Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 366
«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга карты органдын кароо бекитүү тууралуу
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы орган тарабынан кароонун эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403, 2016-жылдын 19-майындагы № 267 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Ушул «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү мамлекеттик монополияга каршы органдын кароонун эрежеси (мындан ары - Эреже) мамлекеттик монополияга каршы органга жана анын аймактык органдарына (мындан ары - монополияга каршы орган) төмөнкү иш-аракеттерди ишке ашырууда жогоруда аталган Мыйзамдын (мындан ары - Мыйзам) 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү берүү тартибин аныктайт:
1) макулдугун берүү жөнүндө өтүнүч каттарды берүүдө:
а) натыйжасында табигый монополиялардын субъектиси товарларды өндүрүү (сатуу) үчүн арналбаган негизги каражаттарга менчик укугуна же негизги каражаттарды пайдалануу укугуна ээ болгон бардык бүтүмдөргө, буларга карата, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашса, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;
б) натыйжасында чарба жүргүзүүчү субъект менчик укугуна же товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү (сатуу) үчүн арналган табигый субъекттин негизги каражаттарынын бир бөлүгүнө ээ болуу жана (же) пайдалануу укугуна же сатууга, ижарага берүүгө же башка бүтүмгө ээ болгондо, эгерде мындай негизги каражаттардын баланстык наркы буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча табигый монополиялардын субъекттеринин өздүк капиталынын наркынан 10 пайыздан ашып кетсе, ушул Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулат;
в) субъекттин кайра уюштурулушуна жана жоюулушуна;
2) билдирүүлөрдү жиберүүдө:
а) жак же жактардын тобу субъекттин уставдык капиталынын акцияларын (үлүш) рынокто сатып алган учурда же башка бир бүтүмдүн натыйжасында (анын ичинде тапшырма келишимдеринин, ишенимдүү башкаруунун, күрөөнүн) субъекттин уставдык капиталын, ошондой эле аларга таандык добуштардын бардык өзгөрүүлөрүн түзгөн бардык акцияларга (үлүш) туура келген добуштардын жалпы санынан 10 пайыздан ашыгын алууга;
б) субъект бардык акцияларга (үлүш) туура келген жалпы добуштун санынын 10 пайыздан ашыгын берген башка чарба субъекттин уставдык капиталындагы акцияларын (үлүшүн) алган, ошондой эле ага тиешелүү болгон добуштун саны өзгөргөн бардык учурларда;
в) товарларды (ишти, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүдө (сатууда) субъекттин инвестицияларына, буларга карата акыркы бекитилген баланс боюнча субъекттин өздүк капиталынын наркы 10 пайыздан ашыкты түзсө, Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулбайт;
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 23-июну № 403 токтомдун редакциясына ылайык)
2. Субъект монополияга каршы органга ушул Эреженин 1-пунктунун 1) пунктчасында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди аткарууга макулдугун берүү жөнүндө өтүнүч катты берет.
3. Субъект, жак (жактардын тобу) монополияга каршы органга акцияны (үлүштү) алган жана инвестицияларды жүзөгө ашырган учурдан тартып 30 күндүк мөөнөттө ушул Эреженин 1-пунктунун 2) пунктчасында көрсөтүлгөн иш-аракеттерди аткаруу жөнүндө билдирүүнү берет.
4. Өтүнүч катты же билдирүүнү (мындан ары - арыз берүүчү) берген субъекттер, жак (жактардын тобу) монополияга каршы органда арыз берүүчүнүн кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындай алышат.
Ыйгарым укуктуу өкүл монополияга каршы органга өзүнүн ыйгарым укугун ырастаган, тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган документтерди (өтүнүч катка же билдирүүгө тиркелиши керек) бериши керек.
Ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоо монополияга каршы органга өтүнүч катты же билдирүүнү берүүгө тиешелүү болгон жакты Мыйзамда каралган милдеттерден жана жоопкерчиликтен бошотпойт.
5. Өтүнүч кат жана билдирүү эркин түрдө түзүлөт жана монополияга каршы органдын жетекчисинин атына берилет.
Өтүнүч каттын же билдирүүнүн текстинде иш-аракеттин, бүтүмдүн аталышын көрсөтүү жана субъект тарабынан чарба жүргүзүү шартын аныктоого мүмкүндүк берген алынган мүлктүн курамын же конкреттүү укукту, субъекттин өздүк капиталынын наркынан берилүүчү негизги каражаттардын пайызын конкреттештирүү керек.
6. Өтүнүч катты же билдирүүнү берүүдө арыз берүүчү ушул Эреженин тиркемесинде көрсөтүлгөн маалыматты (документтерди) берүүгө милдеттүү.
Эгерде арыз берүүчү бул Эреженин тиркемесинде каралган тизме боюнча бардык документтерди жана (же) маалыматты бербесе же арыз
берүүчү үчүн мындай маалыматты берүү мүмкүн эместигинин негизги себептери көрсөтүлбөсө өтүнүч кат же билдирүү толук эмес деп эсептелет.
Мындай өтүнүч кат жана билдирүү монополияга каршы орган тарабынан карап чыгууга кабыл алынбайт.
7) Эгерде чечимди кабыл алуу үчүн кошумча маалымат зарыл болсо, монополияга каршы орган аны арыз берүүчүдөн талап кылууга укуктуу жана өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн узартуу тууралуу мындай талаптар билдирме менен бирге арыз берүүчүгө өтүнүчтү алган күндөн тартып 15 күндөн кеч эмес берилгенде гана өтүнүчтү карап чыгуу мөөнөтүн 30 күнгө узартса болот.
Өтүнүч катты жана билдирүүнү карап чыгууда монополияга каршы орган добуштардын жалпы санынын 10 пайыздан ашыгына ээ болгон катышуучулардын курамы жөнүндө маалыматты талап кылууга укуктуу.
8. Арыз берүүчү өтүнүч катты же билдирүүнү берүүдө өз алдынча монополияга каршы органга 5 күндүн ичинде чечимди кабыл алууга мааниси бар жана таасир кыла турган кошумча маалыматты жиберүүгө укуктуу.
9. Өтүнүч катта же билдирүүдө жана аларга тиркелген документтерде камтылган фактылардын өзгөрүүсү тууралуу арыз берүүчү монополияга каршы органга жазуу түрүндө өзгөртүүлөр киргизген күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен жеткириши керек. Мындай учурда өтүнүч катты же билдирүүнү алган күн болуп өзгөртүү жөнүндө толук маалыматты алган күн эсептелет.
10. Маалымат жана документтер анык, толук болушу керек жана чарба субъекттин жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн жана кол коюлган нускадан же нусканын көчүрмөсүнөн турушу керек.
11. Өтүнүч катты же билдирүүнү берүү боюнча бардык маалымат календарлык жылга карата берилет. Эгерде календарлык жылга маалыматтар жок болсо, анда бардык талап кылынган маалыматтар өткөн жылда берилген өтүнүч кат же билдирүү жана өтүнүч катты же билдирүүнү берген жылдан тартып отчёттук мезгилге карата финансылык жыл үчүн берилет.
12. Талап кылынган маалыматтын ичиндеги коммерциялык сыр аны монополияга каршы органга берүүдөн баш тартууга негиз боло албайт, мындай учурда арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык сыр жөнүндө» мыйзамына ылайык коммерциялык сыр боло албаган маалыматтардан тышкаркы коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын тизмесин көрсөтүүсү керек.
13. Монополияга каршы орган өтүнүч катты алган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен макулдугу же баш тарткандыгы тууралуу өзүнүн чечимин кат жүзүндө арыз берүүчүгө билдирет. Баш тартуу жүйөлүү болушу керек.
14. Монополияга каршы орган, эгерде өтүнүч катта баяндалган иш-аракеттер өзүнүн натыйжасы менен товарга (кызмат көрсөтүүгө) карата Мыйзамга ылайык жөнгө салуу колдонулган товарды (кызмат көрсөтүүнү) керектөөчүлөрдүн (абоненттер) кызыкчылыгын басынтуу болсо же экономиканын тиешелүү товар рыногунун табигый монополия абалынан атаандаштык рыногунун абалына акталган өтүүсүн кечеңдетүү болсо өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартууга укуктуу.
Эгерде арыз берүүчү тарабынан бардык керек болгон документтер берилбесе же аларды кароодо чечим кабыл алуу үчүн маанилүү мааниси бар маалымат далилдүү болбосо, мындай учурда өтүнүч каттан баш тартылышы мүмкүн.
15. Монополияга каршы орган монополияга каршы органдын макулдугун алган же аткарылган бүтүмдөр (иш-аракет) жөнүндө монополияга каршы органга билдирген жактардын реестрин жүргүзөт.
16. Монополияга каршы органдын чечими Кыргыз Республикасынын административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 267 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Монополияга каршы орган өзүнүн аймактык органдарынын чечимин, эгерде алар кабыл алган чечимдин негизи мыйзамсыз болсо, ал эми чечимдин өзү негизсиз болсо жокко чыгарууга укуктуу. Аймактык органдар тиешелүү чечимди кабыл алгандан кийин 10 күндүк мөөнөттө монополияга каршы органга чечимдеринин көчүрмөсүн жана бардык документтерди жиберет.
| «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү монополияга каршы органдын кароо эрежесине тиркеме |
Арыз берүүчү тарабынан монополияга каршы органга өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү кароо үчүн берилген маалыматтын (документтердин) тизмеси 1. «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин талаптарына ылайык өтүнүч каттарды жана билдирүүлөрдү монополияга каршы органдын кароо эрежесинин 1-пунктунун 1-пунктчасынын а) пунктчасында көрсөтүлгөн бүтүмдү аткарууга макулдугун берүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө
1. Табигый монополия субъектиси (мындан ары - субъект) жөнүндө жалпы маалымат.
Бул бүтүмдөрдү аткаруу тууралуу чечимди кабыл алган субъект боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлүшү/тиркелиши керек:
1) уюштуруучулук-укуктук түрүн көрсөтүү менен уюмдун аталышы, юридикалык жана почта дареги, юридикалык жактын банктык маалымдареги, ошондой эле жетекчисинин аты-жөнү, телефон, факс номери;
2) арыз берүүчүнүн жетекчисинин ыйгарым укугун тастыктаган тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн протокол, чечим же башка документ;
3) монополияга каршы органдын кызматкерлери байланыша турган жактын аты-жөнү, дареги, телефону, факсы;
4) уюштуруучу документтердин көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгү;
5) Кыргыз Республикасына продукцияны (жумушту, кызмат көрсөтүүнү) накталай экспорттоонун жана нарктык көрсөтүлүшүнүн өндүрүштүк көлөмү;
6) тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланс жана кирешелер жана чыгашалар жөнүндө, анын ичинде финансылык отчёттун ырастыгы тууралуу (эгерде мындай бар болсо) аудитордук корутундунун тиркемеси менен арыз берүүчүнүн ишмердүүлүгүнүн акыркы жылы үчүн ишмердүүлүктүн жөнгө салынуучу түрү боюнча отчёт;
7) арыз берүүчүнүн дебиторлорунун жана кредиторлорунун тизмесин, аталышын, жайгашкан ордун жана почта дарегин, ошондой эле ар бир дебитор жана кредитор боюнча дебитордук жана кредитордук карыздын көлөмүн көрсөтүү менен акыркы отчёттук күнгө карата абалы боюнча тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланс;
8) 1 нускада арыз берүүчүнүн катышуучуларынын (уюмдаштыруучу) тизмеси. Ошону менен бирге 50дөн ашык акционерлери бар акционердик коомдор өзүнүн акционерлеринин тизмесин берет, алардын ар бири арыз берүүчүнүн акциясынын 10 пайызын ээлеши керек. Катышуучулардын (уюмдаштыруучу) тизмеси төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- катышуучулар (уюштуруучу) - юридикалык жактарга карата: толук же кыскартылган аталышы (уюмдаштыруучу документтерге ылайык), жайгашкан орду жана почта дареги;
- катышуучулар (уюштуруучу) - жеке жактарга карата: аты-жөнү, ким экендигин тастыктаган документтеги маалыматтар;
- арыз берүүчүнүн уставдык капиталындагы ар бир уюштуруучуга (катышуучу) тиешелүү болгон акциялардын (үлүштүн, пайлардын) саны жана юридикалык жак, ошондой эле жеке жак боюнча өз баасы боюнча бул акцияларды (үлүш, пайлар) баалоо наркы;
9) аты-жөнүн, ким экендигин тастыктаган документтеги маалыматын, ар бир жактын азыркы учурдагы ээлеген кызматын, ошондой эле арыз берүүчү катары уставдык капиталдагы (үлүш, пайлар) жана башка юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларын көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн башкаруу органына кирген жактардын тизмеси;
10) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен арыз берүүчү уставдык (кампалык) капиталдын 10 пайызынан ашыгын ээлеген юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасындагы, жаны андан тышкаркы) тизмеси:
- юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (уюштуруучулук документтерине ылайык);
- жайгашкан орду жана почта дареги;
- арыз берүүчүнүн юридикалык жактын уставдык капиталындагы акцияларынын (үлүш, пайлар) саны жана номинал боюнча алардын наркы.
11) келишимдин негизинде же өз алдынча же өкүлдөрү аркылуу башкача түрдө юридикалык жак үчүн толук аталышын, уюштуруучулук-укуктук формасын, жайгашкан ордун жана почта дарегин жана жеке жактар үчүн ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин маалыматын көрсөтүү менен арыз берүүчүнүн чарба жүргүзүү шартын аныктоого мүмкүнчүлүгү бар бардык юридикалык жана жеке жактардын тизмеси;
12) арыз берүүчү чарба ишмердигинин, ошондой эле товардык рынокто коюлган продукциянын (иштин, кызматтын) негизги түрлөрүнүн тизмеси.
2. Бүтүмдү түзүүгө божомолдонгон жактар жөнүндө маалымат:
1) субъект менен бүтүм түзүүгө божомолдонгон жактар боюнча төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) юридикалык жактар үчүн: ушул тиркеменин 1-пунктунун 8)-10) пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер (маалымат);
б) жеке жактар үчүн: ким экендигин тастыктаган документтин маалыматтары көрсөтүлөт, ал эми ишкердик ишти жүргүзгөн жеке жак үчүн тиешелүү бийлик органы тарабынан берилген ишкердик ишти жүргүзүү укугун тастыктаган документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошумча берилет;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык резидент эмес болуп эсептелген юридикалык жак үчүн мамлекеттик же расмий тилде, тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер: уюштуруучулук документтер, тиешелүү реестрдин көчүрмөсү, анын жайгашкан ордуна карата өлкөнүн мыйзамына ылайык резидент эместиктин юридикалык статусун аныктаган башка документтер.
3. Негизги каражаттарды алуу максаты (бул бүтүмдү аткаруунун максатын кыскача негиздөө керек)
4. Алынган мүлк жөнүндө маалымат.
1) Максаттуу багытын жана негизги каражаттын ар бир объектисинин бүтүмү боюнча наркын, ошондой эле пайдалануу максатын көрсөтүү менен арыз берүүчү тарабынан алынган негизги каражаттардын тизмеси.
2) Алынган негизги каражаттардын баланстык наркы.
2. Эреженин 1-пунктунун 1-пунктчасындагы б) пунктчасында көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү аткарууга макулдугун берүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө
1. Субъект жөнүндө маалымат, мүлктү алуучу тарабынан менчикке алуу же ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн багытталган негизги өндүрүштүк каражаттар.
2. Субъектиге караштуу ушул тиркеменин l-бөлүмүнүн 1-пунктунун 1-12) пунктчаларында көрсөтүлгөн маалымат (документтер) берилет.
