Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-июну № 422
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу
Ишкердик субъекттеринин иш-аракеттерине тийиштүү контролду ишке ашыруу жана жер, өрт, архитектуралык мыйзамдар чөйрөсүндө негизсиз текшерүүлөрдү четтетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 "Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери төмөнкү редакциядагы 17, 18 жана 19-главалар менен толукталсын:
"17-глава
Жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
66. Жерди пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери:
┌──┬────────┬───────────────────┬─────────────────────────────┬───────┐
│№ │Тобокел-│Тобокелдик фактысы │Күтүлүүчү тобокелдик түрлөрү │ Балл │
│ │дик │ │ │ │
│ │даражасы│ │ │ │
├──┼────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│1 │Жогорку │1. Магистралдык │Калкты азык-түлүк менен │ 90 │
│ │тобокел-│түтүк өткөргүчтөрү │камсыздоого коркунуч жана │ │
│ │дик │жана газ түтүктөрү │үзгүлтүккө учурашы; │ │
│ │даражасы│жайгашкан жер │- жердин бузулушу; │ │
│ │ │участоктору │- айыл чарба өндүрүшүнүн │ │
│ │ │ │жоготуулардын ордун │ │
│ │ │ │толтурууга төлөбөй коюу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │2. Ачык ыкма менен │Жарандардын, юридикалык │ │
│ │ │пайдалуу казылмалар│жактардын жана мамлекеттин │ │
│ │ │кенин (алтын, │жашоо-турмуш кызыкчылыгына │ │
│ │ │түстүү металл, туз,│коркунуч келтирүү; │ │
│ │ │көмүр, гипс, мрамор│- жердин бузулушу; │ │
│ │ │ж.б.) иштетүү │- чарба өндүрүшүнүн │ │
│ │ │боюнча объекттер │жоготууларынын ордун │ │
│ │ │ │толтурууга төлөбөй коюу; │ │
│ │ │ │- рекультивацияны аткарбоо │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │3. Курулуш │Жердин бузулушу; │ 80 │
│ │ │максаттары үчүн │- кулоонун жана жер көчкүнүн │ │
│ │ │чопо-кумду, │пайда болуу коркунучу; │ │
│ │ │шагылды, кумду, бут│- жердин күрдүү катмарынын │ │
│ │ │таштарды ж.б. │бузулушу; │ │
│ │ │иштетүү боюнча │- айыл чарба өндүрүшүнүн │ │
│ │ │карьердик жумуштар │жоготууларынын ордун толтуруу│ │
│ │ │ │үчүн төлөбөй коюу; │ │
│ │ │ │- жерди максатсыз пайдалануу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │4. Нефть жана нефть│Адамдардын жана курчап турган│ 80 │
│ │ │продуктуларынын │чөйрөнүн жашоосу үчүн │ │
│ │ │сактагычтар, май │кооптуулуктун пайда болуу │ │
│ │ │куюучу станциялар │коркунучу; │ │
│ │ │жайгашкан жер │- азык-түлүк коопсуздугун │ │
│ │ │участоктору │үзгүлтүккө учуратуу │ │
│ │ │ │коркунучу; │ │
│ │ │ │- калктын нааразычылыгынын │ │
│ │ │ │пайда болуу коркунучу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │5. Өнөр жай жана │Азык-түлүк, эл чарба │ 80 │
│ │ │өндүрүш объекттери │коопсуздугун үзгүлтүккө │ │
│ │ │(химиялык заводдор,│учуратуу коркунучу; │ │
│ │ │цемент-шифер │- адамдардын өмүрү үчүн │ │
│ │ │заводдору, айнек │кооптуулуктун пайда болуу │ │
│ │ │заводдору, │коркунучу; │ │
│ │ │темир-бетон │- экологиялык коопсуздуктун │ │
│ │ │буюмдарын ж.б. │пайда болуу коркунучу │ │
│ │ │чыгаруучу заводдор)│ │ │
│ │ │жайгашкан жер │ │ │
│ │ │участоктору │ │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │6. Ири жана чакан │Азык-түлүк, эл чарба │ 80 │
│ │ │ГЭСтер, жогорку │коопсуздугун үзгүлтүккө │ │
│ │ │вольттуу электр │учуратуу коркунучу; │ │
│ │ │берүү линиялары │- суу сактагычтардын жана суу│ │
│ │ │жайгашкан жер │бассейндеринин жырылып кетүү │ │
│ │ │участоктору │коркунучу; │ │
│ │ │ │- адамдардын өмүрү үчүн │ │
│ │ │ │кооптуулуктун пайда болуу │ │
