Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-декабры № 811
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 392-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"392-статья. Тынч чогулушту өткөрүүнүн мыйзам менен белгиленген тартибин бузуу
Тынч чогулушту өткөрүүнүн мыйзам менен белгиленген тартибин бузуу-жарандарга он беш эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө, кызмат адамдарына элүү эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 564-статьясынын 1-пунктунда "чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн" деген сөздөр "тынч чогулуштун өткөрүүнүн мыйзам менен белгиленген тартиби бузулганда" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
148-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"148-статья. Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу
Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга мыйзамсыз тоскоолдук кылуу же ага катышууга мажбурлоо, эгерде бул жосундар өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен кызмат адамы тарабынан же зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалса, -
эсептик көрсөткүчтүн үч жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти