Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну № 386
«Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж,, № 4, 392-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 188-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«188-статья. Кызматтык жана узакка созулган чет өлкөгө командировка түшүнүгү
Кызматтык командировка - иш берүүчүнүн буйругу боюнча белгилүү мөөнөткө кызматтык тапшырманы туруктуу иш ордунан тышкары аткаруу үчүн кызматкердин сапары. Туруктуу иши жолдо аткарылган же жолдо жүрүү мүнөзүнө ээ болгон кызматкердин кызматтык сапары кызматтык командировка болуп эсептелбейт.
Узак мөөнөткө чет өлкөгө командировка (мындан ары - УЧК) - Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чет мамлекеттеги же чет өлкөдө жайгашкан эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органына же өкүлчүлүгүнө иштөөгө мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди командировкага жиберүү».
2. 36-глава төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«36-глава Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
382-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгектик мамилелерин жөнгө салуу
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары таркатылат.
383-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин дайындоо жана аларды УЧКга жиберүү
Чет мамлекеттин жарандыгына ээ болбогон жана кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалууга жатпаган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарындагы дипломатиялык, консулдук жана административдик мамлекеттик кызматтарга тышкы саясий ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалышат.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери УЧКга жиберилгенде тышкы саясий ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, ага караштуу органдагы же Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдигиндеги анын өкүлчүлүгүндөгү кызматынан бошотулат жана чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык кызмат органында кызматка дайындалат.
УЧКнын мөөнөтү аяктаганда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейин саясий ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдигиндеги анын өкүлчүлүгүндө ээлеген кызматынан төмөн эмес кызматка дайындалат.
Тийиштүү бош орун жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери кеткенге чейинки ээлеген кызматынан төмөн кызматка дайындалышы мүмкүн, бирок бир тепкичтен кем эмес жана кызматкердин өз макулдугу менен гана.
Бул статьянын жоболору Кыргыз Республикасынын Президенти же Премьер-министри тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлерине тиешелүү эмес.
384-статья. УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары
УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерлеринин эмгек шарттары бул Кодексте белгиленгендей начар болбошу керек.
385-статья. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин УЧКдан чакырып алуу үчүн кошумча негиздер
Бул Кодексте жана башка мыйзам актыларында каралган негиздерден тышкары, УЧКга жиберилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкери УЧКдан төмөнкү учурларда чакырылышы мүмкүн:
1) келген өлкөдө өзгөчө кырдаал пайда болгондо;
2) кызматкердин «жактырылбаган жак» болуп жарыяланышы же жергиликтүү компетенттүү бийликтерден келген өлкөдө кабыл алынбастыгы тууралуу билдирүү алууда;
3) кызматкердин келген өлкөнүн салт-санааларын жана мыйзамдарын, ошондой эле жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин сактабоосу;
4) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген өлкөнүн мыйзамдарын, жүрүм-турумдун жана моралдын жалпы кабыл алынган ченемдерин, ошондой эле чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын тийиштүү дипломатиялык кызмат органынын аймагында колдонулган жашоо эрежелерин сактабоосу;
5) эмгек милдеттерин, ошондой эле кызматкер тааныштырылган режимдик талаптарды бир жолу одоно бузганда;
6) эки айдан узак созулган убактылуу эмгекке жарамсыздык же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилген оорулардын тизмесине ылайык, чет өлкөдө иштөөгө тоскоолдук кылган оорусу болгондо.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматкерин бул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган негиздердин бири боюнча УЧКдан чакырууда УЧКга кеткенге чейин тышкы саясий ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, ага караштуу органда же Кыргыз Республикасынын аймактык бирдигиндеги анын өкүлчүлүктөрүндө кызмат ордун ээлебеген кызматкерди иштен бошотуу бул Кодекстин 79-статьясынын 2-пункту боюнча жүргүзүлөт.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|