Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 30-ноябры № 803
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кайра алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-июнундагы № 300 токтому менен жактырылган "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору кайра сурап алынсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун аталышындагы жана 1-пунктундагы "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу"," деген сөздөр алып салынсын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|