Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 11-октябрындагы № 710 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 373
«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» газетасы, 2002-жылдын 3-июлу № 50) төмөнкү толуктоо киргизилсин:
Преамбуладагы «мектеп» деген сөздөн кийин «аз камсыз болгон үй-бүлөнүн» деген сөз менен толукталсын.
2-берене. Аталган Мыйзамды аткаруунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн гана балдарына тамактанууну уюштурууда үнөмдөлгөн акча каражаты билим берүү тармагына жумшалсын.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирилсин.
4-берене. Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|