Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-ноябры № 795
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
3. Бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын юстиция министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 105-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордуна толтуруу менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.";
2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн төрт жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2. 106-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүздөн эки жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн жүз элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.".
3. 142-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн төрт жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат.".
4. 164-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөр "алты айлык мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен эл алдында кечирим суроого" деген сөздөр менен алмаштырылсын.;
2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(2) Ошол эле аракеттер:
1) жабырлануучунун кийимдеринен же жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда (чөнтөк уурулугу);
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын-ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
үч эселенген айып салууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же болбосо үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартууга же болбосо үч жылга чейин эркиндигин чектөөгө жазаланат.";
3-бөлүгүнүн биринчи пункту күчүн жоготту деп табылсын.
5. 165-статья күчүн жоготту деп табылсын.
6. 173-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
7. 178-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айыпка тартуу менен беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
8. 179-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 189-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"189-статья. Ачык соода, аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу
Мүлктүн ээсине, сооданы же аукционду уюштуруучуга, сатып алуучуга же чарба жүргүзүүчү башка субъектке ири зыян келтирип, ачык соода, аукцион же тендер өткөрүүнүн тартибин бузуу, -
эки жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айып салууга же элүү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
10. 192-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"192-1-статья. Пиво, алкогол жана тамеки продукцияларын жарнамалоо эрежелерин бузуу
(1) Пиво, алкогол жана тамеки продукцияларын жарнамалоо эрежелерин эки же андан ашык бузуу -
эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып салууга жазаланат;
(2) Ошол эле жосундар:
1) кызмат адамдары;
2) жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакторлору тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтөрдүн бир миңге чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.".
11. 195-1-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же эсептик көрсөткүчтөрдүн жүз элүүдөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо элүү эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен бир жылдан үч жылга жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.";
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "беш" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын.
12. 196-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн жүз элүүдөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо элүү эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга жазаланат.".
13. 200-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо эки жүз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
14. 201-статьянын экинчи абзацындагы "беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөр "үч жылга чейин эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 202-1-статьянын экинчи абзацындагы "эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо эки жылга чейин мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга" деген сөздөр "эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 217-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"элүү эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып тартууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
17. 218-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүз элүүдөн эки жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
18. 220-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"элүү эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен эки жүз кырктан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн төрт жүздөн алты жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
19. 222-статьянын 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацындагы "олуттуу" деген сөз алып салынсын;
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"элүү эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндөгү айыбын өндүрүү менен эки жүз алтымыштан үч жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
20. 234-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айып тартууга же болбосо жүз сексенден эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарын аткарууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
21. 235-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн жүздөн эки жүз элүүгө чейинки өлчөмүндөгү айып салууга же болбосо жүз сексенден эки жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарын аткарууга же болбосо эки жылга чейин мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
22. 258-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
23. 305-2-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
24. 349-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартууга же эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
25. 351-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жүз жыйырмадан жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына тартууга же болбосо эки жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 10, 442-берене) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 29-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(1) Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 65 жана 66-статьяларынын ченемдерине ылайык сот (судья), прокурор, ошондой эле тергөөчү прокурордун макулдугу менен төмөнкү учурларда адамды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу менен кылмыш ишин кыскартат:
- кырдаалдын өзгөрүүсүнөн улам эгерде жасалган жосун коомдук коркунучтуу мүнөзүн жоготсо;
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 281-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган, күнөөлүү адамдар тарабынан алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында жасалган кылмыш жөнүндө; ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштар жөнүндө кылмыш-жаза иштеринен башка учурларда адам коомдук коркунучтуу болбой калса;
- коомдон изоляциялоо менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча кылмыш-жаза ишин аксакалдар сотунун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө жабыр тартуучу менен айыпкер макулдашууга жетишкенде.".
3-берене.
"Аксакалдар соту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2002-ж., № 8, 378-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар жана алардын кызмат адамдары" деген сөздөр "кылмыш иштерин кароо укугуна ээ болгон башка укук коргоо органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүндөгү "же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка өкүлчүлүктүү органынын" деген сөздөр алынып салынсын.
2. 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аксакалдар сотунун курамына Кыргыз Республикасынын кырк жашка чыккан, бүткөрүлгөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде 5 жылдан кем эмес жашаган, айылдын, шаарчалардын жана шаарлардын калкынын арасында сый-урматка жана кадыр баркка ээ болгон, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча, аксакалдар сотунун алдына коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү жарандары шайлана алышат.".
3. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы е) пункту менен толукталсын:
"е) коомдон бөлүү менен байланышпаган жаза каралган анча оор эмес кылмыштар боюнча".
4. 18-статьянын в) пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) сот, прокурор жана кылмыш иштерин кароо укугуна ээ болгон башка укук коргоо органдары тарабынан өткөрүлүп берилген материалдар;".
5. 28-статьянын 1-бөлүгүнүн д) пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген эң төмөнкү үч айлык акыга чейинки өлчөмүндө" деген сөздөр алып салынсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|