Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 819
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул мыйзамдардын долбоорлорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
"Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 183-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 2-статьяда:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мамлекеттик орган";
2) 1-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана бекитет" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 2-бөлүктө:
- "Кыргызпатенттин директору дайындаган" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргызпатент аныктайт"" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстте:
- "билдирмелерди" деген сөз "өтүнмөлөрдү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "экспертиза" деген сөз "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
5) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фирмалык аталыштарга укуктук жактан коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишин өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш иштейт, фирмалык аталыштар боюнча келип чыккан талаштарды кароо боюнча ал милдеттүү баштапкы орган болуп эсептелет. Апелляциялык кеңеш тарабынан каршы пикирлерди кароо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.".
2. 4-статьяда:
1) 1-бөлүк "юридикалык жакты" деген сөздөрдөн кийин "ошол аталышта өз ишин ишке ашыруучу" деген сөздөр менен толукталсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктөгү "Фирмалык аталыштар" деген сөздөр "Фирмалык аталыш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктө:
биринчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Фирмалык аталыш катарында жеке фамилиясы же анын ысымынын айкалышы пайдаланылышы мүмкүн.";
экинчи сүйлөмдөгү "алмашып кетиши мүмкүн болгон" деген сөздөр "аралашып кеткен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүктөгү "ырастайт" деген сөз "тастыктайт" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 5-статьяда:
1) 1-бөлүктө:
- 1, 2, 9-13 жана 15-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 3-пункт "анын" деген сөздөн кийин "же анын мураскерлеринин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункттагы "башка жалпыга белгилүү товардык белгилер" деген сөздөр "жалпы белгилүү товардык белгилер менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункттагы "Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу жана белгилүү болгон чет өлкөлүк юридикалык жактардын" деген сөздөр алып салынсын;
2) 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктө:
3-пункттагы "төп келсе" деген сөздөр "төп келгендер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4 жана 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) белгилүү коммерциялык эмес уюмдардын аталыштары менен дал келгендер же алар менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшоштор;
5) иштин бирдей же окшош түрлөрү үчүн - Кыргызпатентте катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштарга дал келгендер, же аралашып кетүү деңгээлине чейин аны менен окшош болгондор;";
7-пункттагы "төп келген же алмашып кетүү" деген сөздөр "дал келген же аралашып кетүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункттагы "адаштыруучу" деген сөз "адаштырууга алып келүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Фирмалык аталышты укуктук коргоо
Кыргыз Республикасында фирмалык аталышты укуктук коргоо аны ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоонун негизинде, ал эми каттоосуз чет өлкөлүк юридикалык жактын фирмалык аталышына карата болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык жүгүртүүгө катышуучу катарында чет өлкөлүк юридикалык жактын иши башталган күнүнөн баштап келип чыгат.".
5. 7-статьяда:
1) 4-бөлүктүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- юридикалык жактын ишинин түрүн тастыктоочу документти.";
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "билдирме" деген сөз "өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүктөгү "билдирмеси" деген сөз "өтүнмөсү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
"Билдирме" деген сөз "Өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын;
"ишенимдүү" деген сөз "ишенимдүү өкүлү"" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 3-бөлүктөгү "Табыштама жана табыштамага" деген сөздөр "Өтүнмө жана өтүнмөгө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 4-7-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин көрсөтүү менен, фирмалык аталышты каттоого арыз;
- сунуш кылынган фирмалык аталыш жана анын сыпаттамасы;
- каттоо суралган иштин түрүнүн тизмеси.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- фирмалык аталышты бергендиги жана эксперттөөдөн өткөргөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;
- юридикалык жак катарында мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө тийиштүү түрдө күбөлөндүрүлгөн күбөлүктүн көчүрмөсү;
- талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн статистикалык каттоо картасынын көчүрмөсү.
Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө Кыргызпатент тарабынан бекитилген талаптарга ылайык берилет. Өтүнмө бергендиги жана каттоого билдирилген аталышка эксперттөө жүргүзгөндүгү үчүн белгиленген өлчөмдө патенттик алым (мындан ары - алым) төлөнөт.
Фирмалык аталышты каттоого өтүнмө өтүнмө ээсинин өтүнүч каты боюнча каттоо каралып жаткан анын бардык этаптарында кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.".
6. 8-статьяда:
1) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "аталыштардын" деген сөз "аталыштын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүктөгү:
"аталыштардын" деген сөз "аталыштын" деген сөз менен алмаштырылсын;
"билдирменин" деген сөз "өтүнмөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
7. 9-статьяда:
1) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктөгү "анын алымды төлөгөн шартында, билдирме" деген сөздөр "алым төлөнгөн шартта өтүнмө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Мыйзам аныктаган талаптарды бузуу менен берилген өтүнмө боюнча, сурамды алган күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде болгон кемчиликтерди четтетүү үчүн өтүнмө ээсине сурам жөнөтүлөт.
Жүйөлүү себептер болгон учурда, белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнүч кат боюнча жана тиешелүү алым төлөнгөн шартта, сурамга жооп берүүнүн мөөнөтү эки айга узартылышы мүмкүн.".
- 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде өтүнмө ээси белгиленген мөөнөттө кемчиликтерди жойбосо же эксперттин суроосун жоопсуз калтырса, анда өтүнмө кайра чакыртылып алынган болуп эсептелет жана бул жөнүндө өтүнмө ээсине кабар берилет.
Фирмалык аталышты эксперттөөдө Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин юридикалык жактарынын мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык бирдиктеринин бирдиктүү мамлекеттик каттоосунун, Кыргыз Республикасынын Фирмалык аталыштарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринин, Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин мамлекеттик реестринин жана башка булактардын көрсөткүчтөрүн пайдаланат.".
8. Мамлекеттик тилдеги тексттин 10-статьясында:
1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө боюнча чечим кабыл алганга чейин өтүнмө ээси фирмалык аталыштарды каттоого өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч кат берүүгө укуктуу.".
2) 2-бөлүктө:
- "Эгер фирмалык аталыштарды каттоодогу билдирмедеги материалдарга" деген сөздөр "Эгерде фирмалык аталышты каттоого өтүнмөнүн материалдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "көрсөтүлгөндөй" деген сөз "караштырылган" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмөнүн материалдарына толуктоолорду, оңдоолорду жана тактоолорду киргизүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө алым төлөнүүгө тийиш, ал эми ушул статьянын экинчи бөлүгүндө караштырылган учурда, фирмалык аталышты жаңыдан эксперттөө үчүн кошумча алым төлөнөт.".
9. 11-статьяда:
1) 3-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине (мындан ары - реестр)" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "Фирмалык аталыштарды каттоо боюнча чечим" деген сөздөр "Фирмалык аталышты каттоо жөнүндө чечим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүктөгү "арыздануучуга" деген сөз "өтүнмө ээсине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2 бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде ал боюнча оң чечим чыгарылган фирмалык аталыш менен бирдей же аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош товардык белгиге карата өтүнмө конвенциялык же көргөзмө артыкчылыгы менен түшүп, ал боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө чечим чыккан болсо, анда фирмалык аталышка чыгарылган чечим жоюлат.".
10. Мамлекеттик тилдеги 12-статьянын аталышындагы "киргизилген" деген сөз "киргизилүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. 13-статьяда:
1) 1-бөлүктөгү "5-статьясынын 5-15-пункттарынын" деген сөздөр жана сандар "5-статьясынын 5-8-, 14-пункттарынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
3) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктөгү "арыздануучуга" деген сөз "өтүнмө ээсине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктөгү "Арыздануучу" деген сөз "Өтүнмө ээси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 14-статьяда:
1) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктө:
"арыздануучунун" деген сөз "өтүнмө ээсинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"көрсөтүлгөн" деген сөз "караштырылган" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнүч катты канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө билдирүү 7 күндүк мөөнөттө өтүнмө ээсине жөнөтүлөт.";
4) 4-бөлүктөгү "Табыштамачынын күнөөсү жок кетирилген көрүнөө" деген сөздөр "Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары кетирилген талашсыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13. Мамлекеттик тилдеги тексттин 15-статьясында:
1) "маалымат" деген сөз "маалыматтар" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) "Кыргызпатент" деген аббревиатурадан кийин "тарабынан" деген сөз менен толукталсын;
3) "жарыялайт" деген сөз "жарыяланат" деген сөз менен алмаштырылсын.
14. Мамлекеттик тилдеги тексттин 16-статьясында "өтүнмө" деген сөз "өтүнүч каты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. Мамлекеттик тилдеги тексттин 17-статьясында:
1) 1-бөлүгүндөгү "укук" деген сөз "укукту" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Күбөлүктүн формасы Кыргызпатент тарабынан бекитилет.".
16. 18-статьяда:
1) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүктө:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Күбөлүктүн күчү төмөнкүлөр боюнча токтотулат:";
бешинчи абзацтагы "боюнча толукталат" деген сөз алып салынсын.
17. 19-статьяда:
1) 3-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Фирмалык аталыштын өзгөчө укугу";
- 1-бөлүктөгү "Фирмалык аталыштарга артыкчылык укугу" деген сөздөр "Фирмалык аталыштын өзгөчө укугу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "артыкчылык" деген сөз "өзгөчө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүктө:
"укуктуу" деген сөз "укук" деген сөз менен алмаштырылсын;
"руксат" деген сөз "уруксат" деген сөз менен алмаштырылсын;
"шартталышы мүмкүн" деген сөздөр "шартталууга тийиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүктө "каттаткандыгы" деген сөз "каттагандыгы" деген сөз менен алмаштырылсын.
18. Мамлекеттик тилдеги тексттин 20-статьясында:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Фирмалык аталыштын өзгөчө укугунун бузулушу";
2) 2-бөлүктө:
- "алмаштырып алуу" деген сөздөр "аралашып кетүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "белгилемени" деген сөз "белгини" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүктөгү "артыкчылык укугу" деген сөздөр "өзгөчө укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. Мамлекеттик тилдеги тексттин 21-статьясында:
1) аталышындагы "аталыштарды" деген сөз "аталышты" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүктүн алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- кожоюн өндүрүп чыгарган экспонаттарды көрсөтүүдө жарнамада, жармаңкелерде жана көргөзмөлөрдө фирмалык аталышты колдонуу;
- фирмалык аталышты Интернет түйүнүндө дарек катары колдонуу фирмалык аталыштарды пайдалануу деп эсептелет.".
20. 22-статьяда:
1) 1-бөлүктөгү "чечим кабыл алынган күндөн баштап" деген сөздөр "аны алган күндөн баштап"" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги тексттин биринчи бөлүгүндөгү "Бардык кызыкдар" деген сөздөр "Кайсы болбосун кызыкдар болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
21. 23-статьяда:
1) 1-бөлүктүн төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 2-бөлүктөгү "Кыргызпатент тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзацтагы "Аппеляциялык" деген сөз "Апелляциялык" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "экспертизанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
"Аппеляциялык" деген сөз "Апелляциялык" деген сөз менен алмаштырылсын;
"аныкталат" деген сөз "белгиленет" деген сөз менен алмаштырылсын.
22. Мамлекеттик тилдеги тексттин 24-статьясындагы "аталыштарды" деген сөз "аталышты" деген сөз менен алмаштырылсын.
23. Мамлекеттик тилдеги тексттин 25-статьясында:
1) 1-бөлүктөгү "орчундуу аракеттер көрсөтүлсө" деген сөздөр "мааниси бар аракеттер ишке ашырылса" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-бөлүктө:
- "баардыгы" деген сөз "бардыгы" деген сөз менен алмаштырылсын;
"демдендирүүгө" деген сөз "шыктандырууга" деген сөз менен алмаштырылсын.
24. Мамлекеттик тилдеги тексттин 25-статьясынын 2-бөлүгүндө:
1) "артыкчылык укугун" деген сөз "өзүнүн аталышына өзгөчө укукту" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) "билдирмени" деген сөз "өтүнмөнү" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) "артыкчылык укугу" деген сөздөр "өзгөчө укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. Мамлекеттик тилдеги тексттин 27-статьясында:
3-бөлүктө:
- "өткөрүүнүн Мамлекеттик" деген сөздөр "өткөрүүнү ишке ашыруучу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- "субъекттер" деген сөз "субъектилер" деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
| Долбоор |
1-берене.
