Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну № 385
«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын укуктук негиздерин белгилейт, анын милдеттерин, функцияларын аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматкерлеринин эмгек жана башка мамилелерин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары дипломатиялык кызмат - органдарына жана анын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган бөлүктөрүндө гана тиешелүү болот.
2-берене. Дипломатиялык кызмат жөнүндө түшүнүк
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы (мындан ары - дипломатиялык кызмат) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын курамдын бөлүгү болуп саналат жана өкүлчүлүк, эл аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттин кызыкчылыктарын илгерилетүү жана коргоо, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын практика жүзүндө ишке ашыруу боюнча дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандарынын кесиптик ишин камтыйт.
2. Консулдук кызмат дипломатиялык кызматтын бир бөлүгү болуп саналат.
Консулдук кызматтын иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Консулдук уставы жана Кыргыз Республикасынын башка тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3-берене. Бул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкү терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
- Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилик) - чет мамлекетте Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштарынын мамлекеттик органы;
- Эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгү (мындан ары - Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүгү) - Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардын ишине катышуусун камсыздоочу жана Кыргыз Республикасынын атынан иш алып баруучу Кыргыз Республикасынын тышкы карым-катнаштарынын мамлекеттик органы;
- Кыргыз Республикасынын консулдук мекемеси (башкы консулдук, консулдук, вице-консулдук же консулдук агенттик) - чет мамлекеттин аймагында тийиштүү консулдук округдун чегинде Кыргыз Республикасынын атынан консулдук иш милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемеси - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү (элчилиги), туруктуу өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси (Элчи) - дипломатиялык өкүлчүлүктүн (дипломатиялык миссиянын) башчысы болуп саналган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;
- Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү - Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн башчысы болуп саналган, тийиштүү укуктарга ээ жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан иш алып баруучу Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;
- Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинин башчысы (башкы консул, консул, вице-консул) - чет мамлекеттин аймагында тийиштүү консулдук округдун чегинде консулдук иш милдеттерди Кыргыз Республикасынын атынан ишке ашырууга дайындалган Кыргыз Республикасынын кызмат адамы;
- дипломатиялык ранг - ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан бул Мыйзамга ылайык дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине жана башка мамлекеттик кызматкерлерге ыйгарылуучу өзгөчө мамлекеттик наам;
- ыйгарым укуктуу орган - тышкы иштер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана башкарууну ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
- ыйгарым укуктуу органдын алдындагы орган - ыйгарым укуктуу органдын Кыргыз Республикасынын аймагында аткаруучу-тескөөчү жана координациялоочу иш милдеттерин ишке ашырууга ыйгарым укуктуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгү - ыйгарым укуктуу органдын атынын Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринде иш алып баруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органы;
- ыйгарым укуктуу органга караштуу уюм - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин камсыздоочу жана/же Кыргыз Республикасында өз ишин жүргүзүп жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн, консулдук мекемелерин, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн сервистик тейлөө кызматын ишке ашырган уюм;
- узак мөөнөткө чет өлкөгө командировка (мындан ары - УЧК) - ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органга караштуу өкүлчүлүктүн кызматкерин чет өлкөдөгү мекемелерге командировкага жиберүү;
- дипломатиялык кызматтын кызматкерлери - дипломатиялык жана консулдук кызматтардагы Кыргыз Республикасынын жарандары;
- дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматкерлери (мындан ары - мамлекеттик кызматкерлер) - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарында дипломатиялык жана консулдук кызматтарга тиешелүү эмес административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген Кыргыз Республикасынын жарандары.
4-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын системасы
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарына (мындан ары - дипломатиялык кызмат органдары) ыйгарым укуктуу орган, ыйгарым укуктуу органга караштуу орган, ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемеси кирет.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги жана ишинин багыттарын аныктоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин иши бул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
3. Дипломатиялык кызмат органдары жана ыйгарым укуктуу органга караштуу уюмдар дипломатиялык кызмат органдарынын бирдиктүү системасын түзүшөт.
5-берене. Чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдар системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү
Чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардын алдындагы дипломатиялык кызмат органдар системасына кирбеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен түзүлөт.
Аткаруучу бийликтин мамлекеттик органынын чет мамлекеттердеги жана эл аралык уюмдардагы өкүлчүлүктөрү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык тийиштүү дипломатиялык кызмат органдарынын контролунда болот жана аларга отчет берет.
6-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын ишинин максаты жана милдеттери
1. Дипломатиялык кызмат органдарынын ишинин максаты Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун натыйжалуу ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык мамилелер жаатында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана башка дагы улуттук кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.
2. Дипломатиялык кызмат органдарына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- чет мамлекеттер менен тең укуктуу мамилелерди ар тараптан өнүктүрүүгө жана эл аралык укуктун жалпыга маалым принциптери жана ченемдерине ылайык эл аралык уюмдар менен натыйжалуу кызматташууга багытталган Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун жүргүзүү;
- теңдик жана жалпы коопсуздук принциптерине негизделген эл аралык тынчтыкты, глобалдуу жана региондук коопсуздукту колдоодо көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле тышкы миграция, анын ичинде тышкы эмгек миграциясы жаатында эл аралык кызматташууну тереңдетүү;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана миграциялык саясатын жүргүзүүгө катышуу;
- чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук карым-катнаштарын, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуусун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен тышкы экономикалык жана соода байланыштарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, экспортту жана Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн алга жылдырууга, Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк инвестиция тартууга, жаны технологияларды, инновацияларды киргизүүгө, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен гуманитардык жана техникалык кызматташууну кеңейтүүгө катышуу;
- материалдык-техникалык базаны, кесипкөй кадрдык потенциалды, дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо системасын түзүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка дагы милдеттерди аткаруу.
7-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын негизги иш милдеттери
Дипломатиялык кызмат органдарына төмөндөгүдөй иш милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын концепцияларын жана негизги багыттарын иштеп чыгуу жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын маселелери, анын ичинде эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуулар алкагындагы маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө алардын компетенцияларына кирген стратегиялык сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине оперативдүү сунуштарды киргизүү;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон өз ара мамилелеринде Кыргыз Республикасынын атынан чыгуу;
- эл аралык уюмдардын ишинде, эл аралык конференция, форумдарга, дүйнөлүк коомчулукта Кыргыз Республикасынын ролун жогорулатуу жана ааламдык жана региондук маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын катышуусун камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө консулдук иштерди уюштуруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктук ченемдерге ылайык чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча;
- чет өлкөлөрдө жашаган мекендештери менен Кыргыз Республикасынын байланыштарын жана мамилелерин өнүктүрүү жана сактоо;
- өз компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдердин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттер аралык бирикмелер менен эл аралык келишимдерди түзүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери боюнча корутундулар, аткарылуусу, алардын аракеттерин токтотуу жана убактылуу токтотуу жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- эл аралык ачык укук жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсун ишке ашыруу маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берүү, анын ичинде өз алдынча же мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жеке жана юридикалык жактардын суроо-өтүнүчтөрү боюнча;
- өз компетенциясынын чегинде улуттук коопсуздук, коргоо, табигый жана суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон тышкы экономикалык жана соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык, миграциялык жана башка байланыштар сыяктуу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясатын жана иш- чараларын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга катышуу;
- өз компетенциясынын чегинде соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуунун маселелери боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын, эл аралык экономикалык уюмдардын ишине катышуу;
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен экономикалык кызматташууну орнотууга жана аны өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө эл аралык форумдарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө, чет мамлекеттердин тийиштүү административдик-аймактык бирдиктери жана алардын жергиликтүү органдары менен байланыш түзүүгө, боордош шаарлар арасында тыгыз байланыштын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү;
- чет мамлекеттер менен дипломатиялык жана консулдук мамилелерди орнотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдарга мүчөлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашылган сунуш же пикирлерди иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
- чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлчүлүктөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тууралуу сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий курсуна ылайык чет мамлекеттер менен өз ара карым-катнаштарды, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташууну уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик миграциялык саясатын ишке ашырууда, анын ичинде өз компетенциясынын чегинде мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана бөгөт коюу, миграциялык контролду уюштуруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан иш-чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу жолу менен көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык жана башка тышкы байланыштарын ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун эл аралык укуктук ченемдерине шайкеш келишине укуктук экспертиза жүргүзүү;
- адамдарды сатууну жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу жана колдонуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу менен байланышкан, менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактардын ишине миграциялык контролдоону ишке ашыруу;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына кеңири чагылдыруу менен Кыргыз Республикасында адамдарды мыйзамсыз алып чыгуу жана сатуу менен байланышкан жоруктарды кыйла натыйжалуу териштирүү максатында укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө карата мыйзамдуу жана башка чараларды көрүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иммигрант статусун берүү жөнүндө чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өтүнүч каттары боюнча чечимдерди кабыл алууга катышуу;
- ыктыярдуу жер которууну уюштуруу, келгиндердин укуктарын коргоо жана ыктыярдуу келгин статусун берүү жөнүндө өтүнүч каттарды Кыргыз Республикасынын комитеттүү органдары, башка мамлекеттердин тийиштүү органдары менен бирге кароо;
- эл аралык иштер маселелеринде бирдиктүү тышкы саясатты камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткаруу максатында мамлекеттик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоону иш жүзүнө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлиги органдарынын мыйзам жана сот бийлик органдары менен, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын эл аралык иштерде тышкы саясаттын бирдиктүүлүк принцибин сактоосу жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткаруу максатында алардын өз ара аракеттерин камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдардагы иштерин координациялоо жана контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык берилген артыкчылык жана иммунитеттердин Кыргыз Республикасында сакталуусуна контролдоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясаты, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий жана рухий жашоосу жөнүндө маалымат таратуусун координациялоо;
- эл аралык иш-чараларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен байланышкан иштерди координациялоо;
- чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдарын дайындоо жана кызматынан бошотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык алардын иштерине жетекчилик кылуу;
- тышкы миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелерин чечүүдө мамлекеттик органдарды, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын координациялоо;
- чет өлкөлүк жумушчу күчтү Кыргыз Республикасына тартуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча иштерди уюштуруу;
- укук коргоо, эл аралык жана башка органдар менен бирдикте адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра кайтарууга жана реинтеграциялоого жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана тиешелүү мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин депозитарийи иш милдетин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин каттоонун жана эсепке алуунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу;
- чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана кызмат адамдары же эл аралык уюмдардын кызмат адамдары менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карым-катнаштарын дипломатиялык колдоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чет мамлекеттерге иш сапарларын ишке ашырууда, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын Кыргыз Республикасына жогорку деңгээлдеги иш сапарларында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын протокол кызматы менен дипломатиялык протоколду камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
- дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматкерлерди миссияларга жана эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн башка иш-чараларга жөнөтүү иштерин уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүн белгиленген тартипте эл аралык уюмдардагы квоталык кызматтарга дайындоо боюнча иштерди уюштуруу;
- дипломатиялык кызматтын кадрларын тандоо, даярдоо, кайра даярдоо жана алар менен дипломатиялык кызмат органдарын жана кадрлар резервин толуктоо;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына эл аралык абал жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясаты тууралуу маалымат берип туруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн Кыргыз Республикасында иштөөсүнө керектүү шарттарды түзүүдө көмөктөшүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабарчыларын аккредиттөө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасында иштеп жаткан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин аккредиттөө;
- белгиленген тартипте иммиграциялык квотаны, эмгек иммиграциясына квотаны жана кайрылмандарга квотаны түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде бекитилген тартипте Кыргыз аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишин жана ишкердик жүргүзүү укугуна жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксаттарды берүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана эл аралык укуктун ченемдеринде каралган башка функцияларын иш жүзүнө ашыруу.
8-берене. Ыйгарым укуктуу органдын тышкы саясий чөйрөдөгү координациялоочу ролу
1. Ыйгарым укуктуу орган дипломатиялык кызмат органдар системасын башкарат жана ишин жетектейт жана чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен мамиле түзүү жаатында аткаруучу жана мыйзам чыгаруу бийлиги органдарынын өз ара байланышын жана координациялоону, тышкы саясаттын бирдиктүү принцибин аткарууну камсыздайт, Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттерин аткаруусуна контролдоо жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, административдик ведомстволору, облустук мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- ыйгарым укуктуу органга анын кызматкерлеринин катышуусу менен өткөрүлө турган эл аралык иш-чаралар тууралуу иш-чара өткөрүү күнүнө 20 календардык күн калганга чейин тийиштүү материалдарды тиркөө менен кабарлайт;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери менен ыйгарым укуктуу орган аркылуу кат алышууну жүргүзүшөт;
- өздөрүнүн кызматкерлеринин чет өлкөгө боло турган сапарлары тууралуу маалыматты чет өлкөгө иш сапарга чыгууга 14 календардык күн калганга чейин ыйгарым укуктуу органга берет;
- өздөрүнүн кызматкерлеринин чет өлкөгө болгон сапарларынын жыйынтыгы, ошондой эле алардын жана башка эл аралык иш-чараларда катышуусу боюнча отчетту ыйгарым укуктуу органга келгенден кийин 14 календардык күн ичинде берет;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий жана тышкы экономикалык кызыкчылыктарына тиешелүү сунуштар, анын ичинде Кыргыз Республикасына чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын мамлекеттик органдарынын делегацияларын чакыруу, чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүүдөн мурун милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.
3. Тышкы саясатты ишке ашыруунун айрым маселелерине тиешелүү расмий билдирүүлөрү менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген позицияда гана сүйлөй алышат. Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашыруу маселесине тиешелүү позиция боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берилгенге чейин ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына тиешелүү маселелер боюнча маалыматты ыйгарым укуктуу органдын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары таркатууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, консулдук мекемелери жана мамлекеттик органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттерин ыйгарым укуктуу орган аркылуу иш жүзүнө ашырышат, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса.
9-берене. Байланыш, архив, коопсуздук жана басма органдары
1. Дипломатиялык кызмат өз алдынча байланыш системасына, анын ичинде шифрленген, жана архивге ээ.
2. Ыйгарым укуктуу орган менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин ортосундагы тиешелүү байланышты камсыздоо жана шифрленген депеш жөнөтүү үчүн байланыштын ачык каналдары жана радиоканалдар, ошондой эле курьердик кызмат колдонулат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын архивинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин түп нускалары, күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү, ошондой эле анын ишин жүзөгө ашыруу үчүн керектүү башка материалдар сакталат.
4. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте дипломатиялык кызмат органдарынын коопсуздук системасын уюштурат.
5. Дипломатиялык кызмат органдары жана ыйгарым укуктуу органга караштуу уюмдар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык басма продукциясын чыгарууга укуктуу.
10-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын экипировкасы (протоколдук форма кийими)
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматчылар расмий иш-чараларда, жолугушууларда, иш сапарларга барганда колдоно турган акысыз протоколдук форма кийими менен (мындан ары - кийим) же аны сатып алууга акчалай каражаттар менен камсыз болушат.
Кийимди сатып алууга акчалай каражаттарды берүү тартиби дипломатиялык кызмат органдарынын атайын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, бирок жылына бир жолудан кем эмес.
Кийимдин сүрөттөлүшү, берүү ченемдери жана кийүүнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2-глава. Дипломатиялык кызматтын кадрлары, дипломатиялык кызматтарга дайындоо, дипломатиялык кызматты өтөө
11-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтар
Дипломатиялык жана консулдук кызматтар белгиленген ыйгарым укуктарынын көлөмү жана дипломатиялык кызмат органдарынын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу боюнча жоопкерчилик менен дипломатиялык кызмат органдарындагы кызматтар болуп саналышат.
Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Дипломатиялык жана консулдук кызматтар Кыргыз Республикасынын белгиленген ченемдик укуктук актылары менен бекитилген мамлекеттик кызматтар тизмегине киргизилет.
12-берене. Дипломатиялык кызматтын кадрлары
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери дипломатиялык жана консулдук кызматтарда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө дипломатиялык кызмат өтөшөт, алар Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тышкы саясий чөйрөдө ыйгарым укуктарды аткарууну камсыз кылышат.
13-берене. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резерви
1. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) дипломатиялык кызмат органдарын ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош орундарга талапкерлер менен камсыздоого даярдалган кадрлар.
2. Кадрлар резервине төмөндөгүлөр кирет:
а) ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин ал тармакты тейлеген орун басары сунуштаган, ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы менен макулдашылган талапкерлер:
- административдик мамлекеттик кызматтарды ээлеген, дипломатиялык кызмат органдарында 2 жылдан кем эмес иштеген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- дипломатиялык кызмат органдарында 2 жылдан кем эмес иштеген, өз каалоосу менен жумуштан бошонуп же дипломатиялык кызмат органдарынан Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарына которулуп кеткен дипломатиялык кызматтын мурунку кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- иштеген орган кайра түзүлгөнүнө, кызматкерлердин штаттык санынын кыскарышына байланыштуу кызматынан бошотулган дипломатиялык кызматтын мурунку кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- 12 айдан кем эмес мөөнөткө Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет өлкөлөрдөгү окуу жайлардын күндүзгү бөлүмүнө өз алдынча тапшырган жогорку окуу жайында, же илимий мекемеде илимий изилдөө жүргүзүүгө же стажировкага кирген ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасына бөлүнгөн квоталык орунга иштөөгө ээлеген кызмат ордунан бошотулуу менен жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- миссияларга жана эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларга катышуу үчүн ээлеген кызмат ордунан бошотулуу менен жиберилген дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер;
- ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы же квота боюнча чет өлкөнүн жогорку окуу жайларына же илимий мекемелерине жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
б) ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же анын Кыргыз Республикасынын аймагындагы органда же өкүлчүлүгүндө бош орундарга жарыяланган конкурска катышкан жана аттестациялык-конкурстук комиссиясы тарабынан кадрлар резервине киргизүүгө сунушталган Кыргыз Республикасынын жарандары.
3. Дипломатиялык кызматтын кадрлар резервин түзүү жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
14-берене. Дипломатиялык кызмат органдарына кызматка дайындоо
1. Дипломатиялык, консулдук кызматтын же ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндөгү административдик мамлекеттик кызматтарынын бош кызмат орундарына кадрлар резервинде турган, жарандыгы башка мамлекетке таандык эмес, жогорку кесиптик билимге ээ, ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалат.
Дипломатиялык же консулдук кызматтын, ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн административдик мамлекеттик кызматтарынын бош кызмат орундарга дайындоо үчүн кадрлар резервинде талапкер жок болсо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ачык конкурс өткөрүлөт.
2. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчысы кызматына жана эл аралык уюмдарда туруктуу өкүлдөрдү дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизет.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин компетенциясына кирген, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан иш алып баруучу башка кызмат адамдарынын талапкерлигин дайындоо жана бошотуу боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет.
Дипломатиялык кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тышкы саясий чөйрөдө укуктарын иш жүзүнө ашыруусун камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызматка Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык дайындалышат.
Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелеринин башчылары жана дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлери ыйгарым укуктуу органдын жетекчилиги тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
3. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси органдын түзүмүн бекитүүгө жана өзгөртүүгө, ошондой эле белгиленген чектеги штаттык сандын жана эмгек акы фондунун көлөмүнүн чегинде ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же өкүлчүлүктүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүүгө жана өзгөртүүгө укуктуу.
4. Ыйгарым укуктуу орган жиберген УЧК Кыргыз Республикасына кайтып келген дипломатиялык кызматтын кызматкери же мамлекеттик кызматкер ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын органдарында же өкүлчүлүгүндө кеткенге чейин мурунку ээлеген кызматынан төмөн эмес кызматка дайындалат. Ылайыктуу бош орун жок болсо, кызматкер УЧКга чейинки ээлеген кызматынан төмөн кызматка дайындалышы мүмкүн, бирок бир гана тепкичке жана кызматкердин макулдугу менен.
15-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин кызматтык жылдыруулары, которуулары, убактылуу кызматын аткаруулары
1. Дипломатиялык кызматтын жана дипломатиялык кызмат органдарынын башка кызматкерлеринин дипломатиялык кызмат системасында кызматтык жылдыруулары, которуулары, убактылуу кызматын аткарууларын ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдын орун басарынын статс-катчысы менен макулдашылган сунушу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ишке ашырылат.
Кызматтык жылдырууда же кызмат которууда ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси дипломатиялык кызмат органынын белгиленген штаттык жүгүртмөсүн штаттык сандын жана эмгек акы фондунун көлөмүнүн чегинде өзгөртүүгө укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеген мезгилинде дипломатиялык кызматтын кызматкерлери кызматы боюнча бир жолу жана бир позицияга жогорулай алат.
3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин кызматы боюнча которулушу ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тейлөөчү алуучу орун басарынын сунушу менен ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысынын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызматтык зарылчылыкка ылайык, пландуу түрдө кызматкердин квалификациясын, кесиптик даярдыгын эске алуу жана анын өзүнүн макулдугу менен ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик кызматкерлерди кызматы боюнча жылдыруу, которуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматы жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалган дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине таркатылбайт.
16-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин УЧКга жиберүү
1. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматкерлерди УЧКга жиберүү дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын эффективдүү колдонуу, кызматтык жана кесиптик өсүүсү үчүн тийиштүү шарт түзүү, дипломатиялык карьера үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоо жана дипломатиялык кызматта кадрларды бекитүү максатында алдын ала каралат.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкери жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик квалификациясын, даярдыгын жана адистигин жана чет тилди билишин эсепке алуу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими боюнча ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин жазуу түрүндөгү сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тейлөөчү орун басарынын жана ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысынын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан мурда ээлеген кызматынан бошотулуусу менен жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинде кызматка дайындалуусу менен УЧКга жиберилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тышкы саясий чөйрөдө ыйгарым укуктарын иш жүзүнө ашыруусун камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кызматтарда иштеген дипломатиялык кызматтын кызматчылары УЧКга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин жазуу түрүндөгү сунуштамасынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысынын макулдугу менен мурун ээлеген кызматынан бошотуу жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде кызматка дайындоо менен жиберилет.
3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер биринчи жолу УЧКга жиберилгенге чейин ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө же Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тышкы саясий чөйрөдө укуктарын иш жүзүнө ашыруусун камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүндө эки жылдан кем эмес убакыт иштөөсү керек.
4. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматкерлерди УЧКга жиберүүнүн аралыгы ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө же Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тышкы саясий чөйрөдө укуктарын иш жүзүнө ашыруусун камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүндө иштөө мөөнөтү эки жылдан кем болбошу керек.
5. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин же мамлекеттик кызматкерлердин УЧКга жиберүү мөөнөтү үч жыл.
Көрсөтүлгөн мөөнөт кызматтык зарылчылыктан улам ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин же мамлекеттик кызматкерлердин макулдугу менен узартылат, бирок бир жылдан ашык эмес убакытка.
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлдөрү төрт жыл мөөнөткө чейин дайындалышат.
6. УЧКга жиберүү мөөнөтүнө дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана мамлекеттик кызматкерлердин келген мамлекетине жана ээлеген кызматына карабастан Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде УЧКга жиберилген учурдан тартып жалпы үзгүлтүксүз иштеген мөөнөтү кирет.
7. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин же мамлекеттик кызматкерлердин УЧКга баруудан баш тартуусу тартип бузуучулукка жатат жана бул Мыйзамдын 28-беренесинин 1-пунктунун акыркы абзацынан сырткаркы учурларда тартиптик сөгүш берүү үчүн негиз боло алат.
Ушул берененин жоболору 5-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын кошпогондо Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалган дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине таркатылбайт.
17-берене. Кызматтык аттестация жана ыйгарым укуктуу органдын аттестациялык комиссиясы
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарында административдик мамлекеттик кызматтарды убактылуу аткаруучу мамлекеттик кызматкерлерди кызматтык аттестациялоо үч жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин кызматтык аттестациялоодон өткөрүү тартиби, шарты жана башка маселелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актылары менен аныктайт.
Ыйгарым укуктуу органда дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана дипломатиялык кызмат органдарында администрациялык мамлекеттик кызматтарда иштеген мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоодон өткөрүү үчүн аттестациялык комиссия иштейт. Аттестациялык комиссия жөнүндө жобо ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
Аттестациялык комиссиянын ыйгарым укуктарына мамлекеттик кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынан ыйгарым укуктуу органга, ыйгарым укуктуу органга караштуу органга же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнө которуу маселесин, дипломатиялык кызматкерлерге дипломатиялык рангдарды ыйгаруу, ошондой өз компетенциясындагы ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн башка маселелерди кароо кирет.
Аттестациялык комиссия токтом түрүндө таризделген өзүнүн чечими менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине тийиштүү сунуш киргизет.
18-берене. Дипломатиялык кызмат органдарында кызматтык көтөрүлүүсү
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жана дипломатиялык кызмат органдарында администрациялык мамлекеттик кызматтарда иштеген мамлекеттик кызматкерлердин кызматы жагынан көтөрүлүүсү, ошондой эле ыйгарым укуктуу органда ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө бош дипломатиялык жана администрациялык мамлекеттик кызматтарга дипломатиялык кызматтын кадрлар резервиндеги адамдарды дайындоо ыйгарым укуктуу органдын тийиштүү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинин, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин жазуу түрүндөгү сунуштоосунун негизинде төмөндөгүлөрдүн макулдугу менен ишке ашат:
- ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тейлөөчү орун басары жана ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысынын;
- ыйгарым укуктуу органдын статс-катчы менен гана, эгерде кызматынан жогорулатуу же бошотуу ыйгарым укуктуу органдын статс-катчысы түздөн-түз тейлеген ыйгарым укуктуу органдын же өкүлчүлүктүн түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерине тиешелүү болсо.
19-берене. Жогорку окуу жайларына жана илимий мекемелерге жолдомолор
1. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүн дипломатиялык жана мамлекеттик кызматкерлери ыйгарым укуктуу орган тарабынан квота боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жайгашкан жогорку кесиптик окуу жайларга жана илимий мекемелерге (мындан ары - окуу жайлар жана илимий мекемелер) күндүзгү окуу бөлүмдөрүнө изилдөө жүргүзүү жана стажировкага жөнөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнүнүн дипломатиялык же мамлекеттик кызматкерлери 12 айдан кем эмес мөөнөткө жогорку окуу жайында же илимий мекемеде изилдөө жүргүзүү же стажировка үчүн ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин макулдугу менен ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин тийиштүү орун басарынын статс-катчы менен макулдашылган сунуштамасы боюнча өз алдынча тапшыра алышат. Мында дипломатиялык кызматтын кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлери кайрылып келгенде мурун ээлеген кызматына кайра калыбына келтирүү менен ээлеген кызматынан бошотулат.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкери же мамлекеттик кызматкер квота боюнча окуу жайга же илимий мекемеге ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнөтүлсө, анын кызмат оруну сакталып турат жана ал кайтып келгенде дипломатиялык кызмат органдарында бир жылдан кем эмес убакыт иштөөсү керек.
3. Алты айдан кем эмес мөөнөткө окуу жайларга же илимий мекемеге ыйгарым укуктуу органдын квотасы менен жөнөтүлгөн дипломатиялык кызматтын кызматкери жана мамлекеттик кызматкерлердин иштеген жеринде айлык акысы бардык окуу мөөнөтүндө сакталып турат.
3-глава. Дипломатиялык рангдар жана класстык чиндер
20-берене. Дипломатиялык рангдар жана класстык чиндер
1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине ээлеген кызматына жараша төмөндөгүдөй рангдар берилет:
- атташе;
- үчүнчү катчы;
- экинчи катчы;
- 2-класстагы биринчи катчы;
- 1-класстагы биринчи катчы;
- 2-класстагы кеңешчи;
- 1-класстагы кеңешчи;
- 2-класстагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи;
- 1-класстагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи;
- Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
2. Бул мыйзамдын күчүнө кирүүсүнө чейин ыйгарылган Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи дипломатиялык рангы 1-класстагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу кичи Элчи рангына барабар болот.
Бул Мыйзам күчүнө киргенге чейинки ыйгарылган 2-класстагы экинчи катчы жана 1-класстагы экинчи катчы рангдары экинчи катчы рангына барабар болот.
3. Дипломатиялык кызмат органдарынын мамлекеттик кызматкерлерине класстык чиндер берилет. Класстык чиндерди берүү, ошондой эле ал чиндерде жүрүү мөөнөтүнүн тартиби «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
21-берене. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу
1. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, 1 жана 2-класстагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу кичи Элчиси деген дипломатиялык рангдар ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин сунуштамасы менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.
Башка дипломатиялык рангдар ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат.
Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Кызматкердин дипломатиялык рангы дипломатиялык кызматтагы ээлеген кызматына ылайык келүүгө же андан бир даражага жогору же төмөн болушу керек.
2. Дипломатиялык рангдар иши тышкы саясий иштерди жүзөгө ашыруу менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын органдарынын кызматкерлерине ыйгарылат.
3. Дипломатиялык рангдарды ыйгаруу тийиштүү күбөлүктөрдүн берилиши жана кызмат тизмегиндеги (эмгек китепчесинде) жазуу менен тастыкталат.
Дипломатиялык рангдын берилиши жөнүндө күбөлүктүн формасы жана сыпаттоосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Дипломатиялык рангдар бул Мыйзамдын 22 жана 28-беренелерин эске алуу менен өмүр бою берилет.
22-берене. Дипломатиялык рангдарда болуунун мөөнөтү
1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери үчүн дипломатиялык рангдарда болуунун төмөнкү мөөнөттөрү белгиленет:
- атташе үчүн - 1 жыл;
- үчүнчү катчы, экинчи катчы үчүн - 2 жыл;
- 1 жана 2-класстагы биринчи катчы, 2-класстагы кеңешчи үчүн - 3 жыл.
1-класстагы кеңешчинин дипломатиялык рангда болуу мөөнөтү белгиленбейт.
Бул пункттун жоболору бул Мыйзамдын 21-беренесинин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында каралган жоболорду эске алуу менен колдонулат.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин дипломатиялык рангдарда болуунун мөөнөтүнө төмөнкүлөр кирет:
- ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органга караштуу органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө иштөө;
- чет өлкөлөрдөгү мекемелерде иштөө;
- мурунку СССРдин жана союздук республикаларынын Тышкы иштер министрлигинде иштөө;
- окуу жайларда жана илимий мекемелерде ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча окуу, стажировкадан өтүү жана изилдөө жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратында иштөө, эгерде алардын ишмердиги тышкы саясый милдеттерди аткаруу менен байланышса;
- 12 айдан кем эмес мөөнөткө окуу жайларга жана илимий мекемелерге өз алдынча тапшыруудагы окуусу, стажировкасы жана изилдөө жүргүзүүсү;
- ыйгарым укуктуу органдын жиберүүсү боюнча эл аралык уюмдар өткөрүп жаткан миссиялардын жана иш-чаралардын ишмердигине катышуу;
- эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасына бекитилген эл аралык уюмдарда квоталык кызматтарда иштөө.
23-берене. Дипломатиялык рангды мөөнөтүнөн мурда жана кезексиз ыйгаруу, төмөндөтүү, ажыратуу жана кайра калыбына келтирүү
1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин ишинде олуттуу ийгиликтерге жетүүсүндө жана өзгөчө жетишкендиктери үчүн белгиленген мөөнөттүн аякташына чейин (рангдын мөөнөтүнөн мурун берилиши) же кезексиз тартипте (кезексиз рангды ыйгаруу) рангы көтөрүлүшү мүмкүн.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкери өзүнүн кызматтык милдеттерин системалуу түрдө аткарбай же дипломаттын статусуна ылайыксыз жорук-жосун аткарган учурунда дипломатиялык рангы төмөндөтүлүшү мүмкүн.
Дипломатиялык кызматтын кызматкерин дипломатиялык рангдан ажыратуу, төмөндөтүү жана кайра калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишиндеги олуттуу эскертүүсү жана/же тартип жазасы бар дипломатиялык кызматтын кызматкери дипломатиялык рангды ыйгарууга көрсөтүлбөйт.
4. Дипломатиялык рангдар ыйгарылган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эмгек акысына атайын кошумча акы төлөнөт.
4-глава. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери
24-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин укуктары
1. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган укуктарга ээ, ошондой эле УЧКга акча каражаты менен камсыздалууга укуктуу.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери өзүнүн негизги кызматын аткарууга тоскоол болбогон ченемде педагогикалык, илимий жана чыгармачыл иштен башка акы төлөнгөн кызматтарда иштөөгө укугу жок.
Ушул беренеде каралган ченемдердин сакталбагандык фактысын аныктоо дипломатиялык кызматын кызматкерине карага ушул Мыйзамда каралган тартиптик чараларды колдонууга негиз болот.
Дипломатиялык кызматтын кызматкери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка укуктарга да ээ;
Ыйгарым укуктуу органдын жетекчилери дипломатиялык кызматтын кызматкеринин ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.
3. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери УЧКда жүргөн мезгилде эл аралык укуктун ченемдеринде белгиленген артыкчылыктарды жана иммунитетти пайдаланышат.
25-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкеринин милдеттери
Дипломатиялык кызматтын кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ченемдик укуктук актыларын сактоого;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясий багытын жүзөгө ашырууга, Кыргыз Республикасынын эл аралык беделинин жогорулашына түрткү берүүгө, анын коопсуздугунун, экономикалык жана илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн бекемделишине көмөк көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасын татыктуу таанытууга жана анын кызыкчылыктарын коргоого;
- чет мамлекетте болуу учурунда барган өлкөнүн мыйзамдарын, эрежелерин жана салттарын сактоого;
- мамлекеттик, кызматтык жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары тарабынан корголуучу, анын ичинде дипломаттык кызматтагы иши токтогон мезгилде сырларды сактоого;
- өзүнүн кесиптик деңгээлин, квалификациясын жогорулатууга, чет тилдерди билүүсүн өркүндөтүүгө.
26-берене. Дипломаттык кызмат органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктары (иш милдеттери).
1. Ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктары (иш милдеттери) ыйгарым укуктуу органдын ченемдик актысы менен бекитилет.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктары (иш милдеттери) Кыргыз Республикасынын тиешелүү чет өлкөдөгү мекемелеринин ведомстволук актысы менен бекитилет.
27-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин сыйлоо
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери өзүлөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын ак ниеттүү аткаргандыгы, жигердүү демилгелүү жана ак ниет кызматы, атайын өзгөчө маанилүү жана татаал тапшырмаларды аткаргандыгы жана кызматтагы башка жетишкендиктери үчүн төмөнкүдөй сыйланат:
- кызматынан көтөрүү менен - кадрлар резервинде турган дипломаттык кызматтын кызматкерлерине тиешелүү;
- мөөнөтүнөн мурда дипломаттык рангынын жогорулашы менен же дипломаттык рангды кезексиз ыйгаруу менен;
- акчалай сыйакы менен;
- ыйгарым укуктуу органдын ардак грамотасы, эстелик белгилери жана баалуу белектерди тапшыруу менен;
- Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларында каралган башка сыйлоонун башка түрлөрү менен.
2. Өзгөчө кызматы үчүн дипломаттык кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланышат.
28-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери мыйзам бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган тартипте жана шартта жазыктык, административдик, тартип жана/же материалдык жоопкерчилик тартат.
Дипломаттык кызматтын кызматкерине карата ага жүктөлгөн милдеттерди аткарбай коюу же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн төмөнкүдөй тартип жазалары колдонулат:
- эскертүү;
- сөгүш;
- катуу сөгүш;
- кызматка толук ылайык келбегендиги жөнүндө эскертүү;
- ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү же дипломатиялык рангынан төмөндөтүү;
- дипломаттык рангынан ажыратуу;
- ээлеген кызматынан бошотуу.
3. Тартиптик жаза ушул Мыйзамга же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
4. Тартиптик жаза Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралгандай, башка жоопкерчилик тартууга алып бара турган жосундарга карата колдонулбайт.
5. Жаза жөнүндө маалыматтар дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин жеке барагына каттоо жолу менен эсепке алынууга жатат.
6. УЧКга жиберилген кызматкерлер Кыргыз Республикасынын же келген өлкөнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленгендей жоопко тартылуучу жасаган кылык-жоруктары үчүн аларга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган чара колдонуудан сырткары, мөөнөтүнөн мурда Кыргыз Республикасына чакырылышы мүмкүн.
7. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлери эмгек талаш-тартыштарына байланыштуу пикир келишпестиктерди чечүүгө белгиленген тартипте тийиштүү органдарга кайрылуу укуктуу.
29-берене. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин эмгек мамилелеринин жөнгө салынышы
Дипломатиялык кызматтын кызматкерлеринин эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана бул Мыйзамга каршы келбеген бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары тарабынан жөнгө салынат.
5-глава. Финансылык материалдык жана социалдык камсыздоолор, кепилдиктер жана компенсациялар
30-берене. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрүндөгү кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кепилдиктер жана компенсациялар
1. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде иштеп жаткан кызматкерлерди материалдык жана социалдык жактан камсыздоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат, кызмат өтөөнүн татаалдыгы, барган мамлекеттеги өзгөчө шарттар, социалдык-экономикалык жана материалдык-тиричилик шарттары эске алынат.
2. УЧКга жиберүүдө жана кайтууда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине жолдо жүрүү жана жүк алып жүрүү боюнча чыгымдарды жабуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринин кызматкерлери менен чогуу жашаган жубайына мамлекеттик/ муниципалдык органда мурунку иштеген орду сакталат.
УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринин кызматкерлери менен бирге жашаган жубайына келген мамлекетте болуу мөөнөтү жалпы эмгек стажына кошулат, эгерде ал Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна тийиштүү төлөмдөрдүн баарын төлөп турган болсо.
УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринин кызматкерлери менен келген мамлекетте бирге жашаган жубайына Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрүндөгү мекемелеринде иштеген жубайынын эмгек акысынын 30 пайыздык өлчөмүндө ай сайын акчалай үлүш төлөнөт.
УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин келген мамлекетте бирге жашаган жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрүнө келген мамлекетинде мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде билим алуусу үчүн акы төлөө кепилдикке алынат.
4. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерлерине жана анын үй-бүлөсүнө эч зыянын тийгизбөөсү керек.
5. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекетинде медициналык тейлөө (медициналык камсыздандырууну кошкондо) кепилдикке алынат.
6. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлери жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүсүн алуусуна байланыштуу барууга жана кетүүгө транспорттук чыгымдарды алууга укуктуу.
7. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерин аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрү кызматкердин жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүсүнө байланыштуу үч жылда бир жолу барууга жана кетүүгө транспорттук төлөмдөрдү же келген өлкөдөн Кыргыз Республикасына кайра кайтуу үчүн авиа билетинин баасына теңдеш акча компенсациясын алууга укуктуу.
8. УЧКга жиберилген иш сапарда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү акы төлөнүүчү эмгек өргүүсү берилбеген учурда өргүүгө чыкпаган бардык жылдар үчүн пайдаланууга же акчалай компенсация алууга укуктуу.
9. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкери жана анын үй-бүлө мүчөлөрү, жакын тууганынын бирөөсүнүн (ата-энеси, жубайы, балдары же бир туугандары) же жубайынын тууганынын бирөөсүнүн (ата-энеси, балдары же бир туугандары) каза болгонуна байланышкан транспорттук чыгымдардын эки жагына тең кетүүчү төлөмдөрү менен үч жыл ичинде бир жолу камсыз болууга укуктуу.
10. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкери ээлеген кызматына жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөсүнүн санына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте келген мамлекетте турак жай менен камсыз болот.
11. Куралдуу жана жарандык жаңжалдар убагында же Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин же алардын кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч келген учурларда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери жайгашкан жерлерде табият кырсыктары жана башка өзгөчө кырдаалдар келип чыккан мезгилдерде ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкеринин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактоо жана коргоо алардын Кыргыз Республикасына тез кайтуусу үчүн зарыл чараларды көрөт.
12. УЧКда болгон учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерине жана алардын үй бүлө мүчөлөрүнө келтирилген зыян (өлүмү же ден соолугуна зыян келтирүүсү) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте калыбына келтирилет.
13. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерине ыйгарым укуктуу органдан, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдан же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүнөн жөнөтүлгөн кызматкерге, ыйгарым укуктуу органда, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органда же ыйгарым укуктуу органдын өкүлчүлүгүндө акыркы ээлеген кызмат акысынын 50% өлчөмүндө акчалай компенсация сакталат жана УЧКдан кайтуусунда төлөнүп берилет.
14. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин кызматкерине Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине келүүсүндө жайгашуусу үчүн бир айлык акча каражаты өлчөмүндөгү бир жолу төлөнүүчү компенсация берилет.
31-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын каржылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышы
1. Дипломатиялык кызмат органдарды жана алардын кызматкерлери республикалык бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук-актыларына каршы келбеген тартипте консулдук тейлөө кызматынан жана башка каражаттардан түзүлгөн атайын эсептин каражаттардан каржыланат.
2. Дипломатиялык кызмат органдын жана алардын кызматкерлерин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык кызмат органдарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүнө ээ болуу, аларды пайдалануу жана тескөө тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Кыргыз Республикасынан чегинен сыртта дипломатиялык кызмат органдарынын кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө ээ болуу, аларды пайдалануу, жана тескөө тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана келген мамлекеттин ченемдик укуктук актылары, ошондой эле тийиштүү эл аралык келишимдер менен белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен сыртта көрсөтүлгөн консулдук кызматтар үчүн дипломатиялык кызмат органдары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте консулдук жыйым жана иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды алат.
5. Ыйгарым укуктуу орган төмөндөгүлөргө укуктуу:
- Дипломатиялык кызмат органдарын камсыздоо жана алардын кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн материалдык-техникалык камсыздоо Фондусун (мындан ары - Фонд) түзүү. Фонд жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Фонд Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген тартипте консулдук тейлөө кызматынан жана башка каражаттардан түзүлгөн атайын эсептик каражаттардан түзүлөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген тартипте консулдук тейлөө кызматынан жана башка каражаттардан түзүлгөн атайын каражатты ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдын профсоюздук комитетинин ортосундагы жамааттык келишимге ылайык пайдалануу.
32-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин эмгек акы жана акча каражаттары менен камсыз болушу
1. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматкерлеринин эмгек акыларынын төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
2. УЧКда болуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелерин акчалай камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан эки жылда бир жолу кайра каралат.
3. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органдын алдындагы органдын же өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматкерлерине чет тилдерди билгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген кошумча акы төлөнүп берилет.
4. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерине карата каралган жеңилдиктер, компенсациялар жана кошумча материалдык камсыздоолор каралган.
5. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлеринин жана ыйгарым укуктуу органдын, ыйгарым укуктуу органга караштуу органдын же өкүлчүлүгүнүн мамлекеттик кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине УЧКда болуу учурунда эмгек акысына кошумча атайын каражаттын эсебинен ыйгарым укуктуу органдын жетекчилигинин чечими боюнча төлөнүп берилет.
33-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу орган ведомстволук санаториялык-курорттук борборлорду жана башка социалдык объектилерди алууга жана курууга укуктуу.
Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте социалдык коргоо, пенсия менен камсыз кылуу кепилдикке алынат.
34-берене. Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин материалдык-техникалык жана акча каражаттары менен камсыз болушу
Дипломатиялык кызмат органдарынын кызматкерлери болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин финансылык, материалдык-техникалык жана акча каражаттары менен камсыз болушу бул Мыйзамдын 30-беренесинин (13-бөлүгүн кошпогондо) жана 32-берененин 2-бөлүгүнө ылайык жөнгө салынат.
6-глава. Дипломатиялык кызматты токтотуу. Жыйынтыктоочу жоболор
35-берене. Дипломатиялык кызматты токтотуу
1. Дипломатиялык кызматты токтотуунун негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:
- дипломатиялык кызматтын кызматкеринин өз каалоосу менен бошотуу тууралуу арызы;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынын токтотулушу;
- чет өлкөлүк жарандыгынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка негиздер.
2. Дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин бошотуу бул мыйзамдын 14-беренесине ылайык дипломатиялык кызматка же консулдук кызматка дайындоо укугу берилген кызмат адамы тарабынан жүргүзүлөт.
36-берене. Жыйынтыктоочу жоболор
1. Бул мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-бөлүмдүн үчүнчү жана төртүнчү абзацтары, ошондой эле 30-берененин 13-бөлүгүнүн жоболору 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 25-июлундагы № 131 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 115 «Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик-укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренеси.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти жана Өкмөтү өзүнүн чечимдерин бул Мыйзамга ылайык келтиришсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|