Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-июну № 423
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 167-берене экинчи абзацында:
«бирден беш» деген сөздөр «элүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«бештен он беш» деген сөздөр «жүз элүү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 174-берене экинчи абзацында:
«бирден үч» деген сөздөр «отуз» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«он» деген сөздөр «жүз» деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 16-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1791-берене менен толукталсын:
«1791-берене Өзгөчө корголуучу объекттерди өнөр жайдын, коммуналдык-турмуш-тиричиликтин калдыктары, таштандылары жана акыр-чикирлери менен булгоо
Өзгөчө корголуучу объекттерди коммуналдык-турмуш-тиричиликтин калдыктары, таштандылары мамлекеттик коруктардын, заказниктердин жана улуттук жаратылыш парктарынын, табигый-тарыхый, маданий-таанып билүүчүлүк жана ден соолук чыңдоочу баалуу болгон сейрек кездешүүчү жана ажайып объекттерин коргоо эрежелерин бузууда, ошондой эле, белгилүү өлчөмдө зыян келтиргенде, -
эскертүү берүүгө же жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү, кызмат адамдарына жуз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.».
4. 180-берене экинчи абзацында:
«бирден беш» деген сөздөр «элүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«бештен он» деген сөздөр «жүз» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 181-берене экинчи абзацында «жыйырмадан элүү» деген сөздөр «жүз элүү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 488-берене экинчи абзацында:
«бир» деген сөздөр «он» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«экиден беш» деген сөздөр «элүү» деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 489-берене:
экинчи абзацында 1-бөлүгү «0,1 өлчөмүнөн 0,5» деген сөздөр «он» деген сөзгө алмаштырылсын;
төртүнчү абзацында 2-бөлүгү «ондон жыйырма» деген сөздөр «элүү » деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 509-берене «487-497» сандар «487, 488-497» деген сандарга алмаштырылсын.
9. 526-берене биринчи абзацында «196» сандарынан кийин «488, 489» менен толукталсын.
10. 5341-берене «4871» сандарынан кийин «488, 489,» менен толукталсын.
11. 539-берене биринчи абзацында «, 489» сандар алып салынсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|