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 3, 68-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "эрежелерди жана түшүндүрмөлөрдү басып чыгарат" деген сөздөр "өз компетенциясынын чегинде актылардын долбоорлорун иштеп чыгат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү "Кыргызпатент тарабынан белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги тексттеги:
- аталышындагы "жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндө:
"жагындагы" деген сөз "жаатындагы" деген сөз менен алмаштырылсын;
"калысбаалоо" деген сөз "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
"мамлекеттик каттоону ишке ашырат" деген сөздөрдөн кийин "күбөлүк берет" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Мамлекеттик тилдеги 2-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "айырмалоо милдетин аткаруучу белги" деген сөздөр "айырмалоого жөндөмдүү белгилер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндө:
- "биринчилигин" деген сөз "артыкчылыгын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "артыкча ээлик укугун ырастайт" деген сөздөр "өзгөчө укугун тастыктайт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүгүндө:
- "сүрөттөр" деген сөз "сүрөттүү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "кошундусу" деген сөз "айкалышы" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 4-бөлүктөгү "ар кандай" деген сөздөр "кандай болбосун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 3-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Товардык белгиге карата өзгөчө укук күрөө предмети боло алат.";
3) 5-бөлүктөгү "Кыргызпатент тарабынан басып чыгарылган расмий бюллетендеги товардык белгинин Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин мамлекеттик реестринде (мындан ары - Реестр) катталышы жөнүндөгү маалымат жарыяланган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине (мындан ары - Реестр) товардык белгини киргизген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги тексттеги:
- 3-бөлүктөгү "артыкчылык" деген сөз "өзгөчө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктөгү "чаташтыруу" деген сөз "аралашып кетүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктөгү "товардык белгиде артыкчылык укугу жаралат" деген сөздөр "товардык белгиге өзгөчө укук келип чыгат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Товар ээсинин белгилерине аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош же бирдей товардык белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары уруксатсыз пайдалануу да ээлик кылуучунун укугун бузгандык катары таанылат. Товардык белгини же аны менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош белгилерди Интернет түйүнүндөгү дарек катары пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
4. 4-статьянын:
1) 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Айырмалоочу белгилерге ээ болбогон же төмөндөгү элементтерден гана турган белгилерди товардык белги катарында каттоого уруксат берилбейт:
1) белгилүү бир түрдөгү товарлардын белгиси катарында жалпы колдонууга алынгандар;
2) белги катарында ушундай терминдерди же символдорду пайдалануу сунушталган товарларга карата жалпы кабыл алынган терминдер жана символдор болуп эсептелингендер;
3) товарлардын түрүн, сапатын, санын, касиетин, эмнеге пайдаланыларын, баалуулугун, ошондой эле алардын чыгарылган жерин, өндүрүүнүн же сатып өткөрүүнүн убакытын жана ордун көрсөткөндөр.
Ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында көрсөтүлгөн элементтер, эгерде алар басымдуулук абалды ээлешпесе, товардык белгиге корголбоочу элементтер катары киргизилиши мүмкүн.";
2) төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Мамлекеттик гербдер, желектер жана башка мамлекеттик эмблемалардан гана турган белгилөөлөрдү, мамлекеттердин расмий аталыштары, эл аралык уюмдардын кыскартылган же толук аттары, алардын гербдери, желектери жана башка эмблемалары, расмий контролдук, кепилдүү жана сыноочу энтамгалар, мөөрлөр, сыйлыктар жана айырмачылыктын башка белгилерин билдирген же алар менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош белгилөөлөрдү товардык белги катарында каттоого уруксат берилбейт. Эгерде буга тиешелүү компетенттүү органдын же алардын ээсинин макулдугу болсо, мындай элементтер товардык белгиге корголбогон элементтер катары киргизилиши мүмкүн.".
3) 4-бөлүктүн 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 5-статьяда:
1) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацындагы "бир түрдүү товарлар үчүн" деген сөздөр алып салынсын;
- 1-пункттагы "бар" деген сөз "жана бар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчү менен" деген сөздөр "мурда белгиленген артыкчылыгы бар жана бир түрдүү товарларга карата, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүктө:
- "товардык белгилерге" деген сөздөрдөн кийин "же фирмалык аталыштарга" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Мындай макулдукту берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.";
3) 3-бөлүктүн 2-пунктунда "корголбогон элемент" деген сөздөр "корголбогон элементтер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бирдей же аралашып кеткенге чейинки деңгээлге жеткен товардык белги катары төмөндөгүлөр каттоого алынбайт:
1) мурда белгиленген артыкчылыгы бар, бир түрдүү товарларга карата башка адамдын атына Кыргыз Республикасында мурда катталган же каттоо үчүн билдирилген товардык белгилер;
2) иштин бир түрдүү же окшош түрлөрүнө, товарларга же кызмат көрсөтүүлөргө карата - Кыргыз Республикасында катталган же каттоого берилген фирмалык аталыштар;
3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин күчү менен корголгон башка адамдардын товардык белгилери.";
- 2-бөлүктөгү "ээсинин макулдугу менен" деген сөздөр "ээси макулдук берген шартта" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүктүн 2-пунктундагы "жасалган" деген сөз "чыгарылган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) автордук укуктун ээсинин же анын укук мураскорунун макулдугусуз Кыргыз Республикасында белгилүү болгон илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларынын, алардан алынган кейипкерлердин аталыштары же цитаталар, искусство чыгармалары же алардан фрагменттер;
3) өздөрүнүн же алардын мураскорлорунун макулдугусуз, ал эми мындай белгилөөлөр Кыргыз Республикасынын тарыхы менен маданиятынын энчиси болуп эсептелген учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уруксатысыз белгилүү адамдардын фамилиялары, аттары, тергеме аттары жана алардан таркагандар жана алардын портреттери менен факсимилелери;".
6. 6-статьянын:
1) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдү аттестациядан өткөрүүнүн жана каттоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.";
2) 8 жана 11-бөлүктөрдөгү "кыргыз же орус" деген сөздөр "мамлекеттик же расмий" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 12-бөлүктөгү "Кыргызпатент" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 2-бөлүгүндөгү "адам" деген сөз "өкүл" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү:
"жана" деген сөз "же" деген сөз менен алмаштырылсын;
"адамдары" жана "адамдар" деген сөздөр ылайыгына карата "өкүлдөрү" жана "өкүлдөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү:
"адамдын" деген сөз "өкүлдүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
"суратылган" деген сөз "суралган" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) өтүнмө ээсин, ошондой эле анын турган жерин же жашаган жерин көрсөтүү менен белгини товардык белги катары каттоо жөнүндө арыз;
2) өтүнмө берилген белги;
3) белгилерди каттоо үчүн Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын класстары боюнча топтоштурулган товардык белгини каттоо суралып жаткан товарлардын тизмеси.";
- 9-бөлүктө:
1-пункттагы "ырастоочу" деген сөз "тастыктоочу" деген сөз менен алмаштырылсын;
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) өтүнмө берилген белгинин сыпаттамасы;";
- 10-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмө берилген дата катары ушул статьянын жетинчи бөлүгүндө караштырылган документтердин Кыргызпатентке келип түшкөн күнү, ал эми эгерде аталган документтер бир учурда берилбесе, анда берилген документтердин акыркысы берилген күн боюнча эсептелет.".
7. 7-статьяда:
1) 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышында жана бүткүл текст боюнча "биринчилиги", "биринчилик" жана "биринчиликтин" деген сөздөр ылайыгына карата "артыкчылыгы", "артыкчылык" жана "артыкчылыктын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүктө:
"берилген" деген сөз "түшкөн" деген сөз менен алмаштырылсын;
"ырастоочу" деген сөз "тастыктоочу" деген сөз менен алмаштырылсын.
8. 8-статьяда:
1) 2-бөлүк "өтүнмөдөгү материалдарды" деген сөздөрдөн кийин "тиешелүү алымды төлөгөн шартта" деген сөздөр менен толукталсын.
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышы жана 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Товардык белгиге өтүнмөнү эксперттөө
Өтүнмөнү эксперттөө Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылып, алдын ала эксперттөөнү жана өтүнмө берилген белгини эксперттөөнү камтыйт.";
- 2-бөлүгүндөгү "Калысбаа өткөрүү" деген сөздөр "Эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде кошумча документтерде өтүнмө берилген күнгө өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмө камтылса же өтүнмө берилген белгини олуттуу өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт.".
- 4-бөлүгүндөгү "кайтарып" деген сөз "кайра суралып" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 9-статьяда:
1) 2-бөлүктүн биринчи сүйлөмү "жооп" деген сөздөн мурда "сурамды алган күндөн тартып" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 5 жана 6-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Алдын ала эксперттөөнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине билдирет.
Өтүнмөнү эксперттөөнүн оң жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо менен бир убакытта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 10-бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмөнү берүү датасы билдирилет.";
3) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "калысбаалоо" деген сөз "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндөгү "калысбаа өткөрөт" деген сөздөр "эксперттөө өткөрүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
"калысбаалоонун" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
"суроо талап" деген сөздөр "сурам" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү "суроо - талапты" деген сөздөр "сурамды" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү:
"калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
"андан" деген сөз "карап чыгууга кабыл алуудан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 10-статьяда:
1) төмөнкү мазмундагы 10-бөлүк менен толукталсын:
"Өтүнмө ээси тиешелүү алымды төлөгөн шартта, өтүнмө берилген белгилөөгө мөөнөтүнөн мурда эксперттөө өткөрүү жөнүндө өтүнүүгө укуктуу. Мында өтүнмө берилген белгилөөгө эксперттөө жүргүзүү өтүнмө берилген күндөн тартып, кеминде алты айдан кийин, ушундай өтүнүч катты берген шартта өтүнмө берген күндөн тартып, алты айдын ичинде өткөрүлөт.";
2) мамлекеттик тилдеги тексттеги:
- аталышы жана 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Өтүнмө берилген белгини эксперттөө
Өтүнмө берилген белгини эксперттөө өтүнмө берилген күндөн тартып, он эки айдын ичинде алдын ала экспертөө аяктагандан кийин жүргүзүлөт";
- бүткүл текст боюнча "Калысбаанын", "Калысбаадан", "калысбаанын", "калысбаа" жана "Калысбаа" деген сөздөр ылайыгына карата "Эксперттөөнүн", "Эксперттөөнү", "эксперттөөнүн", "эксперттөө" жана "Эксперттөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү "андан" деген сөз "каттоодон" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүндөгү "Калысбаанын суроосу" деген сөздөр "Эксперттөөнүн сурамы" деген сөз менен алмаштырылсын.
11. Мамлекеттик тилдеги тексттин 11-статьясында:
1) аталышындагы "өткөрүп" деген сөз "өткөрүлүп" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүгүндөгү "калысбаанын", "билдирилген" жана "калысбаасынын" деген сөздөр ылайыгына карата "эксперттөөнүн", "өтүнмө берилген" жана "эксперттөөсүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 5-бөлүгүндөгү "калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 5-бөлүгүндөгү "ырасталган" деген сөз "тастыкталган" деген сөз менен алмаштырылсын.
12. 12-статьяда:
1) 3-бөлүктөгү "Кыргызпатент тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"Белгиленген тартипте товардык белгини каттагандыгы, жарыялагандыгы жана ага күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, товардык белгини каттоо жүргүзүлбөйт, тиешелүү өтүнмө суралып алынган болуп эсептелинет.";
3) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 2-бөлүгүндөгү "калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
- 3-бөлүгүндөгү "тизмеги" деген сөз "тизмеси" деген сөз менен алмаштырылсын.
13. 13-статьядагы "үч ай" деген сөз "бир ай" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 15-статьяда:
1) аталышындагы "аракеттенүү" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүгүндөгү "колдонулат" деген сөз "күчүндө болот" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 2-бөлүгүндөгү:
- "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоонун күчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи сүйлөмдөгү "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 3-бөлүгүндөгү "катталышынын аракет" деген сөздөр "каттоонун күчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 16-статьянын 4-бөлүгүндө:
1) "Өтүнмө ээси күнөөлүү болбогон анык жана" деген сөздөр "Өтүнмө ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) "жазылат" деген сөз "киргизилет" деген сөз менен алмаштырылсын.
16. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 17-статьядагы "ага" деген сөз "аны" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
17. Төмөнкүдөй мазмундагы 17-1 жана 17-2-статьялар менен толукталсын:
"17-1-статья. Жалпыга белгилүү болгон товардык белги
Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча мамлекеттик каттоосунун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу, же товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн датага карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кедири белгилүү болуп калса Кыргыз Республикасында жалпы белгилүү болгон товардык белги катары таанылышы мүмкүн.
Эгерде бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, аралашып кеткенге чейинки деңгээлине чейин окшош же бирдей болгон башка жактын товардык белгисинин артыкчылык алган датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, товардык белги жана белгилөө жалпыга белгилүү болгон товардык белги болуп таанылбайт.
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге товардык белги үчүн ушул Мыйзам менен караштырылган укуктук коргоо берилет.
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге өзгөчө укукту таанууну билдирет.
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге укуктук коргоонун күчү мөөнөтсүз болот.
Эгерде керектөөчүлөрдө көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жак тарабынан пайдаланылышы жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге өзгөчө укуктун ээси менен ассоциацияланса жана ушундай ээсинин мыйзамдык кызыкчылыктарын чектеген болсо, жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге укуктук коргоо ошондой эле ага карата ал жалпыга белгилүү болуп таанылган бир түрдүү эмес товарларга дагы жайылтылат.
17-2-статья Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге укуктук коргоо берүү
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге укуктук коргоо ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык берилген арыз боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.
Жалпыга белгилүү болуп таанылган товардык белги Кыргызпатент тарабынан Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү болгон товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизилет.
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү болгон товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген датадан тартып, бир айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы Кыргызпатент тарабынан белгиленет.
Жалпыга белгилүү болгон товардык белгиге тиешелүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жалпыга белгилүү болгон товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине товардык белгини киргизген датадан тартып, үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.".
18. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 19-статьяда:
1) 2-бөлүктө:
- "белгисинин" деген сөз "белгинин" деген сөз менен алмаштырылсын;
- "пайдалануу" деген сөз "пайдалануунун" деген сөз менен алмаштырылсын.
2) 3-бөлүгүндөгү "ар кандай адамдын" деген сөздөр "кайсы болбосун жактын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 20-статьянын 5-бөлүгүндө:
1) "аракети" деген сөз "күчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) "ар кандай адамдын" деген сөздөр "кайсы болбосун жактын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
20. Төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-статья менен толукталсын:
"23-1-статья. Товардык белгинин күрөө келишими
Товардык белгинин ээси товардык белгиге өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишим түзүлгөн учурда, эгер келишим менен башкача каралбаса, ушул келишимдин күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде өз товардык белгисин пайдаланууга жана күрөө кармоочунун макулдугусуз ага карата өзгөчө укугун башкарууга укуктуу.
Жамааттык товардык белгилерге өзгөчө укуктар күрөө предмети боло алышпайт.".
21. 24-статьяда:
1) аталышындагы "жана лицензиялык келишимди" деген сөздөр ", лицензиялык келишимди жана күрөө жөнүндө келишимди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 1-бөлүгүндөгү "жана лицензиялык келишим" деген сөздөр ", лицензиялык келишим жана товардык белгинин күрөө келишими" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 2-бөлүгүндөгү "22 жана 23" деген сандар жана сөз "22, 23 и 23-1" деген сандар жана сөз менен алмаштырылсын.
22. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 25-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "товардык белгинин катталыш аракетинин күчүнүн бүткүл мөөнөтүндө" деген сөздөр "анын күчүнүн бүткүл мөөнөтү ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүгүндөгү "Ар кандай адам" деген сөздөр "Кайсы болбосун жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-бөлүгүндөгү "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын.
23. 26-статьяда:
1) 1-бөлүктө:
- 2 жана 3-пункттардагы "мыйзамдуу күчүнө киришинин," деген сөздөр алып салынсын;
- 4-пунктта:
", эгерде ал сотко даттанган болсо - соттун чечими боюнча," деген сөздөр алып салынсын;
"же товардык белгинин ээси болгон жеке жактын иш-аракети, укук мураскору түзүлбөй токтотулган учурда" деген сөздөр "укук мураскору түзүлбөстөн же товардык белгинин ээси болгон жеке жактын иш-аракети токтотулган учурда," деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндөгү "үч жылдын" деген сөздөр "бир жылдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосунун күчү ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 3-6-пункттарында караштырылган негиздер боюнча, ошондой эле жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерин жоготкон учурда Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат.";
4) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "аракети" деген сөз "күчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
1 жана 2-пункттардагы "мыйзамдын" деген сөз "Мыйзамдын" деген сөз менен алмаштырылсын;
3-пункттагы "аракетин" деген сөз "күчүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
4-пункттагы "аракетин", "чечим" жана "иш-аракети" деген сөздөр ылайыгына карата "күчүн", "чечими" жана "иши" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 28-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 29-статьяда:
1) 4 жана 7-бөлүктөрдөгү ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "кыргыз же орус" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "мамлекеттик же расмий" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 3-бөлүктө:
үчүнчү абзацындагы "билдирилүүчү" деген сөз "өтүнмө берилүүчү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "сүрөттөп жазылышы" деген сөздөр "сыпаттамасы" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүк:
үчүнчү абзацындагы "билдирилген" деген сөз "өтүнмө берилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы "ырастоочу" деген сөз "тастыктоочу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгүндөгү "Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган өтүнмөнүн берилген күнү болуп Кыргызпатентке документтер тапшырылган күн," деген сөздөр "Өтүнмөнүн берилген күнү болуп ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган документтер Кыргызпатентке тапшырылган күн, ал эми" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
26. 30-статьяда:
1) 8 жана 9-бөлүктөрү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Алдын ала эксперттөөнүн жыйынтыктары жөнүндө Кыргызпатент өтүнмө ээсине кабарлайт.
Өтүнмөнү алдын ала эксперттөөнүн он жыйынтыктары жөнүндө кабарлоо менен бир убакытта өтүнмө ээсине ушул Мыйзамдын 29-статьясынын алтынчы бөлүгүнө ылайык белгиленген өтүнмө берүү датасы билдирилет.";
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Өтүнмөнү эксперттөө Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылат жана алдын ала эксперттөөнү жана өтүнмө берилген белгини эксперттөөнү камтыйт.";
- 3-бөлүгүндөгү "Калысбааны" жана "калысбаа" деген сөздөр "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү "калысбаанын суроо-талабын" деген сөздөр "эксперттөөнүн сурамын" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүктө:
биринчи сүйлөмүндөгү "калысбаа" деген сөз "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмүндөгү "Калысбаанын" деген сөз "Эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгүндө:
"Өтүнмөнүн" деген сөз "Өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын;
"калысбааны" деген сөз "эксперттөөнү" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6 жана 8-бөлүктөрүндөгү "калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 10-бөлүктө:
"анын" деген сөз "өтүнмө боюнча анын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"калысбаа" деген сөз "эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 11-бөлүктө "Калысбаалоо" деген сөз "Эксперттөө" деген сөз менен алмаштырылсын.
27. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 31-статьяда:
1) 1-бөлүктө:
- "калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
"билдирилген" деген сөз "өтүнмө берилген" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"калысбаасынын" деген сөз "эксперттөөсүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүндөгү "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын.
28. 32-статьяда:
1) 2-бөлүгүндөгү "Кыргызпатент" деген аббревиатура "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүгүндөгү "үч айдын" деген сөздөр "бир айдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 5-бөлүктө "үч ай өткөн соң" деген сөздөр "бир ай өткөн соң" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги текстте:
- 1-бөлүгүндөгү "мүмкүнчүлүгүнөн пайдалануу" деген сөздөр "шартында аны пайдалануу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү "калысбаанын" деген сөз "эксперттөөнүн" деген сөз менен алмаштырылсын.
29. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 33-статьяда;
1) 2-бөлүгүндөгү "ырастоочу" деген сөз "тастыктоочу" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 3-бөлүгүндөгү "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
3) 4-бөлүгүндөгү "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 5-бөлүгүндөгү "аракетин" жана "аракет" деген сөздөр ылайыгына карата "күчүн" жана "күчүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 34-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ээси күнөөлүү болбогон анык" деген сөздөр "ээсинин күнөөсүнөн тышкары талашсыз" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
31. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 37-статьядагы "НПМТ" деген аббревиатурасы "ТКЧЖА" аббревиатурасы менен алмаштырылсын.
32. Мамлекеттик тилдеги 38-статьяда:
1) 1-бөлүгүндөгү "аракетте" деген сөз "күчүндө" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 4-бөлүгүндөгү "өтүнүч" деген сөз "өтүнмө" деген сөз менен алмаштырылсын.
33. 38-1-статьяда:
1) 2-бөлүктүн бешинчи абзацындагы "юридикалык жак жоюлган же күбөлүктүн ээси болгон жеке жактын ишкердиги укук мураскору түзүлбөй токтотулган учурда" деген сөздөр "укук мураскору түзүлбөстөн юридикалык жак жоюлган же күбөлүктүн ээси болгон жеке жактын иши токтотулган учурда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстте:
- аталышындагы "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацтагы "аракети" деген сөз "күчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "объектке" деген сөз "объектиге" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүктө:
экинчи абзацтагы "аракетинин" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "аракет" деген сөз "күчүнүн" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацтагы "ишкердиги" деген сөз "иши" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү "ар кандай адам" деген сөз "кайсы болбосун жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
34. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 39-статьяда:
1) 2-бөлүгүндөгү "куткарууну" деген сөз "бошотууну" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) 3-бөлүгүндөгү "ар кандай адам" деген сөз "кайсы болбосун жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
35. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 41-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы жана 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы "чаташтыруу даражасына" деген сөздөр "аралашып кеткен деңгээлге" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
36. 43-статьядагы "Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти