Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 29-мартындагы № 161 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 404
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын-
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 338-1-статьясынын экинчи абзацындагы «жүзгө» деген сөздөн кийин юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн миңге чейинки» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 338-5-статья менен толукталсын:
«338-5-статья. Кыргыз Республикасынын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамдарынын бузулушу
Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык милдеттүү камсыздандырууга келишим түзүүгө милдеттүү болгон адам милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн качса, ошондой эле аталган адам коркунучту азайтуу боюнча техникалык талаптарды аткарбаса (аткарууну камсыз кылбаса), -
жаранга бирден он эсептешүү көрсөткүчүнө, кызмат адамына - ондон отуз эсептешүү көрсөткүчүнө, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз эсептешүү көрсөткүчүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет.
Ушул статьянын биринчи абзацында каралган ошондой эле аракеттер администрациялык жаза чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайрадан кайталанса, -
жаранга ондон жыйырма эсептешүү көрсөткүчүнө, кызмат адамына - отуздан жүз эсептешүү көрсөткүчүнө, юридикалык жактарга - беш жүздөн миң эсептешүү көрсөткүчүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет».
3. 532-статьянын биринчи бөлүгүндөгү «338-4» деген сан «338-5» деген санга алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|