Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-ноябры № 797
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр |
| Ж.Сатыбалдиев |
|
| Долбоор |
1-берене.
"Маданият жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2009-ж., № 4. 341-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 9-берененин 1-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын жарандары" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан кызмат көрсөтүүлөр "Фонограммалар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|