Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 363
Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр жактырылсын:
- «Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенция ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификацияланып грамоталарды алмашууну ишке ашырсын.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенциянын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктыгы жана аны ратификациялоодо мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжаларына баа берүү жөнүндө маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Конвенцияга кол коюу жана андан ары аны ратификациялоо Кыргызстан менен Өзбекстандын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча натыйжалуу иштерди жүзөгө ашыруу, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде аларга жардам көрсөтүү жана көмөктөшүү, ошондой эле соода, экономикалык, эмгектик, укуктук, туристтик, экологиялык, илимий-техникалык, маалыматтык, маданий, гуманитардык байланыштарды жана агартуу, социалдык коргоо жана спорт тармагындагы өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында эки мамлекеттин ортосундагы консулдук мамилелерди өркүндөтүүнүн зарылдыгынан келип чыккан.
Конвенция консулдук мекемелерди ачуунун, консулдук мекеменин башчысын дайындоонун, консулдук мекеменин башчысынын иш милдеттерин убактылуу аткаруунун, консулдук кызмат адамдарын дайындоо, келүүсү жана кетүүсү жөнүндө бара турган мамлекетке билдирүү тартибин жөнгө салат, консулдук иш милдеттердин чөйрөсүн, ошондой эле консулдук мекемелердин жана анын кызматкерлеринин артыкчылыктарын, привилегияларын жана иммунитеттерин аныктайт.
Сунушталган Конвенция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбейт.
Конвенцияны ишке ашыруу айрым эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынуучу кошумча маселелерди кошпогондо республикалык бюджеттен чыгымдарды жаратпайт.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Бишкек шаарында 2000-жылдын 27-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо максатка ылайыктуу деп эсептейт.