Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-октябрындагы № 556 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2001-жылдын 4-августу № 409

Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кепилдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 394 2014-жылдын 12-августундагы № 464 токтомунун редакцияларына ылайык)

"Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясын аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кепилдик фонду жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 394 2014-жылдын 12-августундагы № 464 токтомунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтомдун аткарылыышн көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствого тапшырылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

 

Премьер-министр

К.Бакиев