Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 369
«Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж. № 793-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. 1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини тармагындагы мыйзамдар
Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан, башка нормативдик мыйзамдык актылардан, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерден турат.».
2. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи жана он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
«фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу Мамлекеттик орган - өсүмдүктөрдүн карантини тармагындагы мамилелерди көзөмөлдөөгө Өкмөт ыйгарым укук берген аткаруучу бийлик органы;
фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - карантиндик зыяндуу организмдердин интродукциясын жана жайылышын болтурбоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткарууга Өкмөт ыйгарым укук берген аткаруучу бийлик органы.».
3. 3-беренеде:
1) 5-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«Фитосанитардык (карантиндик) сертификаттын жана импорттук карантиндик уруксаттын үлгүлөрү, ошондой эле аларды тариздөөнүн тартиби фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.»;
2) 6-бөлүктө «Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат» деген сөздөр «Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 5-берене төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«5-берене. Карантиндик талаптарды аткаруу боюнча кызматтык адамдардын жана жарандардын милдеттери
Иши карантин коюлчу материалдарды өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, сатууга байланыштуу болгон кызмат адамдары жана жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:
фитосанитардык (карантиндик) эрежелерди аткарууга;
өзүнүн компетенциясынын чегинде фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле тиешелүү карантиндик иш-чараларды жүргүзүү тууралуу фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын берген тапшырмаларын аткарууга;
фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистеринин талабы боюнча карантин коюлган материалдар жана объекттер тууралуу маалыматты берүүгө;
айдоо жерлерин, карантин коюлган материалдар сакталган аянттарды, ^кампаларды такай текшерип турууну камсыз кылууга, ошондой эле карантиндик материалдарды текшерүүдөн жана экспертизадан өткөрүү үчүн көрсөтүүгө;
карантиндик объект табылган учурда фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз түрдө билдирүүгө милдеттүү.».
5. 6-беренеде:
1) 1-бөлүктө «өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдары» деген сөздөр «фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Карантиндик объект жок кылынгандан кийин фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө карантиндик режимди алып салуу жөнүндө тийиштүү органдарга өз убагында сунуш киргизет.».
6. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8-берене. Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуучу органдар
Өсүмдүктүн карантини чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Өкмөт тарабынан ишке ашырылат.
Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу, көзөмөлдөө жана контролдоо фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, башка мамлекеттик органдар, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипке ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылат.
Карантиндик объекттердин тизмесин фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.».
7. 9-беренеде:
1) 1-бөлүктө «өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызматтын жергиликтүү органдарына» деген сөздөр «фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өзгөчө карантиндик - режимди киргизе алышат же жоё алышат.».
8. 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10-берене. Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары:
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
өсүмдүктөрдүн республиканын аймагында жок зыянкечтеринин, илдеттеринин жана отоо чөптөрдүн түрлүк курамын, биологиясын жана экологиясын изилдөө, аларды жуктуруп келүүнүн алдын алуу максатында таралышынын болжолдуу маалыматтарын иштеп чыгуу;
карантиндик объектилердин эсебин алуу жана алардын таралышы жөнүндөгү маалыматтарды жайылтуу;
Кыргыз Республикасынын аймагында фитосанитардык абалга мониторинг уюштуруу жана жүргүзүү;
өсүмдүк карантини боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
ишке тиешеси бар мекемелер жана ведомстволор менен бирдикте өсүмдүктөрдүн карантини боюнча илимий изилдөөлөрдүн багыттарын, адистерди даярдоонун программасын аныктоо;
өсүмдүк карантини тууралуу билимди пропагандалоо;
эл аралык уюмдарда жана чет өлкөлөрдүн карантиндик кызматтары менен кызматташууда өсүмдүктөрдүн карантини тармагында Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү;
өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерде каралган милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу.
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
республиканын аймагын чет өлкөлөрдөн же карантинге алынчу зоналардан карантиндик объектилердин алынып келишинен же алардын өз алдынча өтүп кетишинен коргоо;
карантиндик объектилерди өз убагында табуу, таралышын чектөө жана жоюу боюнча координациялоо, ошондой эле республиканын алар жок региондоруна өтүп кетүүлөрүнүн алдын алуу;
өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашыруу, анын ичинде өсүмдүктөн алынган продукцияларды чет өлкөлөрдөн алып келүүгө келишимдерди (контракттарды) түзүү учурунда көзөмөлдөө;
фитосанитардык (карантиндик) сертификаттарды жана импорттук карантиндик уруксатты берүү;
карантиндик материалдарды (жүктөрдү) жана объектилерди экспертизадан өткөрүү;
айыл чарба жана токой жерлерин, үрөн сакталчу жана тазаланчу жерлерди, өсүмдүктөрдү жана өсүмдүк продукцияларын сактаган же иштеткен жерлерди, карантиндик материалдар жана объектилер алынып келүүчү пункттарды, аларга чектеш аймактарды дайыма контролдук текшерүүлөрдөн өткөрүп турууну уюштуруу;
чет өлкөлөрдөн алынып келген үрөндү, өсүмдүктөрдү жана отургузуучу көчөттөрдү карантиндик текшерүүлөрдөн өткөрүп жаткан интродукциялык- карантиндик питомниктердин, сорт участокторунун, оранжереялардын жана теплицалардын иштерине контролдоо.
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ишин укук коргоо органдары жана бажы кызматы, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүргүзөт.».
9. 11-беренеде:
1) Берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11-берене. Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары»;
2) 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүн көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары карантиндик контроль жүргүзүүдө төмөнкүдөй укуктарга ээ»;
3) 2-бөлүктө «өсүмдүктөрдүн карантини боюнча мамлекеттик кызмат органдарынын» деген сөздөр «фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 12 жана 14-беренелери күчүн жоготту деп табылсын.
11. 15-1-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15-1-берене. Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын аракети жана аракетсиздигине даттануу
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын аракети (аракетсиздиги) боюнча бир айдын ичинде аталган мамлекеттик органдын жетекчисине даттанууга болот.
Фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечиминин үстүнөн сот тартибинде даттанууга болот.».
2-статья. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|