Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну № 382
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү жана Толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз тартипте кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк жана эскертүү менен толукталсын:
«Администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес, буга ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурлар кирбейт.
Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу бул Кодекстин 20-главасында каралган, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга, бул администрациялык укук бузуулар фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен белгиленген учурда, жайылтылбайт.».
2. 23-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот, буга маңызы боюнча ушул ченемдер жеке жакка карата гана же юридикалык жакка карата гана таандык же аларга карата колдонулушу мүмкүн болгон учурлар кирбейт.».
3. 28-статьяда:
- экинчи бөлүктө «Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү,» деген сөздөр алып салынсын;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объекти болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза чара көрүү катары гана белгиленет жана колдонулат.».
4. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
«ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген учурларда администрациялык жаза чарасы администрациялык айып акы түрүндө берилет, анын өлчөмү ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинде анда канча төмөн болууга тийиш.».
5. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи - төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
«Администрациялык жазаны берүүдө сот (судья), орган (кызмат адамы) жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзүнө жараша Кодекстин ушул статьясынын биринчи бөлүгүндөгү алтынчы пунктта көрсөтүлгөн кырдаалды оорлотуучу жагдай эмес деп табышы мүмкүн.
Администрациялык жазаны берүү учурунда судья, орган, кызмат адамы ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн кырдаалды оорлотуучу жагдай деп таба албайт.
Бир администрациялык укук бузуунун белгиси катары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган оорлотуучу жагдай башка администрациялык жаза берүүдө кайрадан эске алынбайт.».
6. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«46-статья.
Администрациялык жазаны колдонуу мөөнөттөрү Администрациялык жаза жарандарга жана кызмат адамдарына карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; укук бузуу созулганда - ал табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн ишкерлик кылган адамдарга карата - администрациялык укук бузуу табылган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн, буга ушул статьяда каралган учурлар кирбейт.
Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген айып акы түрүндө администрациялык жаза жеке жана юридикалык жактарга карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн.
Жазык ишин козгоодон баш тартылган же жазык иши токтотулган учурда, укук бузуучунун аракеттеринде администрациялык укук бузуунун белгилери болгондо, администрациялык жаза жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган же ал токтотулган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен колдонулушу мүмкүн.
Эгерде бул статьянын биринчи жана экинчи бөлүмдөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы администрациялык укук бузууну жасаса, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө токтотулат. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө жаны администрациялык укук бузуу табылган учурдан тартып башталат.
Эгерде укук бузууну жасаган адам атайылап жашырынып жүрсө же ага карата администрациялык жаза аткарылбаган болсо, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө токтотулат. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө укук бузууну жасаган адам табылган учурдан тартып башталат.».
7. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 461-статья менен толукталсын:
«461-статья.
Администрациялык жаза акысын төлөө мөөнөттөрүн бузуу Айып акы түрүндө берилген жазанын акысын өз учурунда төлөбөгөндө, башкача айтканда, администрациялык айып акыны салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин, ал эми токтомго даттанылган учурда - даттанууну же сунушту калтыруу жөнүндө билдирилген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузууну жасаган. жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген адам айып акыдан тышкары, акчалай сумма түрүндөгү туумду (айыпты) төлөйт.
Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуу боюнча тиешелүү токтом чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде администрациялык айыл акыны төлөөдөн качкан учурда сот айып акыны транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза же администрациялык арест менен алмаштыра алат.
Эскертүү: Туум ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мурда салынган айып акынын суммасынын он пайызы өлчөмүндө аныкталат, бирок негизги айып акынын суммасынын эки өлчөмүнөн ашпайт.»;
8. 173-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«үч эсептешүү көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
9. 212-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«үч эсептешүү көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«беш эсептешүү көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
10. 213-статьянын үчүнчү бөлүгүнүн экинчи абзацында «бештен онго чейинки» деген сөздөр «он өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 217-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
12. 218-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
13. 223-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацында «0,5тен бир өлчөмүнө чейин» деген сөздөр жана цифралар «бир өлчөмүндө» деген сөздөр менен. алмаштырылсын.
14. 224-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«224-статья.
Айдоочу белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын аны пайдаланууга тыюу салынгандан кийин, жок болгон, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу белгиленген жерде тешиги же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен айдоосу
Айдоочу белгиленген тартипте катталбаган же пайдаланууга тыюу салынгандан кийин транспорт каражатын айдоосу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочу жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (буга жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтери кирбейт) жана автобустардын (буга өзгөчө чакандары кирбейт) арткы бооруна кайталаган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочу транспорт каражатын жок болгон, стандарттуу эмес, окулбаган же башка буюмдар менен атайылап жашырылган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен айдоосу, -
эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочу транспорт каражатын жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Айдоочу транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу белгиленген жерде тешиги же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Мамлекеттик каттоо номерлик белгиси техникалык нормалоо жана стандартташтыруу жагынан ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарына ылайык келбегенде - стандарттуу эмес, ал эми 20 метрден ашык аралыкта алдыңкы же арткы мамлекеттик каттоо номерлик белгилеринин бир жана андан ашык тамгаларын же цифраларын окуу камсыз кылынбаган учурда окулбайт деп табылат.»
15. 227-статьянын экинчи абзацында «экиден үчкө чейинки» деген сөздөр «үч эсептик» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 228-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Айдоочу маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринде жана арткы айнегинде жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражаттарын айдоосу -
транспорт каражатынын айдоочусу (ээси) бул буюмдарды (күңүрттөөчү плёнкаларды, жапкычтарды, пардаларды) милдеттүү түрдө алып салышынын шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же транспорт каражатын башкаруу укугунан алты айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.».
17. 230-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи абзацында «бештен онго чейинки» деген сөздөр «он» деген сөз менен алмаштырылсын.
18. 231-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацында «0,5тен бир өлчөмүнө чейин» деген сөздөр жана цифралар «бир өлчөмүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 232-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Унаа каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан ашык, бирок 20 км/сааттан ашык эмес ашып кетиши -
эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»;
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»;
- үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
20. 233-статьянын экинчи абзацында «эскертүү же» деген сөздөр алып салынсын.
21. 234- жана 235-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«234-статья.
Транспорт каражатын айдоочунун ички иштер органынын кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндөгү мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу
Транспорт каражатын айдоочунун ички иштер органынын кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндөгү мыйзамдуу талаптарын аткарбоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, -
ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорттук каражатты токтотуу талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы менен сигнал берүү аркылуу билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү үчүн сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш.
235-статья.
Транспорт каражатын айдоочунун жол белгилерин, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражаттарын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун, адамдарды ташуунун эрежелерин бузушу, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин башкача одоно бузуулары
Транспорт каражатын айдоочунун жол белгилерин же жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү чек белгинин талаптарын сактабагандыгы, транспорт каражатын айдоочунун озуп өтүүнүн жана маневр жасоонун, транспорт каражатын жолдун машина жүрө турган бөлүгүнө жайгаштыруунун эрежелерин, жолдордун кесилишинен өтүү, жөө киши өтүүчү жерден өтүү эрежелерин, жолдун четинде, тротуарларда, жөө жүргүнчүлөргө арналган жолдордо жана башка газондордо жүрүүнү бузушу (буга ушул Кодекстин 20-главасында каралган учурлар кирбейт) -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Тыгылыш болуп калган учурда жолдун кесилишине чыгуу же жолдордун жана көчөлөрдүн өтө турган бөлүгүн кесип өтүү, ал айдоочуну токтотууга аргасыз кылышы, туурасынан кетүүчү багытта транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук түзүшү, -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Транспорт каражатын айдоочунун токтоо жана токтотуп коюу талаптарын сактабоосу (буга ушул статьяда каралган учурлар кирбейт) -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Белгиленген талаптарды бузуу менен транспорт каражатынын каршы кыймылдын тилкесине чыгышы -
эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Транспорт каражатын айдоочунун адамдарды ташуу боюнча белгиленген талаптарды бузушу -
эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү. Токтотуу жана (же) токтотуп коюу (парковка) эрежелерин бузгандыгы, жол кыймылына жолтоо болгону үчүн, ошондой эле транспорт каражаты жол-транспорт кырсыгына катышкан учурда транспорт каражатынын айдоочусу (ээси) жок болсо да токтотуучу атайын жайларга алып баруу менен мажбурлап эвакуациялоого жол берилет.».
22. 238-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.»;
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же эки жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.»;
- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун ден соолугуна зыян келтирген же транспорт каражаттарын жана башка мүлктү бузган, жазык жактан жазалоо жосунунун белгилери болбогон аракеттер -
үч жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.»;
- төртүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»;
- бешинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.»;
- алтынчы жана жетинчи бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын;
- сегизинчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.»;
- тогузунчу бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн отуз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи бөлүк менен толукталсын:
«Ушул статьянын биринчи-үчүнчү, бешинчи жана сегизинчи бөлүктөрүндө каралган, үч жылдын ичинде эки жолудан ашык жасалган аракеттер -
төрт жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратууга же 15 суткага администрациялык камакка алууга алып келет.».
23. 239-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«239-статья. Транспорт каражаттарын айдоочулардын сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуу эрежелерин бузуусу
Транспорт каражаты жүрүп баратканда бул транспорт каражатынын айдоочусу сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонуусу, -
эскертүү же эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү: Транспорт каражатын башкаруу учурунда кулакка таккычтарды же үнү катуу чыккан байланыш каражатын колдонуу аркылуу сүйлөшүү түзүлүшүн же байланыш каражатын колдонууга уруксат берилет.
Бул статьяда көрсөтүлгөн талаптар оперативдүү жана атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларына алар кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жаткан учурда жайылтылбайт.».
24. 240-статьянын үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
25. 241-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Транспорт каражатын айдоочу Жол кыймылынын эрежелерин бузуп, авариялык кырдаалдын түзүлүшү, -
эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»
- үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратууга алып келет.»;
- төртүнчү бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
26. 242-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айыл салууга алып келет.»;
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Эгерде укук бузуучунун аракеттеринде жазык жагынан жазалануучу жосундун белгиси болбосо, транспорт каражатынын айдоочусу тарабынан Жол кыймылынын эрежелерин бузуудан жабырлануучунун ден соолугуна жеңил залал келтириши -
эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салынышына же кийин жабырлануучунун ден соолугун калыбына келтирүүгө кеткен материалдык чыгымдарынын ордун толтуруу менен эки жылга транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына алып келет.»;
- төртүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга же он беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.».
27. 243-статьяда:
- статьянын аталышы «ээ болбогон» деген сөздөрдөн кийин «же андан ажыратылган» деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«Айдоо укугунан ажыратылган адам транспорт каражатын айдоосу -
«эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.»,
28. 20-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2441-статья менен толукталсын:
«2441-статья.
Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаптарды аткарбагандык
Коркунучтуу жүктөрдү же жүргүнчүлөрдү ташуучулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полиси жанында болбогон адам транспорт каражатын айдоосу -
эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү:
Коркунучтуу жүктөрдү ташуучу деп коркунучтуу жүктөрдү ташыган жана бул үчүн транспорт каражатын пайдаланган жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде автомобилдик транспорт каражатына ээ болгон жана акы үчүн же жалдоо боюнча жүргүнчүлөрдү жана алардын мүлкүн ташууга укугу бар жеке же юридикалык жак түшүнүлөт.
Жүргүнчү деп анын атынан же анын өзү түзгөн ташуу келишимин аткаруу үчүн ташуучу акыга ташыган жеке жак түшүнүлөт.».
29. 245-статьянын биринчи абзацында «кодекстин ушул статьясында» деген сөздөр «бул Кодекстин 20-главасында» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
30. 20-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2461-статья менен толукталсын:
«2461-статья. Коомдук шаардык жана шаар четине каттаган транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу
Троллейбусту, шаардык жана шаар четине каттаган автобусту же таксини пайдалануу эрежелерин транспорт каражатынын бут койгучунда жана чыгып турган башка бөлүктөрүндө жол жүрүү, кыймыл учурунда кирүү жана чыгуу, эшиктердин ачылышына жана жабылышына тоскоолдук кылуу, тиешелүү таңгагы болбостон кесүүчү буюмдарды, ошондой эле салонду жана жүргүнчүлөрдүн кийимин булгаган буюмдар менен заттарды ташуу түрүндө бузуу -
эскертүүгө же эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
31. 248-статьяда:
- биринчи бөлүктүн экинчи абзацында:
«он» деген сөз «жыйырма» деген сөз менен алмаштырылсын;
«бир жылдан эки жылга чейин» деген сөздөр «бир жылдык мөөнөткө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи бөлүктүн экинчи абзацында:
«он беш» деген сөздөр «жыйырма» деген сөз менен алмаштырылсын;
«эки жылдан үч жылга чейин» деген сөздөр «төрт жылдык мөөнөткө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацында:
«эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө» деген сөздөр «үч жылдык мөөнөткө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
эскертүүдө «ушул статья» деген сөздөр «ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
32. 249-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«249-статья.
Белгиленген тартипте катталбаган, билип туруп жасалма мамлекеттик каттоо номер белгиси бар, оң эмес, кайра жабдылган жана мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын жолго чыгаруу
Белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатын жолго чыгаруу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Билип туруп жасалма мамлекеттик каттоо номер белгиси бар транспорт каражатын жолго чыгаруу -
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Оң эмес, аны пайдаланууга тыюу салынган, тиешелүү уруксат болбостон кайра жабдылган же мамлекеттик техникалык кароодон өтпөгөн транспорт каражатын жолго чыгаруу
кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
33. 250-статья күчүн жоготту деп табылсын.
34. 508-статьяда «228-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьясынын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 235-статьясынын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьясында, 240-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 248, 250-статьяларында» деген сөздөр жана цифралар «228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясынын биринчи - үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 248-статьясында,» деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.
35. 511-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«511-статья. Ички иштер органдары
Ички иштер органдары өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде төмөндөгү статьяларда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт:
ички иштер органдарынын зардалдары жана алардын орун басарлары - ушул Кодекстин 92-1-статьясында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 216 - 219-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 232-237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239- жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243 - 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи-үчүнчү бөлүктөрүндө, 375-, 376-статьяларында, 377-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 378-386, 389-статьяларында, 390-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 391, 391-1, 393, 410-статьяларында;
транспорттогу ички иштер органдарынын зардалдары жана алардын орун басарлары - 85-1, 212, 216, 220-статьяларында, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 364-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи, экинчи, үчүнчү бөлүктөрүндө, 378, 410-статьяларында;
милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн жана линиялык пункттарынын зардалдары - 85-1, 216-статьяларында, 220-статьясынын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 240-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 365-статьясында, 366-статьясынын биринчи, экинчи бөлүктөрүндө, 377, 384, 389, 410-статьяларында;
милициянын участоктук инспекторлору - 85-1, 247, 365-статьяларында, 366-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 384-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 396-статьясында;
жол кыймылынын коопсуздугунун башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн (бөлүмчөлөрүнүн) зардалдары жана алардын орун басарлары, ал эми ички иштер бөлүмүндө жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмү жок болсо - ички иштер органдарынын зардалдары жана алардын орун басарлары - 173, 212-статьяларында, 213-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 214-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 216-219- статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224 - 227-статьяларында, 228-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 229-статьясында, 230-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 231-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 232 - 237-статьяларында, 238-статьясынын төртүнчү жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 239- жана 240-статьяларында, 241-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 242-статьясынын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 243 - 247, 249-статьяларында, 251-статьясынын биринчи бөлүгүндө;
жол кыймылынын коопсуздугунун башкармалыктарындагы бөлүмдөрдүн улук инспекторлору, жол кыймылынын коопсуздугунун полкторунун, батальондорунун, роталарынын, бөлүмдөрүнүн командирлери жана алардын орун басарлары, улук мамавтоинспекторлору, мамавтоинспекторлору, взводдордун командирлери, администрациялык практиканын улук инспекторлору жана инспекторлору, жол көзөмөлүнүн улук инженерлери жана инженерлери, жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн улук инспекторлору жана инспекторлору - 173, 212-статьяларында, 223-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 224-статьясынын экинчи жана бешинчи бөлүктөрүндө, 225 - 227-статьяларында, 229-статьясында, 231-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 232- жана 233-статьяларында, 235-237-статьяларында, 239-статьясында, 245
- 247-статьяларында.».
36. 551-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ачык каралат, буга бул мамлекеттик, аскердик, коммерциялык же мыйзам менен кайтарылуучу башка сырды жарыя кылууга алып келиши мүмкүн болгон учурлар, ага тете бул администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышып жаткан адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, алардын жакындарынын коопсуздугун камсыз кылуу таламдарын, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдардын ар-намысын жана кадыр баркын коргоону талап кылган учурлар кирбейт. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти жабык карап чыгуу жөнүндө чечимди ишти карап жаткан судья, орган, кызмат адамы аныктама түрүндө чыгарат.».
37. 5533-статьянын эскертүүсү күчүн жоготту деп табылсын.
38. 559-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде, иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар табылган учурда администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом ага карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте таризделет.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө таризделет, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен ырасталат.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документтерге которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн тартып 3 күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен жиберилет.».
39. 567-статьяда:
- үчүнчү бөлүктө «буюмдарды карап чыгуу» деген сөздөр «алып коюлган буюмдарды жана документтерди көрсөтүү менен карап чыгуу» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«Жол кыймылынын коопсуздугуна шек келтирген, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жасалган учурда, ал үчүн төмөнкүдөй администрациялык жазалардын бири: айып акы; транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу; администрациялык камакка алуу колдонулушу мүмкүн болгондо - айдоочудан администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом аткарыла турган мөөнөткө айдоочунун күбөлүгү алып коюлат жана транспорт каражатын убактылуу башкаруу укугуна убактылуу уруксат берилет, бул тууралуу администрациялык укук бузуу жөнүндө протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган токтомдо жазуу жазылат. Сот транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу жөнүндө токтом чыгарган учурда айдоочунун күбөлүгү кайра кайтарылбайт, ал эми убактылуу уруксаттын күчү даттанууну берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин же даттануу боюнча чечим кабыл алынганга чейин узартылат.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын: Айдоочунун күбөлүгүн жоготкондугу боюнча берилген транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу талон боюнча транспорт каражатын башкарган айдоочу администрациялык укук бузуу жасаган учурда ыйгарым укуктуу кызмат адамы убактылуу талонду алып коюу жана транспорт каражатын башкаруу укугуна убактылуу уруксат берүү менен администрациялык протокол түзөт, уруксаттын күчү убактылуу талондун колдонулушунун мөөнөтүнөн ашпайт. Алып коюлган убактылуу талон администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммасы, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айып акылар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн кийин ээсине кайра кайтарылат. Адамды транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратканда убактылуу талон кайра кайтарылбайт.
Ушул Кодекстин 140, 149, 377-379, 382-статьяларында каралган укук бузуулар жасалган учурда милиция кызматкерлери жана аңчылыктын жана балык уулоонун эрежелери сакталышына контролдук кылган атайын ыйгарым укуктуу органдар ок атуучу куралды, ошондой эле ок-дарыларды иш каралганга чейин алып коюуга укуктуу, бул жөнүндө алып коюлган куралдын маркасын же моделин, калибрин, сериясын жана номерин, ок-дарылардын санын жана түрүн көрсөтүү менен протоколго жазуу жазылат. Кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда укук бузган адамга карата алып коюу, жекече текшерүү жана буюмдарын карап чыгуу кечиктирүүгө болбогон учурларда гана колдонулат.
40. 568-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«568-статья. Мамлекеттик каттоо номер белгилерин алып коюу жана транспорт каражаттарын кармоо, транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жана мас абалын аныктоо жагынан күбөлөндүрүү
Ушул Кодекстин 461-статьясынын биринчи бөлүгүндө аныкталган администрациялык укук бузуулардын акысын төлөө мөөнөтү бузулганда, ошондой эле ушул Кодекстин 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи - төртүнчү бөлүктөрүндө, 234- жана 238-статьяларында, 241-статьясынын үчүнчү - бешинчи бөлүктөрүндө, 242, 243, 244, 2441, 248-статьяларында каралган укук бузуулар жасалганда, ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары, ошондой эле Башкы мамлекеттик техникалык инспекция органынын кызматкерлери (автомототранспорттон тышкары) транспорт каражаттарынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коет же транспорт каражаттарын кармайт жана аларды иш каралганга чейин белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдери боюнча түзүлгөн айып алынуучу атайын жайларга убактылуу сактоо үчүн жеткирет.
Транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилери алып коюлган же транспорт каражаты кармалган учурда айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилет, бул жөнүндө администрациялык укук бузуу тууралуу протоколго же ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомго тиешелүү жазуу жазылат.
Транспорт каражатынын алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин же кармалган транспорт каражатын ээсине (айдоочуга) берүү администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча чечим кабыл алынгандан, айып акынын жана (же) туумдун суммалары, анын ичинде мурда салынган жана өндүрүлбөгөн айып акылар боюнча суммалар өндүрүлгөндөн, кармалган транспорт каражатынын ордун которуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин ички иштер органынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүргүзүлөт, ал протоколдо же ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү пунктунда каралган тартипте чыгарылган токтомдо кармалган транспорт каражаты, алып коюлган мамлекеттик каттоо номерлик белгилери берилген датаны, ошондой эле аларды алган адамдын фамилиясын, инициалдарын, дарегин, телефон номерин жана колтамгасын көрсөтүү менен жазуу жазат.
Транспорт каражатын кармоо, ошондой эле мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин жана транспорт каражаттарын алып коюу жана сактоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.,
Транспорт каражаттарын башкарып жүргөн, алар мас абалда деп болжолдоого жетиштүү негиздер бар болгон айдоочулар мас абалын аныктоо жагынан күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн адамдарды ушул күбөлөндүрүүгө жөнөтүү тартибин жана аларды күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
41. 570-статьянын экинчи бөлүгү «адам жокто ишти кароонун» деген сөздөрдүн алдында «ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган же» деген сөздөр менен толукталсын.
42. 584-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«584-статья. Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароонун орду
Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш ал жасалган, транспорт каражаты табылган, айып алынуучу атайын токтотуучу жайга коюу же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча, ошондой эле өзүнө карата администрациялык укук бузуу жөнүндө иш жагынан өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамдын өтүнүчү боюнча иш бул адам жашаган жер боюнча же транспорт каражаты эсепте турган жер боюнча каралышы мүмкүн.
Ушул Кодекстин 461-статьясында, 224-статьясынын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 228-статьясынын экинчи - төртүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьясында, 238-статьясынын биринчи - алтынчы, сегизинчи жана тогузунчу бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү - бешинчи бөлүктөрүндө, 242, 243, 244, 244 , 248-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер транспорт каражаты айып алынуучу атайын токтотуучу жайга коюлган же транспорт каражатынын мамлекеттик каттоо номерлик белгилерин алып коюу жери боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 247-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 223, 224, 226 - 237, 239 - 242, 245 - 248-статьяларында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча каралат.
Ушул Кодекстин 127, 130, 193, 365, 366-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер алар жасалган жер боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын жашаган жери боюнча каралат.
Жашы жете электердин иштери боюнча комиссиялар администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди укук бузуу жасалган жер боюнча же администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете элек адамдын жашаган жери боюнча карайт.».
43. 586-статьянын биринчи бөлүгүнүн экинчи пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2) ушул Кодекстин 559-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жеке жактын же жеке жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, же болбосо юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлүнүн, ошондой эле ишти кароого катышуучу башка адамдардын келгендигине ынанат;».
44. 588-статьянын биринчи бөлүгү «түрдө жүргүзүлөт» деген сөздөрдөн кийин «, буга ушул Кодекстин 559-статьясынын 3-пунктунда каралган учурлар кирбейт» деген сөздөр менен толукталсын.
45. 592-статьяда төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«592-статья. Администрациялык жаза салынгандыгы жөнүндө токтомду администрацияга жеткирүү
Ушул Кодекстин 88, 89-статьяларында, 228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230, 238-статьяларынын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьясынын үчүнчү - бешинчи бөлүктөрүндө, 242, 248, 365-статьяларынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карап жаткан сот (судья) же орган (кызмат адамы) администрациялык жаза салынгандыгы жөнүндө токтомду укук бузуучунун иштеген, окуган же жашаган жери боюнча администрацияга жеткирет.
Администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти караган сот (судья) чыгарылган чечимдин көчүрмөсүн берүү менен бул иш боюнча чыгарылган чечим жөнүндө маалыматты администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзгөн органга (кызмат. адамына) жеткирүүгө милдеттүү.»
46. 594-статьянын биринчи бөлүгү «даттануу бере алат» деген сөздөрдөн кийин «, ап эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда даттануу түздөн түз сотко берилет» деген сөздөр менен толукталсын.
47. 595-статьянын биринчи бөлүгү «сотко даттанылышы мүмкүн» деген сөздөрдөн кийин «, ал эми ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө макул болбогон учурда даттануу түздөн түз сотко берилет» деген сөздөр менен толукталсын.
48. 609-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1. Эгерде администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты айдын ичинде аткарылбаган болсо, ал аткарылууга тийиш эмес.
Эгерде ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен белгиленген айып түрүндөгү администрациялык жаза салуу жөнүндө токтом мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып беш жылдын ичинде аткарылбаган болсо, ап аткарылууга тийиш эмес.».
49. 614-статьяда:
- биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Укук бузуу жасалган жерде администрациялык айып акыны өндүргөн учурда укук бузуучуга белгилеген формадагы айып квитанциясы берилет, ап катуу финансылык отчёттогу документ болуп саналат жана эки нускада түзүлөт. Администрациялык укук бузуу жасаган адам салынган жазага өзүнүн макулдугун айыпты ыктыярдуу төлөө жана айып квитанциясынын биринчи нускасына кол коюу менен ырастайт, мында анын биринчи нускасы өзүнө карата ушул жаза чарасы колдонулган адамга берилет.»;
- экинчи жана үчүнчү бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Администрациялык укук бузуу жасагандыгы үчүн салынган айып акыны укук бузуучу накталай же накталай эмес түрдө Кыргыз Республикасынын банкынын же почта байланышынын улуттук операторунун мекемесине төлөйт. Укук бузуу жасалган жерде алынуучу айып акыны укук бузуучу ушул Кодекстин 559-статьясынын биринчи пунктунда каралган тартипте накталай түрдө төлөйт.
3. Өндүрүлгөн, анын ичинде мамлекеттик башкаруу органдары салган администрациялык айыптардын суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге которулат, буга ушул статьянын төртүнчү - алтынчы пункттарында каралган учурлар кирбейт.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - жетинчи пункттар менен толукталсын:
4. Жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген администрациялык укук бузууларды жасаганда алынуучу, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык айып акылардын суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте республикалык бюджетке кошулат.
5. Бажы органдары өндүргөн администрациялык айып акылардын - суммалары Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы системасын өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы Фондуна кошулат,
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялар) салган администрациялык укук бузуулар боюнча айып акылардын суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге которулат. Мында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялар) салган администрациялык айыптардын суммаларынан, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) материалдары боюнча, айып акылардын суммаларынын 30 пайызы ошол керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) эсебине которулат.
7. Жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген, ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык айып акылардын суммаларын өндүрүүнү ички иштер органынын кызмат адамы, сот (судья) жүзөгө ашырат же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мажбурлап аткаруу үчүн соттук аткаруучуга жөнөтүлөт.
50. VI бөлүм:
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
«Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна убактылуу уруксат - алып коюлган айдоочунун күбөлүгүнүн ордуна ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугунун бөлүмдөрүнүн кызмат адамдары берген жана айрым мезгилде (30 сутка) транспорт каражаттарын башкарууга жеке жактардын укугун ырастаган документ.».
Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна убактылуу талон - айдоочунун күбөлүктөрүн берүү жана алмаштыруу функцияларын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары айдоочунун күбөлүгүн жоготкондо берилүүчү, айрым мезгилде (30 сутка) транспорт каражаттарын башкарууга жеке жактардын укугун ырастаган документ.»
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
«Транспорт каражатынын менчик ээси (ээси) - транспорт каражатына менчик укугуна ээ болгон жеке жак же транспорт каражаты балансында турган юридикалык жак.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
33-статьянын:
1-бөлүгүнүн 9-пунктунда «санкциялар» деген сөздөн кийин «жол кыймылынын коопсуздугуна жана унаа каражаттарын эксплуатациялоого коркунуч келтирген административдик укук бузуу болгондо салынган администрациялык жазалардан тышкары» деген сөздөр менен толукталсын;
2-бөлүгүнүн 5-пунктунда «санкциялар» деген сөздөн кийин «жол кыймылынын коопсуздугуна жана унаа каражаттарын эксплуатациялоого коркунуч келтирген администрациялык укук бузуу болгондо салынган администрациялык жазалардан тышкары» деген сөздөр менен толукталсын.»;
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|