Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 371
«Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1) расмий тилдеги текстинде:
1-пунктунун биринчи абзацы «интеллектуалдык ишмердиктин» деген сөздөрдөн кийин «жана аларга теңештирилген жеке буюмдардын каражаттар (интеллектуалдык менчик)» деген сөздөр менен толукталсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстиндеги:
4-пунктунун «ээлик кылуу ишин» жана «иш ээлик кылуу иши» деген сөздөр тиешелүү түрдө «ишкердик ишмердүүлүгүн» жана «ишмердүүлүк ишкердик» деген сөздөргө ылайыгына карата алмаштырылсын.
2. 7-статьянын 1 -пунктунун мамлекеттик тилдеги текстинде:
1) 5-пунктчасындагы «ойлоп чыгаруулардын» деген сөздөр «ойлоп табуулардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5 - 8-пунктчаларындагы «улам» деген сөз алып салынсын;
3) 9-пунктчасындагы «улам келип чыгат» деген сөздөр алып салынсын.
3. 16-статьянын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Эгерде жаранга анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу же жаранга таандык болгон материалдык эмес байлыктарга зыян келтирүүчү же анын жеке мүлктүк эмес укуктарын бузуучу аракеттер менен моралдык зыян (денесине зыян келтирүү же көңүлүн оорутуу) келтирилсе, ошондой эле мыйзам менен караштырылган башка учурларда, сот укук бузуучуга аталган зыяндын ордун толтурууга акчалай компенсациялоо милдетин жүктөй алат.».
4. 22-статьядагы «корголуучу маалымат жана интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары, фирмалык аталыштар, товардык белгилер жана жеке буюмдардын башка каражаттары» деген сөздөр «корголуучу маалымат, интеллектуалдык ишмердиктин натыйжалары жана аларга теңештирилген жеке буюмдардын каражаттары (интеллектуалдык менчик)» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 53-статьянын мамлекеттик тилдеги текстиндеги «ээлик кылуу» деген сөздөр «ишкердик кылуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 61-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацынын мамлекеттик тилдеги текстиндеги «камкордукка адамдар» деген сөздөр «камкордукка алган адамдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 297-статьянын 2-пунктчасында:
- «ээ болуудан» деген сөздөр «ойлоп табуулардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттеги «иштин деген сөз «ишмердүүлүктүн» деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 689, 1037, 1039, 1040, 1042, 1043, 1044, 1046 жана 1050-статьялардын мамлекеттик тилдеги текстиндеги «иштин» деген сөз «ишмердүүлүктүн» деген сөз менен алмаштырылсын.
2. 1037-статьяда:
1) 1-пунктчасында:
- сегизинчи абзац «ачыла элек маалымат» деген сөздөрдөн кийин «(коммерциялык сыр)» деген сөздөр менен толукталсын;
2) мамлекеттик тилдеги текстинде:
- «Төмөндөгүлөр» деген сөз «Интеллектуалдык менчиктин объектилерине төмөндөгүлөр кирет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармалары;
аткаруулар, фонограммалар жана уктуруу уюмунун берүүлөрү;»;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«интегралдык микросхемалардын топологиялары;».
3. 1041-статьяда:
1) 2-пунктунун экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «көрсөтүлбөгөн укуктар өткөрүлүп берилген эмес деп болжолдонот» деген сөздөр «өткөрүлүп берилбеген болуп эсептелет» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2) Мамлекеттик тилдеги тексттеги 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Мындай укуктарды өткөрүп берүү же чектөө жөнүндө келишимдин шарттары арзыбаган шарттар болуп эсептелет.».
4. 1042-статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацындагы «(өзгөчө эмес) колдонулат» деген сөздөр «өзгөчө эмес болуп эсептелет» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 1049-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацынын расмий тилдеги тексти «аптологиялар» деген сөздөн кийин «, маалымат базалары» деген сөздөр менен толукталсын.
6. 1050-статьясында:
1) үчүнчү абзац «гербдер,» деген сөздөн кийин «гимндер,» деген сөз менен толукталсын;
2) алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын.
7. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 1051-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Долбоорду жарыялоодо иштеп чыгуучулар өз атын көрсөтүүгө укуктуу.».
8. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 1053-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1053-статья. Авторлоштук
1. Эки же андан ашык автордун чыгармачыл эмгеги менен түзүлгөн чыгармага автордук укук мындай чыгарма бир бүтүн чыгарманы түзгөндүгүнө же ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн тургандыгына карабастан авторлошторго бирдей таандык болот.
Эгерде чыгарманын бир бөлүгү бул чыгарманын башка бөлүктөрүнө карабастан пайдаланылышы мүмкүн болсо, ал өз алдынча мааниге ээ деп таанылат.
Эгерде алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, авторлоштордун ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон чыгарманын өзү түзгөн бөлүгүн өзүнүн кароосу боюнча пайдаланууга укуктуу.
2. Авторлоштордун ортосундагы мамилелер, эреже катары, макулдашуунун негизинде аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда чыгармага автордук укук бардык авторлор тарабынан чогуу жүзөгө ашырылат, ал эми акчасы алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
Эгерде авторлоштордун чыгармасы ажыратылгыс бир бүтүндүктү түзсө, анда авторлоштордун бирөө дагы ага жетишээрлик негиздери жок туруп чыгарманы пайдаланууга тыюу салууга укуксуз.».
9. 1055-статьянын 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, аудиовизуалдык чыгарманы түзүүгө келишим түзүү бул чыгарманын авторлорунун аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочуга чыгарманы кайра чыгарууга, жайылтууга, эл алдында аткарууга, жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу берүүгө, эфирге берүүгө же аудиовизуалдык чыгарманы ар кандай түрдө элге жайылтууга, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын текстин субтитрлештирүүгө жана коштоого болгон өзгөчө укуктарын өткөрүп берүүгө алып келет. Көрсөтүлгөн укуктар аудиовизуалдык чыгармага автордук укуктун күчүнүн мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.»
10. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 1056-статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1056-статья. «Автордук укукту коргоо белгиси».
11. Мамлекеттик тилдеги тексттеги 1060-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы «иллустрациялар» деген сөз «иллюстрациялар» деген сөз менен алмаштырылсын.
12. 1061-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацынын төртүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кызматтык тапшырма тартибинде жаратылган чыгармалар үчүн ушул пункттун жоболору колдонулбайт.».
13. 1062-статьяда:
1) аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1062-статья. Автордун мүлктүк укуктары»;
2) 1-жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Авторго анын чыгармасына карата ар кандай түрдө жана ар кандай ыкмада пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.
2. Чыгарманы пайдалануу болуп төмөнкүлөр эсептелет:
чыгарманы кайталап чыгаруу;
чыгарманын нускаларын жайылтуу;
жайылтуу максатында автордук өзгөчө укуктардын ээсинин уруксаты менен даярдалган нускаларды дагы кошкондо, чыгарманын нускаларын импорттоо; чыгарманы эл алдында көрсөтүү; чыгарманы эл алдында аткаруу;
чыгарманы эфирге чыгаруу жана (же) эфирге кайталап чыгаруу аркылуу жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы берүү;
кабель, зым же ушуга окшогон башка каражаттардын жардамы менен жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы берүү; чыгарманы которуу;
чыгарманы кайрадан иштеп чыгуу (кайтадан башкача жасоо, аранжировкалоо же башкача кайра иштеп чыгуу);
кайсы болбосун жак өзүнүн тандоосу боюнча кайсы жерден жана кайсы убакта болбосун чыгармага кирүү мүмкүндүгүн ала алгыдай жол менен чыгарманы жалпыга маалымдоого жеткирүү;
дизайнердик, архитектуралык, шаар куруу жана сейил бактарынын долбоорлорун практика жүзүндө ишке ашыруу. Кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору буйрутмачыдан, эгерде келишимде башкача караштырылбаса, курулуш үчүн документтерди иштеп чыгууда жана имаратты же курулушту курууда өзүнүн долбоорун ишке ашырууга катышууга укук берүүнү талап кылууга укуктуу.
Чыгармага экинчи жолу объективдүү түрдү, ал түп нускасында кандай түрдө болсо ошондой түрдү берүү (чыгарманы басып чыгаруу, үн же көргөзмө жазууларды жана башкаларды нускалоо) кайталап берүү болуп эсептелет.
Чыгарманы сатуу, алмаштыруу, прокатка берүү же аның нускалары менен башка операцияларды жүргүзүү, чыгарманы жайылтуу болуп эсептелет.».
14. 1064-статьяда:
1) экинчи абзацындагы «негизсиз» деген сөз алып салынсын;
2) мамлекеттик тилдеги тексттеги «1165-1168» сандары «1065-1068» сандары менен алмаштырылсын.
15. 1065-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
имараттар жана ушуга окшогон курулуштар түрүндөгү архитектуралык чыгармаларды калыбына келтирүү;
маалымат базаларын же алардын ичинен маанилүү бөлүктөрүн калыбына келтирүү; мыйзамда караштырылган учурлардан тышкары, ЭЭМ үчүн программаларды калыбына келтирүү;
китептерди (толугу менен) жана ноталык тексттерди көбөйтүп чыгаруу;
жалпыга маалымдалган чыгармаларды ар кандай түрдө уруксатсыз кайра чыгаруу;
чыгарманы кадимкидей пайдаланууга зыян келтирүүсү жана автордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын негизсиз түрдө бузуусу мүмкүн болгон башка ар кандай кайра чыгаруулар.».
16. 1068-статьяда:
1) 2-пункттун экинчи абзацындагы «пайдаланылышы үчүн» деген сөздөр «пайдалангандыгы үчүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Кызматтык милдеттенмелерди же жумуш берүүчүлөрдүн кызматтык тапшырмаларын аткаруу тартибинде энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, мезгилдүү басылмаларды түзүүгө ушул статьянын жоболору колдонулбайт.».
17. 1070-статьянын мамлекеттик тилдеги текстиндеги «1109» сандары «1069» сандары менен алмаштырылсын.
18. 1074-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
19. 1078-статьяда:
1) биринчи абзацындагы «Чыгарма укук ээси менен келишимсиз пайдаланылганда» деген сөздөр «1. Чыгарма укук ээси менен келишимсиз пайдаланылганда» деген сан жана сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи пункт менен толукталсын:
«2. Соттун чечими боюнча чыгармалардын анынын коюлган контрафактылык нускалары автордук укук ээлерине өзүлөрүнүн өтүнүчү боюнча аларды өткөрүп берген учурдан тышкары, жок кылынууга тийиш.»
20. 1080-статьядагы «коюларга, аткарууга,» деген сөздөр «аткарууларга (коюуларга),» деген сөздөр менен алмаштырылсын,
21. 1081-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1081-статья. Чектеш укуктардын субъектилери
Чектеш укуктардын субъектилери болуп аткаруучулар, фонограмма чыгаруучулар, эфирге чыгаруу же кабель аркылуу уктуруу уюмдары эсептелет.»
22. 1083-статьяда:
1) 1-жана 2- пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Аткаруучуга төмөнкүдөй укук таандык:
анын атын көрсөтүүгө (ысымына укук);
аткаруучунун ар-намысына жапа кадыр-баркына зыян келтирүүгө жөндөмдүү болгон ар кандай бурмалоодон же кол салып зыян келтирүүдөн аткарууну коргоого;
аткарууну кандай түрдө болбосун пайдаланууга.
2. Аткарууну пайдалануу укугу өзүнө төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашыруу же уруксат берүү укугун камтыйт:
1) эгерде ушундай берүү үчүн пайдаланылган аткаруу эфир аркылуу мурда берилбесе же жазууну колдонуу менен ишке ашырылбаса, аткарууну кабель аркылуу берүү боюнча жалпыга маалымдоо үчүн эфир аркылуу берүүгө же кабарлоого;
2) мурда жазылбаган аткарууларды жазуу;
3) аткаруунун жазуусун кайра чыгаруу;
4) эгерде эң алгач бул жазуу коммерциялык максаттарды көздөбөстөн чыгарылган болсо, аткаруунун жазуусун эфир же кабель аркылуу берүүгө;
5) коммерциялык максатта Жарыяланган, аткаруучунун катышуусу менен аткаруу жазылган фонограмманы прокатка берүүгө. Бул укук фонограммага аткарууну жазууга келишим түзгөндө фонограмма чыгаруучуга өтөт; мында аткаруучу ушундай фонограмманын нускаларын прокатка бергендиги үчүн сыйакы алууга карата укугун сактайт;
6) кайсы жак болбосун кайсы жерден жана кайсы учурда болбосун өзүнүн тандоосу боюнча ага кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар болгондой жол менен жалпыга маалымдоо үчүн аткаруунун жазуусун кабарлоо.»;
2) 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Аткарууну пайдаланууга укуктун чектелиши мыйзам тарабынан белгиленет.».
23. 1084-статьяда:
1)1- жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Фонограмма чыгаруучуга анын фонограммасына карата фонограмманы кайсы формада болбосун пайдаланууга өзгөчө укук таандык.
2. Фонограмманы пайдаланууга өзгөчө укук төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашыруу же ишке ашырууга уруксат берүү укугун билдирет:
1) фонограмманы кайра чыгаруу;
2) фонограмманы кайра жасоо же кайсы ыкма менен болбосун кайра иштеп чыгуу;
3) фонограмманын нускаларын жайылтуу, б.а. аларды сатуу, прокатка берүү;
4) ушул фонограмманы чыгаруучунун уруксаты менен даярдалган нускаларды кошкондо, жайылтуу максатында фонограмманын нускаларын импорттоо;
5) кайсы жак болбосун жана кайсы жерден жана кайсы учурда болбосун өзүнүн тандоосу боюнча ага мүмкүнчүлүгү бар болгондой жол менен жалпыга маалымдоо үчүн фонограмманы кабарлоо (жалпыга маалымдап жеткирүүгө укук).»;
2) мамлекеттик тилдеги тексттеги аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1084-статья. Фонограмма чыгаруучунун укуктары».
24. 1085-статьянын 1- пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кабелдик берүү уюмуна анын берүүлөрүнө карата берүүнү ар кандай түрдө пайдаланууга жапа ушундай уруксатты бергендиги үчүн сыйакы алууга укукту камтуу менен, берүүнү пайдаланууга уруксат берүүгө өзгөчө укуктар таандык.
Берүүнү пайдаланууга уруксат берүүнүн өзгөчө укугу деген кабелдик берүү уюмунун төмөнкүдөй аракеттерди ишке ашырууга уруксат берүү укугун билдирет:
1) анын берүүсүн кабель боюнча жалпыга маалымдоо үчүн бир эле учурда кабелдик берүүнүн башка уюмуна кабарлоо;
2) берүүнү эфир аркылуу берүү;
3) берүүнү жаздыруу;
4) берүүнүн жазуусун кайра чыгаруу;
5) аны төлөп киргизилүүчү жерлерде жалпыга маалымдоо үчүн берүүнү кабарлоо.»
25. 1089-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацынын расмий тилдеги текстиндеги «алдын ала патент менен,» деген сөздөр алып салынсын.
26. 1106-статьянын 2-пунктундагы «Чет мамлекетте каттоодон өткөн же жалпыга таанылган» деген сөздөр «Чет өлкөлүк юридикалык жактарга» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
27. 1110-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Товардык белгини каттоонун аракети товардык белги соттун чечиминин негизинде ал катталган күндөн тартып үч жыл катары менен үзгүлтүксүз пайдаланылбай калганга байланыштуу товарлардын бардыгына же бир бөлүгүнө карата мындай үзгүлтүксүз пайдаланылбай калган мезгилде ар кандай адамдын арызы боюнча мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Товардык белгини пайдаланбоого байланыштуу товардык белгини каттоонун күчүң мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени чечүүдө товардык белгинин ээсинин ага байланышпаган жагдайлар, анын ичинде алар үчүн товардык белги катталган товарларга мамлекет тарабынан белгиленген чектөөлөр боюнча аны пайдаланбай калгандыгы жөнүндөгү далилдери эске алынышы мүмкүн.».
28. 1113-статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
«Товардык белгинин ээси укук бузууларды токтотуу же келтирилген чыгымдарды төлөтүү жөнүндө талаптардан тышкары, иштин деңгээлин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.».
29. 1114-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы «(келип чыгышынын көрсөтүлүшү)» деген сөздөр алып салынсын.
30. 1117-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
«3. Товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак укук бузууларды токтотуу же келтирилген чыгымдарды төлөтүү жөнүндө талаптардан тышкары, иштиктүү беделин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу.».
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|