Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 154 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 123 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 400 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду (мындан ары - Фонд) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
2. Фонд өзүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Фонд Агенттиктин жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн жергиликтүү фонддорунан турат.
4. Фонд юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штампы, фирмалык бланкы, Кыргыз Республикасынын Казыналык системасында алыш-бериш эсеби болот. Фонддун иши тиешелүү жылга каралган бюджеттик каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Фонддун толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фонду";
- орус тилинде: "Республиканский фонд охраны природы и развития лесной отрасли Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики".
6. Фонддун уюштуруу-укуктук формасы - мамлекеттик мекеме.
7. Фонддун жайгашкан дареги: 720005, Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.
2. Функциялар
8. Фонддун функциялары төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- жаратылышты коргоо, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды кайра калыбына келтирүү, биотүрдүүлүктү жана токой экосистемаларын сактоо, токой тармагын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды каржылоону белгиленген тартипте жүргүзүү;
- жаратылышты коргоо, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды кайра калыбына келтирүү, биотүрдүүлүктү жана токой экосистемаларын сактоо, токой тармагын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, кабыл алынган социалдык маанилүү чечимдер боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө Фонд тарабынан бөлүнгөн финансы каражаттарынын пайдаланышына мониторингди белгиленген тартипте жүргүзүү;
- Фонддун ишине тиешелүү маалыматтык-аналитикалык материалдарды, Фонддун башкармалыгы кароочу материалдарды даярдоону жүргүзүү;
- Агенттиктин ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттерди жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 44 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Укуктар
9. Фонд өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- жаратылышты коргоо, жаратылыш чөйрөсүндөгү жоготууларды кайра калыбына келтирүү, биотүрдүүлүктү жана токой экосистемаларын сактоо, токой тармагын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө Фонд тарабынан бөлүнгөн финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына белгиленген тартипте ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга мониторинг жүргүзүүгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдар менен ишканалардан, мекемелерден Фонддун ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды талап кылууга жана алууга;
- өз компетенциясынын чегинде келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
- сот органдарында доогер жана жоопкер катары өзүнүн атынан жана Агенттиктин тапшырмасы боюнча чыгууга;
4. Ишти уюштуруу
10. Фонддун ишине жетекчиликти башкарма жүргүзөт. Башкарманын төрагасы болуп Агенттиктин директору эсептелет. Башкарма жөнүндө жобо жана анын өздүк курамы Агенттиктин коллегиясы тарабынан бекитилет.
11. Фонддун ишине башкарууну аткаруучу директор жүргүзөт, ал Агенттиктин директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
12. Фонддун аткаруучу директору:
- Фонддун ишин башкарат;
- өзүнүн функцияларын аткарылышына жана жүргүзүлүшүнө жеке жоопкерчилик тартат;
- номенклатурага ылайык Фонддун кызматкерлерин ишке кабыл алууну жана иштен бошотууну белгиленген тартипте жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Фонддун кызматкерлерине карата мыйзамдарда белгиленген тартип жазаларынын түрлөрүн колдонот;
- Фонддун мүлктөрүн жана каражаттарын башкарат, мыйзамдарга ылайык финансы-чарбалык иштерди уюштурат;
- келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзөт, ишеним каттарды берет, казыначылык системасында эсептерди ачат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктардын жүргүзөт.
5. Мүлкү, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук
13. Фондго мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык багыты боюнча пайдаланылат.
14. Фонд Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык статистикалык жана бухгалтердик эсептерди жүргүзөт.
6. Кайра уюштуруу жана жоюу
15. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Иши токтотулган учурда Агенттиктин документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.