Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 809
Казакстан Республикасынан аштык буудай сатып алуу жөнүндө
Республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана мамлекеттик резервди толуктоо үчүн аштык буудай сатып алуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-январындагы № 49 "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттун экинчи абзацындагы "бир миллиард" деген сөздөр "жети жүз миллион" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун тиркемесинде:
биринчи абзацындагы "1 млрд." деген цифра жана сөз "700 миллион" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын;
"500" деген цифра "350" деген цифрага алмаштырылсын;
"Долбоорду ишке ашыруунун баяндамасы" деген бөлүмүндөгү 1-пунктта "1 миллиард" деген цифра жана сөз "700 миллион" деген цифрага жана сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоору боюнча каралган каражаттардан төмөнкүдөй кайра бөлүштүрсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна Казакстан Республикасынан аштык буудай сатып алуу үчүн 200,0 (эки жүз) миллион сом сумманы;
- 2010-жылдын республикалык бюджетинин учурдагы сарптоолоруна 100,0 (бир жүз) миллион сом сумманы;
- "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө көрсөтүлгөн сарптоолорду белгиленген тартипте эсепке алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун Казакстан Республикасынан аштык буудай сатып алууга 2012-жылдын төртүнчү кварталында каржыласын;
- "Айыл Банк" жана "РСК Банк" ачык акционердик коомдору менен мурда кол коюлган карыздык милдеттенмелерди ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайдын запасын тез арада толуктоо зарылдыгына байланыштуу Казакстан Республикасынан 2011-2012-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТтун талаптарына ылайык келген, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес аштык буудайды 200,0 миллион сом суммага бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын жана "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик материалдык резервге койсун;
- Казакстан Республикасынан аштык буудайдын келишинин графигин түзсүн жана жооптуу сактоочу ишканаларды аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы аштык буудай жүктөлгөн вагондорду түшүрүүгө тез берүүнү камсыздасын жана вагондор туруп калган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун айыптык санкциялардан бошотсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|