Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну№ 384
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын эл аралык мамилелеринин укуктук негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын негизги курамдык бөлүгү болуп саналат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Бул Мыйзамды пайдалануунун милдеттери жана чөйрөсү
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо тартибин белгилейт.
Эл аралык келишимдер эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык келишимдин өзүнүн жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлөт, аткарылат, токтотулат жана денонсацияланат.
2. Бул Мыйзам менен белгиленген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо тартиби түрүнө, формасына жана аталышына карабастан Кыргыз Республикасынын бардык эл аралык келишимдерине карата пайдаланылат.
2-берене. Терминдердин пайдаланылышы
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгү терминдер колдонулат:
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери - Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылары тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасынын бир же бир нече мамлекеттер, эл аралык уюмдар же эл аралык мамилелер тармагында укук жана милдеттерге тиешелүү эл аралык укуктун башка субъектилери менен тең жана ыктыярдуу макулдашуусун билдирген эл аралык келишим;
түзүү - эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоо, аны кабыл алуу, эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин аныктоо жана анын милдеттүүлүгүнө карата макулдашууну билдирүү боюнча иштердин ырааттуу түрдө ишке ашырылышы;
кол коюу - кырдаалга жараша эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин белгилөөнү (эл аралык келишимдин акыркы формасын жана мазмунун белгилөө) же эл аралык келишимдин милдеттерине макул болуу ыкмасын билдирет;
ички мамлекеттик жол-жоболор - эл аралык келишимди ратификациялоо, кошулуу же бекитүүнү билдирет;
ратификациялоо, кошулуу жана бекитүү - кырдаалдарга жараша Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттерине макул болуусун билдирүүнүн ыкмасы;
ыйгарым укуктар - Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан чыккан документ жана бул документтин жардамы менен Кыргыз Республикасынын атынан төмөндөгү максаттарда чыгуу үчүн бир же бир нече адам дайындалат:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эл аралык келишимдин долбоорунун текстин кабыл алуу:
- эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин белгилөө;
- эл аралык келишимдин милдеттенмелерине макулдукту билдирүү;
- эл аралык келишимге тиешелүү ар кандай башка актыларды аткаруу;
парафирлөө - келишим түзүп жаткан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу жактары тарабынан эл аралык келишимдин долбоорунун баракчаларына өздөрүнүн аты-жөндөрүн жазуусун же башка макулдашылган ыкмалар менен тараптардын эл аралык келишимдердин долбоорунун тексттеринин акыркы макулдашуусунун ырастоосун билдирет;
эл аралык келишимдердин тараптары - кырдаалга байланыштуу эл аралык келишимдин долбоорунун текстин даярдоого, кабыл алууга катышкан, же эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин белгилеген же болбосо эл аралык келишимдин катышуучусу болгон эл аралык укуктун субъектисин билдирет;
бирдей тексттер - ар кыл тилде түзүлгөн, бирок бирдей юридикалык күчкө ээ бир эле эл аралык келишимдин бир эле тексти;
эскертме - келишимге кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин аныктоодо) же эл аралык келишимдин өзү үчүн милдеттерине макул болуусун билдирүүсүндө эл аралык келишимдин тарабынын бир тараптуу билдирүүлөрү, алардын жардамы менен эл аралык келишимдин ушул тарабына аларды колдонууда эл аралык келишимдин белгилүү бир жоболорун алып салуу же юридикалык аракетин өзгөртүү каалоосу билдирилет;
эл аралык уюм - тийиштүү эл аралык келишимдердин түзүлүшү менен уюшулган мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык уюмдарды билдирет;
депозитарий - эл аралык келишимдин түп нускасы сакталууга берилген мамлекет, эл аралык уюм же анын башкы аткаруучу кызмат адамы же болбосо анын ыйгарым укуктуу органы жана эл аралык укукта каралган бул келишимге тиешелүү иш милдеттерин аткарат;
денонсация (токтотуу, чыгуу) - эл аралык укуктун ченемдерине ылайык эл аралык келишимдин тарабына карата эл аралык келишимдин ишин токтотуу;
кошулуу грамотасы, ратификациялоочу грамота - эл аралык келишимди Кыргыз Республикасынын ратификациялоо жана кошулуу жолу менен эл аралык келишимдерге милдеттүүлүгүнө макулдугун ырастоочу атайын документ.
3-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдердин аталыштары жана түрлөрү
1. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдер келишим, макулдашуу, конвенция, протокол деп аталат, ошондой эле башка аталыштарга да ээ болушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдер ага кагышкан тараптардын саны боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу болуп бөлүнүшөт.
Колдонуу мөөнөтү боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери тез арадагы жана мөөнөтсүз деп бөлүнөт.
3. Эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы тарабынан чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен жана эл аралык укуктун башка субъектилери менен төмөндөгүлөрдүн атынан түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын (мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер);
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитетинин жана административдик ведомстволорунун (ведомстволор аралык эл аралык келишимдер).
4-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдин тили жана формасы
Кыргыз Республикасы эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде түзөт, айрым учурларда Кыргыз Республикасынын расмий тилинде жана/же эл аралык келишимдин башка тарабынын (тараптардын) тилинде болот.
Эл аралык келишимдин тараптарынын макулдашуусу боюнча келишимдин тили болуп башка тил тандалышы мүмкүн
Эл аралык келишимдин тексти жазылган тил ал келишимдин текстинде көрсөтүлөт.
Эгерде эл аралык келишим эл аралык уюмдун алкагында Түзүлсө, Кыргыз Республикасы эл аралык келишимди ошол эл аралык уюмдун жумушчу тилинде түзөт же эл аралык уюмдун тараптары менен макулдашылган тилде түзөт.
Эл аралык келишимдер жазуу формасында түзүлөт.
5-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдин милдеттерине макул болуусун билдирүү ыкмалары
1. Эл аралык келишимдин милдеттүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын макулдугун билдирүү төмөнкү жолдор менен билдирилиши мүмкүн:
- эл аралык келишимге кол коюу менен (ратификациялоого же бекитүүгө жатпаган эл аралык келишимдерге карата);
- эл аралык келишимди түзгөн ноталарды же каттарды жибериш;
- эл аралык келишимдин ратификацияланышы;
- эл аралык келишимге кошулуу;
- эл аралык келишимдин бекитилиши;
- эл аралык келишим түзүп жаткан каалаган башка тарап (тараптар) менен сүйлөшүлгөн макулдукту билдирүүнүн башка дагы ыкмаларын колдонуу.
2. аралык келишимдердин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдук берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан же ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан алардын компетенттүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын Конституциясына, бул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
Ратификациялоо, кошулуу же бекитүү жолу менен эл аралык келишимдин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүү тийиштүү ченемдик укуктук актыны чыгаруу аркылуу жүргүзүлөт.
2-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин түзүлүү жана күчүнө кирүү тартиби
6-берене. Эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар
1. Мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволор тарабынан, ошондой эле бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо эл аралык келишимдер тарабынан жөнгө салынган маселелер өздөрүнүн компетенциясына кирген тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча киргизилет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча өкмөттөр аралык эл аралык жана мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитет жана административдик ведомстволору тарабынан, ошондой эле ошондой эле бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо эл аралык келишимдер тарабынан жөнгө салынган маселелер өздөрүнүн компетенциясына кирген башка мамлекеттик органдар тарабынан киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана сот бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун атынан төмөнкүлөрдү сунуштоолору мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттер аралык эл аралык келишимди түзүү маселесин кароону;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерди түзүү маселесин кароону.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү түрдө мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди түзүү боюнча сунушка төмөндөгүлөр тиркелет:
- эл аралык келишимдин тексти;
- анын түзүүнүн максаттуулугун негиздөө, эл аралык келишимдерди ишке ашыруунун андан аркы механизмдери;
- тышкы иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну ырастаган документ;
- юстиция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн баалоосу;
- финансы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимди түзүүдө мүмкүн болгон финансылык натыйжалары жөнүндө баалоосу;
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун эл аралык келишимди түзүүдө мүмкүн болгон натыйжалары жөнүндө баалоосу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тийиштүү комитеттери менен төмөндөгүлөргө карата макулдашылган документ:
а) кийин ратификациялоого жатуучу эки тараптуу эл аралык келишимдин долбоору;
б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кийин ратификациялануучу, жобосунда эскертмелер боюнча билдирүүлөргө тыюу салынган же белгилүү бир категориядагы эскертмелерге гана уруксат берилген көп тараптуу эл аралык келишимдердин долбоору;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка документтер.
5. Ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан, ошондой эле тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча компетенциясына кирген маселелер боюнча башка тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан макулдашууга киргизилет.
Ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдерди түзүү, аткаруу, токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
7-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды макулдашуу
1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр эл аралык келишимдердин долбоору жана аларды түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор менен, ошондой эле компетенциясына кирген маселелер боюнча башка тийиштүү мамлекеттик орган менен бул берененин 2-бөлүгүн эске алуу менен макулдаштырылат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине тийиштүү комитеттеринде макулдашуу үчүн төмөнкүлөр жөнөтүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан ратификациялануучу мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эки тараптуу эл аралык келишимдердин долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан ратификациялануучу, жобосунда эскертмелер боюнча билдирүүлөргө тыюу салынган же белгилүү бир категориядагы эскертмелерге уруксат берилген көп тараптуу мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоору.
Жогоруда аталган долбоорлор «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык талап кылынган документтер менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тийиштүү комитеттерине жөнөтүлөт.
3. Эл аралык келишимди түзгөн кат же нота алмашуу жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлө турган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын тийиштүү катын же нотасын жактыруу тууралуу буйрук түрүндө чечим чыгарылат.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри макул болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго тийиштүү эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгуу жана бул берененин 1 жана 2-бөлүгүнө ылайык аны түзүү тапшырмасын берет же Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча жогоруда аталган иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдары тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын макулдугу боюнча чет мамлекеттин тийиштүү органдары менен же эл аралык уюмдар менен эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоо боюнча консультацияларды өткөрүшөт.
8-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорун жактыруу чечими
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорун жактыруу чечими Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу формасында кабыл алынат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлорун жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоорун жактыруу чечими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу формасында кабыл алынат.
3. Эл аралык келишимдин долбоорун жактыруу чечими эл аралык келишимге кол коюу чечимин туюндурат.
9-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, парафирлөө жана кол коюу
1. Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекет башчысы катары Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктарга ылайык мамлекеттер аралык эл аралык келишимдер боюнча атайын ыйгарым укуктарысыз сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана бул Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын эске алуу менен парафирлейт жана аларга кол коет.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы катары эл аралык укукка ылайык атайын ыйгарым укуктарсыз мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кол коет.
3. Тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси эл аралык укукка ылайык атайын ыйгарым укуктарсыз аралык эл аралык келишимдер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана кол коет.
4. Чет мамлекеттеги Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, эл аралык уюмга караштуу Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы келген мамлекет менен эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө же бул эл аралык уюмдун алкагында тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсүнүн негизинде атайын ыйгарым укуксуз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
10-берене. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, парафирлөөгө же эл аралык келишимдерге көл коюуга ыйгарым укуктар
1. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктар төмөндөгү кызмат адамдарына берилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата Кыргыз Республикасынын Президентине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык, ошондой эле өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин долбоору боюнча - Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине;
2. Эл аралык келишимдерди парафирлөөгө жана аларга кол коюуга ыйгарым укуктар төмөнкү кызмат адамдарына берилет:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата - Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуу боюнча буйрук формасында;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген өкмөттөр аралык эл аралык, ошондой эле мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин долбоорлоруна карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан буйрук формасында.
11-берене. Ратификациялануучу эл аралык келишимдер
1. Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлган төмөндөгү мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер ратификациялоого жатат:
- достук, өз ара жардам, ошондой эле мамлекеттер аралык мамилелердин башка негиздери жөнүндө;
- аскердик жаатта кызматташууну орнотуу жөнүндө;
- куралсыздандыруу маселелери боюнча;
- эл аралык тынчтык жана коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча;
- жамааттык коопсуздук жөнүндө;
- Кыргыз Республикасын башка мамлекеттер менен аймактык чектөөчү мамлекеттик чек аралары жөнүндө;
- Кыргыз Республикасы тарабынан чет өлкөлөргө мамлекеттик насыяларды. экономикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү жөнүндө;
- адамдын жана жарандардын негизги укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык союздарда, эл аралык уюмдарда жана башка мамлекеттер аралык бирикмелерде катышуусу жөнүндө, эгерде мындай келишимдер Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктарынын бөлүктөрүн ишке ашырууну өткөрүүнү караса же алардын органдарынын Кыргыз Республикасы үчүн чечимдеринин юридикалык милдеттүүлүгүн белгилесе;
- Кыргыз Республикасынын табият ресурстарын эл аралык укуктардын башка субъектилери тарабынан пайдалануусу жөнүндө;
- Кыргыз Республикасына насыяларды берүү боюнча Кыргыз Республикасынын финансылык милдеттерин кароо боюнча;
- Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарында, кодекстеринде же мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелерди белгилөөчү келишимдер, бул Мыйзамдын 21-беренесин эске алуу менен;
- эгерде эл аралык келишимдин өзүндө анын ратификацияланышы каралса.
2. Кыргыз Республикасынын ратификациялоосуна эл аралык укуктун ченемдерине ылайык тараптар макулдашкан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер да кирет.
3. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоого жатпайт:
- эл аралык келишимди түзгөн кат же нота алмашуу жолу менен Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдер;
- эл аралык келишимди түзүүчү кат же нота алмашуу аркылуу Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдер;
- жоболорунда бул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген ченемдер каралбаган Кыргыз Республикасына грант берүү жөнүндө эл аралык келишимдери;
- ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдер.
4. Бул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерде Кыргыз Республикасынын ратификациялоосун талап кылган укуктук ченемдер камтыбашы керек.
12-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуштар
1. Кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан. ошондой эле бул Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдан башка, компетенциясына мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер менен жөнгө салынган маселелер кирген башка тиешелүү мамлекеттик органдар мындай эл аралык келишимдерди ратификациялоо (мындан ары - ратификациялоо жөнүндө сунуштар) жөнүндө сунушту тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилет.
2. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө сунуш алар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жактырылгандан кийин ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизилет.
3. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунушка төмөндөгүлөр тиркелет:
- эл аралык келишимдин расмий текстинин тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүргөн көчүрмөсү;
- ал келишимди ратификациялоонун зарылдыгынын негиздери;
- ратификациялоо үчүн керектүү ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлору;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка документтер.
4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүдөн мурун компетенттүү мамлекеттик орган тарабынан кызыкдар министрликтер. мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле өзүлөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча башка тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
13-берене. Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечим
Эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши мыйзам формасында (ратификациялоо жөнүндө мыйзам ) кабыл алат жана ага кийин ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын бекемдөөчү жана өзгөртүүчү эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши мыйзам фермасында (ратификациялоо жөнүндө мыйзам ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмеси үчтөн кем эмес окуусунан кийин кабыл алат.
14-берене. Ратификациялоочу грамота
Бул Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүп жаткан эл аралык келишимдин жобосунда каралса, ошондой эле бул эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын тийиштүү ченеминин негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ратификациялоочу грамотаны чыгарат жана Кыргыз Республикасынын Президенти ратификациялоочу грамотага кол коет жана мөөр басылып, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин колу менен бекитилет.
15-берене. Ратификациялоочу грамоталарды алмашуу жана аларды сактоого өткөрүү
Бул Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлүп жаткан эл аралык келишимдин жобосунда каралса, ошондой эле бул эл аралык келишимди ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кийинки мыйзамынын тийиштүү ченеминин негизинде ратификациялоочу грамоталарды алмашуу, ошондой эле ратификациялоочу грамоталарды сактоого депозитарийге (депозитарийлерге) өткөрүү тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү тарабынан же Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү тарабынан ишке ашырылат.
Ратификациялоочу грамоталарды эсепке алуу жана каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
16-берене. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө сунуштар
1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор тарабынан, ошондой эле бул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардан башка, компетенциясына мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер кирген тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан киргизилет.
2. Бул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ченемдик укуктук актыларга ылайык киргизилет.
3. Мамлекеттер аралык же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө сунуштарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилүүдө төмөндөгүлөр тиркелет:
- тышкы иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн эл аралык келишимдин көчүрмөсү;
- ал келишимге кошулуунун максаттуулугун негиздери, эл аралык келишимди андан ары ишке ашыруунун механизмдери;
- кошулуу үчүн керектүү ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлору;
- тышкы иштер тармагындагы мамлекеттик орган менен макулдашууну күбөлөндүрүлгөн документ;
- юстиция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимдин долбоорунун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн баалоосу;
- финансы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эл аралык келишимге кошулуунун финансылык натыйжаларынын келип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн баалоосу;
- Кыргыз Республикасынын тийиштүү министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволордун эл аралык келишимге кошулууда мүмкүн болгон натыйжалар жөнүндө баалоосу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынган башка документтер.
4. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизилүүдөн мурун компетенттүү орган тарабынан бул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардан башка. кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, ошондой эле компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана сот бийлигинин органы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун атынан төмөнкүлөрдү сунуштоолору мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттер аралык эл аралык келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуу маселесин кароо;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге же Өкмөттүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге кошулуу маселесин кароо.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын бул Мыйзамдын 5-беренесинде көрсөтүлгөн сунуштарына Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри макул болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго бул берененин 4-бөлүгүнө ылайык тийиштүү эл аралык келишимге кошулуу сунушунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны макулдашуу, андан кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү тапшырмасын берет же Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча жогоруда аталган иштеп чыгуу жана макулдашуу мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
17-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге кошулуусу
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерге кошулуусу тууралуу чечим төмөндөгүлөр тарабынан кабыл алынат:
Бул Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболор камтылган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карата - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлуучу мыйзам (кошулуу жөнүндө мыйзам) формасында;
- башка мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерге карага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ченемдик укуктук акты кабыл алуу жолу менен.
18-берене. Ратификациялоого жатпаган эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу чечим
1. Эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу чечимди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом формасында кабыл алат.
2. Бекитүү каралган эл аралык келишимдер:
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлган, ратификациялоого жатпаган, бирок ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу же бекитүү каралган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер;
- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы мамлекеттик органы тарабынан кол коюлган, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу же бекитүү каралган ведомстволор аралык эл аралык келишимдер.
3. Эл аралык келишимдерди бекитүү тууралуу сунуш бул Мыйзамдын 12-беренесинин 1, 3 жана,4-бөлүгүндө белгиленген тартипте берилет.
Мыйзамдын 6-беренесине ылайык бекитилген тартипте сунушталат.
19-берене. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кире элек эл аралык келишимдин конституциялуулугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Согунун Конституциялык палатасынын корутундусу
1. Эл аралык келишимди ратификациялоо же ага кошулуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын тийиштүү долбоорун киргизүүдөн мурун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын каралып жаткан келишимдин конституциялуулугу жөнүндө корутундуну сурайт.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө өз корутундусун берет.
20-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштар
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин ченемдери жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын ортосунда келип чыккан карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгы учурунда же эл аралык келишимдерди аткаруу максатында мыйзам же башка ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарыл болсо, Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө керектүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун киргизет.
21-берене. Эл аралык келишимдердин Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүүлүгүнө макулдук билдирүүнүн өзгөчө тартиби
Эгерде эл аралык келишим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым жоболорун өзгөртүүнү талап кылган эрежелерди камтыса, Кыргыз Республикасы үчүн анын милдеттүүлүгүнө макулдук берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жана гана мыйзам түрүндө кабыл алынышы мүмкүн.
22-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди убактылуу пайдалануусу
1. Мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер же келишимдин бөлүгү күчүнө киргенге чейин эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу пайдаланылат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди же анын бөлүгүн убактылуу пайдалануусу жөнүндө чечим ушундай эл аралык келишимге кол коюу жөнүндө чечим кабыл алган мамлекеттик орган же мамлекеттик ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасы тарабынан убактылуу пайдаланылган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдер (анын бөлүгү) күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдериндей эле аткарылууга жана сакталууга жатат.
23-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди убактылуу пайдалануусун токтотуусу
1. Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди (анын бөлүгүн) убактылуу пайдалануусун токтотот, эгерде:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын 18-беренесине ылайык бекитилүүгө жаткан убактылуу пайдаланылып жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди бекитпөө жөнүндө акыркы чечимин кабыл алса;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын 11-беренесине ылайык ратификациялоого жаткан мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине ратификациялоого киргизбөө жөнүндө акыркы чечимин кабыл алса;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ратификациялоого киргизилген мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдерди ратификациялабоо жөнүндө акыркы чечимин кабыл алса.
2. Мамлекеттик органдар тарабынан бул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чечимдер кабыл алынган учурда, ошондой эле бул чечимдердин тийиштүү жоболорунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же буга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимди убактылуу пайдаланган тарапка тийиштүү билдирүү жөнөтөт.
24-берене. Эл аралык келишимдердин күчүнө кирүүсү жана колдонулуу мөөнөтү
1. Эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдин өзүндө каралган тартипте жана мөөнөттө, ошондой эле эл аралык укуктун ченемдерине ылайык күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин күчүнө кирүүсү жөнүндө билдирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
25-берене. Эл аралык келишимдерге карага эскертмелер
1. Көп тараптуу эл аралык ар тараптуу келишимдерге кол коюуда, ратификациялоодо бекитүүдө же эл аралык келишимдерге кошулууда эл аралык келишимдердин тийиштүү ченемдерин сактоо менен эскертмелер жасалышы мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасы тарабынан кийин Кыргыз Республикасы тарабынан ратификациялоого же бекитүүгө жаткан көп тараптуу эл аралык келишимге кол коюуда (эл аралык келишимдин текстинин бирдейлигин аныктоодо) жасалган эскертме Кыргыз Республикасы тарабынан тийиштүү ченемдик укуктук актыда баяндоо аркылуу ратификацияланууда же бекитилүүдө ырасталууга тийиш.
3. Эскертмелер кандай тартипте жасалса, ошондой эле тартипте кайра алынып салынат.
4. Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертмени кабыл алуу келишимдин өзүнүн шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык ишке ашат.
Эл аралык келишимдердин башка тарабы жасаган эскертме, эгерде Кыргыз Республикасы он эки айдын ичинде ал жасалган эскертмеге каршы экендигин билдирбесе, Кыргыз Республикасы тарабынан кабыл алынды деп эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын башка тараптын эл аралык келишимдерге карата жасалган эскертмеге каршы болуусу келишимдин өзүнүн шарттарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык ишке ашат.
Кыргыз Республикасынын башка тараптын эл аралык келишимдерге карата жасалган эскертмеге каршы болуусу жөнүндө сунуштар бул Мыйзамдын 6-беренесинин 1, 2, 4, 5-бөлүгүндө жана 7-беренесинин 1 жана 4-бөлүгүндө белгиленген тийиштүү жоболорго ылайык тартипте киргизилет жана макулдашылат.
6. Кыргыз Республикасы эки тараптуу эл аралык келишимдерге карата эскертме жасабайт.
3-глава. Эл аралык келишимдерди жарыялоо, каттоо жана сактоо
26-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жарыялоо
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жарыяланат.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин чет тилдерде жазылган бирдей тексттери мамлекеттик тилге же расмий тилге которулуп жарыяланат. Эл аралык келишимдер башка тилдерде да жарыяланышы мүмкүн.
27-берене. Эл аралык келишимдерди каттоо жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы
Эл аралык келишимдерди каттоо жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасы тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
28-берене. Эл аралык уюмдарда эл аралык келишимдерди каттоо
Эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жоболорунда же эл аралык укуктун ченемдеринде каралгандай башка ыкма менен Кыргыз Республикасына эл аралык уюмдарда эл аралык келишимдерди каттоо милдети жүктөлсө, мындай каттоо тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
29-берене. Эл аралык келишимдердин түп нускаларын (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн)сактоо
1. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин түн нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга аларга кол коюлган күндөн тартып эки жуманын ичинде (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн алгандан кийин) өткөрүлөт.
Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) келин түшкөндөн тартып бир айдын ичинде күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөсүн тийиштүү кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жиберет.
2. Кыргыз Республикасы түзгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык келишимдеринин түп нускалары (күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) тийиштүү мамлекеттик органдардын архивинде сакталат.
Тийиштүү мамлекеттик орган ведомстволор аралык эл аралык келишимдерге кол коюлган күндөн тартып эки жуманын ичинде (депозитарийден күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөр алынгандан кийин) күбөлөндүрөт жана алардын көчүрмөлөрүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
30-берене. Депозитарийдин кызматын ишке ашыруу
1. Тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык эл аралык көп тараптуу келишимдердин депозитарийинин иш милдетин ишке ашырат, эгерде ушул эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык ал иш милдеттер Кыргыз Республикасына жүктөлсө.
2. Чет мамлекеттер (алардын органдары), эл аралык уюмдар (алардын органдары) же көп тараптуу эл аралык келишимдердин депозитарийинин милдетин аткаруучу алардын башкы аткаруучу кызматтык адамдары менен кат алышуу тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан гана жүргүзүлөт.
4-глава. Эл аралык келишимдерди сактоо жана аткаруу
31-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин сактоо
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин эл аралык укуктун ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасы тарабынан милдеттүү түрдө сактоосу керек.
2. Кыргыз Республикасы кол койгон эл аралык келишим күчүнө киргенге чейин эл аралык укуктун тийиштүү ченемдерин эске алуу менен келишим анын объектисинен жана максатынан ажыраткан аракеттерден кармалып турат.
32-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттерди аткаруу
1. Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген учурдан тартып эл аралык келишимди Кыргыз Республикасы милдеттүү түрдө аткарат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эл аралык келишимдерди Кыргыз Республикасынын аткаруусу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча жоопкерчилик жүктөлө турган тийиштүү министрликтерди, мамлекеттик комитеттерди, административдик ведомстволорду жана кызмат адамдарын аныктайт.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттерди аткаруу жоопкерчилиги ушундай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирүүчү башка тийиштүү мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен жөнгө салынуучу маселелер компетенциясына кирген министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасы ушундай эл аралык келишим боюнча өзүнө алган милдеттерин аткаруусун камсыздайт, бул эл аралык келишимдерден келип чыккан Кыргыз Республикасына таандык укуктарды ишке ашырат, ошондой эле аталган эл келишимдин башка тараптарынын милдеттерди аткаруусуна да көз салат.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер боюнча милдеттердин аткарылышын контролдойт.
33-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жана Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын чечмелөө
Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн эл аралык келишимдерди жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин чечмелөө эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш жүзүнө ашат.
Кыргыз Республикасы үчүн эл аралык келишимдердин милдеттүүлүгүнө макулдук билдирилүүчү ченемдик укуктук актыны кабыл алган орган жогоруда белгиленген макулдук билдирилген эл аралык келишимди чечмелебестен, ченемдик укуктук актынын өзүн расмий түрдө чечмеленишин (түшүндүрмөсүн) ишке ашырат.
34-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталуусуна жана аткарылышына жалпы көз салуу
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин сакталышын жана аткарылышын жалпы көзөмөлгө алуу максатында тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон жана өз компетенциясына эл аралык келишимдерди жөнгө салуу боюнча маселелер кирүүчү тийиштүү мамлекеттик органдардан ушундай эл аралык келишимдердин сакталышы жана аткарылышы боюнча маалымат суроого укуктуу.
35-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин анын башка катышуучусу бузган учурларда көрүлгөн чаралар
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча милдеттер башка катышуучусу тарабынан бузулуусунда тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка тийиштүү мамлекеттик органдар тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен эл аралык укуктун ченемдерине жана келишимдин өзүнүн шарттарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө көрүлгөн чаралар тууралуу сунуштарды берет.
5-глава. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жараксыздыгы, токтотулушу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)
36-берене. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимдердин жараксыздыгы
1. Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишим эл аралык укуктун ченемдерине ылайык жараксыз деп табылышы мүмкүн.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы түзгөн эл аралык келишимди жараксыз деп табуу үчүн эл аралык укуктун ченемдеринде каралган негиздер бар болсо, тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же башка кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле башка тиешелүү мамлекеттик органдар компетенциясына ылайык тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен эл аралык укуктун нормаларына ылайык алардын жарактуулугун жокко чыгарууну сунуштап, жараксыздыгына негиздеме берет:
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу менен - мамлекеттер аралык эл аралык келишимдерге карата;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - өкмөттөр аралык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык. ошондой эле ведомстволор ортосундагы эл аралык келишимдерге карата.
37-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу)
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин убактылуу токтотуу же денонсациялоо (токтотуу. андан чыгуу) эл аралык укуктун ченемдерине ылайык болушу мүмкүн.
38-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу же денонсациялоо (токтотуу же андан чыгуу) тууралуу сунуштар
1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) сунуштарын тийиштүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле бул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо компетенциясына ушундай эл аралык келишимдерди жөнгө салуу маселелери менен кирген башка тийиштүү мамлекеттик органдар бул Мыйзамдын 39-беренесин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.
2. Бул мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоболорду камтыган Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылгандан кийин ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине киргизилет.
3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүдө төмөндөгүлөр тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимин убактылуу токтотуунун же денонсациялоонун (токтотуу, андан чыгуунун) максаттуулугунун негиздери;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин убактылуу токтотуу же денонсация (токтотуу, андан чыгуу) үчүн зарыл болгон тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашууну ырастоочу документ;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин убактылуу токтотулушуна же денонсациялоого (токтотуу, андан чыгуу) байланышкан ченемдик укуктук актыны өзгөртүү, толуктоо, жарактуулугун токтотуу, күчүн жоготту деп табуу же ченемдик укуктук актыны кабыл алуу зарылдыгына карата юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин жарактуулугун убактылуу токтотуу же денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болгон натыйжалар жөнүндө финансы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын баалоосу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин жарактуулугун убактылуу токтотууда же денонсациялоодо (токтотуу, андан чыгуу) мүмкүн болгон натыйжалар жөнүндө кызыкдар министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ошондой эле өз компетенциясына кирген маселелер боюнча башка тийиштүү мамлекеттик органдардын баалоосу;
- ченемдик укуктук актыларга ылайык талап кылынган башка документтер.
4. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүдөн мурун компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан, тийиштүү министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, ошондой эле бул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдарды кошпогондо, компетенциясына кирген маселелер боюнча башка тийиштүү мамлекеттик органдар менен макулдашылат.
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун атынан бийликтин сот органы төмөнкүлөрдү сунуштоосу мүмкүн:
- Кыргыз Республикасынын Президентине - Кыргыз Республикасынын мамлекеттер аралык эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) маселесин кароону;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттер аралык эл аралык келишимдердин же өкмөттөр аралык эл аралык келишимдердин жарактуулугун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) маселесин кароону.
6. Бул берененин 5-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын сунуштарына Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри макул болгон учурда Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри министрликке, мамлекеттик комитетке, административдик ведомствого Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) тууралуу сунушту бул берененин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү үчүн иштеп чыгуу жана макулдашуу тапшырмасын берет, же Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу менен жогоруда аталган иштеп чыгуу жана макулдашуу милдети мындай эл аралык келишимдер менен жөнгө салынган маселелер компетенциясына кирген тийиштүү мамлекеттик органдарга жүктөлөт.
39-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечим
Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө чечимди төмөндөгүлөр кабыл алышат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин милдеттүүлүгүнө тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан билдирилсе - тийиштүү ченемдик укуктук актыларды чыгаруу жолу менен;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан - Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминин милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан билдирилсе - ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти кол коюучу тийиштүү мыйзамды кабыл алуу жолу менен.
40-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу, андан чыгуу) жөнүндө билдирүүлөр
1. Мамлекеттик органдар тарабынан бул Мыйзамдын 39-беренесинде көрсөтүлгөн чечим кабыл алынса, ошондой эле ал чечимдердин тийиштүү жоболорунун негизинде тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган же буга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органы депозитарийге же эл аралык келишимдин башка тараптарына тийиштүү билдирүү жөнөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана денонсациялоо (токтотуу. андан чыгуу) жөнүндө билдирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
41-берене. Эл аралык келишимдерин жарактуулугун убактылуу токтотуу жана токтотуунун натыйжалары
1. Эгерде келишимде башкача каралбаса же анын башка катышуучулары менен башка келишимдер түзүлбөсө, эл аралык келишимдердин жарактуулугун убактылуу токтотуу ошол келишимдин жарактуулугу убактылуу токтотулган анын катышуучулары менен мамилелеринде келишим убактылуу токтотулган мезгилде келишимдин жоболорун Кыргыз Республикасынын аткаруу милдетинен бошотот жана келишимдин башка катышуучулары менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын келишимде белгиленген башка укуктук мамилелерине таасир тийгизбейт.
2. Эл аралык келишимдин жарактуулугу убактылуу токтотулган мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары эл аралык келишимдин иш-аракетин жандандыруу иштерине жолтоо болуучу аракеттерди жасабайт.
3. Эгерде келишимде башкача каралбаса жана башка катышуучулар менен башка келишимдер түзүлбөсө, эл аралык келишимдерди убактылуу токтотуу мезгилинде келишимди аткарууга бардык милдеттенмелерден Кыргыз Республикасын бошотот жана келишимдин ишинин токтотулушуна чейин келишимди аткаруунун жыйынтыгынан келип чыккан Кыргыз Республикасынын юридикалык абалына, укуктарына жана милдеттерине таасир тийгизбейт.
6-глава. Корутунду жоболор
42-берене. Бул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү
1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 89 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 27-июнундагы № 110 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы № 197 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 28-апрелиндеги № 64 «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 115 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренеси.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|