Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 11-мартынлагы 2022-жылдын № 131 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-ноябры № 798
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Тиркеме "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген |
Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын ТИЗМЕСИ
┌────────────────┬────────────────────────────────────────────────────┐
│ ТЭИ ТН коду │ Товарлардын аталышы │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3706 │Дүлөйлөр үчүн сурдо-котормолуу (жаңсоо тилмечтүү) │
│ │жана субтитрлүү кинофильмдер <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│4901 99 000 0; │Рельефтик-чекиттүү Брайля шрифти, ошондой эле │
│4911 99 000 0 │бекитилген шрифт менен чыгарылуучу адабият (көзү │
│ │начар адамдар үчүн) <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│6602 00 000 0 │Майыптар үчүн ичке таяк, балдак жана чыканак такооч │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│7324 10 000 0; │Майыптарды тейлөө үчүн жылдырылма жуунгучтар <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8428 10 200 0 │Майыптарды тейлөө үчүн көтөргүчтөр <1> │
│8428 10 800 0; │ │
│8428 90 950 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8504 40 550 9 │Уктуруучу аппараттардын аккумуляторлорун заряддоо │
│ │үчүн түзүлүш <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8517 11 000 0; │Кулагы катуу жана дүлөйлөр үчүн телефондук │
│8517 69 900 0 │аппараттар (күчөткүчтүү, "жүгүрмө сабы бар │
│ │аппараттар ", "телеавтографтар" телефондук күчөткүч │
│ │насадкалар ж.б.) <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8518 50 000 0 │Электрдик үн күчөткүчтүү комплекттер, дүлөйлөрдү │
│ │жана начар угуучуларды окутуу үчүн, жекече жана │
│ │коллективдүү пайдаланылуучу үн күчөтүүчү аппаратура,│
│ │дүлөйлөр жана начар угуучулар үчүн үн-сөздүү │
│ │тренажерлор <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8519 81 200 0; │Сокурлар үчүн "сүйлөөчү китептерден" жазуу жана │
│8519 81 310 0; │көбөйтүү үчүн техникалык каражаттар <1> │
│8519 81 330 0; │ │
│8519 81 480 0; │ │
│8519 81 490 0; │ │
│8519 81 510; │ │
│8519 81 520; │ │
│8519 81 530; │ │
│8519 81 540; │ │
│8519 81 560; │ │
│8519 81 580; │ │
│8519 81 900 0; │ │
│8519 81 190 0; │ │
│8519 81 900 0; │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8523; │Кассетага, катушкага же компакт-дискке жазылган │
│8523 29 290; │"сүйлөөчү китеп" <1>; │
│8523 40 310 0; │ │
│8523 40 390 0; │Дүлөйлөр үчүн сурдо-котормолуу (жаңсоо тилмечтүү) │
│ │жана субтитрлүү кинофильмдер" <1>; │
│8523 40 510 0; │Дүлөйлөр үчүн субтитрлүү видеофильмдер <1> │
│8523 40 590 0; │ │
│8523 40 990 0; │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8529 90 │Дүлөйлөр үчүн жабык субтитрлүү телеберүүлөрдү │
│ │кабылдоо үчүн "телетекст" декодерлери <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8531 │Үн сигналдарынын жарык жана дирилдек │
│ │сигнализаторлору <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8543 70 900 9 │Үн угузуучу аппараттарды тиричиликтик аппаратурага │
│ │жана окуу жабдууларына, ж.б. кошуу үчүн адаптерлер │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8712 00 300 0; │Майыптар үчүн мотоколяскалар, майыптар үчүн │
│8712 00 800 0; │кресло-коляскалар сейилдөөчү (жол) жана бөлмөлүк │
│8713; │вело- жана кресло-коляскалар <1> │
│8713 10 000 0; │ │
│8713 90 000 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8714 20 000 0; │Майыптардын коляскаларынын бөлүктөрү жана тетиктери │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8716 80 000 0 │Майыптарды жана интернат үйлөрдө жана үйдө жашаган │
│ │кары-картаңдарды тейлеш үчүн ар түрдүү арналыштагы │
│ │арабалар (шейшеп, тамак-аш таратуу, идиш жыйноо ж.б.│
│ │үчүн), майыптардын жумуш орундарын жабдуу үчүн │
│ │атайын шаймандар <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9001 40 410 0; │Көзү начарлар үчүн линзалар <1> │
│9001 40 490 0; │ │
│9001 40 800 0 │ │
│9001 50 410 0 │ │
│9001 50 490 0 │ │
│9001 50 800 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9004 90 100 0; │Начар көрүүчүлөрдүн көзүн оңдоо үчүн атайын │
│9004 90 900 │телескоптук жана микроскоптук көз айнектер жана │
│ │аларды тандоо каражаттары <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9018 39 000 0 │Логопедиялык зонддор <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9019 20 000 0 │"Галокамера", "Галокабинет", "Аэрофитокабинет" │
│ │дарылоо-алдын алуу комплекстери, │
│ │аэрофитоустановкалар жана галогенераторлор │
│ │(ингаляторлор жана ар кандай түрдөгү жана типтеги │
│ │ингаляторлор), дем алдыруучу дирилдеткичтер, өпкө │
│ │тренажерлору <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9019 10 100 0; │Майыптарды реабилитациялоо үчүн пайдаланылуучу │
│9019 10 900 1; │тренажерлор, тредмилдер жана велоэргометрлер <1> │
│9019 10 900 9; │ │
│9019 91 100 0; │ │
│9019 10 900 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9012 10 100 0 │Ортопедиялык шаймандар │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│4008 11 000 0 │Майда тешиктүү резинадан жасалган пластиналар │
│ │(майыптардын атайын ортопедиялык бут кийимдери үчүн)│
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│4008 21 900 0 │Майда тешиги жок резинадан жасалган пластиналар │
│ │(майыптардын атайын ортопедиялык бут кийимдери үчүн)│
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│6115 99 000 0 │Мултук бутка перлон байпак │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│6002 40 000 0 │Протездерди даярдоо үчүн трикотаж жең кап <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3919 10 130 0 │Протездөө үчүн поливинилхлоридден жасалган жабышкак │
│ │тасма <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3005 90 990 0 │Протездөө үчүн чоюлчаак гипс таңгычы │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│7019 51 000 0 │Протездөө үчүн айнек-нейлондон трикотаж жең кап <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3920 99 550 0 │Протездөө үчүн поливинилспирттен жасалган кабыкча │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│5906 10 000 0 │Протездөө үчүн зыгырдан жасалган жабышкак тасма <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3906 10 000 0 │Протездөө үчүн ортокрил чайыры <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3921 13 900 0 │Протездөө үчүн педилин <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│5602 10 900 0 │Протездөө үчүн фильцдакрон <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│6815 10 100 0 │Протездөө үчүн корбон булалуу материал <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3214 10 100 0 │Протездөө үчүн ортокрил шпатлевка <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3506 99 000 0 │Майыптарды протездөөдө синтетика материалдары үчүн │
│ │желим <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3814 00 900 0 │Майыптарды протездөө үчүн ортокрил чайырын суюлткуч │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3304 99 000 0 │Майыптарды протездөөдө пайдалануу үчүн тальк <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3304 99 000 0 │Майыптарды протездеө үчүн гипсоизарирлөөчү крем <1>│
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9609 10 900 0 │Майыптарды протездөө үчүн копия жасагыч карандаштар │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│3005 90 990 0 │Майыптарды протездөө үчүн чоюлчаак гипс таңгычы <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│8203 10 000 0 │Майыптарды протездөө үчүн аспап <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│6804 22 900 0 │Майыптарды протездөө үчүн жылмалагыч гильза <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 31 000 0 │Башка жасалма дене бөлүктөрү: │
│ │- жасалма муундар; │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 39 100 0 │- көз протездери; │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 39 900 0 │- жасалма дене бөлүктөрү, башкалар │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 40 000 0 │Бөлүктөрүнөн жана тетиктеринен башка угуучу үн │
│ │аппараттары │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 90 100 0 │Үн аппараттарына кулак койгучтар, үн аппараттарынын │
│ │бөлүктөрү жана тетиктери (үн аппараттарын чыгаруу │
│ │үчүн) │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9021 90 900 0 │Жүрөк клапандарынын протездеринин бөлүктөрү │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9102 │Брайл кол же чөнтөк сааттар, "сүйлөөчү кол сааттар" │
│ │<1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9105 11 000 0; │Брайл ойготкучтары же "сүйлөөчү ойготкучтар" <1> │
│9105 19 000 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9402 90 000 0 │Жатып калган оорулууларды ташуу үчүн бардык түрдөгү │
│ │араба-каталкалар, функционалдык керебеттер <1> │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9404 21 100 0; │Теринин бышып кетишинен сактоочу төшөктөр <1> │
│9404 21 900 0; │ │
│9404 29 100 0; │ │
│9404 29 900 0 │ │
├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤
│9503 │Сокурлар үчүн оюнчуктар жана оюндар <1> │
│9504 90 900 9 │ │
└────────────────┴────────────────────────────────────────────────────┘
Эскертүү:
(*) - Ушул товарларга карата Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товарлардын кодунан тышкары ошондой эле жана товарлардын аталыштарына да таянуу керек. ТЭИ ТН коду көрсөтүлбөгөн ушул тиркемедеги келтирилген товарларды классификациялоо бажылык тариздөөдө ишке ашырылат.
(<1>) - Ушул товарларга КНС төлөөдөн бошотуу социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын товар майыптар үчүн атайын товарларга кирээри ырастоосу болгондо, бажылык тариздөө жүргүзүүчү бажы органында ишке ашырылат.".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев