Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 396
«Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж., № 3, 126-б.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
9-берененин 1-бөлүгүндө:
- 13-пункт «кызматтарды көрсөтүү ишинде» деген сөздөрдөн кийин «үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (банктар аралык процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштеринде» деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 37, 38-пункттар менен толукталсын:
«37) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн кабыл алынышы жана өткөрүлүшү боюнча кызмат көрсөтүү иштерине;
38) финансы-кредиттик мекеме болуп саналбаган уюм тарабынан, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын катышуучуларына берүү боюнча кызмат көрсөтүү иштерине.».
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|