Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 445
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 4-пункттагы "жана гуманитардык" деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жободо:
7-пункттун төртүнчү пунктчасынын алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пункт төмөнкү мазмундагы он биринчи-он тогузунчу абзацтар менен толукталсын;
"- башкарууга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын алууга;
- бюджеттик стратегиянын иштелип чыгуусуна катышууга;
- жыл сайын базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруу жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан Мамлекеттик кепилдиктер программасын финансылык камсыздоо боюнча эсептөөлөрүн жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын иштеп чыгуусуна катышууга;
- саламаттык сактоону бюджеттик каржылоо же Мамлекеттик кепилдиктер программасын толук финансылык камсыздабоо маселелери боюнча тиешелүү органдарга кайрылууга;
- милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттер толук аткарылбаган учурда Мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра карап чыгуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун, кошумча төлөмдүн каражаттарын Кызмат көрсөтүүчү пайдалануусун контролдоого;
- Бирдиктүү төлөөчү тутумунда кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жана башка кызматтардын сапатын контролдоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды ишке ашырууга.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду:
- "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында саламаттык сактоону каржылоонун бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына милдеттүү медициналык камсыздандыруудагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын компетенциясын аныктоочу ченемдерди алып салуу бөлүгүндө шайкеш келтирүүнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын жана 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө";
- 2012-жылдын 11-декабрындагы № 823 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 492 "Дары-дармек каражаттарын борбордоштурулган сатып алууларды уюштуруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";
- 2013-жылдын 10-июнундагы № 322 "Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттар жана медициналык багыттагы буюмдар менен борбордоштуруп камсыз кылуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С. Жээнбеков |