Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-сентябрындагы N 514 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну № 426
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Аба кодексинин 2-статьясынын 2-бөлүгүнө ылайык, Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттары жана сунушталган практикасы менен Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелеринин талаптарын андан ары шайкеш келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июнундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «АПКР-2. Учуулар эрежеси» Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежесинде;
- 5.2.1-пунктунун (b) пунктчасындагы «12100 м (бийиктикти өлчөө бирдиги фут менен белгиленген аба мейкиндигинде 410 учуу эшелону)» деген цифралар жана сөздөр «410 (12500 м)» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 5.3.1-пунктунун (b) пунктчасындагы «12100 м (бийиктикти өлчөө бирдиги фут менен белгиленген аба мейкиндигинде 410 учуу эшелону)» деген сөздөр «410 (12500 м)» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 10.2.1-пунктунун (а) пунктчасында:
(1) пунктчасындагы «QFE» деген аббревиатура «QNH» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
(2) пунктчасындагы «760 сым. мам. мм.» деген цифралар жана сөздөр «1013,2 гПа (760 сым. мам. мм.)» деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |