Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2012-жылдын 12-июну № 402
«Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду - киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина жана Н.Н.Бадыкеева демилге кылган «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.В.Левина жана Н.Н.Бадыкеева демилге кылган «Айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет.
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча (мындан ары - мыйзам долбоору) төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-3-пункттарын бириктирүүнү жана төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«1-беренеде:
1) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
тамеки чегүүнүн кесепеттеринен жана тамекинин түтүнүнүн таасиринен тамеки чегүүнү төмөндөтүүгө жана анын адамга тийгизген таасирин азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруу жолу менен жарандардын ден соолугун коргоо үчүн шарттарды түзүү;»;
2) бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- тамеки чегүүнүн жайылышын азайтуу, аны балдардын, өспүрүмдөрдүн жана кош бойлуу аялдардын чегүүсүн болтурбоо боюнча макулдашылган иш-чараларды өткөрүү;»;
3) төмөнкүдөй редакциядагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- ден соолукка тамеки чегүү менен байланышкан коркунучтар жөнүндө калктын маалымдуулугун күчөтүү жана калк арасында тамекиге каршы пропаганданы жүргүзүү.».
Ошол эле учурда «тамекиге каршы пропагандада калктын көпчүлүк бөлүгүн камтуу» деген сөздөрдү алмаштыруунун максатка ылайыктуу экендигин белгилейбиз, себеби мындай пропаганда калктын бардык катмарларынын арасында жүрүүгө тийиш.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана норма чыгаруу техникасынын талаптарын сактоо максатында «мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-пунктундагы «4-берененин 1-пункту» деген сөздөр «4-берененин экинчи абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 6-пунктундагы «4-берененин 8-пункту» деген сөздөр «4-берененин тогузунчу абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 17-пунктундагы «10-берененин 2-бөлүгү» деген сөздөр «10-берененин экинчи абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 18-пунктундагы «12-берененин биринчи сүйлөмү» деген сөздөр «12-берененин биринчи абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 20-пунктундагы «12-берененин 7-пункту» деген сөздөр «12-берененин сегизинчи абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 21-пунктундагы «15-берененин 7-пункту» деген сөздөр «15-берененин сегизинчи абзацы» деген сөздөр менен алмаштырылсын жана мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 22-пунктундагы «жаңы пункт менен толукталсын» деген сөздөр «төмөнкүдөй мазмундагы он. биринчи абзац менен толукталсын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8-пунктунда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин тамекиге болгон сурамды кыскартуу боюнча Өкмөттүн баа жана салык чараларын аныктоосу бөлүгүндө оңдоолорду киргизүү каралат. Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык республиканын аймагында бирдиктүү салык системасы колдонулат. Ошол эле учурда салык мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесинде белгиленген принциптерге негизделет. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 8-пунктун алып салууну сунуш кылабыз.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 9-15-пункттарын бириктирүүнү жана төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
«9. 7-берене, Жарандардын тамекинин түтүнү жок курчап турган чөйрөгө болгон укугу
1. Кыргыз Республикасынын жарандары түтүнү жок курчап турган чөйрөгө укуктуу.
2. Тамекини, тамеки буюмдарын, кальянды чегүүгө төмөнкү жерлерде тыюу салынат:
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, балдардын эс алуусу үчүн арналган билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын аймактарында жана жайларында;
- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын аймагында жана жайларында;
- өрт коркунучу бар жерлерде, буга автомай куюу станциялары кирет;
- маданият, дене тарбия-спорт уюмдарынын жана спорт объекттеринин аймагында жана жайларында;
- шаардык жана шаар чегиндеги транспорттун бардык түрлөрүндө, суу жана аба транспортунун кемелеринде, темир жол вокзалдарынын, автостанциялардын, автовокзалдардын жана аэропорттордун инфраструктура жайларында;
- лифттерде;
- калкка кызмат көрсөтүүчү бардык жумушчу жайларда;
- турак жайлардын кире бериш жерлеринде;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлеген имараттарда жана жайларда.
3. Тамеки чегүү үчүн бөлүнгөн атайын жайларды кошпогондо, төмөнкү жерлерде тамеки чегүүгө тыюу салынат:
- алыскы жана жергиликтүү байланыштын поезддеринде;
- коомдук тамактануу жайларында, калкка кызмат көрсөтүү боюнча иш жүргүзгөн уюмдарда, анын ичинде оюн-зоок жайларында, бул учурда тамекинин түтүнү тамекинин түтүнү жок болгон жайга тарабагандай кылып, тамеки чегүүчү жарандар үчүн 50 проценттен ашпаган аянт бөлүнөт;
Ушул берененин үчүнчү бөлүгүндө аталган, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, ишканалардын жана коомдук жайлардын жетекчилери тамеки чегүү үчүн жайларды бөлүп берүүгө жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен эрежелерге ылайык жабдууга тийиш.
Тамеки чегүү үчүн жайды жабдууга талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитилет.».
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин жоболорунун кайталоосун болтурбоо максатында мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 15-пунктунун бешинчи абзацы алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 16-пунктунда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жаңы пункт менен толуктоо сунуш кылынат, бирок 7-берененин кайсыл бөлүгү жаңы пункт менен толукталаары белгисиз болууда.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 23-пунктунда «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолуктун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жаңы берене менен толуктоо сунуш кылынат бирок кайсыл беренеден кийин толукталаары белгисиз болууда.
Маанилик жактан тактоо максатында мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 23-пунктунун үчүнчү абзацындагы «үзгүлтүксүз, бирок жылына кеминде 1 жолу» деген сөздөрдү «жыл сайын» деген сөз менен алмаштырылсын, мыйзам долбоорунун аталган пунктунун алтынчы абзацындагы «ишти уюштуруу» деген сөздөр «ишти уюштурат» деген сөздөр менен алмаштырылсын, жетинчи абзацтагы «коммуникация каражаттары (басма сөз, телеберүү, радио, Интернет тармагы)» деген сөздөр «жалпыга маалымдоо каражаттары» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Мыйзам долбоору ишкердиктин маселелерине таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методикага ылайык жөнгө салуу таасирин талдоодон өтүүгө тийиш.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына тикелей таасир тийгизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердикти жөнгө салган нормативдик укуктук актылардын долбоорлору норма чыгаруучу органдын расмий сайтында жайгаштыруу аркылуу коомдук талкууга алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу белгилей кетүүчү нерсе, берилген маалымкат-негиздемеде жөнгө салуу таасирин талдоодон өткөндүгү жана коомдук талкуулоо болгондугу жөнүндө маалымат камтылган эмес.
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 85-1-беренесинин санкцияларын кайра карап чыгуу сунуш кылынууда, бул жаза чараларынын катышы маселесинде дисбаланска алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу административдик укук бузгандыгы үчүн жазалардын өлчөмүн жана түрлөрүн белгилөө жөнүндө маселени башка укук бузуулардын категориясынан ажыратпастан, комплекстүү чечүүнү сунуш кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзам долбоорлорун жогоруда жазылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алып иштеп чыгуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.