрыкча региондордо жакырчылык деңгээлин өз ара байланышта кароо менен жаратылыш ресурстарын сактоо жана сарамжалдуу пайдалануу демилгесинин начардыгынан да болуп жатат.
351. Кыргыз Республикасы 13 эл аралык жаратылышты коргоо келишимдеринин жана конвенциялардын катышуучусу болуп саналат, алар боюнча милдеттенмелерди аткаруу экологиялык туруктуулукту колдоого көмөктөшүп, туруктуулук үчүн тышкы финансы каражаттарын тартууга, жакырчылык деңгээлин азайтуунун жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи катары өлкөнүн жашоо турмушун камсыздоону жогорулатууга мүмкүндүк берет.
352. Кыргызстандын бир кыйла тышкы карызы бар. Ошондуктан айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү боюнча аны улуттук долбоорлорго алмашуу иштерди илгерилетүү өзгөчө актуалдуу, ал мамлекеттик структуралардын туруктуу, максатка багытталган биргелешкен иш-аракетин талап кылат.
353. МЖӨМ боюнча (2010-ж.) Кыргыз Республикасынын Экинчи отчетунун рекомендацияларында жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдарды, анын ичинде жаратылышты пайдалануу режимдерин экологиялык жактан регламенттөө системаларын өркүндөтүү, жаратылыш ресурстарына ээлик кылуу, колдонуу жана тескөө функцияларын жөнгө салуу, Кыргызстан катышуучусу болуп саналган эл аралык макулдашууларга шайкеш келтирүү зарылдыгы белгиленген.
354. Аймактарды прогрессивдүү урбанизациялоо сапаттуу ичүүчү сууга жана канализация системаларына жеткиликтүүлүк төмөндөп баратышы менен коштолууда, стационардык булактардан жана автомобиль транспортунан чыккан заттардан аба булганууда, тиричилик калдыктарынын таштанды көйгөйлөрү көбөйүүдө. Химиялык заттарды сарамжалсыз пайдалануу айлана-чөйрө объекттеринин, айрыкча эскирген пестициддер көмүлгөн жерлерде булгануунун себептеринин бири болуп саналат. Бул багытта сектор аралык мамилелерди колдонуу менен химиялык заттарды тиешелүү тескөө боюнча комплекстүү программа иштеп чыгуу пландаштырылууда.
355. Кыргыз Республикасында биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголуу процесси байкалууда. Ысык-Көлдөгү эндемикалык ихтиофаунанын абалы өзгөчө тынчсызданууну жаратат. Жеткиликтүү каржылоонун жоктугунан улам биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча иштер өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында (ӨКЖА) гана жүргүзүлүүдө, алардын аймактарын кеңейтүү, потенциалды чыңдоо, продуктивдүү ландшафтарда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча стратегиянын иштеп чыгуу зарылдыгы турат.
356. Бул проблемаларды чечүү үчүн Өкмөт төмөнкүлөр сыяктуу демилгелерди илгерилетүүгө ниеттенет, булар: (i) мамлекеттик экологиялык саясатты жана мыйзамдарды реформалоо; (ii) климатты өзгөртүү боюнча улуттук саясатты иштеп чыгуу; (iii) улуттук экологиялык проблемаларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; (iv) биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу.
357. Мамлекеттик экологиялык саясатты жана мыйзамдарды реформалоонун алкагында уруксат берүү саясатын жана контролдук системаны бөлүү, улуттук экологиялык стратегиялык документтерди иштеп чыгуу жана кайра кароо боюнча иштер жүргүзүлөт. Экономикалык өнүгүүгө, жакырчылыкты азайтууга жана МЖӨМгө жетишүүгө айлана-чөйрөнүн салымын көрсөтүү үчүн ПРООН/ЮНЕП "Жакырчылык жана Айлана-чөйрө" демилгеси ишке ашырылат.
358. Кычкылтектин аздыгын жогорулатууну кошо алганда климаттын өзгөрүшүнө көнүгүшүү, анын кесепеттерин жеңилдетүү "жашыл экономика" принциптери жана имараттардын энергонатыйжалуулугун жакшыртуу боюнча чаралардын пакети жана улуттук саясат иштелип чыгат.
359. Улуттук экологиялык проблемаларды чечүү үчүн эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында глобалдуу экологиялык конвенцияларды жана макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткарууга багытталган бир катар долбоорлор ишке ашырылат.
360. ГЭФ жана башка донорлордун финансылык ресурстарын тартуу, "Туруктуу өнүгүүгө тышкы карызды алмашуунун" өлкө механизмин илгерилетүү, МАГАТЭ(2) алкагында радиациялык коопсуздукту ЕЭК ООН(3)нин эл аралык индикаторлорунун негизинде айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө улуттук докладды иштеп чыгуу аркылуу камсыздоо боюнча чараларды координациялоо иштерине айрыкча көңүл бурулат.
(2) МАГАТЭ - Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик
(3) ЕЭК ООН - БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясы
361. Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА) тармагынын потенциалын чыңдоо жана токой экосистемасын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт. Бирдиктүү токой фондунун жана ӨКЖА иштери, аңчылык жерлерин инвентаризациялоо иштери, ошондой эле Мамлекеттик токой фондунун аймагында жана андан сырткары жерлерде токой өсүмдүктөрүн отургузуу жүргүзүлөт.
362. Ведомстволор аралык жана сектор аралык кызматташтыкты төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүү артыкчылыкка ээ болот, алар: (i) "2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугу боюнча чаралардын комплексинде" каралган иш чараларды жүзөгө ашыруу; (ii) Стратегиялык экологиялык баа берүүнү ишке киргизүү үчүн негиздерди иштеп чыгуу; (iii) экологиялык саясатты жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процессине жарандык коомду тартуу жана маалымдоону жакшыртуу.
9.4. Табигый кырсыктардан жана кыйроолордон калктын жана
аймактардын комплекстүү коопсуздугун камсыздоо
363. Жаратылыш катаклизмдери, техногендик авариялар жылдан жылга барган сайын өлкөбүз үчүн коркунуч жаратууда. Адамзаттын турмушуна, жашоону камсыздоо объекттерине, калктуу пункттарга кыйла көбүрөөк коркунучту жер титирөө, көчкү, сел каптоо, кар көчкүлөр, бийик тоолуу көлдөрдүн жырып кетүүлөрү, жер алдындагы суулардын капташы келтирүүдө.
364. Кыргызстанда 14 миңден кем эмес коркунучтуу участоктор, табигый кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдардын райондору жана зоналары бар. Соңку жылдарда өлкөдө болгон табигый кырсыктарды талдоо ал жыл сайын өсүп бараткандыгын көрсөтөт. Ошондуктан калкты өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселеси мамлекеттин жана бардык деңгээлдеги башкаруу органдарынын артыкчылыктуу жана маанилүү милдети болуп санала тургандыгын эске алсак, тобокелдиктерди башкарууга мамлекет кыйла активдүү таасир этүү зарылдыгы бышып жетилди. Бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын оперативдүүлүгүн күчөтүү, күчтөрдүн жана каражаттардын даярдык деңгээлин, потенциалын чыңдоо боюнча иш-чараларды так аткарууга тийиш.
365. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча оперативдүү чечимдерди өз учурунда кабыл алуу кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун бирдиктүү тармагын андан ары өркүндөтүү жана өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюуда биринчи кезектеги мааниге алар боюнча натыйжалуу мониторинг жана болжолдоо жүргүзүү ээ болот. Бөлүнүүчү бюджеттик каражаттардын ар жылдык көлөмү негизинен өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жумшалат. Коркунучтуу жаратылыш процесстерин жана көрүнүштөрүн болжолдоо сапатын жакшыртуу, мамлекеттик бийлик органдарына, экономика тармактарына жана калкка гидрометеорологиялык тейлөө көрсөтүү үчүн гидрометеорологиялык байкоо жүргүзүү тармагын калыбына келтирүү жана техникалык жактан кайра жабдуу зарыл. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда маалыматтык-башкаруу системасы менен бирдикте натыйжалуу мониторинг түзүү жана болжолдоо превентивдүү иш-аракетти жакшыртууга, ал эми келечекте - өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюга чыгымдарды, адам курмандыктарын азайтууга мүмкүндүк берет.
366. Уран рудниктеринин жана кайра иштетүүчү ишканалардын көп жылдык иштеринин натыйжасында топтолгон өлкөдөгү 37 кен калдыктары жана 35 калдык сактагычтар өзгөчө тынчсызданууну пайда кылат. Кен калдыктарында жана калдык сактагычтарда тоо-кен өндүрүшүнүн 250 млн. куб метрге жакын уулуу жана радиоактивдүү калдыктары көмүлгөн.
367. Мамлекеттик бюджеттин тартыштыгынын шарттарында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү багыт болуп саналат.
368. Бул проблемаларды эске алуу менен Өкмөт Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасын өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул милдеттерди чечүүдө төмөнкүлөр болжолдонот: (i) Жарандык коргонуу жагында стратегиялык ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; (ii) табигый кырсыктардын жана кыйроолордун натыйжалуу мониторингин жана болжолдоону жогорулатуу; (iii) превентивдүү жана коргоо иш-чараларын өз убагында жүргүзүү жана (iv) ӨКтүн алдын алуу жана жоюу жагында эл аралык кызматташуу.
369. Жарандык коргонуу жагында стратегиялык ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуунун алкагында мыйзамга караштуу актыларды кошо алганда Улуттук платформа түзүү боюнча документтердин комплекти иштелип чыгат.
370. Табигый кырсыктардын жана кыйроолордун натыйжалуу мониторингин жана болжолдоону жогорулатуу үчүн төмөнкүдөй иштер аткарылат: (i) Чүй, Ош облустарында, Ош, Бишкек шаарларында кризистик кырдаалдарда башкаруунун (ККБ) 4 борбору ишке киргизилет, (ii) калкка маалымдоонун жана кабарлоонун жалпы мамлекеттик комплекстүү системасынын 9 борбору түзүлөт, (iii) Бишкек, Ош шаарларында - 7 облустук жана 56 райондук борбордо бирдиктүү мамлекеттик дежур-диспетчердик кызматтар ишке киргизилет.
371. Коргоо иш-чараларын өз убагында жүргүзүү үчүн радиоактивдүү жана уулуу калдыктар бар кен калдыктарында жана калдыктарды сактоочу жайларда рекультивациялык жана реабилитациялык иштер жүргүзүлөт. Коргоочу мүнөздөгү капиталдык курулуш боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери сапаттуу аткарылат. Башкаруу органдарын жана Жарандык коргонуу күчтөрүн даярдоо, Жарандык коргонуу жагында калк үчүн маалымдоо жана пропагандалоо иштери жүргүзүлөт.
372. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагында эл аралык кызматташтыктын алкагында жаратылыштык жана техногендик өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жагында эл аралык долбоорлорду тартуу жана ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
X. Региондорду өнүктүрүү
373. Региондорго карата мамлекеттик башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдарын реформалоодогу зарылдык региондордогу орун алган экономикалык жана социалдык проблемалар менен шартталган, алардын негизги себептери бардык деңгээлдердеги башкаруунун өнүгүшүн сапатсыз программалоо, ички жана тышкы экономикалык интеграциянын, социалдык багытталган жергиликтүү бюджеттердин жоктугу, бөлүштүрүү принциби боюнча түзүлгөн натыйжалуу эмес финансылык-бюджеттик система болуп саналат.
374. Жергиликтүү өнүктүрүү программасы негизинен бюджеттик ресурстарга таянат, аларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жергиликтүү жамааттардын, жеке бизнестин жана коммерциялык эмес уюмдардын өнөктөштүк ресурстары тартылган эмес, жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүү программасынын жана аны ишке ашыруу шайманы катары бюджеттин ортосунда логикалык байланыш жок.
375. Натыйжасыз финансы-экономикалык саясаттан улам социалдык-экономикалык өнүгүүдө региондорду салтка айланган бөлүштүрүү сакталып келет: (i) өнүккөн: Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облустары; (ii) орточо: Жалал-Абад облусу, Ош шаары; (iii) начар: Баткен, Талас, Нарын жана Ош облустары.
376. Өлкөнүн ИДПсынын жарымынан көбүн өндүрүү Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын эсебинен түзүлөт. ИДПга өтө аз салым Баткен облусуна (3,21%), Талас облусуна (3,53%) жана Нарын облусуна (3,52%) туура келет.
377. Жакырчылык деңгээлинде региондук бир топ айырмачылык сакталып келүүдө. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча жакырчылык деңгээли 40%тен ашкан төрт регион белгиленди: Нарын облусу - 53,5%; Жалал-Абад облусу 44,7%; Талас облусу - 42,3% жана Ош облусу - 41,9%. Калган региондордо бул көрсөткүч 40%тен төмөн. Иш жүзүндө бардык региондордо жакырчылык деңгээли шаарларга караганда айылдарда төмөн.
378. Жашоо минимумуна карата орточо айлык эмгек акынын орточо катнашы Бишкек шаарында (2,36), Ысык-Көл облусунда (2,03) болду. 2008-2010-жылдары бул көрсөткүчтүн эң төмөн мааниси Ош облусунда (0,99) болду, башкача айтканда бул регион боюнча орточо айлык эмгек акы 2008-2010-жылдары жашоо минимумунан төмөн болгон.
379. Региондорду өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы олуттуу айырма артта калган региондордун эмгекке жарамдуу калкынын кыйла ийгиликтүү өнүккөн жакка миграциясына алып келет. Калктын ички мобилдүүлүгүнө таасир эткен негизги фактор жумушчу күчүнө суроо-талаптарга карата региондордун экономикалык өнүгүшүндө диспропорциялардын болушу саналат, буга ылайык калктын кирешелеринин региондук дифференциациясы болот.
380. Жала-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында эмгек ресурстарына керектөө Бишкек шаарына жана Чүй облусуна караганда 5-10 эсеге аз. Бүгүнкү күндө Бишкек шаары жана Чүй облусу өлкөнүн региондорунан мигранттар агылып келген зонага айланды. Бишкек шаарына ички мигранттар негизинен Баткен областынан - 25,7%, Нарын областынан - 19,1%, тийиштүүлүгүнө жараша Ош жана Жалал-Абад облусунан - 15,6% жана 15,0% келүүдө.
381. Ошону менен бирге калктын тышка кетүү динамикасы сакталууда. Калктын негизги кетүүсү Чүй областына жана Бишкек шаарына туура келет. Бул Бишкек шаары, ошондой эле Чүй областы "транзиттик аймак" болуп санала тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Ош областы калган региондорго салыштырмалуу Россия Федерациясына мигранттарды "берүүчүлөр" боюнча лидер, РФга Кыргызстандан калктын жалпы кетишине карата 36,9%ти түзсө, область боюнча - 72,8%.
382. Региондор үчүн калктын кетишинин себеби квалификациялуу эмгек ресурстарынын тартыштыгы жана жашоо үчүн региондун ыңгайлуу эместиги, бул мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде кечиктирүүсүз аракет кылууну талап кылуучу жагдай болуп саналат.
383. Белгиленген проблемаларды чечүү үчүн Өкмөт административдик-аймактык реформа, мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну реформалоо аркылуу региондордун экономикасында жана социалдык өнүгүшүндө сапаттуу өзгөрүүлөргө шарт түзүүгө күч-аракет жумшайт. Мамлекеттик башкарууну децентралдаштырууга көмөктөшүү менен жергиликтүү жамааттарга дагы көбүрөөк укуктар берилип, аны менен калк жакырчылыкка каршы күрөшүү процессине толук тартылат.
384. 2014-жылга карата Кыргыз Республикасы региондук экономиканын көрсөткүчтөрү орточо, бирок туруктуу өскөн жана региондордогу калктын жашоо деңгээли жогорулаган өлкөгө айланууга тийиш. Бул үчүн төмөнкүдөй шарттар түзүлөт: (i) региондордун экономикалык өнүгүшү жагынан бирдей эместиктерди кыскартуу; (ii) жергиликтүү экономикалардын потенциалын жана алардын инвестициялык жагымдуулугун арттыруу; (iii) калктын айыл жерлеринен кетүүсүн кыскартуу; (iv) жергиликтүү жана региондук деңгээлде өнүктүрүү инфраструктураларын жана жеке-мамлекеттик өнөктөштүктү түзүү.
385. Региондорду комплекстүү өнүктүрүү үчүн жаңы Региондук өнүктүрүү концепциясы иштелип чыгат.
386. Региондорду өнүктүрүү экономикалык округдардан турган Кыргызстандын жаңы экономикалык матрицасын түзүүнү болжолдойт. Бул процесстин алкагында төмөнкүдөй милдеттерди чечүү белгиленген: (i) региондордун өндүрүштүк потенциалын болушунча пайдаланууну камсыздоо; (ii) "өсүү чекитин" колдоону комплекстүү пландаштырууну, региондун инфраструктурасын өнүктүрүүнү, анын ичинде суу менен борбордоштурулган жабдууну, региондор аралык экономикалык интеграциялоону эске алуу менен республикалык жана жергиликтүү өнүктүрүү программасын жана стратегиясын иштеп чыгуу; (iii) жергиликтүү жамааттардын, жеке бизнестин жана коммерциялык эмес уюмдардын негизги өкүлдөрүн региондорду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга тартуу; (iv) жергиликтүү бийликтин жана бизнестин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк системасын иштеп чыгуу; (v) региондук социалдык экономикалык программаларга жараша программалык бюджетти колдонуу менен жергиликтүү бюджеттерди иштеп чыгуу; (vi) бюджеттик дотацияларды түзүү системасын өркүндөтүү; (vii) инфраструктураларды калыбына келтирүүгө жана түзүүгө жергиликтүү бюджеттердин жана жергиликтүү жеке капиталдын салымдарын багыттоо; (viii) стратегияларды, инвестициялык демилгелерди жана долбоорлорду иштеп чыгууга региондордогу мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын потенциалын чыңдоо; (iх) региондук жана жергиликтүү бийлик органдарын башкаруу сапатын жогорулатууну камсыздоо; (х) бийлик органдарынын биргелешкен күч-аракеттери менен натыйжага жетишүүгө багытталган региондордогу ата мекендик өкмөттүк эмес уюмдардын жана эл аралык уюмдардын иш-аракеттерин координациялоонун мамлекеттик өнөктөштүк программасын жана жарандык сектор менен донордук уюмдардын программалары менен долбоорлорун иштеп чыгуу.
387. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуу системасын түзүү үчүн төмөнкүдөй чаралар каралган: (i) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келиши боюнча ченемдик укуктук актыларды инвентаризация жүргүзүү; (ii) мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүшүүнүн тартиби жөнүндө тармактык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу; (iii) көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтарга кызмат адамдарынын административдик жана жарандык жоопкерчилиги боюнча укуктук актыларды иштеп чыгуу; (iv) жергиликтүү потенциалды чыңдоого багытталган бюджет аралык мамилелер чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү; (v) жергиликтүү жыйымдар жөнүндө маселелер боюнча "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү; (vi) калкка муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча стандарттарды жана регламентти иштеп чыгуу; (vii) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү системасын (башкаруу, инфраструктуралык, маалыматтык ж.б.) иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү; (viii) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жана финансылык базасын чыңдоо; (iх) муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жеке бизнести жана коомдук секторду тартуу механизмин иштеп чыгуу; (х) калкка кызмат көрсөтүү боюнча райондордо көп функционалдуу борборлорду түзүү; (хi) муниципалдык кызматчыларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын иштеп чыгуу; (хii) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун алдында коомдук байкоочу кеңештерди түзүү.
XI. Күтүлгөн натыйжалар
388. Программаны ишке ашыруунун натыйжасында төмөнкүдөй негизги натыйжаларга жетишилет: (i) ИДПнын өсүшүн тездетүү 2011-жылдагы 5,7%тен жылына орточо 7,5%ке жетет; (ii) өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли 2010-жылдагы 33,7%тен 2014-жылга карата 28%ке азаят; (iii) ИДПга карата бюджеттин тартыштыгы 2011-жылдагы 5%тен 2014-жылга карата 2,6%ке азаят; (iv) 2012-2014-жылдары инфляциянын деңгээли 10%тен ашпай тургандыгы белгиленүүдө; (v) улуттук ири долбоорлордун аркасында чет өлкөлүк инвестициялар тартылат; (vi) бизнести жөнгө салууга мамлекеттин кийлигишүүсүн азайтуу, текшерүү жүргүзүү системасын минимумга жеткирүү, бизнес менен бийликтин өз ара аракетин жакшыртуу; (vii) өлкөнү өнүктүрүү маселеси боюнча маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууда жарандык сектордун өнөктөштүгү жана катышуусу.
XII. Корутунду
389. Бул Программаны аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарандык сектор менен ишкердүү өз ара аракеттенүүсүндө тыгыз жана макулдашылган иштери зарыл. Өлкөнүн өнүгүшүнүн туруктуулугу алардын ишинин жөнгө салынышына жараша болот.
390. Программаны ишке ашыруу элдин бийликке болгон ишенимисиз жана Өкмөттүн пландарын коомчулуктун колдоосуз мүмкүн эместиги айдан ачык. Азыркы өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү прогресс күчтүү саясий эрктин жана бийликке болгон элдин ишениминен гана ишке ашып жаткандыгын дүйнөлүк практика көргөзүүдө.
391. Бул Программаны ишке ашыруу үчүн элдин жана депутаттардын алдында Өкмөт жоопкерчилик тартат. Кыргызстандын мурдагы бийлиги өлкөнү өнүктүрүү документтердин Парламенттин бекитүүсүнө алып чыкпай, өз жарлыктары менен бекитишкен. Өлкөнү өнүктүрүү Программасы биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна чыгарылып жатат. Сунушталып жаткан реформаларды мыйзамдык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин колунда жана ал жактырылган учурда - урматтуу депутаттар, аларга тең авторлош болуп калат.
392. Кыргызстандын коомдук турмушунда өкмөттүк эмес уюмдардын (ӨЭУ) ролу кыйла өстү. Бийликти алмаштырууда, жаңы Конституцияны кабыл алууда жана башкаруунун парламенттик формасына өтүүдө жарандык коомдун салымы жогору. Демократиялык процесстерди чыңдоо үчүн жарандык коом менен бийликтин биргелешкен аракетинин формасы кеңейүүдө жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууда жарандык коомду реалдуу катыштыруу багытында алгачкы кадамдар жасалды. Жарандык коом бул Программаны талкуулоо жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө активдүү тартылат.
Ишке ашыруу процесси. Программа каржылоонун бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы булактары менен улуттук долбоорлордун пакеттери менен биргеликте ар жылдык пландарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу жүргүзүлөт.
393. Программаны оңдоо жөнүндө чечимдер үч жылдык Программанын ар жылдык пландарын ишке ашыруунун натыйжаларына мониторингдин жана баа берүүнүн маалыматтарынын негизинде кабыл алынат.
394. Программаны ишке ашыруу процессин башкаруу төмөнкүлөрдү карайт: (i) Программаны аткаруунун жүрүшүндө жетишилген професске карата саясий чечимдерди кабыл алуу үчүн ар жылдык пландарды ишке ашырууну системалуу талдоо жана баа берүү; (ii) долбоорлорду жана секторалдык программаларды ишке ашырууга чыгымдардын негиздүүлүгү; (iii) мүмкүн болуучу каржылоо булактарын аныктоо, инвестициялык долбоорлорду стимулдоо; (iv) секторалдык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүү; (v) Программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл жөнгө салуу - башкаруу чөйрөсүн түзүү; (vi) мониторинг жана баа берүү системасын ишке киргизүү, белгиленген максаттардан жана милдеттерден четтеп кетүүнү айкындоо жана зарыл түзөтүүлөрдү киргизүү.
395. Программанын ар жылдык пландарын ишке ашыруу боюнча бардык таламдаш жактардын макулдашылган иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жалпы координациясы менен камсыздалат.
396. Аткаруу бийлик органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот: (i) зарыл бюджеттик каражаттарды мобилизациялоо; (ii) финансы каражаттарын тартууну координациялоо; (iii) аткаруу бийлигинин борбордук, тармактык жана региондук органдарынын иш-аракеттерин макулдашуу; (iv) Программаны ишке ашырууга катышуу боюнча жеке сектор жана жарандык коом үчүн институттук шарттарды түзүү; (v) ушул Программанын алкагында сектордук программалар менен долбоорлорду ишке ашырууну координациялоо.
Мониторинг жана баа берүү. Программанын алкагында сектордук программалар менен долбоорлорду аткарууга дайыма мониторинг жүргүзүү жана баа берүү аны ишке ашырууда прогрессти жөнгө салуунун натыйжалуу шайманы болуп калат, ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет: (i) илгерилетүү процессинде түзөтүүлөрдү киргизүү аркылуу чечимдерди кабыл алууга жана (ii) өлкөнү жалпы өнүктүрүүгө алардын таасирине баа берүүгө.
397. Программанын системалык индикаторлору менен аны ишке ашыруунун бардык таламдаш жактары менен макулдашылган ар жылдык планы ушул Программанын алкагында 2012-2014-жылдарга белгиленген экономикалык жана социалдык артыкчылыктарды илгерилетүүдө прогресстин мониторингинин жана баалоонун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Чаралардын/иш-аракеттердин ар жылдык пландарына мониторингдин жана баа берүүнүн индикаторлорунун сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрү болот.
398. Мониторингдин жана баа берүүнүн индикаторлорунун комплекси төмөнкүлөрдү жөнгө салууга жана өлчөөгө мүмкүндүк берет: (i) жумшалган ресурстарды эске алуу менен Программаны аткаруу прогрессинин аралык натыйжаларын; (ii) коюлган максаттарды жана милдеттерди аткаруу индикаторлору аркылуу түпкү жыйынтыктарды; (iii) МЖӨМдү кошо алганда макроэкономикалык деңгээлге Кыргыз Республикасынын өнүгүү динамикасын Чагылдыруучу улуттук индикаторлорду.
399. Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Программаны ишке ашыруунун натыйжаларына мезгили менен баа берилип турат. Бул баа берүүнүн жүрүшүндө жетишилген прогресс кеңири талдоого алынып, начар жактары жана Программанын иш-чаралары менен долбоорлорду аткаруудагы кемчиликтер аныкталат. Алынган натыйжалардын негизинде үч жылдык Программаны ишке ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктөрдү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу, донордук коомчулук менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун күтүүлөрүн кыйла толук канааттандыруу боюнча саясий чечимдер кабыл алынат.
Тиркемелер:
1. Макроэкономикалык көрсөткүчтөр.
2. Улуттук долбоорлорду эске алуу менен 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөтүү программасынын бюджети.
2.1. Улуттук долбоорлордун бюджети.
1-тиркеме
Макроэкономикалык көрсөткүчтөр
Тиркелген файлды караңыз
2-тиркеме
Улуттук долбоорлорду эсепке алуу менен
2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасын
өнүктүрүүнүн орто мөөнөттү программасынын
БЮДЖЕТИ
Тиркелген файлды караңыз
2-1-тиркеме
Улуттук долбоорлордун
БЮДЖЕТИ
Тиркелген файлды караңыз