Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 390
«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 «Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирге Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «Бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасына Мамлекеттик компьютер тармагынын каналдары боюнча салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин жана башка реквизиттеринин тууралыгын тастыктоо сервисине жетүүнү камсыздасын.
3. Жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар жана башка уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурун кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарын эки айлык мөөнөттө киргизишсин, ошондой эле бул токтомдун аткарууга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Өкмөтүнүн тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо администрациялык жол-жоболорду оптималдаштыруу, тышкы соодалык операциялар үчүн документтердин толук маалыматтык базасын жана тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын башка маалыматтарын түзүү, бажылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым ^укуктуу органдардын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы менен интеграциялоо, кызыкдар жактарга тышкы соода операцияларына тийиштүү талаптарды аткаруу үчүн бирдей формага келтирилген документтерди бирдиктүү өткөргүч канал аркылуу берүүнүн механизмин жөнгө салуу максатында иштелип чыкты.
2. Бул Жобо «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерин тариздөөдө жана берүүдө Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын, уруксат документтерди тариздөө жана берүү процессине катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосунда ишти координациялоо, информациялык жана башка өз ара байланышта иштешүү үчүн мыйзамдык негиз болот.
3. Бул Жобо мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар же башка уюмдар менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасынын ортосундагы маалымат алмашуу Мамлекеттик компьютердик тармактын каналдары жана байланыштын башка коопсуз альтернативдүү каналдары аркылуу ишке ашырылаарын аныктайт.
2. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул жободо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар:
1) «Бирдиктүү терезе» борбору» - Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борбору» мамлекеттик ишканасы;
2) «бирдиктүү терезе» маалыматтык системасы (мындан ары - маалыматтык система) - кызыкдар тараптардын коопсуз байланыш каналдары боюнча өз ара иштешүүсү жана маалыматтарды иштетиши үчүн пайдаланылчу электрондук маалыматтык-коммуникациялык каражат;
3) мамлекеттик органдар жана башка уюмдар - ушул Жобонун тиркемесинде аталган, Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жана жеке жактарга документтерди берүүчү органдар жана уюмдар;
4) электрондук цифралык кол коюу (ЭЦК) - электрондук цифралык кол коюунун жабык ачкычын пайдалануу менен баштапкы информацияны өзгөртүүнүн натыйжасында алынган символдордун ырааттуулугу, бул ЭЦКнын ачык ачкычын пайдалануучуга бул информациянын бүтүндүгүн жана ЭЦКнын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет. ЭЦК Кыргыз Республикасынын түпкү же баш ийген күбөлөндүрүүчү борборунда катталууга тийиш;
5) электрондук документ - тийиштүү операцияларды ишке ашыруу үчүн маалыматтарды камтыган жана аны документ катары идентификациялоо үчүн атрибуттарга ээ болгон, ЭЦК менен кол коюлуучу электрондук формадагы документ;
6) арыз ээси - тышкы соода операциясын жүргүзгөн, өзүнүн атынан же өкүлү аркылуу иштеген, тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн документтерди алууга арыз берген жиберген жеке же юридикалык жак;
7) арыз - «бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын жүргүзүүгө тийиштүү документтерди алуу үчүн арыз ээси берүүчү кагаз түрүндөгү же электрондук формадагы документ;
8) коштоочу документтер - тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн документтерин алууга арыз ээси тарабынан арызга тиркелүүчү документтер;
9) эсептик жазуу - арыз ээсинин өзүнүн эсептик каттоосу, ал тышкы соода операцияларын жүргүзүүгө документтерди алуу үчүн арызды жана коштоочу документтерди жиберүүгө мүмкүндүк берет, арыз ээси же анын өкүлү жөнүндө маалыматты камтыйт. Эсептик жазуу арыз ээсин «бирдиктүү терезе» маалымат системасында каттоо менен жазылат.
3. Арыз берүүнүн жана кароонун, тышкы соода чөйрөсүндө «бирдиктүү терезе» принциби боюнча документтерин берүүнүн тартиби
5. Тышкы соода операцияларын жүргүзүү үчүн документтерди алууга арызды арыз ээси «Бирдиктүү терезе» борборунун өзүнө же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга же башка уюмдарга берүүгө укуктуу.
