Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 356
«Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставынын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. «Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 773 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставы ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда атаган Уставдын ратификацияланышы жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Ислам Конференциясы уюмунун Башкы катчылыгына сактоого берсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Тиркеме
1. Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун Уставынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча:
Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы Уюмунун (мындан ары - ИКУ) Уставы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
Ислам Конференциясы Уюму БУУдан кийинки дүйнөлүк жана региондук саясий процесстерге таасир берүүчү өкмөттөр аралык эң ири уюм болуп саналат.
Кыргыз Республикасы ИКУга 1992-жылы кирген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Түркиянын Жийде шаарындагы Башкы консулдугу аркылуу бул уюмга кирүү үчүн тийиштүү арызын жөнөткөн. ИКУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешинин 6- кезексиз жыйынында (1992-жылдын 1-декабры, Жийде ш.) Кыргыз Республикасы башка борбордук азия өлкөлөрүндөй эле расмий түрдө толук укуктуу мүчө катары ИКУга кирген, албетте бул кырдаал ушул уюмга кирүү үчүн жыл сайын мүчөлүк взнос төлөө боюнча Кыргызстандын милдети менен коштолгон.
Мурун уюмдун негизги документи болуп 1974-жылдын 1-февралында ИКУнун Уставы саналган жана ал ИКУнун 11-Саммитинин (Дакар ш., 2008-жылдын 14-марты) жыйынтыктары боюнча уюмдун жаны Уставына алмаштырылган.
Ушуга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган ИКУнун Уставын жактыруу тууралуу» буйругунун долбоорун Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери менен макулдашуу жол-жоболорун өткөрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзгөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган ИКУнун Уставын жактыруу тууралуу 2011 -жылдын 29-мартындагы № 5706 чечимин чыгарган.
Дакар шаарында (Сенегал Республикасы) 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 142-б буйругу менен жактырылган.
Ошентип, Кыргыз Республикасы ИКУнун Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин 38-жыйынынын алкагында (2011-жылдын 28 - 30-июну, Астана ш.) ИКУнун Уставына кол койгон.
Ошону менен бирге ИКУнун Уставынын 39-беренесине ылайык уюмга мүчө-өлкөлөрдөн өздөрүнүн конституциялык жол-жоболоруна ылайык аталган Уставды ратификациялоосу каралган.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 773 токтому менен «Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставын ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген.
Бирок, жогоруда аталган токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентинин 68-беренесине ылайык келтирүү өтүнүчү менен Өкмөткө кайтарылып берилген. Ага ылайык эл аралык келишимдерди ратификациялоо же денонсациялоо жөнүндө Мыйзамдын долбоору эл аралык келишимдин тексти, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына келишимдин шайкеш келүүсү жана аны ратификациялоодо финансы-экономикалык жана башка натыйжаларын баалоо ж.б. жөнүндө Өкмөттүн корутундусу болгондо киргизилет.
2. Макулдашууну ратификациялоодо мүмкүн болгон финансы-экономикалык жана башка натыйжалар тууралуу маселе боюнча:
ИКУнун Уставынын «Бюджет жана финансы» боюнча 16-главасынын 29-беренесинин 1-пунктуна ылайык Башкы катчылыктын жана Жардамчы органдардын бюджети уюмга мүчө-өлкөлөр тарабынан алардын улуттук кирешесине пропорционалдуу түрдө каржыланат. Демек, Кыргыз Республикасынын взносу Башкы катчылыктын жана Жардамчы органдардын бюджетинин 0,09%ин түзөт. Кыргыз Республикасы 2007-жылдан тартып ИКУга төлөмдөрдү төлөй баштаган, жардамчы органдарга төлөм төлөнө элек.
2011-жылдын 31-декабрына карата Башкы катчылыктын жана Жардамчы органдардын бюджетине Кыргыз Республикасынын карызы 1,9 млн. АКШ долларын түзгөн.
«Бюджет жана финансы» боюнча 16-главасынын 29-беренесинин 2-пунктуна ылайык Уюм Ислам Саммитинин же Тышкы иштер министрлер кеңешинин жактыруусу менен атайын жана диний-кайрымдуулук фонддорун (вакуфтар) түзө алат, аларга салымдар уюмга мүчө-өлкөлөр, жеке адамдар жана уюмдар тарабынан ыктыярдуу негизде төгүлөт.
Атайын фонддорго ыктыярдуу негизде төгүлөт. Кыргыз Республикасы ыктыярдуу түрдө взнос төлөбөйт.
Ушуга байланыштуу ИКУнун Уставын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоо Кыргыз Республикасын ИКУнун жана анын адистештирилген институттарынын бюджетине жылына төлөнүүчү мүчөлүк взностон башка ИКУнун бюджетине кошумча финансылык төлөм төлөөгө милдеттендирбейт.
Кыргыз Республикасы үчүн ИКУ жана ага мүчө-өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү артыкчылыктуу тышкы саясий багыттарынын бири болуп саналат. 2010-жылы ИКУнун Катчылыгы, ошондой эле ИКУга мүчө-мамлекеттер Кыргызстанга товар жана финансы каражаттары түрүндө 43 млн. АКШ долларынан ашык көлөмдө гуманитардык жардам көрсөткөн. Азыркы кезде 21 млн. АКШ доллар көлөмүндө суммага финансылык каражат бөлүү маселеси макулдашуу стадиясында.
Ошону менен бирге ИКУнун атайын адистештирилген мекемеси болуп Ислам Өнүктүрүү Банкы (ИӨБ) саналаарын белгилейбиз. ИӨБдүн максаты өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо, ИӨБгө катышкан өлкөлөрдүн ортосунда сооданы өнүктүрүүнү колдоо, алардын өнүүсү үчүн долбоорлорду даярдоо жана жаңы технологияларды алуу үчүн техникалык жардам көрсөтүү.
Финансылык мүмкүнчүлүктөрдү жана дүйнөлүк экономикалык каатчылык мезгилинде ИКУнун туруктуу абалын эске алуу менен кызматташууну кеңейтүү жана Уюмдун инвестициялык ресурстарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү үчүн максатка ылайыктуу болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде «Сенегал Республикасынын Дакар шаарында 2008-жылдын 14-мартында ИКУнун 11-Саммитинде кабыл алынган Ислам Конференциясы уюмунун Уставын ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун жаңы долбоору иштелип чыкты, анда Өкмөттүн ушул Корутундусун жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 773 токтомун күчүн жоготту деп табуу болжолдонот.