Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-декабры № 842
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөлдүн механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "архитектура-курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- капиталдык курулуучу, реконструкциялануучу, көлөмдүк-пландык, конструкциялык чечимдерди өзгөртүү менен профили өзгөртүлүүчү объекттердин, ошондой эле планировкасы өзгөртүлүүчү имараттардын реестрин жүргүзүүнү;";
18-пунктунда:
биринчи абзацындагы "18" деген цифралар "14-1" деген цифраларга алмаштырылсын;
бешинчи абзацындагы "18" деген цифралар "9" деген цифраларга алмаштырылсын;
жетинчи абзацындагы "60" деген цифралар "40" деген цифраларга алмаштырылсын;
29-пунктундагы "бүткөрүлгөн этаптары" деген сөздөр "бардык этаптары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
35-пунктундагы "курулушка уруксатты даярдоо жана берүү үчүн белгиленген мөөнөттө пландык текшерүүлөрдү жүргүзүү графигин иштеп чыгат, ал курулуштун уруксатына тиркелет" деген сөздөр "курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү үчүн пландуу текшерүүлөрдүн графигин иштеп чыгат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
36-пункттагы "курулуштун уруксатына тиркелүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
жогоруда аталган Жобонун № 1-8-тиркемелеринде:
ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "архитектура-курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган Жобонун № 5 тиркемесинин биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жана анын аймактык подразделениелеринин аталышы" деген сөздөр "архитектура-курулуш чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү жана контролдоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүгүнүн аталышы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж. Сатыбалдиев
|