Редакцияот 05.07.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 5-июлу № 355

Мамлекеттин менчигине кайтарылган товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 «Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тиркемеге ылайык мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде таризделген автомашиналарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын балансына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 1-пунктта көрсөтүлгөн мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев

 

Тиркеме

 

Мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде таризделген автомашиналардын

тизмеси

 

№

Модели

Кузову

Чыгарылган жылы

1

«АUDI А-4»

WAUZZZ8DZWA024686

1998

2

«AUDI А-4»

WAUZZZ8DZVA277761

1998

3

«Мерседес Бенц Е 320»

WDB2100652A586045

1997

4

«Корнадо»

KПBLC3D81WP032121

1998

5.

«Мицубиси Паджеро»

V25-4500680

1998