Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 394
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-августундагы № 409 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун Гарантиялык (кепилдик) фонду жөнүндө жободо:
аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство» жана «Кыргыз Республикасынын Мамкаттоосу» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
1.1-пунктундагы «жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-апрелиндеги № 183 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство жөнүндө жобого» деген сөздөр алып салынсын;
3.1-пунктунун экинчи абзацындагы «каттоо карточкасындагы жана/же» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |