КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-декабры № 823
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы "2012-жылдын 1-октябрына чейин" деген сөздөр жана сандар алып салынсын;
экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- 2013-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштурулган камсыз кылуу жөнүндө жобону иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;";
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте 2013-жылдын 1-январына чейин республиканын региондору боюнча саламаттык сактоо уюмдарына карата дары-дармек каражаттарына керектөөлөрүн аныктасын.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ж. Сатыбалдиев
|