6. «Бирдиктүү терезе» борборуна арыз кагаз жүзүндө же арыз ээсинин эсептик жазуусу бар болсо информациялык система аркылуу электрондук документ формасында берилет жана анын ЭЦК менен ырасталат.
7. Арызды кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында берүү менен кошо арыз ээси арызга коштоочу документтерди да ошол берилип жаткан арыздын формасында тиркейт. Арызга тиркелүүчү коштоочу документтер Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык берилет.
8. Арыз «Бирдиктүү терезе» борбору аркылуу кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында алынганда оператор арыздын туура толтурулганын, коштоочу документтердин толуктугун, ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин (ИИН) тууралыгын «Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-тиркемесине ылайык Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын кодунун негизинде информациялык система аркылуу текшерет.
9. Берилген маалыматтарда так эместиктер жана дал келбестиктер жок болсо «Бирдиктүү терезе» борбору лицензиялык жыйымды төккөндөн же документтер акысыз берилгенден башка учурларда арыз ээсине баалардын бекитилген прейскурантына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын же башка уюмдардын кызматтарына төлөнүүчү алдын ала эсепти берет.
10. Арыз ээси белгиленген сумманы төлөгөндөн кийин «Бирдиктүү терезе» борбору кагаз жүзүндө келип түшкөн арыздын маалыматтарын информациялык системага киргизет жана ЭЦК бекитет, ал тууралуу арыз ээсине арызда көрсөтүлгөн билдирүү берүү каражаттары аркылуу кабарлайт.
11. Маалыматтар информациялык системага киргизилгенден кийин арыз документтердин түрүнө жараша информациялык система аныктоочу мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга автоматтык түрдө түшөт.
12. Мамлекеттик органдар жана башка уюмдар арыз түшкөн учурдан баштап үч жумушчу сааттын ичинде жооптуу аткаруучуну дайындашат, ал тууралуу маалыматтар информациялык системага киргизилет, ошондой эле коштоочу документтердин мазмуну текшерилип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат да информациялык системага киргизилет. Бул пунктун максаттары үчүн арыздын мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга түшкөн учуру болуп «Бирдиктүү терезе» борбору арызды информациялык системага киргизген учур эсептелет.
13. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык товарларды сертификаттоодон өткөрүү зарыл болгон учурда мамлекеттик органдар жана башка уюмдар жооптуу аткаруучу дайындалгандан тартып үч жумушчу сааттын ичинде арыз ээси менен сертификаттоонун схемасын макулдашат.
14. Товардын үлгүлөрүнө экспертиза/лабораториялык сыноо жүргүзүлгөн учурда мамлекеттик органдар жана башка уюмдар:
1) товардын үлгүлөрүн чогултуу, товарлар сакталган жерге баруу: жана кароо үчүн арыз ээси менен өз ара байланышта иштешет;
2) экспертиза/лабораториялык сыноо жүргүзүлгөндөн кийин, зарыл болсо иш жүзүндөгү чыгымдын наркын эсептейт жана информациялык система аркылуу арыз ээсине кошумча эсепти төлөө жөнүндө маалымдайт.
15. Мамлекеттик органдар жана башка уюмдар Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген жол- жоболорго жараша информациялык системага документтерди даярдоо боюнча иш-аракеттерди аткаруунун статусу жөнүндө маалыматты киргизет.
16. «Бирдиктүү терезе» борбору билдирүүчүнүн суроо-талаптары боюнча билдирүүчү маалымат системасынын кабарлоо каражаттары аркылуу билдирмеде көрсөтүлгөн документтерин даярдоо статусу жөнүндө маалыматтарды берет.
17. Мамлекеттик органдар жана башка уюмдар документти берүүгө же берүүдөн баш тартууга белгиленген мөөнөт бүткөнгө чейин үч сааттан кечиктирбестен информациялык системага документтердин таризделгени жөнүндө же берүүдөн баш тартылганы жөнүндө негизделген маалыматты киргизет. Документти берүүдөн баш тартылса мамлекеттик органдар жана башка уюмдар информациялык системага документти берүүдөн баш тартуунун себептерин жана негиздерин көрсөтүшөт.
18. «Бирдиктүү терезе» борбору мамлекеттик органдардан же башка уюмдардан документтин даярдалганы жөнүндө маалымат алынган учурдан кийин үч иш сааттын ичинде өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн кагаз жүзүндөгү документти алуу үчүн жиберет.
19. Арыз ээсине же анын өкүлүнө документтердин кагаз жүзүндөгү формаларын «Бирдиктүү терезе» борбору арыз ээси мамлекеттик органдар же башка уюмдар койгон кошумча эсепти толук төлөгөндөн кийин гана берет.
20. «Бирдиктүү терезе» борбору апта сайын мамлекеттик органдардын же башка уюмдардын тиешелүү документтерди берүү боюнча көрсөткөн кызматтары үчүн акчаны алардын алыш-бериш эсебине которуп турат.
21. Арыз ээси документтерди алуу үчүн арызды мамлекеттик органдардын же башка уюмдардын өздөрүнө кагаз жүзүндө берсе:
1) арызды жана коштоочу документтерди информациялык системага киргизип, катташат жана ЭЦК бекитишет;
2) ички регламенттерге жана жол-жоболорго ылайык арыз ээси менен ‘ өз ара байланышта иш жүргүзүшөт;
3) тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документти же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө информациялык системада ЭЦК менен бекитилген документти тариздешет.
22. Бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган бажы документтерин тариздегенде «Тышкы соода чөйрөсүндөгү «бирдиктүү терезе» борборунан электрондук документтерди кабыл алууга милдеттүү.
23. «Бирдиктүү терезе» борбору бажылык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Бирдиктүү автоматташтырылган информациялык системасына мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тариздеген электрондук форматтагы документтерди көрүүгө информациялык система аркылуу жол ачып берет.
24. «Бирдиктүү терезе» борборунун, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызматкерлери ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык пайдалануучу информация кызматтык максатта гана пайдаланылышы мүмкүн.
25. «Бирдиктүү терезе» борборунун, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызматкерлери кызматтык же коммерциялык жашыруун сырды ачыкка чыгарууга, жеке максаттарында пайдаланууга укугу жок.
26. Кызматтык же коммерциялык жашыруун сырды ачыкка чыгарганы үчүн «Бирдиктүү терезе» борборунун, мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
| «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
№ | Мамлекеттик жана башка уюмдардын аталыштары | Берилүүчү документтин аталышы |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги | Өзгөчө товарларды экспорттоого/импорттоого лицензия |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы | Этил спиртин жана (же) алкоголдуу продукцияны импорттоого лицензия |
3 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция | Ветеринардык күбөлүк |
Ветеринардык сертификат | ||
Фитосанитардык сертификат | ||
Импортко карантиндик уруксат | ||
Карантиндик текшерүү жана экспертиза жүргүзүү жөнүндө акт | ||
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги | Мурун колдонууда болгон автомобилдин шиналарын калдык катары алып кирүүгө уруксаат |
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин, балыкты жана башка суу организмдерин, анын ичинде климатташтыруу, көбөйтүү жана Кыргыз Республикасынын сууларына коё берүү үчүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана (анын чегинен сыртка) алып чыгууга уруксаат | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги | Радиоэлектрондук каражаттарды (РЭК) жана жогорку жыштыктуу түзүлүштөрдү (ЖЖТ), радиожыштыктуу нур чыгаруучу же жогорку жыштыктагы электр-магниттүү толкундарды чыгаруучу башка техникалык каражаттарды алып келүүгө уруксат |
Шайкештик сертификаты | ||
6 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылык камсыздоо жана медициналык техника департаменти | Продукциянын дары-дармек каражаттарга жана медициналык арналыштагы буюмдарга кирээрин тастыктоочу маалымкат |
Дары каражатына шайкештигине сертификат | ||
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаменти | Санитардык эрежелерге шайкештик жөнүндө санитардык-эпидемиологиялык корутунду |
8 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Мамлекеттик транспорт инспекциясы | Автомобиль транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүктү эл аралык ташууга лицензия |
9 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргызинтранс» эл аралык ташуулар департаменти | Эл аралык автомобилдик каттоодо автотранспорт каражаттын өтүшүнө уруксаат |
10 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Республикалык курулуштагы сертификация борбору | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
11 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун Бишкектеги Сыноо жана сертификаттоо борбору, жана продукцияны сертификаттоо боюнча башка аккредиттелген органдар | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
12 | Кыргыз Республикасынын Соода - өнөр-жай палатасы | Товарлардын чыгарылган жери жөнүндө сертификат |