Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 375
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
65-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «бирден үчкө чейин» деген сөз «үчтөн бешке чейин» деген сөз менен алмашылсын;
2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «үчтөн бешке чейин» деген сөз «бештен онго чейин» деген сөз менен алмашылсын;
Төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
«Ушул берененин 1- жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн, жашы жете электерди алкоголь ичимдиктерин ичүүгө, баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды пайдаланууга, же селсаяктык, кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошондой эле алар кылмыштын же болбосо атайылап администрациялык эреже бузуунун белгилери бар жосундарды жасаган болсо,-
ондон жыйырма эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып төлөөгө кириптер кылат.».
2-берене. Кыргыз Республикасынын бул Мыйзамы расмий жарыяланган күндөн тартып . күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|