Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-июну № 399
«1990-жылдын 29-майындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга оңдоолорду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- «1990-жылдын 29-майындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга оңдоолорду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- «1990-жылдын 29-майындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга оңдоолорду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Тиркемеге ылайык 1990-жылдын 29-майындагы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга оңдоолор ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн оңдоолордун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
Тиркеме
1-берене. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашуу төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1-берене. Максаты
Банктын максаты экономикалык прогресске жана реконструкциялоого салым кошуу менен рынокко багытталган ачык экономикага өтүүгө, ошондой эле Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү көп партиялуу демократия принциптерин, плюрализмди жана рынок экономикасын колдогон жана аларды турмушка киргизген жеке жана ишкердик демилгелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет. Ушул эле шарттарды аткарууну эске алуу менен Банктын максаты ошондой эле Банктын мүчөлөрү болгон Монголияда жана Түштүк жана Чыгыш Жер ортолук деңиз өлкөлөрүндө Банктын мүчөлөрү ээлик кылган добуштардын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмес болгон, башкаруучулардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынган анын чечимине ылайык ишке ашырылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу ушул Макулдашууга жана анын тиркемелерине ар кандай шилтемелер «Борбордук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө», «Борбордук жана Чыгыш Европадан чыккан өлкөлөргө», «алуучу өлкө (же алуучу өлкөлөр)» же «алуучу өлкө, Банктын мүчөсү (же алуучу өлкөлөр, Банктын мүчөлөрү)» Монголияга жана Түштүк жана Чыгыш Жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн ар бирине дагы тиешелүү болот.».
18-берене. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашуу төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«18-берене. Атайын фонддор
1. i) Банктын максаттарына жетүү жана анын функцияларын алуучу өлкөлөрдө жана потенциалдуу алуучу өлкөлөрдө аткаруу үчүн арналган атайын фонддорду башкарууну Банк өзүнө алышы мүмкүн. Ушундай каалаган атайын фондду башкаруу боюнча бардык чыгымдар ушул атайын фондго тиешелүү болот.
ii) Алуучу өлкө болуп эсептелбеген Банктын мүчөсүнүн өтүнүчү боюнча Башкаруучулар кеңеши i) пунктчанын максатында банктын ушундай мүчөсүн потенциалдуу алуучу өлкөгө коюлуучу, ал максатка ылайык деп эсептеши мүмкүн болгон ушундай чектүү убакыт мезгилинин ичинде жана ушундай шарттарда талаптарга жооп берүүчү деп эсептеген чечим кабыл алышы мүмкүн. Аталган чечим Банктын мүчөлөрү ээ болгон добуштардын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем эмес болгон башкаруучулардын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
iii) Потенциалдуу алуучу өлкөгө коюлуучу талаптарга жооп берүүчү Банктын тигил же бул мүчөсүнүн чечими, эгерде Банктын аталган мүчөсү алуучу өлкөгө коюлуучу талаптарды аткарууга күчү жеткен учурда гана кабыл алынышы мүмкүн. Аталган талаптар ушул Макулдашуунун 1-беренесинде аталган чечимди кабыл алган учурдагы редакцияда келтирилген, ал мындай чечимди кабыл алган учурда Директорлор кеңеши бекиткен оңдоолор күчүнө киргенден кийинки редакциясы эске алынат.
iv) Эгерде потенциалдуу алуучу өлкөгө ii) пунктчада көрсөтүлгөн мезгилдеги убакыт аяктаганда алуучу өлкөгө статус берилбесе Банк атайын фонддун активдерин уюшкандыкта сатуу, консервациялоо жана сактоо процесси, ошондой эле ушул активдерге тиешелүү милдеттенмелер боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүү менен байланышкандарды кошпогондо ушул өлкөдө бардык атайын операцияларды жүргүзүүнү дароо токтотот.
2. Банк алган атайын фонддордун каражаттарын Банктын максаттарына жана функцияларына, ушул Макулдашуунун башка колдонулуудагы жоболоруна, аталган фонддорго тиешелүү макулдашууга же макулдашууларга туура келген ар кандай шарттарда жана ар кандай түрлөрдө алуучу өлкөлөрдө жана потенциалдуу алуучу өлкөлөрдө пайдаланууга болот.
3. Банк ар бир атайын фондду түзүү, аны башкаруу жана анын каражаттарын пайдалануу үчүн ага талап кылынышы мүмкүн болгон эрежелерди жана ченемдерди белгилейт. Аталган эрежелер жана ченемдер Банктын адаттагы операцияларына гана конкреттүү колдонулуучу жоболорду кошпогондо ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келүүгө тийиш.».
Тиркеме
1. «Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашууга оңдоолорду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча:
Киргизилген оңдоолор Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
2. Макулдашууга оңдоолорду ратификациялоонун мүмкүн болгон финансы-экономикалык жана башка натыйжалары жөнүндө маселе боюнча:
Түштүк жана Чыгыш Жер ортолук деңиз өлкөлөрүнүн кошулушу менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы региондорунун географиялык кеңейишине байланыштуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Башкаруучулар кеңеши Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкын түзүү жөнүндө макулдашуунун 1- жана 18-беренелерине( зарыл оңдоолорду киргизүү тууралуу тиешелүү токтом кабыл алган.
Бул оңдоолор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы тараптан финансылык милдеттенмелерге алып келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7 жана 8-беренелерине ылайык оңдоолорду кабыл алуу жөнүндө корутунду ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети (2012-жылдын 11-майы) жана Эл аралык иштер боюнча комитети (2012-жылдын 15-майы) менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 199-б буйругу менен жактырылган.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 1991-жылы түзүлгөн жана эл аралык институт болуп эсептелет, анын курамына 62 акционер өлкө кирет (Кыргыз- Республикасын, Чыгыш Европа, КМШ, АКШ, Япония өлкөлөрүн, Европа Коомчулугунун жана Европа инвестициялык банкын кошкондо 60 өкмөт).
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жергиликтүү банктарды жана банктык эмес микрофинансылык мекемелерди, айрым экономикалык жактан рентабелдүү жергиликтүү ишканаларды, инфраструктуранын негизги объекттерин колдоо жана максаттуу техникалык көмөктөшүү аркылуу рынок экономикасына өтүүгө өбөлгө түзөт.