Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 25-июну № 439
2012-жылга Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустар боюнча иммиграциялык квотаны аныктоо жөнүндө
«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. Ушул токтом менен аныкталган 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квота Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри 2012-жылга Кыргыз Республикасына, Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарлары жана облустары боюнча иммиграцияга чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын санынын чегин белгилеген иммиграциялык квотаны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Региондун аталышы | Саны (адам) |
Бишкек шаары | 370 |
Ош шаары | 92 |
Баткен облусу | 128 |
Жалал-Абад облусу | 250 |
Ысык-Көл облусу | 50 |
Нарын облусу | 39 |
Ош облусу | 91 |
Талас облусу | 17 |
Чүй облусу | 300 |
Бардыгы | 1337 |