Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 361
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик- фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 токтому менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларды мыйзам актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 177 «Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону жана кыйыр салыктар боюнча салыктык отчеттук формаларын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
- 15-пункттун экинчи абзацындагы «нотариалдык күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр алып салынсын;
- 15-пункттун үчүнчү абзацындагы «жана Кыргыз Республикасындагы салык салынуучу субъектинин салыктык каттоосу жүргүзүлгөн аймагында туруктуу катталган» деген сөздөр алып салынсын;
- Кошумча нарк салыгынын эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы) бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| КНС эсептик-фактураларынын так отчеттук бланкаларын колдонуу жана эсепке алуу тартиби жөнүндө жобого 1.7-тиркеме (жылуулук энергиясы) |