Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 445
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аталган мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басарын аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ө. Бабанов |
Долбоор
1-берене 1. «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-жыл, № 1, 30-б)
1) 10-статьяда:
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөм «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырылат.».
- 4 - 7-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2) 11-статьяда:
- 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«2. Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөм жергиликтүү бюджеттерге түшөт жана ушул Мыйзамга ылайык жайы жерлерин пайдалануучулардын бирикмелеринин эсебине которулат.
3. Жергиликтүү бюджеттен жайыт жерлерин пайдалануучулардын бирикмелеринин жайыт комитеттери алган жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн каражаттар, жайыт жерлеринин абалын, жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жана жайыт жерлерин пайдалануучулардын бирикмелеринин жайыт комитеттерин күтүүгө гана пайдаланылат.».
2. «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж, № 5, 157-б.) Кыргыз Республикасынын мыйзамына төмөнкү толуктоо киргизилсин:
III «Төлөмдөр» бөлүмү төмөнкү мазмундагы 19-2-берене менен толукталсын:
«19-2-берене. Жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөм:
1. Жайыт белеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү акы төлөгөндөн кийин жайыт комитети тарабынан берилет.
2. Жайыт жерлерин пайдаланууга укук алуу үчүн акынын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оңойтолуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес белгиленип, жайыт пайдалануунун жылдык пландарына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
3. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөө малдын башына жана үй жаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт.
4. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөөнүн өлчөмү ресурстун экономикалык наркына жана пайдаланылып жаткан колдонмого жараша белгиленет.
5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн акы төлөө өлчөмү төмөнкүдөй аныкталат:
- иш-аракети жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иш-аракети мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн акыга барабар өлчөмдө;
- иш-аракети мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо төлөм алынбайт.
6. Жайыт белетине акыны бөлүп төлөөгө жол берилет, бирок ошол жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеши шарт.».
3. «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 10, 374-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
33-берененин 1-бөлүгү төмөндөгү мазмунда 10-1- пункт менен толукталсын:
«10-1) жайыт жерлерин пайдалангандык үчүн төлөм;».
2-берене. 1. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
|