ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 435 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 47 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 14-апрели № 231

 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-июнундагы № 435

Ата мекендик спорттук өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 «Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө» токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- аталган токтомдун тиркемеси төмөнкү мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

«

30

«BIGSER» Кыргызстандын спорттук товар өндүрүүчүлөрүнүн ассоциациясы (АСТК)

Спорттук экипировка

».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ө. Бабанов