Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 24-январы № 49
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 809 токтомунун редакциясына ылайык)
"Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоорун бекитүү жөнүндө
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 2012-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2012-2013-жылдары мал чарбачылыгын андан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоору бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна жана "РСК Банк" ачык акционердик коомуна 2012-жылдын республикалык бюджетинин каражаттарынан жети жүз миллион сом өлчөмдө бюджеттик ссуда берсин;
- "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана "РСК Банк" ачык акционердик коому менен төмөнкүдөй шарттарда карыздык милдеттенмелерди түзсүн:
а) дыйканчылыкка бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - кредит берилген учурдан баштап 1 жыл;
б) мал чарбачылыгына бюджеттик ссуданы төлөө мөөнөтү - кредит берилген учурдан баштап 2 жыл;
в) кредитти пайдалангандык үчүн пайыздык чен (ставка) - пайызсыз;
г) бюджеттик ссуданы пайдалануу максаты - дыйканчылык жана мал чарбачылыгы;
д) күрөө менен камсыздоосуз.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 809 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жана агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Тиркеме |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 809 токтомунун редакциясына ылайык)
Долбоордун жалпы наркы 700 миллион сом: 500 млн. сом - дыйканчылыкка; 350 млн. сом - мал чарбачылыгына.
Долбоордун максаты: 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүнү каржылоону жана 2012-2013-жылдары мал чарбачылыгын өнүктүрүүнү камсыз кылуу.
Долбоордун ишке ашыруунун башталышы: 2012-жылдын январы.
Долбоордун мөөнөтү: дыйканчылык секторунда - 1 жыл, мал чарбачылык секторунда - 2 жыл. Финансылык каражаттарды коммерциялык банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн максаттуу иштерине жараша, берилген учурдан тартып 12-24 ай ичинде кайтарып берүүгө тийиш.
Долбоордун баяндамасы. Долбоордун алкагында жүгүртүүдөгү арзан финансылык каражаттар айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарын жүргүзүүгө жана 2012-2013-жылдары мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн берилет. Финансылык каражатты "Айыл Банк" ачык акционердик коому жана "РСК Банк" ачык акционердик коому (мындан ары коммерциялык банктар) аркылуу берүү каралган.
Коммерциялык банктар финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги аркылуу төмөнкүдөй шарттарда алышат:
- коммерциялык банктар үчүн ресурстардын наркы - 0%;
- жеңилдиктүү мезгили - негизги сумма пайыздары менен кошо мөөнөттүн аягында төлөнөт;
- коммерциялык банктын маржасы - 7%;
- каражаттар 12-24 айга берилет;
- максаттуу каржылоо - дыйканчылык, мал чарбачылыгы.
Түпкү алуучу үчүн шарттар
Долбоорго катышкан банктар айыл чарба өндүрүүчүлөрдү төмөнкүдөй шарттарда кредиттөөгө милдеттүү:
┌────────────────────────┬──────────────────────┬─────────────────────┐
│ Максаттуу тармак │ Дыйканчылык │ Мал чарбачылыгы │
├────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────────┤
│Кредиттин суммасы │200000 сомго чейин │300000 сомго чейин │
├────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────────┤
│Пайыздык ставка │7% │7% │
├────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────────┤
│Кредиттин мөөнөтү │12 айга чейин │24 айга чейин │
├────────────────────────┼──────────────────────┼─────────────────────┤
│Жеңилдетилген мезгил │негизги суммага │негизги суммага │
│ │6 айга чейин │9 айга чейин │
└────────────────────────┴──────────────────────┴─────────────────────┘
Эскертүү: айыл чарба өндүрүүчүлөргө 2012-жылдын жазгы талаа жумуштарына жана 2012-2013-жылдары мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө берилген кредиттерди кайра каржылоо жүргүзүүгө (рефинансылоого) банктарга тыюу салынат.
"Фермерлерге арзан кредит-2" долбоорун ишке ашыруунун жалпы схемасы
┌─────────────────┐
┌───────────────┤ КР ФМ │
│ └─────────────────┘
Бюджеттик │ ^
тапшырык │ │ Финансылык планга
V │ киргизүү
┌───────────┐ ┌────────────┐
│ БК │ │ ЭӨМФ │
└─────────┬─┘ └────────────┘
│ ^
│ │ Карыздык
0% │ Акча │ милдеттенме
│ каражаттары V
│ ┌───────────────────┐
└─────────────>│ "Айыл Банк" ААК │
│ "РСК Банк" ААК │
└───┬───────────┬───┘
кредит │ │ кредит
Пайыздык чен (ставка) 7% │ │
┌─────────────┐ ┌─────────────┐
│ фермерлер │ │ фермерлер │
└─────────────┘ └─────────────┘
Долбоорду ишке ашыруунун баяндамасы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 700 миллион сом өлчөмдө, пайызсыз бюджеттик ссуданы коммерциялык банктарга чектелген мөөнөткө жана кайтарып берүү шарттарында берет. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредиттик багытты ачуу тууралуу коммерциялык банктар менен макулдашуу түзөт жана 2012-жылдын республикалык бюджетинен акча которууну ишке ашырат.
2. Долбоордун экинчи фазасынын алкагында каражат алуу үчүн коммерциялык банк белгиленген тартипте өтүнмө толтурат жана аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна берет.
3. Коммерциялык банктар менен тиешелүү келишимдер түзүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги коммерциялык банктардын өтүнмөлөрүн эске алуу менен тиешелүү айга финансылык план даярдайт. Коммерциялык банктарга каражаттарды Борбордук казыналык 2012-жылдын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык которот.
4. Коммерциялык банктар операциялык чыгымдарын жана кирешелерди жабуу үчүн 7% маржа коюуга укуктуу, мында берилчү финансылык каражаттар айылдык өндүрүүчүлөргө кредит болуп төмөнкүдөй шарттарда берилүүгө тийиш:
- пайыздык чен (ставка) - жылдык 7%;
- суммасы: дыйканчылык секторунда - 200 миң сомго чейин, мал чарбачылык секторунда - 300 миң сомго чейин;
- мөөнөтү: дыйканчылык секторунда - 12 айга чейин, мал чарбачылык секторунда - 24 айга чейин;
- кредит боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө кредиттик макулдашууга ылайык, бирок кредиттин негизги суммасы боюнча дыйканчылык секторуна 6 айга чейин жана мал чарбачылык секторуна 9 айга чейин милдеттүү түрдө жеңилдетилген мезгил берүү менен жүргүзүлөт.
5. Кредит алуу үчүн айылдык өндүрүүчүлөр күрөөлүк камсыздоо берүүгө тийиш. Түпкү карыз алуучулар коммерциялык банктын алдында кредиттик милдеттенме алышат, ал эми коммерциялык банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондуна кредит боюнча милдеттүү болот.
6. Кредиттерди пайдаланууга мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду мезгил-мезгили менен каражаттардын бөлүштүрүлүшү жана кайра төлөнүшү тууралуу отчет даярдайт.
1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каражатты башка максатка пайдалануу тобокели.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн каражатты башка максатка пайдалануу тобокелин минимумга түшүрүүсүн коммерциялык банктар белгиленген тартипте ишке ашырышат.
2. Коммерциялык банктардын каражатты башка максатка пайдалануу тобокели.
Пайыздык чендин (ставканын) аз болгондугун эске алышып коммерциялык банктар мурда берилген кредиттерди кайра каржылоо (рефинансылоо) боюнча операцияларын жүргүзүүгө кызыгуулары мүмкүн.
Бул тобокелди азайтуу үчүн төмөнкүдөй ишти жүргүзүү зарыл:
- долбоор боюнча каражаттын максаттуу пайдалануусуна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду тарабынан үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүсү;
- берилген ссуда боюнча жылдык 36% өлчөмдө пайыздык ченди (ставканы) колдонуу жолу менен финансылык санкцияларды коюу;
- "Фермерлерге арзан кредит - 2" долбоорунун алкагында банкка берилген каражатты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фонду тарабынан кайра алып коюу.
3. Коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бөлүнгөн ресурстарды толук албай коюу тобокели.
Коммерциялык банктар долбоорду ишке ашыруу алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү фондуна карыз алуучуларда күрөө менен камсыздоо болушун талап кылууга кредиттик милдеттерди аткарышат. Күрөөнүн жоктугу каражат бөлүүдөн баш тартууну жаратышы мүмкүн; андан улам потенциалдуу карыз алуучулардын саны жетишсиз болуп, бул коммерциялык банктардын каражаттарды алууларынын жалпы суммасына таасир этиши ыктымал.
4. Аргасыз (форс-мажор) кырдаалдар.
Аргасыз (форс-мажор) кырдаалдар жана башка факторлор пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы N 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык карыздын түзүмүн өзгөртүү (реструктуризациялоо) боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.
Долбоордун алкагында түпкү пайдалануучулар үчүн пайыздык чен (ставка) төмөнкүдөй болуп түзүлөт:
- 2% - коммерциялык банктардын потенциалдуу чыгымдарды жабуу үчүн резерв түзүүсүнө;
- 5% - коммерциялык банктын операциялык чыгымдары жана кирешелери, анын ичинде колдонулган салыктар боюнча төлөмдөр.
Ошентип, жалпы пайыздык чен (ставка) 7% болот.
Кредиттин суммасы. Долбоордун алкагында айыл чарба өндүрүүчүлөрү дыйканчылыкка 200000 сомго чейинки жана мал чарбачылыгына 300000 сомго чейинки суммада кредит ала алышат. Сумманын максимум чектик суммасы гана белгиленет. Банктар чектик суммадан ашпаган кредиттерди берүүгө укуктуу.
Максаттуу пайдаланууга мониторинг төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- айыл чарба өндүрүүчүлөр кредит алган учурдан баштап 1 айдын ичинде максаттуу пайдаланганы жөнүндө отчетторду документтүү ырастоолорун (контракттар/келишимдер, сертификаттар, эсеп-фактуралар жана/же накладнойлор, төлөгөнү жөнүндө төлөм документтер жана башкалар) тиркөө менен берүүлөрү керек;
- карыз алуучудан максаттуу пайдалангандык жөнүндө отчет алгандан кийин банктын ыйгарым укуктуу кызматкерлери кийинки 3 айдын ичинде иштеген ордуна баруу менен мониторинг жүргүзүшөт, ал текшерүүнүн ички отчету менен таризделет. Кредит башка максатка пайдаланылган учурда тийиштүү акты түзүлүшү керек жана ал кредит боюнча пайыздык чен (ставка) 36%ке чейин көбөйтүлүүгө тийиш.
Айыл чарба өндүрүүчүлөрү банкка кредит максаттуу пайдаланылганын ырастоочу төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- контракттардын/келишимдердин жана/же эсеп-фактуралардын, накладнойлордун, сатып алынган үрөн, минералдык семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар жана айыл чарба техникасына запастык тетиктер, көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөнгөн төлөмдөрдү ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү (каражаттардын пайдаланылышы жөнүндө отчет менен кошо тапшырылууга тийиш);
өзгөчө учурларда:
- кредит алуу менен агротехникалык иштерди жүргүзүүчү оптималдуу мезгилдеринин мөөнөттөрүнүн ортосунда ажырым болгон учурда кредит берилген күндөн эки айдан көп эмес мурда таризделген актоочу документтерди кабыл алууга болот;
- үрөндү, минералдык семирткичти, күйүүчү-майлоочу материалды жана айыл чарба техникасынын запастык тетиктерин сатып алууга-сатууга бүтүм түзүлгөн учурда, ошондой эле жеке жактын статусу бар жактар менен техниканын кызматын көрсөтүү жөнүндө бүтүм түзүлгөн учурда айыл аймагынын айыл өкмөтүндө күбөлөндүрүлгөн, сатуучунун акча каражатты алганы тууралуу паспорттук маалыматтарын, сатылган үрөндүн же башка продукциянын/көрсөтүлгөн кызматтын санын, сортун милдеттүү түрдө көрсөтүү менен берген тил каты кошо тиркелген контракт/сатуу-сатып алуу келишими актоочу документ боло алат;
- алыскы айылдардын тургундары күйүүчү-майлоочу материалдарды биргелешип бир адам аркылуу алышкан учурда - автомай куюучу станциялардын төлөм документтеринин көчүрмөлөрү мындай ар бир кредиттин каражатынын пайдаланылышы жөнүндө отчетко биргелешип алганын көрсөтүү менен тиркелет.