│ │ │ │коркунучу; │ │
│ │ │ │- жердин бузулушу; │ │
│ │ │ │- жер көчкүлөрдүн жана жер │ │
│ │ │ │кулоолордун коркунучунун │ │
│ │ │ │пайда болушу; │ │
│ │ │ │- өрт коопсуздугунун пайда │ │
│ │ │ │болуу коркунучу │ │
├──┼────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│2 │Ортоңку │7. Айыл чарба │Жердин сазга айланып кетүү │ 50 │
│ │тобокел-│продукцияларын │коркунучу, которуштуруп │ │
│ │дик │(буудай, арпа, │айдоонун жоктугунан жердин │ │
│ │даражасы│таруу, көп жылдык │түшүмдүүлүгүнүн төмөндөө │ │
│ │ │чөптөр, │коркунучу, жерди максатсыз │ │
│ │ │мөмө-жемиштер ж.б.)│пайдалануу; │ │
│ │ │өндүрүү боюнча тоо │- жер көчкүлөрдүн жана жер │ │
│ │ │жантаймаларында, │кулоолордун коркунучунун │ │
│ │ │рельефтин │пайда болушу; │ │
│ │ │бөлүк-бөлүктөргө │- азык-түлүк программасын │ │
│ │ │бөлүнгөн │үзгүлтүккө учуратуу │ │
│ │ │жерлеринде, 20 │коркунучу; │ │
│ │ │градустан ашык │- жердин бузулушу; │ │
│ │ │жантайма жерде айыл│- курчап турган чөйрөгө │ │
│ │ │чарба багытындагы │коркунуч, жердин түшүмдүү │ │
│ │ │жерлерди пайдалануу│катмарын жок кылуу │ │
│ │ │чөйрөсүндө │ │ │
│ │ │иш-аракеттерди │ │ │
│ │ │жүргүзгөн ишкердик │ │ │
│ │ │субъекттери │ │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │8. Эрозияга жакын │Жердин түшүмдүү катмарын │ 50 │
│ │ │кумдуу топурак │бузуу жана топурактын │ │
│ │ │жантаймаларында │эрозиясынын пайда болушу; │ │
│ │ │жайгашкан жер │- сазга айлануунун пайда │ │
│ │ │участокторунда │болуу коркунучу; │ │
│ │ │малга жана │- суу эрозиясынын пайда │ │
│ │ │канаттууларга жем, │болуу жана жердин түшүмдүү │ │
│ │ │жем-чөп │катмарын жууп кетүү │ │
│ │ │кошулмаларын алуу │коркунучу; │ │
│ │ │үчүн айыл чарба │- жер көчкү жүрүү │ │
│ │ │өсүмдүктөрүн │коркунучу │ │
│ │ │өндүрүү │ │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │9. Республиканын │Курчап турган чөйрөгө │ 40 │
│ │ │автомобиль, темир │коркунуч; │ │
│ │ │жолдорун жана жол │- жер көчкүлөрдүн жана жер │ │
│ │ │объекттерин куруу │кулоолордун коркунучунун │ │
│ │ │жана пайдалануу │пайда болушу; │ │
│ │ │ │- жердин жана түшүмдүү │ │
│ │ │ │катмарын бузулушу; │ │
│ │ │ │- токой жана өсүмдүктөрдү │ │
│ │ │ │коргоо боюнча кооптуулуктун │ │
│ │ │ │үзгүлтүккө учурашы жана │ │
│ │ │ │пайда болушу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │10. Мелиорация жана│Жердин бузулушу; │ 40 │
│ │ │ суу чарба │- топурактын түшүмдүүлүгүн │ │
│ │ │ объекттерин куруу │төмөндөтүүнүн пайда болуу │ │
│ │ │ жана аларды │коркунучу; │ │
│ │ │ пайдалануу, │- жер көчкүлөрдүн жана │ │
│ │ │ республиканын суу │кулоолордун коркунучунун │ │
│ │ │ фондунда турган │пайда болушу; │ │
│ │ │ жерлерди сугаруу, │- сазга айлануунун пайда │ │
│ │ │ пайдалануу │болуу коркунучу │ │
├──┼────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│3 │Төмөнкү │11. Республиканын │Жайыттардын начарлашы; │ 40 │
│ │тобокел-│айыл аймактарында │- топурактын структурасынын │ │
│ │дик │жайыт жерлерди │бузулуу коркунучу; │ │
│ │даражасы│пайдалануу │- түшүмдүү катмарын жок │ │
│ │ │ │кылуу; │ │
│ │ │ │- жердин бузулушу; │ │
│ │ │ │- рекультивациялык иштердин │ │
│ │ │ │аткарылбашы; │ │
│ │ │ │- айыл чарба өндүрүшүнүн │ │
│ │ │ │жоготууларынын ордун │ │
│ │ │ │толтурууга төлөбөй коюу; │ │
│ │ │ │- токойду, өсүмдүктөрдү, │ │
│ │ │ │жаныбарлар дүйнөсүн коргоо │ │
│ │ │ │боюнча коркунучтун пайда │ │
│ │ │ │болушу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │12. Кыргыз │Жерди максатсыз пайдалануу; │ 40 │
│ │ │Республикасынын │- бекитилген Башкы планга │ │
│ │ │аймагында калктуу │ылайык белгиленген режимди │ │
│ │ │конуштардын жана │үзгүлтүккө учуратуу жана │ │
│ │ │шаарлардын жерлерин│бузуу; │ │
│ │ │пайдалануу │- жерди бир категориядан │ │
│ │ │ │башкасына │ │
│ │ │ │трансформациялоосуз │ │
│ │ │ │пайдалануудан улам │ │
│ │ │ │азык-түлүк жана экологиялык │ │
│ │ │ │коопсуздуктун коркунучунун │ │
│ │ │ │пайда болушу; │ │
│ │ │ │- жалпы пайдалануудагы │ │
│ │ │ │(парктар, скверлер, бульвар, │ │
│ │ │ │тратуарлар жолдордун өтүүчү │ │
│ │ │ │бөлүгү, ошондой эле социалдык│ │
│ │ │ │объекттер) жер участокторунун│ │
│ │ │ │аянттарынын кескин азаюу │ │
│ │ │ │коркунучунун пайда болушу; │ │
│ │ │ │- экологиялык жагдайдын │ │
│ │ │ │төмөндөшүнүн коркунучу │ │
│ ├────────┼───────────────────┼─────────────────────────────┼───────┤
│ │ │13. Республиканын │Сазга айлануунун пайда болуу │ 40 │
│ │ │айыл аймактарында │коркунучу, камыштын басып │ │
│ │ │сугарылуучу кайрак │кетүүсү; │ │
│ │ │жерлерди │- азык-түлүк жана экологиялык│ │
│ │ │пайдалануу, ошондой│коопсуздукту үзгүлтүккө │ │
│ │ │эле көп жылдык │учуратуу коркунучу; │ │
│ │ │өсүмдүктөрдү, │- жерди максатсыз пайдалануу;│ │
│ │ │мөмө-жемиш │- жердин начарлашынын пайда │ │
│ │ │көчөттөрүн │болушу; │ │
│ │ │отургузуу │- тик жантаймалардагы, │ │
│ │ │ │эрозияга дуушар болгон │ │
│ │ │ │топурактардагы жер │ │
│ │ │ │участокторун пайдаланган │ │
│ │ │ │учурда жер көчкү жана жер │ │
│ │ │ │кулоо коркунучунун пайда │ │
│ │ │ │болушу │ │
└──┴────────┴───────────────────┴─────────────────────────────┴───────┘
18-глава
Өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
67. Өрт коопсуздугу чөйрөсүндө ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоо критерийлери:
┌──┬───────────────────────────────────────┬─────────────┬────────────┐
│№ │ 1. Функционалдык багыты │Кесепеттердин│Статистикага│
│ │ │ оордугунун │ ылайык │
│ │ │ коркунучу │ жыштык │
│ │ │ (балл) │ (балл) │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│1 │Нефть химия, нефтини кайра иштетүүчү │ 30 │ 10 │
│ │ишканалар, нефть базасы, мазут │ │ │
│ │сактагыч │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│2 │Авто май куюу станциялары (турак жай │ 60 │ 15 │
│ │зонасына жакын); авто унаага газ │ │ │
│ │толтуруучу станциялар │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│3 │Авто май куюу станциялары (турак жай │ 10 │ 10 │
│ │зонасынан алыскы) │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│4 │Сырдоочу, малярдык пункттар │ 70 │ 20 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│5 │Кислород баллондорун, газ баллондорун │ 70 │ 10 │
│ │сактоо жана сатуу, газ толтуруучу жана │ │ │
│ │кислород станциялары │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│6 │Эмерек, жыгач иштетүүчү фабрикалар, │ 70 │ 10 │
│ │цехтер, токой кыюу │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│7 │Мектеп, мектепке чейинки окуу │ 70 │ 20 │
│ │мекемелери │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│8 │ЖОЖдор, лицейлер, колледждер, │ 70 │ 10 │
│ │техникумдар, кесиптик-техникалык окуу │ │ │
│ │жайлары (аларга караштуу жатаканалар) │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│9 │Кары-картаңдардын, майыптардын атайын │ 80 │ 10 │
│ │үйлөрү, балдар үйлөрү │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│10│Стационардык дарылоо менен ооруканалар,│ 70 │ 10 │
│ │төрөт үйлөрү ж.б. │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│11│Мейманканалар, отелдер, эс алуу үйлөрү,│ 80 │ 10 │
│ │пансионаттар │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│12│Маданий агартуу мекемелери │ 80 │ 10 │
│ │(китепканалар, музейлер, көргөзмөлөр, │ │ │
│ │кинотеатрлар, театрлар) │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│13│Соода комплекстери, супермаркеттер, │ 80 │ 10 │
│ │дүкөндөр │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│14│Коомдук тамактануу ишканалары, кафе, │ 80 │ 10 │
│ │ресторандар, ашканалар ж.б. │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│15│Өндүрүштүк, өнөр жай имараттары жана │ 40 │ 10 │
│ │курулмалар, кампалар │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│16│Аэропорттор, автовокзалдар, темир жол │ 50 │ 0 │
│ │вокзалы │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│17│Коопсуздук жана экономика үчүн │ 50 │ 10 │
│ │стратегиялык багыттагы ишканалар (ЖЭБ, │ │ │
│ │ГЭС, суу топтоо станциялары ж.б.) │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│18│Маданий, тарыхый, маалыматтык │ 50 │ 10 │
│ │баалуулугу бар имараттар │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│19│Айыл чарба багытындагы объекттер, │ 40 │ 20 │
│ │фермалар, дан өсүмдүктөрүнүн жана катуу│ │ │
│ │тоюттун талаалары │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│20│Жаңыдан курулуучу объекттер │ 40 │ 10 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│21│Автомобилдер үчүн ачык токтотмолор, ТТС│ 40 │ 10 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│22│Автомобилдер үчүн көп кабаттуу │ 10 │ 10 │
│ │токтотмолор, жер бетиндеги, жер │ │ │
│ │алдындагы │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│23│Тиричилик жактан тейлөө ишканалары │ 0 │ 10 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│24│Сауналар, мончолор │ 80 │ 10 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│25│Рыноктор, базарлар, соода базалары │ 70 │ 20 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│26│Илимий-изилдөө, долбоордук уюмдардын, │ 0 │ 10 │
│ │мекемелердин башкаруу органдарынын │ │ │
│ │имараттары, административдик имараттар,│ │ │
│ │офистер ж.б. │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│27│Дене-тарбия жана ден соолукту чыңдоочу │ │ │
│ │комплекстер-стадиондор, │ │ │
│ │спорттук-машыгуу мекемелери: │ │ │
│ │- көрүүчүлөр үчүн трибунасыз │ 0 │ 0 │
│ │- көрүүчүлөр үчүн трибунасы менен │ 10 │ 0 │
│ │- жер төлөө жана цоколдук кабаттарда │ 35 │ 0 │
│ │жайгашкандар │ │ │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│28│Түнкү клубдар, диско клубдар │ 70 │ 20 │
├──┼───────────────────────────────────────┼─────────────┼────────────┤
│29│Бийик турак үйлөр │ 30 │ 20 │
└──┴───────────────────────────────────────┴─────────────┴────────────┘
19-глава
Куруу коопсуздугу жагында ишкердик иш-аракеттин тобокелдик даражасын баалоонун критерийлери
68. Курулуш коопсуздугу жагында ишкердик иш-аракеттин тобокелдик объекттеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасында курулуш объекттеринин мүнөздөмөлөрүн классификациялоо жана курулуштун объекттерине, кыймылсыз мүлк объекттеринин реконструкциясына жана башка өзгөртүлүштөрүнө мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын аймагында курулуп жаткан, курулуштун I-III категориясына кирген курулуш объекттери жогорку тобокелдик даражасына кирет - 90 балл;
- IV категориядагы курулуш объекттери архитектуралык-курулуш көзөмөлүнө жатпайт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов
|