Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 7-июну № 381
Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган «Датка - Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- «Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган «Датка - Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган «Датка - Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган «Датка-Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашууну ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкына билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
1. Пекин шаарында 2012-жылдын 5-июнунда кол коюлган «Датка-Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келүү маселеси боюнча:
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларына жалпысынан ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин нормаларына карама-каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-статьяларына ылайык Макулдашуу аны кол коюуга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика тармагын өнүктүрүү боюнча комитети (2011-жылдын 31-майы), Бюджет жана финансы боюнча комитети (2012-жылдын 31-майы) жана Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча комитети (2012-жылдын 1-июну) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июнундагы № 238-6 буйругу менен жактырылган.
2. Макулдашууну ратификациялоонун мүмкүн болгон финансылык-экономикалык жана башка натыйжалары жөнүндө маселелер боюнча:
Макулдашуунун шарттарына ылайык 389,795 млн. АКШ доллары өлчөмүндө кредит берилет, карыз алуу мезгили - 20 жыл, жеңилдетилген мезгилин кошкондо - 9 жыл, жылдык проценттик ставка - 2%.
Бул Макулдашуу 2012 - 2014-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасына ылайык ратификациялоого киргизилет.
«Датка - Кемин» 500 кВ электр берүү линиясын жана «Кемин» 500 кВ подстанциясын куруу» долбоорун ишке ашыруу керектөөчүлөрдү электр менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн жакшыртууга, электр энергиясынын транзитинин коромжулуктарын азайтууга жана анын жоготууларын компенсациялоо, 500-220 кВ ички энергетикалык шакекчени түзүү жана андан ары Камбарата ГЭС - 1 жана 2 кубаттуулугун чыгарууга багытталган.
Мында кредиттик каражаттарды тындыруу республикалык бюджеттен финансылык каражаттарды тартпастан «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому тарабынан Макулдашуунун шарттарына ылайык тындырылат.
Аталган долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылат.