Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 374
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2. 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 213-беренеде:
1-бөлүктүн экинчи абзацындагы «бешке» деген сөз «элүү бешке» деген сөздөр менен жана «онго» деген сөз «жетимиш бешке» деген сөздөр менен алмаштырылсын:
2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «онго» деген сөз «жетимиш бешке» жана «он бешке» деген сөздөр «жүзгө» деген сөз менен алмаштырылсын;
3-бөлүктүн экинчи абзацындагы «бештен онго чейинки» деген сөздөр «элүү беш өлчөмүндө» жана «жыйырма» деген сөз «жетимиш бешке» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Жыйырманчы глава төмөнкүдөй мазмундагы 2131-берене менен толукталсын:
«2131-берене. «Аба кемелерин эксплуатациялоо эрежелерин бузуу
Аба кемелерин учууга уруксат берүү тартибин же учууга даярдоо жана учуу эрежелерин бузуу, ушул берененин 2 - 4-бөлүктөрүндө каралган учурлардан тышкары, эгер бул аракеттер байкабастыктан жапа чеккен адамдын саламаттыгына жеңил залал келтирсе, -
Жабыр тарткандын ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымын төлөө менен жарандарга жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө же үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө аба кемесин башкаруу укугунан ажыратууга; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып салууга кириптер кылат.
Бузуктары бар, учууну аткарууга тыюу салынган аба кемеде учуу, же жүргүнчүлөрдү салуу (жүк көтөрүү) нормаларын, же аба кеменин учуу массасын же центровкасын бузуу менен учуп чыгуу. -
Аба кеменин командирине жыйырма эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга же аба кемени башкаруу укугун бир жылга чейинки мөөнөткө ажыратууга кириптер кылат.
Алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын аба кемени башкаруусу, же аба кемени башкарып жаткан адамдын алкоголь. наркотик каражат, же башка баңги кылуучу заттарды колдонуудан улам мас экендигин белгиленген тартипте медициналык текшертүүдөн баш тартуу, же аба кемени башкарууну алкоголго, наркотик каражатка же башка баңги кылуучу заттарга мас абалдагы адамдын башкаруусуна берүү, -
Аба кемени башкаруу укугунан эки жылдан уч жыл мөөнөткө чейин ажыратууга кириптер кылат.
Бортунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген издөөчү жана авариялык-куткаруучу каражаттары жок аба кемелеринин учууларды аткарышы, -
жарандарга жыйырмадан отузга чейин эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү администрациялык айып салууга кириптер кылат; кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки жана юридикалык жактарга - жүздөн жүз онго чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.
3. 508-берене «151 - 157» сандарынан кийин «, 2131-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү» деген сөздөр менен толукталсын.
4. 518-берене «211» деген сандан кийин «, 2131-статьянын 1- жана 4-бөлүктөрү» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|