3. Бүтүмдүн шарттарына ылайык максаттуу багытын жана наркын, ошондой эле негизги каражаттардын ар бир обьекти боюнча баланстык наркын, анын ичинде табигый монополиянын субъектинин өздүк капиталынын наркынын пайыздарын көрсөтүү менен кызыктар жакка менчикке же ээлик кылууга жана (же) пайдаланууга берүүгө божомолдонгон негизги каражаттардын тизмеси.
4. Кайсы продукцияны (ишти, кызмат көрсөтүүнү) чыгаруу үчүн бүтүмдү (продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) түрлөрү боюнча маалымат берилет) аткарганга чейин субъект тарабынан негизги өндүрүштүк каражаттар пайдаланылганы көрсөтүлүш керек.
5. Бүтүмдү (маалымат продукциянын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) түрлөрү боюнча жиктелип берилет) аткаргандан кийин субъект тарабынан бул продукцияны (ишти, кызматты) өндүрүү канчалык деңгээлде кыскартылаары же толук токтолуусу көрсөтүлүш керек.
6. Алуунун максаты (бул бүтүмдөрдү аткаруунун негиздемеси).
7. Негизги өндүрүштүк каражаттарды алуучу жөнүндө маалымат.
8. Субъект менен бүтүмдү түзгөн жакка карата бул тиркеменин 1-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат (документтер) берилет.
9. Эгерде бул тиркеменин 3-пунктунда көрсөтүлгөн негизги каражаттар жак тарабынан ага карата мыйзамга ылайык мамлекеттик жөнгө салуу ишке ашырыла турган ишкердүүлүктү арыз берүүчү ишкердүүлүгүн жүргүзгөн товар рыногунун ошол эле аймагында жүзөгө ашыруу максатында колдонуусу божомолдонсо, анда субъекттин негизги өндүрүштүк каражаттарын алган жак төмөнкүлөрдү көрсөтүүсү керек:
1) көрсөтүлгөн ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруунун экономикалык натыйжалуулугунун эсеби;
2) мындай жактын ишмердүүлүгүнүн бардык түрүнүн тизмеси;
3) каржылык отчёттун аныктыгы жөнүндө аудитордук корутундунун тиркемеси менен акыркы жылдагы ишмердүүлүгүнүн бухгалтердик балансы (мындай бар болсо);
4) дебиторлордун жана кредиторлордун аталышын, жайгашкан ордун жана почта дарегин, ошондой эле ар бир дебитор жана кредитор боюнча дебитордук жана кредитордук карыздын көлөмүн көрсөтүү менен дебиторлордун жана кредиторлордун тизмеси менен бирге акыркы отчёттук күндөгү абал боюнча бухгалтердик баланс берилиши керек.
3. Эреженин 1-пунктунун 1) пунктчасынын в) пунктчасына ылайык кайра уюштурууга жана жоюуга макулдугун берүү жөнүндө өтүнүч катты берүүдө
1. Субъект жөнүндө жалпы маалымат.
Субъекттер кайра уюшулган учурда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт жана документтер тиркелет:
- кайра уюштурулуу максаты;
- уюштуруучу документтердин көчүрмөсү жана каттоо (кайра) жөнүндө маалымат;
- кайра уюштуруу тууралуу катышуучулардын чечими;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык арыз берүүчүнүн финансылык абалын чагылдырган аудитордук корутунду;
- бухгалтердик баланс, отчёттук мөөнөткө финансы-экономикалык көрсөткүчтөр;
- уюштуруучулар тууралуу маалыматтар:
жеке жактар үчүн ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү, иштеген жери, ээлеген кызматы, жашаган жери;
- юридикалык жактар үчүн - толук аталышы, каттоо тууралуу маалыматтар, юридикалык дареги, уюштуруучу документтердин көчүрмөсү, бухгалтердик баланс жана башка керектүү маалыматтар.
2. Субъекттер жоюлган учурда жоюу себеби көрсөтүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоюу тууралуу документтеринин толук пакети берилет.
4. Эреженин 1-пунктунун 2) пунктчасына ылайык билдирүүнү берүүдө
Арыз берүүчү эреженин 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык кабарламаны берүүдө монополияга каршы органга бул тиркеменин l-бөлүмүнүн 1-пунктунун 1)-12) пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматты (документти) берет.