Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 14-апрели № 231
«Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 435
Ата мекендик спорттук өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
«
30 | «BIGSER» Кыргызстандын спорттук товар өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы (АСТК) | Спорттук экипировка |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |