Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну № 416
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 534-2-статья күчүн жоготту деп табылсын.
2. 535-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«535-статья. Салык кызматы органдары
Кыргыз Республикасынын салык кызматы органдары ушул Кодекстин 285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьяларында, 302-статьянын 1 жана 3-бөлүктөрүндө, 307, 310, 341, 346, 348-356, 408-1, 410, 410-1-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карашат.
Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чараларын көрүүгө салык органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары укуктуу.
Эскертүү. 286-статьянын 2-бөлүгүндө, 286-1, 300, 301-1, 301-2-статьяларда, 302-статьянын 1-бөлүгүндө, 307-статьяда, 341-статьянын 1-бөлүгүндө, 354-статьяда каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти караганда салык кызматы органдары айып жана/же лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза-чара көрүшөт. Администрациялык жаза-чаралардын кошумча түрү (конфискация) ушул Кодекстин 37-статьясына ылайык салынат.».
3. 556-1-статьяда:
- 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«салык кызматы органдары (285, 286, 286-1, 291, 295. 298, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3, 302, 307, 308, 310, 340, 341, 342, 346-1, 354, 405, 408-1, 410, 410-1-статьялары);»
2-берене. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведомосттору 2009-ж., № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1-статьяда:
- 1-бөлүк «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген» деген сөздөрдөн кийин ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча» деген сөздөр менен толукталсын;
«- бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«7. Мамлекеттик салык кызматын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу төрага жетектейт.».
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|