Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 405
«Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган - баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү аймагында, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында бирдиктүү саясат жүргүзгөн, адистештирилген укук коргоо органы.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет берет.
2-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жагында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына таандык кылынган кылмыштардын алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу, ашкерелөө, болтурбоо жана териштирүү;
3) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү маселелери боюнча аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин координациялоо, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) өз компетенциясынын чектеринде баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө контролдук кылуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын бөлүмчөлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга жүктөлбөгөн милдеттерди аткарууга тартууга тыюу салынат.
3-берене. Жарандардын укугун жана эркиндигин сактоо кепилдиги
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өз ишинде адам менен жарандын укуктарын сыйлоо принциптерине таянат жана жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайларына карабастан, аларды коргоону жүзөгө ашырат.
2. Өзгөчө учурларда кылмышка жол бербөө жана ачуу максатында жарандардын айрым укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана чектерде убактылуу чектелиши мүмкүн.
Жарандар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринен алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектелишине байланыштуу түшүндүрүүлөрдү алууга укуктуу. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин аракеттери менен алардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары кемсинтилди деп эсептешкен жарандар бул аракеттерди баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жогору турган органына, прокурорго, ошондой эле сотко даттанууга укуктуу.
4-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын милдеттерин аткарышына мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин жана жарандардын көмөк көрсөтүүсү
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерин мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен эриш-аркак аткарат.
2. Мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер баңги заттарды контролдоо боюнча органга алардын милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт.
2-глава. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктук статусу
5-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизи
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
6-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөө
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын наамдар ыйгарылат.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери өзгөчө абалдын укуктук режимин камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу үчүн тартыла алышат. Мында кызмат өтөө мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген эрежелер боюнча эсептелет.
7-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөөгө кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр
1. Жарандар төмөндөгүдөй учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органына кызматка алынышпайт же баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөй алышпайт: соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу алар эмгекке жарамсыз же эмгекке жарамдуулугу чектелүү деп таанылганда; соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына, же кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон учурларда, бирок кийин тергөө органы же сот тарабынан ага карата кылмыш иши актоочу жагдайлар боюнча токтотулса.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органынын кызматкерлерине төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
1) педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен бөлөк айкалыштыруу шартында акы төлөнүүчү жумуштарды аткарууга;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органындагы кызматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын милдеттери менен айкалыштырууга;
3) жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик жүргүзүүгө;
4) өзүнүн кызмат абалын пайдалануу менен адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган ар кандай көмөктөрдү көрсөтүүгө жана ал үчүн сыйакы алууга, кызматын көрүүгө жана жеңилдиктерден пайдаланууга;
5) саясий партиялардын, коомдук же диний уюмдардын мүчөсү болууга, кайсы бир саясат партияны, коомдук же диний бирикмени колдоп чыгууга, ага тете эле мындай уюмдарды түзүүгө жана катышууга;
6) иш таштоолорду, манифестацияларды, митингдерди, демонстрацияларды уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр да колдонулат.
8-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын иш-милдеттери
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөндөгү иш аракеттерди жүзөгө ашырат:
1) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнө, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы турууга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлиги органдарынын эриш-аркак иштешин камсыз кылат;
2) баңгиликтин алдын алуу, баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүүсүн контролдоо, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндө максаттуу программаларды иштеп чыгууну уюштурат жана ишке ашырат, бул программаларды ишке ашырууга катышат;
3) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүсүн алдын алуу боюнча ишти уюштурат;
4) Кыргыз Республикасынын баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт жана белгиленген иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук акттардын долбоорлорун даярдоодо катышат;
5) баңги каражаттардын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө өбөлгө түзгөн шарттарды аныктайт жана аларды жоюга багытталган чараларды өз компетенциясынын чегинде уюштурат;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык изин суутпай издөө ишин жүргүзөт;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө тиешелүү кылмыш жасаганына айыпталуучу, тергөө жана сот органдарынан жашырынган же турган жери белгисиз адамдарды издөөнү уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө тиешелүү кылмыш иштери боюнча алгачкы текшерүүнү жана тергөөнү жүргүзөт;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;
10) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн субъекттеринин Мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн субъекттерин контролдойт;
12) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүнүн мониторингин, алардын кыймылына карата баңги заттарды контролдоо боюнча БУУнун Эл аралык комитетинин алдында дайыма отчет берип турат;
13) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун улуттук тизмелерин, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү администрациялык жана кылмыш жоопкерчилигине алып келүүчү критерийлерди жана өлчөмдөрдү иштеп чыгат жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө жиберет;
14) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жеке адамдарга берүү тартибин макулдашат;
15) Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтери жана ведомстволору менен баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду керектөөнү макулдашат жана баңги каражаттарына, психотроптук заттарга тиешелүү квоталарды алуу үчүн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана БУУнун Баңги заттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетине жиберет;
16) конфискацияланган же алынган баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун, ошондой эле баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн колдонулган жана атайын контролдогу аспаптардын жана жабдыктардын сакталышын, ташып жеткирилишин жана жок кылынышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат;
17) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду, ошондой эле баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн колдонулган жана атайын контролдогу аспаптарды жана жабдыктарды жок кылуу тартибинин сакталышын контролдойт;
18) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө киргизилген, жасалган кылмыштардын эсебинен түшкөн кирешелерди мыйзамдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенет;
19) баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды өндүрүү жана даярдоо үчүн колдонулган жана атайын контролдогу убактылуу пайдаланылбаган аспаптардын жана жабдыктардын убактылуу сактоо тартибин макулдашат;
20) өзүнүн компетенциясынын чегинде баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөө жаатындагы иштердин абалы, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндөгү маалыматты алат, иштетет жана талдайт;
21) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө тиешелүү, ошондой эле алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча маалыматтардын бирдиктүү банкын жүргүзөт;
22) белгиленген иш тармагында маалымат тутумдарын жана маалымат базаларын түзөт жана пайдаланат, криминалистикалык эсепке алууну жүргүзөт, баңги заттарды контролдоо боюнча органдарды маалымат жактан камсыз кылат;
23) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда иш кагаздарын уюштурууга карата бирдиктүү талаптарды азыркы кездеги стандарттарга ылайык белгилейт, оперативдик, тергөө, архивдик жана башка материалдарды сактайт жана пайдаланат, ошондой эле оперативдик каттоо иштеринин тизмегин, алардын жүргүзүү тартибин аныктайт;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат;
25) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттерди жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык уюмдарда көрсөтөт;
27) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын жеке коопсуздугун камсыз кылат;
28) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин, баңги заттарды контролдоо боюнча органга көмөк көрсөткөн адамдардын, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө таандык кылынгын кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнүн катышуучуларын, алардын жакын адамдарын өмүрлөрүнө, ден соолугуна, абийирине жана намысына кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылат;
29) баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана прекурсорлордун мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоону камсыз кылуу, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз керектөөгө, ошондой эле мындай каражаттардын, заттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү маселелери боюнча илимий иликтөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш иштери боюнча криминалисттик жана башка экспертизаларды, ревизияларды, текшерүүнүн материалдары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт, тергөө амалдарын жана оперативдик иш-чараларды аткарууга катыштыруу үчүн адистерди тартат;
31) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык атайын техникалык каражаттарды сатып алат жана колдонот;
32) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук акттарында белгиленген тартипте курал-жарактарды, алардын ок-дарыларын, атайын каражаттарды, атайын техниканы, байланыш жана коргонуу каражаттарын, кошумча жабдыктарды жана аппаратураларды, материалдык-техникалык жана унаа каражаттарын сатып алат, аларды топтоону, сактоону жана оңдоону ишке ашырат;
33) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тутумунда курал-жарактардын жана ок-дарылардын жүгүртүү эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды ишке ашырат;
34) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баңги заттарды контролдоо боюнча органда шифрленген иштерди уюштурат жана жүзөгө ашырат;
35) мамлекеттик жана мыйзам тарабынан корголуучу башка сырларды түзүүчү маалыматтарды, анын ичинде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин жана кызматчыларын көрсөтүлгөн маалыматтарга жеткирүүгө, ошондой эле баңги заттарды контролдоо органга жарандарды кызматка алууга байланышкан маалыматтарды коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
36) баңги заттарды контролдоо боюнча органды кадрлар менен камсыздайт, кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
37) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын мобилизациялык даярдоону уюштурат жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
38) өзүнүн компетенциясынын чегинде өзгөчө жана аскердик кырдаал режимин камсыздоо боюнча чараларды көрөт;
39) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте коргоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө запаста болгон баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин атайын каттоосун уюштурат жана жүргүзөт;
40) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргонуу боюнча иш-чаралардын аткарылышын уюштурат;
41) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылынышын жүзөгө ашырат;
42) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жана кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай шарттарын жакшыртуу боюнча чараларды көрөт;
43) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызмат өтөгөн адамдарды, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыз кылуу жаатындагы иштерди уюштурат жана жүзөгө ашырат;
44) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин жана кызматчыларын, пенсия алуу укугу менен кызматтан бошогон адамдарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле кызматкерлерди алар баңги заттарды контролдоо боюнча органда иштеп турган мезгилде медициналык жана курорттук-санаториялык тейлөөнү, дары-дармек каражаттары менен камсыздоону уюштурат;
45) баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында жалпыга маалымдоо каражаттары менен эриш-аркак иштейт, редакциялык-басма иштерин уюштурат;
46) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
47) баңги заттарды контролдоо боюнча органдагы тарбия иштерин жана кызматтык иштин моралдык-психологиялык камсыздалышын пландаштырат, уюштурат жана контролдойт.
9-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын укуктары
Баңги заттарды контролдоо боюнча орган (баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери) өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган жарандардан жана кызмат адамдарынан укук бузууларды же аракеттерди токтотууну талап кылууга; мыйзамдуу талаптарды аткарбаган учурда мыйзамда каралган мажбурлоо чараларын колдонууга;
2) эгерде жарандарды укук бузган жана кылмыш жасоо жагынан шектенүүгө жетиштүү негиздер болсо, алардын ким экендигин ырастаган документтерди, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн эрежелерди сактоону контролдоого керек болгон дагы башка документтерди да текшерүүгө;
3) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын тергөөсүнө туура келген кылмыштарды жасоо жагынан шек туудургандарды жана айыпталуучуларды мыйзамда белгиленген тартипте кармоого жана камакка алууга;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте кылмыш жасоо жагынан шек туудуруу боюнча кармалган адамдарды же кылмыш жасады деп камакка алынган айыпталуучуларды каттоого, врачтык кароого, күбөлөндүрүүгө, экспертизага, дактилоскопия кылууга, эсте тутуп калууга, биологиялык таандыгына карата (кандын, адамдын денесинен чыккан нерселердин) үлгүлөрүн алууга;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте укук бузган адамдардын баңги каражаттарды, психотроптук заттарды колдонгонун текшерүүгө, же болбосо аларды текшерүүдөн өткөрүүгө медициналык мекемелерге жиберүүгө же жеткирүүгө;
6) алардын өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча кызмат адамдарын жана жеке жактарды чакырып алууга, алардан түшүнүктөрдү, маалымкаттарды, документтерди алууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга, жеке адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте мажбурлап алдырып келүүгө;
7) мыйзамдарда белгиленген тартипте бажы органдары менен бирдикте кол жүктөрүн, багажды жана автомобиль, темир жол жана аба транспортторунун жүргүнчүлөрүн кароону жүзөгө ашырууга;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер болгондо, баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймактарына жана имараттарына (Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан башка), ошондой эле жеке адамдар жекече жана эмгектенүү үчүн пайдалануучу жайларга кирүүгө, менчик ээсинин, же болбосо анын өкүлү же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен өндүрүш, кампа, соода, кызматтык бөлмөлөрүн, транспорттук каражаттарын, товарларды жана мүлктү сактоочу жана пайдалануучу башка жерлерин кароону жүргүзүүгө; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан өзүнүн компетенциясынын чегинде зарыл маалыматты, билдирмелерди, документтерди, жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алууга;
9) изин суутпай издөө иш-чараларын жана тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү максатында айрым участкаларга, объекттерге жана аймактарга кирүүнү чектөөгө же убактылуу тыюу салууга;
10) баңги зат катары пайдаланылуучу жапайы өсүмдүктөрдүн жапырт өскөн жерлеринде иш-чараларды өткөргөндө башка мамлекеттик органдар менен бирге убактылуу контролдоо-өткөрмө пункттарды орнотууга;
11) окуялар жана өзгөчө кырдаалдар болгон жерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өтүү, медициналык шашылыш жардамга муктаж болгон жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын артына түшүү жана аларды укук коргоо органдарга жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон дагы башка учурларда транспорт каражаттарын (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын жана атайын арналыштагы транспорт каражаттарынан башка) тоскоолдуксуз пайдаланууга;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык максаттарда юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарынан пайдаланууга;
13) мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук түзүлүшүнө карабастан уюмдардан баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтык жана башка материалдарды суроого жана алууга;
14) Кыргыз Республикасынын баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндөгү мыйзамында белгиленген тартипте жазма буйруктарды жана корутундуларды берүүгө;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарда белгиленген тартипте баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында ведомстволор аралык мүнөздөгү эл аралык келишимдерин түзүүгө;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук акттарды чыгарууга;
17) эксперттик, окуу, илимий жана изин суутпай издөө иштеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду пайдаланууга;
18) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитүүгө;
19) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин жана кызматчыларын, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн адамдарды сыйлоо үчүн сыйлоо жана белек фондун, анын ичинде атылбас куралдар фондун түзүүгө;
20) белгиленген иш тармагында координациялык, консультативдик эксперттик жана кеңешмелик, анын ичинде ведомстволор аралык органдарды (кеңештерди, комиссияларды) түзүүгө;
21) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жана кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоосу үчүн турак жайларды жана жатаканаларды ижарага алууга.
10-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин укуктук абалы
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда кызматта турган, белгиленген тартипте атайын наам ыйгарылган адам анын кызматкери болуп саналат, ага ушул Мыйзамдын жоболору жайылтылат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин атайын наамы аскер наамына теңештирилет.
Атайын наамдардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет, алардын ыйгаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери бийликтин өкүлү болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптары жарандардын жана кызмат адамдарынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын аткарбоо, мазактоо, каршылык көрсөтүү, уруп-сабайм деп коркутуу же анын өмүрүнө, ден соолугуна, аброюна жана беделине доо кетирүү жана ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга тоскоол болгон дагы башка аракеттери жана анын кызматтык милдетин аткаруусуна байланыштуу анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын туугандарына кандай гана зыян келтирүү коркунучу болбосун, мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
11-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин жоопкерчилиги
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алышат жана мыйзамга ылайык өздөрүнүн укукка каршы аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат. Эгерде кызматкерге мыйзамга төп келбеген буйрук же тескеме берилсе, ал Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алууга милдеттүү.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин иш-аракети формалдуу түрдө укукка карама-каршы жосунга туура келген учурда мыйзам бузулду деп табылбашы мүмкүн, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, орундуу тобокелдик абалында жасалса.
Эгерде жасалган иш-аракет объективдүү түзүлгөн жагдайдан келип чыкса, ал эми мындай иш-аракетти жасамайын мыйзамдуу максатка жетүү мүмкүн болбосо жана мындай иш-аракетти жасоого жол берген баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн кырдаалда келтирилүүчү зыянды болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, коргонуу зарылдыгы, аргасыз зарылдык, орундуу тобокелдик өзүн актаган деп таанылат.
3-глава. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин күч, атайын каражаттарды жана ок атуучу куралды колдонуусу
12-берене. Күч колдонуу чаралары
Эгерде күч колдонбой турган ыкмалар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруусун камсыз кылбаса, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери кылмыштарды жана башка укук бузууларды болтурбай коюу жана бөгөт коюу, аларды жасаган адамдарды кармоо, өзүн-өзү коргоо, мыйзамдуу талаптарына каршы жасалган аракеттерди жокко чыгаруу үчүн күч колдонушат, анын ичинде мушташтын атайын аскердик ыктарын жана колдо болгон каражаттарды колдонушат.
13-берене. Атайын каражаттарды колдонуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери алардын куралдануусунда болгон атайын каражаттарды төмөндөгүдөй учурларда колдонушат:
1) жеке адамдарга, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана коомдук тартипти камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн башка адамдарга кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын имараттарына, курулмаларына, имарат жайларына, транспорт каражаттарына кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) эгерде укук бузуучулар баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине баш ийбесе же каршылык көрсөтсө; кармалгандарды жана - камакка алынгандарды конвой менен коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн, же болбосо эгерде алардын качып кетиши же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтириши мүмкүн деп ойлоого негиздер болсо, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине өздөрүнө мыйзам тарабынан жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашырууга атайылап тоскоолдук кылган адамдарды кармоо үчүн.
2. Атайын каражаттардын тизмеси, ошондой эле аларды колдонуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
14-берене. Ок атуучу куралды колдонуу жана пайдалануу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине табелдик ок атуучу куралды сактоого жана алып жүрүүгө укук берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин табелдик ок атуучу куралды алып жүрүшүнүн жана сакташынын тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери тарабынан ок атуучу курал төмөндөгүдөй учурларда колдонулат:
1) жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан коргоо, ошого тете барымтага алынгандарды бошотуу үчүн;
2) баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине же коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн башка адамдарга, топтошкон же куралдуу кол салуунун, ошондой эле алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген башка кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
3) мамлекеттик жана коомдук органдардын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кайтаруудагы объектилерине, имарат жайларына жана имараттарына топтошкон же куралдуу кол салуунун, укук коргоо органдарынын аскердик же кызматтык тобуна кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
4) куралдуу каршылык көрсөткөн адамдарды же болбосо кылмыш үстүнөн кармалгандарды, камактан качкандарды (администрациялык камактагылардан тышкарыларды) кармоо үчүн, ошондой эле куралын тапшыруу жөнүндө мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткандарды кармоо үчүн.
3. Куралды колдоноордун алдында, аны колдоно тургандыгы тууралуу эскертилүүгө тийиш.
Капыстан же куралдуу кол салууда, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын пайдаланып кол салууда, барымтадагыларды куткарууда, камактан курал менен же транспорт каражаттарын пайдаланып качууда, ошондой эле камактагы адамдар транспорт каражаттарынан ал жүрүп баратканда качкан учурда курал эскертүүсүз колдонулушу мүмкүн.
4. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери куралды төмөндөгүдөй учурларда колдонууга укугу бар:
1) эгерде айдоочу жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирип жана баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин талаптарына баш ийбесе, транспорт каражаттарын бузуу жолу менен токтотуу үчүн;
2) жаныбарлардын кол салуусунан коргонуу үчүн;
3) айгай салуу белгисин берүү, жардам чакыруу үчүн, ошондой эле эскертип ок чыгаруу үчүн.
5. Эгерде баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери түзүлгөн жагдайда курал колдонуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептесе, куралды кабынан чыгарып, даярдап коюуга укугу бар.
6. Курал колдонулган жана пайдаланылган бардык учурларда баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери айланасындагы жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга, жабыр тарткандарга медициналык шашылыш жардам көрсөтүлүшү үчүн зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
7. Аялдарга жана жашы жете электерге карата курал колдонууга, алар куралдуу кол салгандан, куралдуу каршылык көрсөткөндөн, кызматкерлердин же башка жарандардын же өмүрүнө коркунуч келтирип топтошуп кол салгандан башка учурларда тыюу салынат, эгерде башка ыкмалар жана каражаттар менен мындай кол салуунун же каршылык көрсөтүүнүн мизин кайтарууга мүмкүн болбосо.
8. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери ок атуучу куралды колдонгон ар бир учуру жөнүндө ал колдонулган мезгилден тартып 24 сааттын ичинде өзүнүн тике башчысына ок атуучу куралды колдонгондугу жөнүндө рапорт берүүгө милдеттүү.
4-глава. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоо
15-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин социалдык укуктарынын кепилдиктери
1. Курагы, кызмат өтөгөн жылдары же оорусу боюнча кызматтан бошотулган баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине баңги заттарды контролдоо боюнча органдын өздүк курамы үчүн каралган кепилдиктерди пайдалануу укугу сакталат.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ченемдер боюнча азык-түлүк үлүшү же үлүштүн акчалай компенсациясы менен камсыз кылынат.
16-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча орган өзүнүн кызматкерлери үчүн болгон каражаттарынын эсебинен турак жай сатып алууга укуктуу.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине жана кызматтан курагына, ден соолугуна, штаттарды кыскартууга байланыштуу бошотулган жана 20 календардык жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдарга, ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматтык ишин аткарууга байланыштуу курман болгон же өлгөн кызматкеринин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик жана ведомстволук турак-жай фондусунан ээлеп турган турак-жайлары менчикке бекер берилет.
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ишин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) кызматкердин кызмат өтөө мөөнөтүнө жана кызматтык турак жайда жашаган мезгилине карабастан, үй-бүлө мүчөлөрү башка турак жай берилмейинче кызматтык турак жайдан чыгарылбайт.
3. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкери кызматтык иштерин аткарууга байланыштуу курман болгон (өлгөн) учурда анын үй-бүлөсүнө зарыл болгондо турак жай аянтын кезексиз алууга же турак жай шартын жакшыртууга укук берилет.
17-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерин мамлекеттик камсыздандыруу жана ал курман болгон же мертинген учурда зыяндын ордун толтуруу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен милдеттүү түрдө мамлекеттик жекече камсыздандырылууга тийиш.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерди камсыздандыруу учуру келгенде (өлүм, майып болуу (жарадар болуу, контузия алуу), кызмат өтөө мезгилиндеги оорусу) камсыздандыруу суммасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөнөт.
18-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө анын кызматтык ишти аткаруусуна байланыштуу келтирилген зыяндын орду мамлекеттин эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө толтурулат.
19-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин медициналык-санитардык жана санатордук-курорттук жактан тейлөөнү уюштуруу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык-санитардык жана санатордук-курорттук жактан тейлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү медициналык-санитардык жардам менен Кыргыз Республикасынын жарандарын камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасынын алкагында медициналык-санитардык жардам көрсөтүлөт.
20-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлеринин иш убактысы жана эмгек акысы
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине иш убактысынын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек боюнча мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Зарыл учурларда кызматкерлер кызматтык милдеттерин белгиленген убактысынан ашык аткарууга, ошондой эле түнкүсүн, дем алыш жана майрам күндөрү иштеши мүмкүн. Мындайда бир айдын ичинде аларга кошумча эс алуу күндөрү берилет.
Кызматкерлердин айрым категориялары үчүн нормага салынбаган иш күнү белгилениши мүмкүн.
21-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү «Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында менен белгиленген мамлекет тарабынан кепилдик берилген пенсия менен камсыз болууга укугу бар.
22-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин социалдык жактан коргоонун кошумча кепилдиктери
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, башка аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерин социалдык жактан кошумча коргоонун кепилдиктерин белгилөөгө укуктуу.
5-глава. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
23-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо
Баңги заттарды контролдоо боюнча органды каржылоо борборлоштурулган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген башка булактардан жүзөгө ашырылат.
24-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Баңги заттарды контролдоо боюнча органды материалдык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу тартиби менен ченемдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан, ал эми зарыл учурларда - Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленет.
2. Баңги заттарды контролдоо боюнча органга кызматтык жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
6-глава. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл
25-берене. Баңги заттарды контролдоо боюнча органда мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл
Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын ченемдик укуктук актыларды так жана бир беткей сакталышына көзөмөлдү прокуратура органдары ишке ашырат.
7-глава. Корутунду жоболор
26-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|