Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июну № 377
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, жүргүзүлүп жаткан салык саясатын жакшыртуу жана өркүндөтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж. № 8, 922-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 17-берененин 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«5) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53- жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултуу боюнча салык кызматынын органдары менен бирдикте контролдоону ишке ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;».
2. 50-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
«15) салыктарды чогултуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо.».
3. Кодекс төмөнкү мазмундагы 52-1-берене менен толукталсын:
«52-1-берене. Салыктык укук мамилелер чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары жана милдеттери
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, 53- жана 54-главаларында каралган салыктарды чогултууну ишке ашырууга;
2) эгер ушул пунктта башкача каралбаса, ушул Кодекстин 93-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4- жана 5-пункттарына ылайык салык контролун жүргүзүүгө;
3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын табылган бузууларды четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;
4) салык кызматынын органдарынан жана салык салынуучу объекттер жана ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө каралган салыктар боюнча салыктык милдеттерди эсептөө менен байланышкан башка мамлекеттик органдардан маалыматтарды алууга.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Кодекстин 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1- жана 3-пункттарында каралган Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сакталышына рейддик салык контролун ишке ашырышат.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары салык контролун ишке ашырууда салык төлөөчүдөн ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53- жана 54-главаларында каралган салыктарды төлөө боюнча документтерди көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык төлөөчүнүн укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыгын сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоого жана салык төлөөчүдөн анын аткарылышын талап кылууга;
3) салык төлөөчүлөргө алар тарабынан салыктык милдеттенмелердин аткарылышына көмөк көрсөтүүгө;
4) ушул Кодекстин 74- жана 75-беренелерине ылайык салыктык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун ыкмаларын колдонууга;
5) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53- жана 54-главаларында каралган салыктар боюнча салыктык милдеттенмелердин аткарылышына салыктык контролду ишке ашырууга;
6) рейддик салык контролун жүргүзүүдө ушул Кодекстин 108-беренесинин 3, 4, 5-бөлүктөрүн жана 113, 114, 115, 117-беренелерин жетекчиликке алууга;
7) салык контролунун түрлөрүн инспектордук текшерүүлөрдүн китебинде каттоого;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу кызматтык, коммерциялык, салыктык, банктык жана башка жашыруун сырларды сактоого;
9) салыктык милдеттенмелердин аткарылгандыгынын аныктыгын тастыктоочу документтердин 6 жыл ичинде сакталышын камсыз кылууга;
10) ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө эсептелген жана келип түшкөн салыктардын суммасы жөнүндө, квитанциялардын жана документтердин колдонулушу тууралуу, ошондой эле салыктардын суммасын банкка же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына төккөндүгү жөнүндө салык органына отчет берүүгө».
4. 108-берененин 2-бөлүгү төмөнкү сүйлөм менен толукталсын:
«2. Рейддик контролдоо дагы ушул Кодекстин 52-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.».
5. 112-берененин 1-бөлүгү «салык органы» деген сөздөрдөн кийин «жана ушул Кодексте белгиленген укуктардын жана ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр менен толукталсын.
6. 131-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту төмөнкү мазмундагы е) жана ж) пунктчалары менен толукталсын:
«е) салык постун белгилөө боюнча кайрылууларды;
ж) ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүндө, ошондой эле 53- жана 54-главаларында каралган ченемдерди салык төлөөчү бузган учурда түзүлгөн протоколдорду.».
2-берене. Ушул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына этабы менен өткөрүп берүүнүн мөөнөттөрү жана салыктардын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) бул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын.
4-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|