Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 12-июну № 411
«Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-секретары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 12, 529-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкү мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тиешелүү тармактарда радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салууну жүргүзүүчү ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы;
радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын радиациялык коопсуздугун жана курчап турган чөйрөнү иондуу нурлануу булактарынын зыяндуу таасиринен коргоону камсыз кылууга көзөмөлдөө жана контролдоо функциясын ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.».
2. 2-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 5-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«5-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын системасы
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ишке ашырылат.
2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө-контролдоо функцияларын ишке ашыруу Өкмөт аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.».
4. 7-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик ченемдештирүү
Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдештирүү өзүнө санитардык эрежелердин жана ченемдердин, гигиеналык нормативдердин, радиациялык коопсуздук эрежелеринин, мамлекеттик стандарттардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, эмгекти коргоо эрежелеринин маселелери кирген тиешелүү техникалык регламенттер жана башка ченемдик укуктук актылар аркылуу аныкталат.».
5. 9-статьянын 2-бөлүгүндөгү «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдар» деген сөздөр «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 10 жана 11-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«10-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды аныктоо;
3) өз компетенциясынын чегинде радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу, ошондой эле алардын сакталышына көзөмөлдүк кылуу, анын ичинде:
- радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өлкөлүк программаны кабыл алуу;
- радиоактивдүү булганган зоналарда калктын жашоосунун өзгөчө режимин киргизүү:
- жарандардын саламаттыгына залалын тийгизүүнүн жана алардын мүлкүнө радиациялык таасир этиши менен шартталган чыгымдарга алып келүүнүн жогорку тобокелдиги үчүн компенсациялардын түрлөрүн жана өлчөмдөрүн аныктоонун тартибин белгилөө;
- радиациялык авариянын натыйжасында жарандардын саламаттыгына келтирилген залалдын жана алардын мүлкүнө келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу тартибин белгилөө.
11-статья. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
1. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өлкөлүк программаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери менен алектенген уюмдардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;
3) күчтүү радиоактивдүү булганууга дуушар болгон объекттерде радиациялык коопсуздуктун абалына эксперттик баа берүү;
4) радиациялык авариялардын болуу коркунучу түзүлгөн учурда ыкчам иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) тиешелүү аймактардагы радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
6) тиешелүү аймакта радиациялык кырдаал жөнүндө калкка маалымат берүү;
7) радиациялык коопсуздуктун эл аралык критерийлерине ылайык өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган калдык сакталган жайларды жана кен калдыктарын калыбына келтирүү боюнча реабилитациялык программаларды иштеп чыгуу;
8) радиоактивдүү заттарды жана башка иондук нурлануу булагын экспорттоо, импорттоо жана ташып өткөрүү боюнча ишти жөнгө салуу;
9) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтык ишке ашыруу жана эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.
2. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
2) иондук нурлануу булагы менен иштөө боюнча гигиеналык нормативдерге, эрежелерге тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды макулдашуу;
4) тиешелүү аймакка иондук нурлануу булагын киргизүүгө уруксат берүү;
5) тиешелүү аймактагы радиациялык кырдаал менен шартталган саламаттык абалы жөнүндө калкка маалымат берүү.
3. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө экология тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө өлкөлүк программаларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышуу;
2) курчап турган чөйрөнүн радиоактивдүү булганышына мониторинг жүргүзүү;
3) тиешелүү аймакта иондук нурлануу булагын өндүргөн, пайдаланган, кайра иштеткен жана калдыктарын керекке жараткан уюмдарды, мекемелерди, анын ичинде коргонуу багытындагыларын жайгаштыруу жөнүндө чечимдин кабыл алынышына катышуу;
4) тиешелүү аймакта радиациялык кырдаал жөнүндө калкка маалымат берүү.
4. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө геология жана минералдык ресурстар тармагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуштарды жүзөгө ашырууга көмөктөшүү;
2) өнөр жайлык жана экологиялык коопсуздук бөлүгүндө кен профилиндеги иштердин долбоорлорун экспертизалоо;
3) тиешелүү аймакта кен казуу, иондук нурлануу булагын кайра иштеткен жана утилдештирген өндүрүштүн уюмдарын, мекемелерин жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга катышуу;
5. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык авариянын натыйжасында нурланууга туш болгон калкка жардам көрсөтүүнү контролдоо;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ведомстволук аймактарда иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
3) тиешелүү аймактарда радиациялык кырдаалды контролдоо жана калктын нурлануу дозасын эсепке алуу;
4) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ченемдик документтердин талаптарынын сакталышына контролдоону ишке ашыруу;
5) калдык сактоочу жайларда радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштелип чыккан иш-чаралардын аткарылышын контролдоо;
6) калдык сактоочу жайлардын жана кен калдыктарынын абалын контролдоо;
7) тиешелүү аймакта иондук нурлануу булагын өндүргөн жана пайдаланган, кайра иштеткен жана калдыктарын керекке жараткан уюмдарды, мекемелерди, анын ичинде коргонуу багытындагыларын жайгаштыруу жөнүндө чечимдин кабыл алынышына катышуу;
8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө контролдоону жана көзөмөлдөөнү уюштуруу жана жүргүзүү маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу.
6. Радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) радиациялык авариялардын болуу коркунучу жана алардын кесепеттерин жоюу учурунда оперативдүү иш-чараларды жүргүзүү;
2) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жеке жана юридикалык жактардын ишин экономикалык стимулдаштыруу тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
3) радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды ведомстволук аймактарда уюштуруу.
7. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарында радиациялык контролдоо жүргүзүү кирет.».
7. 13-статьянын 1-бөлүгүнүн он биринчи абзацындагы «жүзөгө ашырган кызмат адамдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөөнү жана контролдоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 18-статьянын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, кызматкерлерди (персоналдарды) жана калкты радиациялык авариядан жана анын кесепеттеринен коргоо боюнча иш-чаралар планы;»
9. 19-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу жагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзгөн мамлекеттик бийлик органдарын» деген сөздөр «өзгөчө кырдаалдар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 25-статьяда «радиациялык коопсуздук жагында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзгөн атайын ыйгарым укугу бар мамлекеттик органдардын» деген сөздөр «радиациялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|