Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 21-июну № 434
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу « Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Төмөндөгүлөр жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казахстан Республикасынын аймагында жана Казахстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартиби тууралуу» 2012-жылдын 11-майында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзам долбоорун караганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралу Кыргыз Республикасынын Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ратификациялык грамоталарды алмашсын
3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|