Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну № 418
2012-жылдын жазгы-талаа иштеринин жыйынтыктары жана 2012-2013-жылдарда Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жөнүндө
2012-2013-жылдарда Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында үстүбүздөгү жылдагы жазгы-талаа иштеринин жыйынтыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 2012-жылдын жазгы-талаа иштеринин жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматы көңүлгө алынсын.
2. Жалал-Абад жана Ош облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын буудайды жазгы себүү, ошондой эле Талас облусунда буудайды жана арпаны жазгы себүү программасынын аткарылышы боюнча иштер жеткиликсиз деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- айыл чарба өсүмдүктөрүн кошумча азыктандыруу жана сугаруу боюнча иш-чаралардын, ошондой эле башка агротехникалык иш-чаралардын пландарын иштеп чыгышсын жана алардын түшүмүн жогорулатууга жана дүң жыйноого багытталган оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө ишке ашырышсын;
- ушул иш-чараны аткаруунун жүрүшүн ай сайын 2012-жылы жазгы себүү кампаниясын, жыйноо жана күзгү талаа иштерин даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди оперативдүү чечүү боюнча республикалык, облустук жана райондук штабдардын жыйындарында карашсын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен бирдикте:
10 күндүк мөөнөттө азык-түлүк кризисин болтурбоо маселелерин чечүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда мал жана канаттуулар үчүн тоюттун запасын түзүү үчүн зарыл болгон мамлекеттик материалдык резервдин запасынын деңгээлин аныкташсын;
- өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте 2012-2013-жылдардын кыш мезгилинен өтүү үчүн жетиштүү көлөмдөгү тоютту даярдоо боюнча зарыл болгон уюштуруучулук иш чараларды жүргүзүшсүн;
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн аштык буудайдын данын, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервдин номенклатурасында каралган башка товарларды сатып алууну уюштуруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин;
- «Айыл банк» ачык акционердик коому менен бирдикте азык-түлүк буудайды жана кант кызылчасын өстүрүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөргө, ошондой эле массалык жыйноо мезгилинде айыл чарба продукцияларын сатып алуу үчүн тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларына жеңилдетилген кредит берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду «Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коому менен бирдикте:
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн клейковинасы 23 проценттен кем болбогон, үчүнчү класстан төмөн эмес, МамСТын талаптарына жооп берүүчү 100 миң тонна өлчөмүндөгү аштык буудайдын данын Казакстан Республикасынан жана ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдөн - 15 миң тонна сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
- комбикорм заводунун өндүрүштүк кубаттуулугун калыбына келтирсин жана «Дан» мамлекеттик ишканасында айкалыштырылган тоют чыгарууну уюштурсун;
- «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эске алуу менен узак сактоодогу азык-түлүк тобунун товарларынын номенклатурасын кеңейтүү боюнча колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан аштык буудайдын данын сатып алууну толук көлөмдө каржылоону камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги:
- мамлекеттик материалдык резервге коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатып алынган аштык буудайдын данына сатып алуу баасын белгилесин;
- негизги тамак-аш азыктарынын тизмесине киргизилген азык-түлүк тобундагы товарларга колдонулуучу бажы алымдарына талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен бирдикте аларды кайра кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш киргизсин.
7. «Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы» ачык акционердик коомуна базарда эгиндин туруктуу болушун жана калктын нан азыктарына болгон суроо-талабын канааттандырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү көлөмдө аштык буудайдын данын сатып алууну уюштуруу сунушталсын.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына үстүбүздөгү жылы өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн уюшкандыкта жана өз учурунда жыйнап алууга жеке жоопкерчилик жүктөлсүн жана күзгү себүүнүн сунушталган программасын эске алуу менен оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө 2013-жылдын түшүмүнө кылкандуу дан эгиндерин күзгү-себүүнү жүргүзүү боюнча өзгөчө чараларды көрүү аларга милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |